presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Маңдайга жазганды көрөсүң

Кимдин жаны өзгөчө таттуу же ким "крутой"?

Мыйзам боюнча спикер, президент, өкмөт башчысы жана Жогорку сот төрагасы мамлекет тарабынан кайтарууга алынат. Мындай мартабалуу аткаминерлерди бери дегенде он чакты жансакчы, беш-алты темир тулпардан куралган кортеж коштоп жүрөт. Ага кеткен чыгым өлкө казынасынан төлөнөрүн унутпасак. Ошол эле маалда жеке коопсуздугун ойлогон айрым аттуу-баштуу адамдар булчуңу буруйган жигиттерди жандатып, эң кымбат машинелердин курчоосунда жүрөрүн билебиз.

Атасынын тушунда экс-ханзаада Максим Бакиев өзүн пайгамбар сезип өтө эле адебинен ашканы түштөн кийин ачыкка чыгып отурат. Макстын бүтүндөй өлкө экономикасын каалагандай калчаганын айтпаганда да, акыркы үлгүдөгү эң кымбат машинелерди тепкени, анын акча дегенди кадимки кагаздай көрүп калганын айгинелейт. Бизге белгилүү болгон маалыматка ылайык эркеталтаң ханзааданын бир темир тулпарынын баасы кеминде 500 миң долларды чапчып жыгылчу экен.
Бүгүнкү күндө саясатчы аттуулардын басымдуу бөлүгү "Лексус-470" жана "Лексус-570" машинесин пайдаланышат. Булардын болжолдуу наркы 100 миң "жашылбайга" барабар.

"Алтындай" жигиттин фантазиясы
Чоң муштумдугун таштап тартиптүү саясатчы-депутатка айланууну көздөгөн "республикачы" Алтынбек Сулаймановдун кортежи эки машинеден турат. Бирин атайын Германиядан заказ менен алдырган, маркасы "Мерседес-жип Геликваген". Баасы 150 миң доллар. Экинчи унаада жалаң жансакчылары жүрөт.
Алтынбек Турдубаевич "геликвагендин" ичин өзгөчөлөнтүп жасалгалаткан. Арткы отургучун, багажнигин алдырып салып ордуна самолеттун эки отургучун орнотуптур. "Алтындай" жигит алыс жолго чыкканда самолетто бараткандай чалкалай жатып телевизор көрүп кете берет. Кайсы бир интернет-сайт А.Сулайманов брондолгон "жип" сатып алыптыр дегендей маалымат жарыялаган. Ал эми бу кабарды иликтесек, жалган болуп чыкты.
"Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди "Лексус-570" ташыйт. Мындан сырткары, эки темир тулпардагы ("Мерседес-500", "Жип") кең далылуу спортсмендер Камчыкенин коопсуздугун камсыз кылышат.

Эки "жиптин" ээси ким?
Кызыл тилинин аркасында "булбул" атка конгон Адахан Мадумаров орто жоон байлардын катарын толуктарын президенттик шайлоодо байкадык. А киши жолугушууларга эки аппак "жип" (150 миң долларлык) менен барып атты. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап, башкалардай болуп ири бизнес жасабаган адам кымбат баадагы машинелерди кайсы акчасына сатып алганына көпчүлүк түшүнгөн жок. Муну ар кимиси ар кандай божомолдоду. Бири экс-президенттин үкасы Жаныш Бакиев белек кылыптыр десе, экинчилери кан досу Данияр Үсөнов Алматыдан жөнөтүптүр дешти. Ар кыл варианттар айтылганына карабастан, эки "жиптин" таржымалы коомчулукка белгисиз бойдон калды.

