04.11.11 - 18-бет:
  Миң түркүн адам

Рим папасы
Баден-Вюртембергдин соту Рим папасы жөнүндө анекдот айтып тамашалаган оорукананын кызматкерин жумуштан айдаган чечим туура болгон деп тапты. Мындан кийин католиктердин чоңун ким шылдыңдаса жумушунан куулат, бекерпоздор акчалай айыпка жыгылышат. Бул сыяктуу аргасыз жолго барышканынын себеби, акыркы мезгилде кыргызда апенди кандай болсо, Европада Рим папасы ошондой тамашалуу окуялардын каарманына айланып бараткан.

Джоан Роулинг
Гарри Поттер жөнүндө том-тому менен китеп жазып, ал чыгармасынан ири көлөмдө акча тапкан, ал эле эмес кино тартып аябай байып кеткен жазуучу айым жакында эле аябай стресске кабылып, ачуусу келгенинен каармандарынын көбүн өлтүрүп китептин кийинки бөлүгүн чыгарайын деген экен. Роулингдин "акырынан" жанын багып жаткан жанындагылар черновик вариантын окуп алышып, акылыңдан айныдыңбы, сага нан таап берип жаткан каармандарыңды эмнеге өлтүрүп жатасың деп араң токтотуп калышыптыр. Болбосо Гарри Поттер деген сыйкырчы өлүп, мадырабаштар чыдамсыздык менен күткөн чыгармасынан, тасмасынан айрылмак экен.

Ханыша Виктория
Жаш кезинде бу айым өтө популярдуу болгон окшойт. Анткени тиги жактан чакыруу келе баштаганына карабай бай аксакалдар ханышанын ич кийимин аукциондон алууга дайыма кызыкдар. Бу жолу Викториянын панталону 9375 фунт стерлингге кетти. Биздин сомдо бул жарым миллиондон ашып түшөт экен. Ошондой эле ханышанын колготкисине башта 900 фунт стерлинг баа коюшса, ал 6 миңге шап эле сатылды. Бизде да мамлекет башчысы айым болуп калды эле, буюмдарын чогулта берсек окшойт.

Ванесса Хесслер
Германиядагы эң сулуу айымдардын тизмесин баштап, биртоп жарнамалык роликтерди көркүнө чыгарып келген модель айым жакында эле Италиянын "Diva e Donna" журналына берген маегинде Муаммар Каддафинин уулу Мутасим Каддафи менен беш жылдан бери жакын мамиледе болуп жүргөндүктөн, алардын үй-бүлөсүн жакындан билерин айткан. Ливия эли электр энергиясы, күйүүчү майы бекер заманды эми эч качан көрүшпөйт. Жакшы эле адамдарды куугунтукка алышты деген пикирин айткан. Муну уккан немистер дароо Ванесса тартылган роликтерди, жарнактарды коомдун назарына алып чыгышпай, модель айымды жумушунан айдап ийишти.




  ДҮЙНӨ

күн

ЧЫРКДҮЙНӨ. Өткөндө Германиянын футбол боюнча кубогунда фанаттар ортосунда ызы-чуу чыгып, аябай чоң талкалануулар катталып, жарат алып, жабыр тарткандар көп болгон. Немис полицайлары эми ар бир футбол күйөрманын сүрөткө тартып, аларды камерадан издеп, шоктугу байкалган болсо экинчи стадионго киргизбей турган чечимге келишиптир. Андыктан, кокустан Германияга барып калсаңыз, көчөдөн сизди кызыл шапкечендер фотоаппаратка тартып жаткан болсо чочубаңыз. Алар тентек атуулдарын ушинтип издешет экен.

УЧДҮЙНӨ. Cirrus SR 22 маркасындагы жеңил учак менен Германиядан Хорватияга саякатка жөнөгөн немистердин үй-бүлөсү аз жерден согуш чыгарып жибере жаздашты. Аба мейкиндигинде жерден болгон чакырыкка жооп берип ким кайсы жакты көздөй бараткандыгын айтып туруш керек эмеспи, а буларың чакырыкка унчукпай кете бергендиктен Германия, Австрия, Словения жана Хорватиянын атып түшүргүчтөрү анын артынан кууп, асманда бирин-бири кезиктирген аскер учактары аз жерден коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен атышып кете жаздашты. Жанагы жеңил учакты НАТОнун аскер учактары тапкыча алар Хорватиянын кичинекей аэропортуна конууга жетишиптир.

