04.11.11 - 6-бет: Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун Кыргызстан мусулмандарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!

Сиздерди элибиз үчүн ыйык болуп эсептелген Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары кубануу сезими менен чын ыкластан тосуп алышат.
Бул майрам адамдарды ыймандуулукка, ырайымдуулукка, боорукерликке, кайрымдуулукка чакырып, адамдарды кудайга жакын болуунун зарылдыгын ачык-айкын далилдеп турат.
Курман айт күнү өлкөбүздүн бардык мусулмандары бир туугандык, достук мамилелерин бекемдеп, бири-бирине болгон сый-урмат сезимдерин өрчүтөт жана кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге кайрымдуулук менен мамиле кылып, кудай тарабынан буйрулган милдеттерин аткарышып, колдон келген жардамдардын аянбай беришет.
Мусулмандак милдетин аткаруу максатында ыйык Меккеге аттанышкан миңдеген жарандарыбыздын ажылыгы кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишин кудайдан тилейбиз.
Ушул ыйык күндөрдө баарыңыз-дардын каалоо-тилектериңиздер кабыл болуп, ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга чын ден соолук,
узун өмүр, бакубат жашоо каалайм!




  Коалиция коңгуроосу

Жаңы өкмөттөн кимдерди көрүүгө болот?
Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинен кийин өкмөт башчылыктан кетип президенттик кызматка киришет. Азыркы кезде мурдагы коалиция сакталып калабы же башка фракциялардын катышуусу менен жаңы коалиция түзүлөбү деген суроо турат.

Учурда саясатчылар тарабынан бул боюнча ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдар КСДП, "Республика", "Ата мекен" жана "Ар-намыстын" катышуусу менен жаңы коалиция түзүлүп, "Ата журт" оппозицияга кетет деген ойду айтып жүрөт. Бул версия ишке ашса Өмүрбек Текебаев төрагалыкка келет. Өмүрбек Бабанов болсо өкмөт башчылыкты сактап калууга мүмкүнчүлүк алат.
Бирок Өмүрбек Бабановду коррупцияга байланыштуу айыптоолор дал ушул "Ата мекен" тарабынан абдан катуу айтылып, эки ортодо айыгышкан кармаш орун алган. Ошондуктан бул эки фракциянын коалицияга биригүүсү суроо жаратпай койбойт. Экинчиден, "Ата журт" оппозицияга өткөн болсо, алар парламентте эки чечүүчү комитетти жетектейт, күчтүү оппозиция болот. "Ата журтту" коалицияда сактап калуу үчүн кеминде алардын колунда төрагалык сакталып калыш керек. Же болбосо Камчыбек Ташиевге же Акматбек Келдибековго өкмөт башчылык сунушталууга тийиш.
Азыр Алмазбек Атамбаевдин коалицияны каалагандай түзгөнгө мүмкүнчүлүгү жетет. Парламентте өзүнүн фракциясы бар. Мындан сырткары, "Ар-намыс" фракциясынын көпчүлүгү да анын алдына келишкен. "Республика" фракциясы да жаңы президенттин ыгында болууга даяр. Иш жүзүндө мына ушул үч фракция өкмөттү түзө алат. Аларга "Ата мекендин" да кошулуусу мүмкүн. Кыскасы, Атамбаев азыркы мезгилде парламентти толук көзөмөлдөп турат.
Мындан сырткары, Атамбаев Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевди да ийге келтирип, анын пайдасы үчүн президенттик шайлоого барбай калган Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу саясатчыларды да кызмат менен камсыздашы керек.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Төртүнчү бийлик төркүнү

Кыргыз журналистикасы кыргыз саясатын кантип жүргүздү?
Быйылкы жылы кыргыз журналистикасы үч ири "маалымат согушун" башынан өткөрдү. Алгач жаз мезгилинде Ак үй ичиндеги жана Ак үй сыртындагы оппозиция 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго каршы чабуул баштаса, андан соң президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев менен "ата журтчу" депутат Садыр Жапаровдун ортосундагы тиреш, акыркысы президенттик шайлоого байланышкан. Эң кызыгы, мына ушул үч окуяда тең бийлик оппоненттери утулду. Себеп? Иликтеп көрөлү.


Бабанов-оппозиция "кырчылдашынын" жаралышына Мегаком компаниясы чоң түрткү болду. Атап айтканда, оппозиция лидерлери дал ушу Мегаком аркылуу "балапан" саясатчы Бабановду жаш кезинде "жайлап" салууну көздөгөнү жашыруун эмес. Мындай кыйчалыш кырдаалдан Өмүрбек мырза оңой-олтоң кутулду. Анын оор абалдан чыгышына көпчүлүк ойлогондой чет өлкөдөн келген саясый технологдор эмес, кадимки эле кыргыздын жигиттери чечүүчү ролду ойноду. Муну айта берсек сөз узарат. Анүстүнө жакынкы күндөрү башбакандыкты көздөгөн эрендер башкы атаандашы саналган Өмүрбек Токтогуловичке карата "бомбаларды" дүңүнөн ыргытары калетсиз. Мына ошондо Ө.Бабановдун пиарчылары кандай ыкманы колдонору, шефин оор абалдан кантип алып чыгып кетерин, анда жаз айларында колдонулган методдорду кайрадан пайдаланарын же пайдаланбаганын кенен баяндайбыз.

