presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Патриот

Бозону сүйгөн "Кара кыргыз" - Ален Офойо

Өлкөнүн атын алыска чыгарчулар - өнөр адамдары, саясатчылар жана спортчулар экени белгилүү. Ошол спортчулардын арасында "Кара кыргыз" деген каймана аты бар, териси эле кара болбосо, жүрөгү Кыргызстан деп согуп келген мекенчил жигит Ален Офойо карапайым үй-бүлөдөн чыгып, Евразия, Азия, Европанын чемпиону болгон. Айрым куру сөз менен төшүн каккан мекендештерибиз болор-болбос ийгилиги менен мактана бергенди жакшы көрүшөт. Жөнөкөй жүргөн Ален баатыр көп деле маалымат каражаттарына чыга бербейт. Кыргызстан үчүн эмгеги чоң экенин көпчүлүк ошол себептен билбейт. Эстен чыгып бараткан эл уулун эске салып коюу максатында конокко чакырдык. Анткени Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, президенттин кубогунун ээси, Азия оюндарынын вице-чемпиону, Кыргызстан менен АКШ, Италия, Сирия, Украина, Белоруссия сыяктуу күчтүү өлкөлөрдүн ортосундагы командалык беттештерде жеңишти гана алып келип жүргөн акжолтой жигит багынткан бийиктиктерди көп спортчулар багынткан эмес. Бу жигит спорттун бокс, кикбокс, ушу-саньда түрлөрү боюнча Кыргызстандын кыйындарынын бири.

- Ален мырза, бала чагыңыз кайда, кандай өттү эле?
- Мен 1982-жылы 1-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөм. Атам бул жакка Конгодон келип окуган учкуч болгон. Апам орустун кызы. Бала чагым кадимки Бишкектин көчөлөрүндө чоңойгон карапайым балдардыкынан айырмаланган эмес. Балдардан теримдин өңү менен гана айырмаланбасам, алар эмне болсо мен да ошо болуп чоңойдум. Биз Пригородный айылында, 110-кварталда, Кызыл-Аскерде жашагандыктан жалаң шок балдардын арасында өскөм. Кызыл-Аскерди азыркыга чейин криминал район деп жүрүшкөндөрүн билесиздер. Биздин убакта азыркыдан да шок эле ал жактагы балдар. Азыр эмне, спорт залдар ачылып, жаштар интернет сыяктуу заманбап нерселерге алаксып, күчүн башка жакка жумшап, түшүнүксүз маселелерди акыл менен чечип калышты да. Мурда район менен район деген мушташ такай болуп турчу. Анын туруктуу катышуучусу катары мен бир нече жолу жүрүм-турумум үчүн мектеп алмаштырып жаттым. Россияда 90-жылдары криминал өркүндөсө, бизге ал толкун 1995-2000- жылдары келди. 5-класстан баштап мени кемсинткен балдардан өңүм менен гана айырмаланбай бир ийгилик жаратайын деп спорт менен машыга баштадым. Мектептен ана айдалат, мына айдалат деп жүрүп аяктадым. Ордумда жөн тура албаган бала элем. Бирок ошол энергияны убагында туура жакка багыттап, бүгүнкү бийиктикти багынтып отурам.
- Курама командага качан келдиңиз?
- 2001-жылдан баштап курама команданын мүчөсү болдум. Агезде менин салмак категориямда Малик Борбашев, Канатбек Сыдыгалиев өңдүү атактуу кикбоксчулар бар эле. Башка салмакта турнирге чыгуу үчүн мен дайыма салмак кууп, арыктаганга аракет кылып келгем. 2003-жылы Ташкентте Азиянын чемпиону болгондон баштап 75 килограммдык салмакта жогоруда аты аталган спортчулардын ордун басып калдым.
- Биринчи жеңиш даамына качан ырахаттандыңыз?
- Ошол 2003-жылы Азия чемпиону болгонго чейин Бишкекте Спартак стадионунда АКШ менен Кыргызстан ортосунда командалык беттеш болуп калды. Стадион толо эл бизди сүрөп жатканда дүйнөдөгү эң күчтүү деп эсептелген АКШ командасын жеңгенибизде, бул жеңишке өзүмдүн салымымды кошконума аябай сүйүнүп, кубанычым коюнга батпай бактылуу болгом.
