04.11.11 - 19-бет:
  Агымспорт

Кришти сырды ката албады
Дүйнөдөгү менмин деген сулуулар ашык болуп жүргөн футбол жылдызы Криштиану Роналдуга анын бир күйөрман кызы интернет аркылуу өзүнүн дырдай жылаңач сүрөттөрүн жиберип турчу. "Реалдын" оюнчусу аны бир сыйра көрүп почтадан өчүрүп салчу экен. Жакында ал жаңы келген сүрөттү кадимкидей эле бир сыйра көрүп өчүрүп коем деп жатып аны менен кат алышып жүргөндөрдүн бардыгына күйөрман кызынын сүрөттөрүн жиберип алган. Капысынан басылып кеткен "переслать" кнопкасынын айынан Кришти сыр сактай албаган адам катары элге жаман көрүнүп калды. Баарынан да эмки жылы жайында үйлөнөбүз деп жаткан футболчунун сүйгөнү Ирина Шейк аябай былтыңдап жатыптыр.

Жириновскийден өткөн жинди жок
4-ноябрда Владимир Лебедев менен беттеше турган америкалык мушкер Джеймс Тоуни өткөндө орустарды оозуна келген жаман сөздөр менен шылдыңдап пресс-конференция берди эле, окемдердин патриоту Владимир Жириновский мени менен айтышууга чыксын деп 1-ноябрга белгилешкен. Интернеттеги Жириновскийдин сөгүнгөн видеолорун көргөн мушкер жолуга турган жерге орустун жиндиси келгиче качып кетиптир.

Тони болсоң эмне экен?
2006-жылы дүйнө чемпиону болгон Италия курама командасынын чабуулчусу Лука Тони азыр "Ювентуста" ойнойт. Өткөндө Италиянын кыйын командалары "Интер" менен "Ювентус" беттешкенде конокко барган туриндиктер "Интерди" 1:2 эсебинде утуп алышат. Ошондон бери жинди суудан бастырып жүргөн футболчу полисайларга мас абалында кармалып, айдоочулук күбөлүгүнөн узак мөөнөткө ажырады. Италияда мыйзам баарына бирдей экенин ушундан байкасак болот.

Дубасын уруп ойнобой…
Чехиянын Пльзен шаарынын "Виктория" футбол клубу Европанын чемпиондор лигасына быйыл биринчи жолу катышып жатат. Өткөн аптада алар атактуу "Барселонага" болгону 0:2 эсебинде Каталонияда утулушту эле, Чехияда өткөн беттеште жеңишке аракет кылып көрөлү деп өздөрүнүн архиепископуна (бизче муфтийине) команданы жакшы эле окутуп, батасын алышты. Курган архиепископ туура эмес дубаны окуп алганбы, айтор, кечеги беттеште "Барселона" талаа ээлерин 4:0 эсебинде "уктатып" кетишти.

Жамбашка чапкан сонун да
Мусулман өлкөлөрүндө жашоо кыйын экенин Ирандын "Персеполис" командасынын футболчулары түшүнүштү. Алар жергиликтүү чемпионаттын алкагында өткөн кезектеги беттеште "Дамаш" клубунун дарбазасына гол киргизгенден кийин командалаштары менен кучакташып кубанышып, ызы-чууда Мохаммед Носрати Шеис Резаеинин жамбашына чаап коет. Кийинкиде берки оюнчу жооп иретинде Мохаммедди чаап коет. Бул көрүнүштү уят көрүшкөн футбол федерациясы эки оюнчуга 46 миң доллардан айып салып, узак мөөнөткө стадионго жакындоого тыюу салышты.

Алтышкасы ким болот?
Жаңы жыл кирээри менен Цюрихте 9-январда жылдын мыкты футболчусуна жана машыктыруучусуна сыйлык тапшырылат. Башбапкердин кыйыны болом деген үчилтикте "Барселонадан" Хосеп Гваридиола, "Реалдан" Жозе Мауриньо турса, курама командалардан Уругвайдын машыктыруучусу Оскар Табарес үмүттөнүп атыр. Ал эми футболчулардан Россия чемпионатынан бир эле камерундук футболчу Самуэль Это бар тура. Калгандары бүт белгилүү клубдарда оюн көрсөткөн футбол жылдыздары. "Алтын топту" төмөнкү жылдыздардын бири алып калышы мүмкүн:
Эрик Абидаль (Франция, "Барселона"), Серхио Агуэро (Аргентина, "Манчестер Сити"), Карим Бензема (Франция, "Реал"), Икер Касильяс (Испания, "Реал"), Криштиану Роналду (Португалия, "Реал"), Даниэл Алвес (Бразилия, "Барселона"), Самуэль Это'О (Камерун, "Анжи"), Сеск Фабрегас, Андрес Иньеста, Херард Пике, Давид Вилья (баары - Испания, "Барселона"), Диего Форлан (Уругвай, "Интер"), Лионель Месси (Аргентина, "Барселона"), Томас Мюллер (Германия, "Бавария"), Нани (Португалия, "Манчестер Юнайтед"), Неймар (Бразилия, "Сантос"), Месут Озил (Германия, "Реал"), Уэйн Руни (Англия, "Манчестер Юнайтед"), Бастиан Швайнштайгер (Германия, "Бавария"), Весли Снейдер (Голландия, "Интер"), Луис Суарес (Уругвай, "Ливерпуль"), Хаби Алонсо (Испания, "Реал").




