presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Турмуш нени кылдырбайт

Өкүнбөгүдөй жашагыла жаштар
Ар бир адамдын өмүр таржымалы өзүнчө бир кызык китеп. Жашы жетимиш алтыга таяп калган Сонунбүбү апа өткөн өмүрүн кеп кылып, ачык айтып берди. Бирок өзүнүн өтүнүчү боюнча кээ бир окуяларын ачыкка чыгарбадык. Өмүр таржымалымды көрүмө ала жатмак белем дейт. Жаш кезин эстеп, жылмайып сүйлөп берип отурду. Бирок эмнегедир сүрөткө түшүүгө ынабады. Балдарым, тааныштар көрсө уят дейт. Жаштык өткөндөн кийин аны кайрый албайсың, андан көрө жаштыгыңарды өкүнбөгөндөй, көңүлдүү өткөргүлө, мендей болуп карыганда эстеп отурганга да окуя керек дейт.

- 1952-жылы он алты жашымда турмушка чыктым. Ата-энеме куда түшүп келген агамдын Турсунбек деген досуна алып берип коюшту. Агезде закон абдан катуу эле, он алтыга эми толгон кызыңды турмушка бердиң деп ата-энемди суракка алып, соттомокчу да болушкан. Мен күйөөгө тийген жокмун, тааныштардын үйүндөмүн деп текшерүү келсе көшөгөнү жыйнап, башымдагы жоолугумду ыргытып жибергеним эсимде. Ошондо кыздыгыңды текшеребиз деп доктурга алпарып креслого да чыгарышкан. Ушундайын сезгенби, күйөөм да мага тийе элек болчу. Менин кыз экенимди көрүшкөндөн кийин баягы соттойбуз дегендердин жаактары жап болушту. Ушундан улам эрди-катын болуп бир төшөктө жатсак да күйөөм Турсунбек мага үч айга чейин тийбеди. Азыр ойлосом абдан корксо керек.
- Анан кантип эрди-катын болдуңуздар?
- Бир күнү жолдош балдары аяштар менен келишиптир. Келиндер бир бөлмөдө отуруп күйөөлөрүбүздүн төшөк маселеси боюнча сүйлөшүп калдык. Менин эрим менен жөнеле жатарымды уккан аяштар таң калып, шыпшынган боюнча кетишкен. Эртеси күйөөм жумуштан мас болуп келиптир. Кечээги келиндерге эмне деп айткансың деп урушту.
Ошол күнү биринчи жолу эрди-катынча жаттык. Ошентип үй-бүлө куруп, төрт баланы удаа төрөдүм. Үйдө бала басты болуп эч жакка чыкпай отуруп калдым. Эки балалуу болгондон кийин кайненемдерден бөлүнүп, өзүнчө үй салып кеттик. Жолдошум айылда кадыр-барктуу адам болчу. Отуз экиге чыкканда күйөөм инфаркттан каза болуп калды. Төрт балам менен эрте жесир калдым. Ошол кезде мени жесир калды деп колумду сурагандар четтен чыкты. Өзүбүздүн жакыныраак кайнагаларымдын аялы төрөбөйт, экинчи аял болуп тийбейсиңби дешти. Бирок ага макул болбодум. Төрт балам бирөөгө бала болуп бермек беле.
- Сизди күйөөңүз аялым жаш деп көп кызганса керек?