Кимди кимдер "ала качкан"?
Кыргызда кыз ала качмай деген "илдет" бар эмеспи. Мунун азабын саясатчылар да тартып келишет. Асыресе, капчыгы калың, мурда-кийин үлкөн кызматтарды аркалаган фигураларды кыз ала качкандай "ала качуу" көрүнүшү апрель окуясынан соң күчөгөн. Маселен, мурдагы вице-спикер, жигиттин гүлү Азизбек Турсунбаев аз жерден "көшөгөгө" отуруп кала жаздаган. Окуя былтыр жаз мезгилинде болгон. Азикебиз айдоочусу менен машинеде келатса астынан үч-төрт "Жип" тороп калыптыр. Кыскарта чапканда, "каралар" Азизбек мырзаны "уурдап" кетишип, акырында 150 миң "жашылбай" алып кое беришкени маалым. Ошондон бери Турсунбаевдин артынан дайыма "Мерседес" калбай ээрчип жүрөт.
"Каралардын" кылтагына учурдагы Энергетика министри Аскарбек Шадиев дагы илинген. Аны да Турсунбаевчесинен "ала качып" кетишип, жан керек болсо 1 млн. доллар бересиң деген талап коюлуп, акыры "калыңына" 200 миң доллар төлөп кутулгандыгы билгендер арасында айтылат. Аскарбек мырза ошол окуядан кийин чакан кортеж жалдаган. Эске салсак, "Лексус-570" жана "Мерседес-500" үлгүсүндөгү унаалар кортеждин курамын түзөт.
ЖоКе төрагасы Акматбек Келдибековду "ала качуу" сценарийи түзүлгөнү белгилүү. Бирок "республикачы" Алтынбек Сулайманов бул пландын ойронун чыгарып Акматбек акесин Ошко аман-эсен жеткирген. Спикер мырза үкасынын ошол жакшылыгын унутпай, анын айтканын алигиче эки кылбайт.

Дайыма биринчиликти каалаган Келдибеков
Айрым саясатчылар унаасынын номуруна өзгөчө көңүл бурушат. Мисалы, спикер Акматбек Келдибеков өзү жана карамагындагы балдары 01 деген санга өлө "ашык". Эгер көчөдөн 0101 номурундагы машинени көрүп калсаңыз, анда Акматбек Келдибековичтин жигиттери шамалдай сызып бараткан экен деңиз. Атүгүл Акматбек мырзанын сотогоюнун номуру да 01ден башталат дешет.
Мурдагы башбакан Данияр Үсөнов жалаң тогуз санын жактырчу дешет. Мындан улам жолдон 9999 номурлуу машинени көрүп Данияр Токтогулович мекенине кайтып келгенби деп чочуп кетесиң.
Азизбек Турсунбаевдин сүйүктүү саны - сегиз. "Лексус-570инин" номуру да жалаң сегиз. Ошондой эле чөнтөк телефонунун номуру дагы сегиз санынан турат.
Олигарх Аскарбек Салымбеков беш санына басым жасайт. Аскарбек Мааткабылович темир тулпарына жана сотогоюнун номуруна жалаң бешти колдонорун эшиттик. Баса, Дордойдун кожоюнунун кортежинде үч "Mерседес Benz S klasse" бар.

Ток этерин айтканда
"Limon.kg" сайты эң кымбат он машинени аныктаган. Алардын көч башында 199 миң долларлык, ок өтпөс "Lexus LX-570" турат.
Чоң талашка түшкөн "Кыргызнефтегаз" ишканасынын айынан "республикачы" депутат Исхак Пирматов менен "Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин үкасы Асылбек Текебаев элдешкис душманга айланды. Асылбек Чиркешович Пирматовго "тебе конец!" деген кыска-нуска смс-билдирүү жөнөткөнүн кезинде кабарлаганбыз. Ошол "сүйүү каты" Айтбай атанын уулу Исхакты кортеждин коштоосунда жүрүүгө аргасыз кылды. Ушу тапта И.Пирматов өзү Mеrcedes-Benz S klasse унаасын (куну 48 миң доллар) колдонсо, артындагы "көлөкөлөрдү" "Жиптен" көрөсүң.
Кыргызстанда үч кишиде (премьер-президент Алмазбек Атамбаев, ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков, президент айым Роза Отунбаева) гана брондолгон "темир тулпар" бар.
7-апрелден кийин экс-вице-спикер Кубанычбек Исабековду аялы, баласы менен Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө милиция кызматкерлери алып келип кармап турушканы маалым. "Кызыл шапкечендер" бу жоругун бийликке түртө салышкан. Ошогездеги ИИМ министри Болот Шер алардан кечирим сурап анан бошоттурган.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Эмне деди эле, ыя?