Бирикпей калган бакиевчилер, алдыга озгон Атамбаев
Президенттик шайлоо көпчүлүк күткөндөй чыр-чатаксыз, тынч маанайда өттү. Так талаштын мындай өңүттө жыйынтыкталышына шайлоо кампаниясынын туура жүргүзүлүшү, асыресе, "маалымат согушунда" түрдүү ыкмалардын колдонулушу зор түрткү болду. "Маалымат согушу" мындай жүргүзүлбөгөндө, балким, бакиевчи саналган талапкерлер биригип кетип, шайлоонун эки тур менен өтүшүн шарттап, натыйжада Алмазбек Атамбаевдин жеңиши кыйынчылыкка турмак.
Жеке менин баамымда, так талашкан берендердин бирөө дагы чет өлкөлүк саясый технологдордун кызматын пайдаланган жок. Саясат айдыңындагы оюндарды кыргыздын улан-кыздары эле жүргүздү. Маселен, журналист Бакыт Аманбаев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун башкы пиарчысына айланды. Үгүт кампаниясындагы видео-роликтер, басылмаларда жарыяланган макалалардын идеясы Бакыт мырзага таандык экенин эскерте кетсек. Ал эми "ата журтчу" Камчыбек Ташиевдин көчө бойлото илинген баннерлерин, гезит беттеринде чагылдырылган макалаларды анын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов толук көзөмөлдөгөнү маалым.
Белгилүү журналист, экс-элчи айым Замира Сыдыкова Кубатбек Байболовдун үгүт иштерин жүргүзгөнүн өткөндө жаздык. Дагы бир кесиптешибиз, экс-депутат Бегалы Наргозуев генерал Өмүрбек Суваналиевдин борбордук штабынан күнү-түнү чыкпай иштеп, досунун аброюн арттырууга болушунча аракет жасады. Президенттикке талапкерлердин көч башында турган Алмазбек Атамбаевдин шайлоо маалындагы басма сөз тармагын Айнура Токтошева аттуу айым жетектерин өзү эркин гезиттердин бирине курган маегинде билдиргени эсибизде. Баса, Атамбаевге таандык жарнамалык роликтердин автору Актан Арым Кубат экенин айта кетпесек болбос.
Кайсы бир талапкердин ишмердүүлүгүн кескин сындоо же тескерисинче аны байдын эрке кызындай мактоого кыргыз тилдүү басылмалардын дээрлик бардыгы катышты. Ошондой эле интернет-сайттардан:"Diesel.elcat." , "Facebooke" , "Bulbul" , "Blive" жана "Vesti" , маалымат агенттиктеринен:"Акипресс" , "Баракелде" жана "24.kg" активдүүлүгүн көрсөттү. Мындан сырткары, бир катар саясат таануучулар, көзачык-төлгөчүлөр, социологиялык иликтөө жүргүзгөн мекемелер шайлоо кампаниясын көркүнө чыгарды.
Жогоруда санап өткөндөй талапкерлердин акылмандары, азыркы тил менен айтканда пиар-технологдору, гезит-журналдар, интернет-сайттар, маалымат агенттиктери, көзачык-төлгөчүлөр, саясат таануучулардын талыкпаган эмгегинин аркасында так талаш ойдогудай жыйынтыкталды.
Чабуулду ким баштады?
Ушул суроо жамы журттун бүйүрүн кызытып атса керек. Эсиңерде болсо, августтун аяк ченинде "Фергана" сайтына Россиянын атайын кызматынын өкүлү атын ачыкка чыгарбай кенен маек курган. Ал макалада Кыргызстандагы наркотрафик маселеси талкууланып, анын башында "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев турарын ачык айткан. Мына ошондон тартып "маалымат согуш" оту тутанды. Камчыбек Кыдыршаевич муну негизги атаандашы Алмазбек Атамбаев атайын уюштурду деп ойлоп калганбы, айтор, эки ай бою (сентябрь-октябрь) ар кыл гезиттер, интернет-сайттар аркылуу наркотрафикти өкмөт башчысы өзү көзөмөлдөйт маанисиндеги макалаларды атайын заказ менен жарыялатып атты. Камчыкенин жазмакерлери Атамбаевге карата андан бөлөк конкреттүү компромат таба алышпагандай. Деген менен премьерге канчалык наркобизнести жабыштырышпасын оңгулуктуу натыйжа чыккан жок. Себеби…
(Уландысы бар)
Нурканбек КЕРИМБАЕВ