- Ала жипти аттасаң мылтык менен атып салам дечү. Бирок өзү кызматкер болгондуктан чабандарды кыдырып, сакманга барган кыз-келиндер менен жүргөнүн далай эле уктум. Ал мени сыначубу же кызганткысы келчүбү, айтор, кээде үйгө келе калган кошуна келиндердин койнуна деле кирип кетчү. Мен аны таптакыр кызганчу эмесмин. Сен эмне мени кызганбайсың деп тилдечү. Өзү мени көлөкөсүнөн да кызганчу. Үйдө бала басты болуп отурсам да кимдикине барып келдиң деп аңдып турчу, бейиши болгур. Акыры мени жаш таштап тигил дүйнөгө кете берди. Ал өлгөндөн кийин айылдагы бир бойдок келин андан төрөгөнүн уктум. Ага деле ичим күйбөдү. Кайын журтум мага билгизбей аны менен катышып жүрүштү. Күйөөң жок болсо сөз көп жабышат экен. Түз жүрсөм да мени ушактагандар болду. Балдарым кичине боор көтөрө баштаганда шаарга көчүп келдик.
- Жаш жесир калсаңыз, кантип эле ашыкча кыймыл аракет кылган жоксуз, антип айтсаңыз эч ким ишенбейт го…
- Эми отуз эки жашымдан бери түз жүрдүм деп айталбайм. Бирок айылда кайнене-кайнатамдар болгондуктан түз эле жүрдүм. Шаарга келгенден кийин кийим тигүүчү фабрикага кирип иштеп, ошол жактан бир мастер менен таанышып, мамилебиз жакшы болуп жүрдү. Экөөбүз он алты жыл жакшы мамиледе жүрдүк. Бизден эч ким шектенген жок. Аны менен деле жакындашууга барбайт болчумун, бирок тирүү жан болгондон кийин өзүңдүн жеке турмушуңду да ойлойт экенсиң. Ооруп доктурга көрүнсөм күйөөң жокпу, же ал импотентпи, эркек менен болушуң керек деп ачык эле айтышчу. Чындыгында сөз айткандар ошол кезде көп эле болду. Ден соолугум үчүн, бир чети көңүлүмө толгон адам болгондуктан мастер менен мамиле түздүм. Азыр балдарымдын баары чоңойду, өздөрүнчө үйлөнүп, турмуш куруп кетишти. Үч бөлмөлүү квартирамда жалгыз жашайм. Улгайган кезде ошол жаш кезимди эстеп калам.
- Жеке жашооңузду жалгыз өткөрүп жибергениңизге өкүнбөйсүзбү?
- Жок, жалгыз өткөрдүм деп ойлобойм. Балдарым дайыма жанымда болду, тиги киши койнумда эр болуп жатпаса да моралдык жактан жардам берип турду. Азыр эки уулум Москвада иштейт, эки кызым турмушта.
- Азыр ал киши барбы? Аны жакшы көрчү белеңиз?
- Жактырбасам эмнеге жүрмөк элем, ботом. Анын балдары азыр чоң кызматта иштешет. Бирөө министр болуп жүрөт. Өзүнүн көзү жакында эле өтүп кетти. Экөөбүздүн жолукпаганыбызга биртоп жыл болду. Жакында телевизордон анын баласына атасынын көз жумганына көңүл айтуу бергенде гана билдим.
Балдарым азыр чоңоюп, жашоону түшүнгөндөн кийин турмушка чыгыңыз деп өздөрүнүн парзынан кутулуп айтып калышат. Эми мени карыганда ким карамак эле, үстүмө акча кошуп берсе да карабайт дейм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




