presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эч ким, эч нерсе унутулбайт

АЛИШЕР САИПОВДУ ӨЛТҮРГӨНДӨР ЭМДИГИЧЕ КАРМАЛА ЭЛЕК
2007-жылдын 24-октябрында кечки саат 19.30дар чамасында Fergana.ru маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, ошол тапта өзбек тилинде "Саясат" гезитин чыгарып жаткан Алишер Саипов Ош шаарындагы кеңсесинин жанында атып өлтүрүлгөн. Маркумду жакындан тааныгандар анын ажалын кесиптик ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштырып жүрүшөт. Анткени, ал өмүрүнүн акыркы сааттарында абдан батыл иликтөөлөрү менен коомчулук оозуна абдан бат алынып бараткан. Дал ошол жылдары "Америка добушу", Эркин Европа Азаттык үналгысынын кабарчысы катары да мыкты эмгектенген. Ошол маалда кайран жигит 26 жашта эле.

ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ ЧУБАЛГАН СОТ

- Кесиптештеринин басымдуулугу Алишерге абдан суктанышчу. Анткени уулум жаш эле туруп жалаң чыркыраган чындыкты жазчу эле, - деп эскерди маркумдун атасы Авас Саипов. - Акыркы мезгилде 2005-жылдын май айындагы канга чыланган Өзбекстандын Анжиян ааламатын байма-бай чагылдырып турду. Албетте, мындай далалат Өзбекстан президенти Ислам Каримовго караманча жаккан жок. Ошондуктан 2007-жылдын август айында Анжиян жана Фергана телеканалдары уулумду байма-бай абдан жамандап, анысын улам-улам теледен көрсөтүп турушпадыбы. Ошондон көп узабай эле Алишер 24-октябрда Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү кеңсесинин жанында атылып жатпайбы.
Авас Саиповдун айтымында, уулуна байланышкан кылмыш иши сот тарабынан бир нече ирет кайра тергөөгө жөнөтүлүп турду. Сот жараянынын биринде айыпталуучу Абдуфарит Расулов күнөөсүн толук моюндабаса да, аны жараяндын акырына чейин таптакыр сүйлөтүшкөн жок. Ошентип сот акыркы өкүмүнүн негизинде Абдуфарит Расуловду 20 жылга кесип ийди.
- Мен камакта жөн эле олтурам. Кымындай күнөөм жок! Ары-бери сүйрөп кыйнап бүтүштү. Айыбымды таптакыр далилдей алышкан жок. Эми акташсын, - деген эле Абдуфарит Расулов сот жараянынын биринде.
- Менин оюмча, президент Роза Отунбаевага так маалымат жетпей жатат өңдөнөт, - деди Авас Саипов. -Ачыгын айтайын, уулумдун өлүмүнө үч гана киши себепкер. Маселен, ошогездеги президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баалоо институтунун бөлүм башчысы Ыкбал Мирсаитов, журналист Даврон Насибханов, анан милициянын майору Токтосун Асаев. Булардын арасынан, мендеги маалыматка караганда, ошогездеги президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баалоо институтунун бөлүм башчысы Ыкбал Мирсаитов бир эле мезгилде Өзбекстандын атайын кызматынын тыңчысы да болгон. Ошол себептүү уулум Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун түздөн-түз буюртмасы менен атылып өлтүрүлгөн. Тергөө жана прокуратура органдары дагы эле суу кечпеген айла-амалдарды ойлоп таап, кылмышты эптеп айыпсыз бирөөнүн мойнуна илип, жоопкерчиликтен биротоло кутулуунун аргасын кылып жатышат.
Ушундан улам Алишер Саипов атылган маалда жанында жүргөн, кийин укук коргоо органдары тарабынан биринчилерден болуп сурак кылынган Ыкбал Мирсаитов менен байланышууга абдан аракеттендик эле, ал далалатыбыздан эч майнап чыккан жок. Дагы бир шектүү делген милициянын майору Токтосун Асаевдин да дайынын сураштырып, такыр таппадык.
Ал эми 2007-жылы "Саясат" гезитинде эмгектенген Алишер Саиповдун курбалдашы Даврон Насибханов Алишер Саиповдун атасы тарабынан ага карата тагылган айыпты таптакыр моюндаган жок. Анын пикиринче, Алишер Саиповдун көзүн тазалаган кылмышкерлерди изин суута электе кармаганга ошогезде толук мүмкүнчүлүк бар эле. Мындай аракет коңшу мамлекет менен мамилеге доо кетирет деп чочулабастан, тергөөнү башынан чаташтырбастан калыс жүргүзгөндө, мындай нааразычылык жаралмак эмес.
- Чындыгында, мага Алишер Саиповдун атасы таккан айып тергөө убагында дегеле ордун тапкан жок. Милиция бул сапар тажрыйбасыздыгын ашкереледи. "Алишер Саиповдун көзүн неге тазалашты? Буюртманы кимдер, кайсы өлкөдөн беришти?" өңдүү суроолорго жооп издеген жан болбоду. Мен кайталаймын, азыр деле кеч эмес. Биз жогоруда доомат арткан жактарга басым жасалса, кылмыштын бети ошондо гана ачылып, кыргыз милициясынын аброю көтөрүлөөрү шексиз! - дейт маектешибиз журналист Даврон Насибханов.

СОҢКУ
СААТТА
Ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаев журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан иликтөө-тергөө амалдары кайрадан жандандырылгандыгын "Жаңы Агым" гезитине маалымдады. Аман турсак, анын жүрүшүнөн окурмандарыбызды сөзсүз кабардар кылып турабыз.
Баса, өткөн аптада Кыргызстандын медиа, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен журналисттер өлкө жетекчилигине кайрылып, 24-октябрды Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн күрөштүн күнү деп жарыялоону сунуш этишти. Кесиптик иши үчүн көз жумган Алишер Саипов менен Геннадий Павлюкка жана бийликтин катуу запкысын көргөн, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Сыргак Абдылдаевге Эрдик медалын тапшыруу керектигин баса белгилешти.

26 жаштагы журналист Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташкан. Өмүрүнүн акыркы алты айында өзбек тилинде "Саясат" гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында иш кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облусу,
сүрөттөр автордуку



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??