Бир кололук алы барлар
Грецияда ардагерлер арасында дүйнө биринчилиги өтүп, ал жактан мекендештерибиз 6 медаль тагынганга жетишти. Тилекке каршы медалдардын бешөө коло. Ал эми күмүш медаль тагынган балбаныбыз Турусбек Асаналиев финалдык кармашта колун сындырып алып чемпиондук наамды алдырып ийди. 2009-жылы дүйнө чемпиону болгон Абакир Рысов үчүнчү орундан өйдө көтөрүлө алган жок. Биринчи жолу дүйнө биринчилигине барып, байгелүү орунга Самидин Белеков, Алимжан Махмудов жана Илимбек Чокоев татыктуу болушту. Кыргызстан командасы башкалардын көзүнө илинип, түрдүү турнирлерге чакыруу алышты.
Аралаштын да атасын таанытат
28-октябрда Россиянын Волгоградында бир эле убакта мушташтын жети түрүнөн кармашып көрө турган аралаш турнир болуп өттү. Мисалы, спортчулар биринчи беттеште кармаш-уруш менен күч сынашса, экинчисинде самбо, үчүнчүсүндө кикбокс жана башка болуп 7 түрүнөн былчылдашат. Ошондой баш айландырган турнирде мекендешибиз Мээримбек Чобоев вице-чемпион аталганга жетишиптир. Ал көпчүлүк кармаштарын колду-бутту кайруу ыкмасы менен жеңгенине карабай, финалдык беттешти уттуруп ийген.
Маркумду Москвада эскеришти
Кыргыздын чыгаан уулу Баяман Эркинбаевдин урматына Москвада алыш боюнча эскерүү турнири болуп өттү. Ага Россиянын ЖОЖдорунда окуган 40 спортчу катышып, 4 салмакта кыйындарын аныкташты. Жыйынтыгында төмөнкү балбандар байгелүү орундарга татышты:
60 кг:
1-орун - Майрамбеков Улар (РФ ИИМ Академиясы)
2-орун - Таалайбеков Нурсултан (Н.Э.Бауман атындагы МГТУ)
3-орун - Мамытов Мухаммед (МВУ)
70 кг:
1-орун - Ормушов Эрмек (РУДН)
2-орун - Атаков Аскат (МГМСУ)
3-орун - Созаев Исмаил (Н.Э.Бауман атындагы МГТУ)
70тен өйдө:
1-орун - Маткаримов Максат (РУДН)
2-орун - Жаманкеев Абдумажит (МВУ)
3-орун - Советов Алмаз (Аскер Академиясы)
Бахадырдын баяны
Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнө биринчилигинде калыс катары Кыргызстандын атынан катышып келип, жылдызга айланган футболдук арбитрибиз Бахадыр Кочкаровдун дагы деле жылдыз сааты уланууда. Эми ал өзүнүн бригадасы менен 8-18-декабрда Японияда өтүүчү клубдар аралык дүйнө биринчилигинде калыстык кылат экен. Байый бериң, Бахадыр ака!
Кичи футболдон кыргыз кыйын
Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия биринчилигине катышуу үчүн Малдив аралдарынын командасы менен беттешиш керек эле. Кыргызстан менен ойноорун укканда атаандаштарыбыз оюнсуз эле кол көтөрүп беришип, мекендештерибиз кыйналбай түптүз эмки жылы Дубайда өтүүчү континент биринчилигине жолдомо алышты. Бизден сырткары Тажикстан менен Түркмөнстан да Бириккен Араб Эмиратында күч сынашуу укугуна мөөнөтүнөн мурда ээ болушту.
Алтын калды Токмокто
2008-жылы авиакырсыктан каза болушкан мекендештерибиздин урматына арналган эл аралык турнирде баш байгени токмоктуктар жеңип алышса, баурдастарыбыздын Алматы командасы күмүш медалдарды жалгыз тагынышпай, айлампа түрүндө өткөн турнирде вице-чемпиондукту "Гиннес-29" командасы жана Майлы-Сайдын баскетболчулары менен бөлүшүштү. Коло медаль Кордай командасына буйруду.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