- Жогорку окуу жайда окудуңузбу?
- Мектепте кыйратып окубагандыктан көп нерсени түшүнбөйт элем. Жогорку билим албасам дүйнө таанымым кеңейбесин түшүндүм. Ошондо юридика факультетине тапшырып, сырттан окусам да кадимкидей китеп кучактап, билим алдым. Жогорку окуу жай мага күч менен эмес баш менен акча таап, жан багууну үйрөттү десем туура болот. Билимсиз адам көп нерседен куру калаарын түшүнүп, азыр өзүмдүн балдарымды илимпоз болушса экен деп кыялданып калдым.
- Балдарыңыз ата жолун жолдоп спортчу болом десе эмне кыласыз?
- Балдарым жөн эле билим алсын. Спортсуз да болбойт. Башы менен акча таап, спорт менен эс алгандары туура го. Теннис, шахмат ойносо да аягына чыккан духу күчтүү адам болсун. Ошол эле учурда өзүн коргош үчүн кичине муштумун да даярдап алса ашыкча эмес. Негизи муштумду иштетпей маселени чечкен туура.
- Сиз муштум менен түшүндүргөн учур болду беле?
- Негизи мен кара күчүмдү, муштумумдун мүмкүнчүлүгүн көпчүлүккө көрсөткөм. Анан кимдир бирөөгө күчтүүлүгүмдү далилдеп отургум келбейт. Сөз менен түшүнбөсө, ал киши менен сүйлөшпөй басып кетем. Ошондой учурда мени жылдыз оорусу менен ооруп калган деп айтышат.
- Жылдыз оорусу менен оорудуңуз беле? Деги эле көчөдө таанып, кол тамга сурагандарга кандай мамиле кыласыз?
- Жылдыз оорусу менен оорубайм. Айрымдар ошентип ойлошот. Ал эми көчөдөн таанып, сүрөткө түшүп, кол тамга сурагандарга жакшы мамиле кылам. Чындыгында бул жүрөк жылыта турган көрүнүш. Демек, эл биздин эмгекти баалап, бизди кадырлайт экен деп, андан ары да өлкө намысын коргоонун аракети үчүн катуураак машыга баштайбыз.
- Дипломдогу адистигиңиз боюнча иштебесеңиз кантип жан багасыз?
- Мен баарыбир юрист болуп иштебейм. Жан багуу үчүн чакан бизнесим бар. Тамак-ашка, ары-бери чыкканга жетип турат.
- Коммерциялык турнирлерге катышып турасызбы?
- Коммерциялык турнирлер спортчулар үчүн өзүн сыноо болсо, уюштуруучуларга акча табуу. Бул дагы спорттук карьеранын бир этабы. Андан ар бир спортчу өтөт.
- Жашыруун болбосо, бир коммерциялык беттештен канча акча алышат?
- Болбоду дегенде 2 миң доллар гонорар колуна тиет. Колдон келсе андай турнирлерге катышпай койгон оң. Күчтүү спортчулар эл аралык деңгээлдеги абройлуу турнирлерди багынтса эмгеги текке кетпейт эле.
- Спорт менен байып кетсе болобу?
- Спорт менен байып да кетпейсиң, ачка да калбайсың.
- Ален деген атыңыз эмнени билдирет?
- Ачыгын айтканда, ушул убакка чейин кызыгып көрбөптүрмүн. Негизи эле мен эмнеге андай, бул эмне деген сыяктуу суроолор менен кайрылып бир нерсени билүүгө кызыга бербейм. Менден өтө зарыл учурда гана суроо белгиси бар сүйлөм оозумдан чыгышы мүмкүн.
- Кайсы инсанды баалап, кимге карап түздөнөсүз?
- Спортчу катары Костя Цзюну баалайм. Инсан катары Арнольд Шварценеггер жагат. Ал спортчу катары да, актер катары да чоң ийгиликтерди жаратып токтоп калбай, бир мамлекетке барабар штатты жетектеп, саясатчы катары да өзүн көрсөтө алды. Негизи баштаган нерсесинин майын чыгарып, анан башка тармакка өтүп, ал жакты да жыргаткан адамдарды баалайм. Кыргызстанда Орзубек Назаров, Александр Воиновду карап түздөнүп, ошолордой болууга аракет жасайм.
