04.11.11 - 22-бет:
  Кытайдын кыраа саясаты

Турсий-майкедеги желек менен гербди сыйлайсыңбы?

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө Жогорку Кеңеш 2004-жылдын 20-майында мыйзам чыгарган. Тилекке каршы, ошол мыйзамдагы статьялар жергиликтүү да, чет элдик да жарандар тарабынан аткарылбай тепселенип келет. Буга мисал катары КР мамлекеттик туусу менен гербинин Made in China деген этикетка менен Кытай өндүрүшчүлөрү тарабынан эркектердин ич кийимине басылып, сатылып жатканын айтсак болот

Аталган ич кийимдерди базарлардын дээрлик бардыгынан көрүүгө болот. Баасы 50-60 сомдон сатылып жатат. Ош базарында он жылдан бери сатуучу болуп иштеген Назиева Динаранын айтымына караганда, сатуучулар аталган товарды Дордой базарынан дүңүнөн алып келишет. Товар аларга Кытайдан келет. Дүңүнөн саткан соодагерлер буйрутма берип чыгартышат. "Менин жеке пикиримде, улуттук символдордун ич кийимге басылып чыгышы туура эмес. Бирок соодагер болгондон кийин сатпаска чарам жок. Кардарлар талап кылса сата беребиз да" деген оюн ортого салды.
Этно-акын Тата Уланга ушул маселе боюнча пикирин сураганыбызда, "жеке өзүм андай кийим кийбейм. Кийгендердин деңгээли төмөнбү, айтор түшүнбөйм. Бул туура эмес жосун. Мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышы керек. Тилекке каршы, өкмөт мындан башка да чоң маселелерди чече албай турган учурда буга убактылары деле жок болуш керек" деген ою менен бөлүштү.
Журт башыларынын башын бириктирген Ак үйдүн маңдайында, Ала-Тоо аянтынын чок ортосунда орун алган герб менен туунун ич кийимде орун алышы этикалык жактан да, укуктук жактан да жат көрүнүш дешет укукчулар. Ушундай көрүнүштөр айрым өлкөлөрдө адаттагыдай эле көрүнүш катары каралышы мүмкүн. Мисалы, АКШнын желегин тапичкелерден, бикинилерден көрүүгө болот. Бирок бул көрүнүш кыргыз элинин менталитетине, мыйзамына туура келбейт.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн аталган мыйзамдын 2-статьясын келтире кетели. "КР жарандары, ошондой эле КР аймагында жүргөн жарандар мамлекеттик символдорду урматтоого милдеттүү. Аларды маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат" деп жазылган. Ошондой эле "КР мамлекеттик символдоруна терең сый көрсөтүү КР ар бир жаранынын патриоттук парзы" деп ташка тамга баскандай жазылып турат.
Ушуга карабастан байрак менен гербдин ич кийимге басылышы, болгондо да кытай өндүрүшчүлөрү тарабынан жасалышы ар бир кыргыз жаранын ойго салбай койбойт. Же бул Кытай өндүрүшчүлөрүнүн Кыргызстандын мамлекеттик символдоруна жасаган "сый-урматыбы"?
Уланбек Эгизбаев