 … эл эмгектен эскерсин

Өз өлкөсүнө өтөлгөлүү эмгек сиңирген инсандарды эскере жүрүүнүн мааниси чоң. Арийне жер-жерлердеги тарыхта изи калган атуулдарды даңазалоо өлкөбүздүн булуң-бурчундагы кийинки муундун мекенчилдик сезимин ойготуп, алардын да эл керегине жараган инсан болуп тарбияланышына түрткү болот.

Элге арналган армансыз өмүр
Биз сөз кылалы деген Медетбек Шадиев 1903-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында жарык дүйнөгө келген. 1920-жылы жаңы түзүлгөн Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ак гвардиячылар менен болгон согушка катышып Ыраакы Чыгышка барган. Граждандык согуш аяктагандан кийин ал Кыргызстанга келет. Компартия идиреги бар жаш жигитти Ташкентке окууга жөнөткөн. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстандын түштүгүндө, Баткенде совет өкмөтүн орнотууга катышып, басмачыларга каршы күрөшкөн. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүгүндө колхоз, совхоздорду уюштурууга катышкан.
Бардык жерде совет өкмөтү орноп, өлкө тынчтанып калган 1935-1940- жылдары Нарын облусуна караштуу Чет-Нура, Орто-Нура айылдарында башкарма болуп иштеген. 1941-45-жылдары Ата мекендик согуштун кыйын кезеңинде Нарын облусунун Учкун айылында башкарма болуп турган. Тылдын бекемдигине салым кошуп, улуу жеңишти тосуп алган Шадиев 1945-49-жылдары Ат-Башы райком партиясында бөлүм башчы болуп эмгектенген. Ал эми 1949-55-жылдары Ак-Моюн, Бирлик айылында башкарма, 1955-65-жылдар аралыгында курулуш бригадири, кийинчерек суу чарба ишканасында эмгектенип пенсияга чыккан. Өз доорунун калыптанышына чоң салым кошкон Медетбек Шадиев 1968-жылы 13-октябрда каза болгон.
Учкун айылынын тургуну, эмгек ардагери Сынжибек Байбосунов Медетбек Шадиев тууралуу мындай дейт: "Шадиев Улуу Ата мекендик согуш бүткөнчө Учкун айылында иштеди. Согуштун оор жылдарында Медетбек атабызга коммунисттик партия менен совет өкмөтү зор ишеним көрсөтүп колхоздун чарбасына жетекчилик милдетин тапшырган. Медетбек ата элди жыйып алып биз тылда кайраттуу иштесек душман жеңилип бактыбыз сакталып кала тургандыгын айтып, элди күжүрмөн эмгекке шыктандырып турчу. Учурда анын атын даңазалап, туулуп өскөн жерине же райондун мерчемдүү жерине ысымы берилишин туура көрөм" дейт.
Ал эми ошол эле Учкун айылынын тургуну, эмгек ардагери Дүйшөнаалы Макеналиев: "Мен ошол мезгилде Учкун жети жылдык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы жана директору милдетин аткарып тургам. Бул кишинин эмгегин абдан жакшы билем. 1943-45-жылдары Учкун айылынын эр бүлөлөрү согушка жана жумушчу батальонуна жөнөтүлдү. Тылда балдар жана аялдар калган. Ошол 1943-44-жылдары чегиртке чыгып эгин-тегин чыкпай калган мезгил баштан өткөн. Жегенге эч нерсе жок элдин көбү кырыла баштаган. Медетбек Шадиев аксакал ошондо өзү жөө, уй менен Ак-Талаа районунан сулу, буудай алып келип ар түтүндө канча киши болсо ошонун баарына тегиз чөмүч менен ченеп берип, элди эптеп жазга жеткирген. Жазында жылкы, уй, кой тууту башталып, өзү баштап элди сүт, айран менен камсыздап, көпчүлүктү ачарчылыктан сактап калган. Бул адам эл баккан, боорукер, ак көңүл, кара жанын, бар оокатын эл үчүн арнаган инсан болгон. Анын ысымын бул чөлкөмдөгү улуу муун эч качан унутпайт" деп эскерет.
Медетбек Шадиевдин эмгегин ал кездеги өкмөт жакшы баалап биртоп мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган. Эң башкысы, бул инсан өз замандаштарынын эсинен чыга элек. Көрсө, ак, таза эмгектенген ар бир кызматкер кайсы доордо, кандай системада иштесе да эл тарабынан адилет баасын алат тура.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




Шерипбеков Анаркулга
Жаран элең калп жүргөндү сүйбөгөн,
Жамандыкты көңүлүнө түйбөгөн.
Жакшыга да, жаманга да тең карап,
Жайбаракат үн көтөрбөй сүйлөгөн.

Куйтулукту, кууланганды билбеген,
Кулагына ушак-айың илбеген.
Кудай берген ырыскыны жем кылып,
Кузгундардын шайкасына кирбеген.

Бакыт, Самат, Улан жана Чыңгызың,
Баасы бийик Асел аттуу нур кызың.
Бардыгы тең тукумуңду улантып,
Балдар менен байып жатат кыргызым.

Жан шеригиң жесир калды артыңда,
Жалгыз сенсиң эси-көөнү, дартында.
Жашын төгүп, эстеп коюп өзүңдү,
Жашай берет жалгыздыктын


шартында.

О, Анаке, кудай деген киши элең,
Оюң таза, дин жолунда түз элең.
О дүйнөнүн бейишинин төрүнөн,
Орун таап алганыңа ишенем.

Шерипбековдордун үй-бүлөсү






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??