Демейде унутчаактык улгайган адамдарды тынчсыздандырган көйгөй. Бирок акыркы учурда унутчаактык жашы улуу адамдарды гана эмес жаштарды түйшөлткөн проблемага айланып бара жатат. Азыркы маалыматтык доордо үйрөнүлгөн нерселерди унутпоо, эс-тутумду жакшыртуу адамдардын негизги маселеси болуп калды.

Унутчаактыкты кантип жеңсе болот?
Унутчаактык деген эмне?
Унутчаактык эки түрдө болот. Биринчиси, кандайдыр бир маалыматты эске сактай албоо. Башкача айтканда, мындай унутчаактыкта жаңы маалыматты адам кабылдайт, бирок узак убакытка эсинде сактай албайт. Мисалы, адам жаңы таанышкан адамдын атын унутуп калат же берген суроосуна жооп алса дагы кайрадан ошол суроону сурай берет. Экинчиси, эс-тутумда сакталган маалыматты керектүү кезде дароо колдоно албоо. Мындай учурда адам билген маалыматын тез эстей албай кыйналат. Мисалы, адам сүйлөй турган сөзүн же айта турган нерсесин ошол кезде дароо эстей албайт, бирок кийинчерээк эстеши мүмүкүн.

Эс-тутумга техниканын терс таасири
Назири Исаеванын айтымына караганда, күн санап өнүгүп жаткан техникалык каражаттар адамдын мээсинин активдүү иштөөсүн начарлатып жатат. Компьютерге, чөнтөк телефондорго, маалымат сактоочу ар түрдүү каражаттарга ишенип бир нерсени жаттоо же эске тутуу муктаждыгы жок болгондуктан, көпчүлүк адамдардын эске тутуусу төмөндөөдө. Н.Исаеванын берген маалыматына таянсак биз жашап жаткан маалыматтык доор эс-тутумга терс таасир тийгизип жатат. Күн сайын адам "мааламаттык бомбалоого" кабылып, мынчалык көп маалыматты эсте сактоо абдан кыйын болуп жаткан учур.

Унутчаактыктын биологиялык себептери
Мээнин толук кандуу иштеши керектүү витаминдер менен өз убагында жана жетиштүү дэңгээлде камсыз болуп турушуна байланыштуу. Мисалы, мээ үчүн эң маанилүү зат глюкоза болуп эсептелет. Эгер керектүү заттар, витаминдер талаптагыдай алынбаса мээнин иштеши начаралап, буга байланыштуу эс-тутум да төмөндөйт. Богок оорусунун да эс-тутумга терс таасири бар. Бул ооруга чалдыккан адамдын кыймыл-аракети оорлошуп, организмдин иштөөсү жай болупот. Мындай абал мээнин иштөө механизмине терс таасирин тийгизет.
Башка келген кырсыктар да унутчаактыкка алып барат. Мисалы, баштан оор жаракат алуу же катуу сокку мээнин клеткаларына залакасын тийгизет. Натыйжада эске тутуу механизми жабыр тартып калышы мүмкүн. Ошондой эле мээге кан тамуу, мээ кан тамырларындагы оорулар да ушундай абалга алып барат.

Унутчаактыктан кутулуунун жолдору
Дайым жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылыңыз. Ар бир жаңы маалымат, билим, дегеле жаңы үйрөнгөн баардык нерсе мээ үчүн эң мыкты көнүгүү.
o Туура тамактануу менен мээге керектүү витаминдерди үзгүлтүксүз алып туруңуз. Эс-тутум үчүн эң керектүү зат глюкозага бай тамак катары мейиз сунуш кылынат.
o Мээнин 75%ы суудан тургандыктан күндө жетиштүү өлчөмдө суу ичүү керек.
o Эртең мененки тамак мээнин потенциалын көтөрөт. Эртең менен тамактанбаган адамдардын концентрациясы төмөн болот.
o Уйкуңузду тартипке салыңыз. Нормалдуу уйку үчүн 6-8 саат жетиштүү. Туруктуу жана жакшы уйку жаңы үйрөнгөн нерселериңизди бекемдөөгө жардам берет.
o Маани берилген маалыматтар унутулбайт. Мээге келген ар бир маалымат берилген мааниге жараша сакталып калат. Кыска убакыттын ичинде маани бербей окуган же үйрөнгөн нерселериңизди түшүнсөңүз да эрте унутуп каласыз.
Нурайым ЫСМАЙЫЛ кызы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??