- Учурда кинотеатрларда аншлаг менен коюлуп жаткан "Бишкек, мен сени сүйөм" деген киного да тартылып калыпсыз…
- Дос балдардын чакыруусу менен бул тасмага тартылып калдым. Бүтүндөй бир чоң нерсенин түзүүчүсү болуу мага жагат. Анүстүнө тасманын аты да мага жаккандыктан макул болдум. Буга чейин деле көп сунуштар түшкөн тасмага тартылуу боюнча. Эмнегедир мени мушташа турган кадрлардан көргүсү келе беришет экен. А мен өзүм кадимки адамдардай болуп роль аткаргым келет.
- Бишкектин эмнеси өзгөчө жагат?
- Мен Бишкекти бөлүп көрсөтө албайм. Биздин эл ушунчалык меймандос жана ак көңүл. Чет өлкөгө көп баргандар мени түшүнүшөт болуш керек. Көпчүлүк өлкөлөрдө адамдары жетиштүү жашашса да дайыма көйгөйлүү кишидей жүрүшүп, бирөөнү бир уккусу келишпейт. Жакшылык кылайын деген адамды көрбөйсүң. Көчөдө дарек сурамак тургай саат сураш ыңгайсыздыкты жаратат. Ал эми Кыргызстанда алтындай элден башка тунук суусунун даамдуулугу, тамак-аш, азык-түлүк, жер-жемиштердин жагымдуулугу өзүнө тартып турат. Германиядан бир байкебиз келди эле бир ай бою былчыйып семиргиче тынбай тамактанып жүрдү. Бул жактан тойгондой болот экенсиң, тамактануудан да ырахат алса болот турбайбы деген сөздөрү эле буга далил болот.
- Кымыз, бозо, жайлоо сыяктуу нерселерди билесизби?
- Жайлоого чыгып конок болуп, кымыз ичип койгон жагат. Бирок кымыздын артынан куубайм. Мага бозо аябай жагат. Дүкөндөрдөгү эмес, колго жасалган бозолор бар го, ошодон бир көтөргөндө 3 литрди ичип кое беребиз. Бул улуттук суусундуктун өтө пайдалуу экенин спортчу катары мен көп байкадым. Кыскача айтканда, мени бозо менен алдап койсо болот.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Туура эле көз караштамын. Тойлордо, майрамдарда куттуктоо айтып чөйчөк көтөрүп койсо жарашат. Бирок артынан түшүп алып ичкендерди жактырбайм. Өзүм анда-санда бозого окшоштуруп кыргыздын "арпасынан" жутуп коем.
- Парламенттик шайлоодо бир партиянын тизмесинде жүрүп, көрнөк-жарнактарды көркүнө чыгарып турдуңуз эле. Эмнеге депутат болбодуңуз?
- Балким мен азырынча жаштырмын, балким акчалуулар гана депутат болушу керек деген көрүнүш тоскоол болдубу, бул жолу эл өкүлү боло албадым. Негизи мен парламентте спортчулардын кызыкчылыгын коргоюн деп ойлогом. Анткени карапайым үй-бүлөдөн чыгып, оор-жеңилин көргөн спортчу катары эмне керектигин мен жакшы билем.
- Кокус президент болсоңуз эмнеден иш баштамакчысыз?
- Биринчи кезекте жолдорду оңдоп, мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрмөкмүн. Анткени жолу түз өлкөнүн сапары байсалдуу болот. Билимдүү мамлекеттин келечеги чоң үмүт жаратса, дени сак улуттун өнүгүүгө аракети күч болот деп ойлойм.
- Сизди башка өлкөлөр азгырып, "куда түшүп" жүрүшкөн деп айтышат.
- Андайлар болгон. Россиянын, Казакстандын атынан чык деп кайрылгандар көп болду. Мен өзүмдүн туулуп-өскөн жеримди сүйгөнүм үчүн андайга бара албадым. Кетип калсам деле мени эч ким күнөөлөмөк эмес. Өз абийирим алдымда ак болуу үчүн мындай кадамга барбадым. Кыргызстандын келечеги жаркын экенин сезип, үмүт отун өчүрбөй жашап келебиз.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??