ПУЛДҮЙНӨ. Америкалык Майк Старджилл бизнестин жаңы түрүн ойлоп тапты. 57 жаштагы Флориданын тургуну салмагы 16 килограмм болгон 5 жаштагы колго үйрөтүлгөн аллигаторун экспозиция катары коюп, аны кармалап көргүсү келген, сүрөткө түшүүнү каалаган адамдарга колуна берип, акысына 5 доллар ала тургандай жаңылык баштады. Бул үчүн атайын бийлик өкүлдөрүнөн уруксат кагазын алып, жырткыч жаныбар кармап жаткан кардарлардын колун тиштеп албашы үчүн оозун байлай турган кайышын да жасап алган. Жаныбарларды коргоо уюмдары каршы чыкканы менен документ жагынан тууралап койгон Майк мырзанын кардарлары күндөн күнгө көбөйүп жатыптыр.

ЖОЛДҮЙНӨ. Индиянын үстүндөгү Гималай тоолорунда парапланер менен учуп бараткан россиялык спортчу Владимир Царков кызык окуяга туш болду. Канча миң метр бийиктикте баратканын билбей алаңдап жатканда жырткыч куштардын кыйыны болуп эсептелген кадимки бүркүт жол талашып кеткенби, айтор, Володяны келип былчыйта сүзүптүр. Жарактан чыккан парапланер жерди көздөй бет алганда спортчу кошумча парашюту менен араң жерге конот. Жиптерге оролуп калган бүркүткө ачууланган жигит аягында боору ооруп кушту кайра учуруп жиберет. Анын шлемине тагылган камера тартып алган асмандагы кагылышууну Ю-туб сайтынан көрсөңүздөр болот.

АТДҮЙНӨ. Стокгольмдун тургуну тыйынчычканды өлтүргөнгө бийлик өкүлдөрүнөн расмий уруксат алды. Анын терезесинен кирип келе берген жандык тамак-ашын жеп, буюмдарын уурдап, үйдүн ичин чачып чыгып кете берчү экен. Бул тууралуу коммуналдык кызматкерлерге кайрылса, алар мэрияга жиберет. Эмне кылышын билбеген шаар бийлиги расмий түрдө тыйынчычканды өлтүргөнгө уруксат беребиз деген документ жазып беришкен.

САТДҮЙНӨ. Улуу Британияда мыйзам дегенде титиреп калышат эмеспи. Ал жакта спирт ичимдиктери 18 жаштан өткөндөргө гана сатылат. Ошол себептен сатуучулар ар бир кардардан паспорт сурап анан тейлешет. 92 жаштагы Дайан Тейлор аттуу кемпир виски сатып алайын деп супермаркетке кирсе сатуучу кыздар араң басып жүргөн чоң энеден паспорт сурашат. Жини келген кемпир мен эмне 17 жаштагы кыздай көрүнүп турамбы деп сатуучулардын бул жоругуна ачууланат. Соодагерлер вискини бербей койгон соң журналисттерге бул тууралуу билдирип, нааразы экендигин айтты.




Айланбас жердин айланма жаңылыктары
Москва . 1-ноябрь күнү кызыл шапкечендердин майрамында 28 жаштагы милиция кызматкери кызуу абалында 26 жаштагы бир кызды көчөдөн кармап караңгы жерге алып кирип зордуктап салганы үчүн бүткүл шаардык ички иштер башкармалыгынын чоңдору кызматынан айдалып жатат. Алардын ичинде батальондун командири, УВДнын башчысынын тарбия иштери боюнча орунбасары, төртүнчү бөлүмдүн башчысы жана бир нече чоңдор бир кумалактын айынан майрамдан кийин жумушунан айрылышты.
Түркия . 570 адамдын өмүрүн алып кеткен зилзаладан кийин бул өлкөгө бүт дүйнө жүзүнөн гуманитардык жардам келип жатат. Алардын катарында боордош туугандарыбызга Кыргызстандын ӨКМи да бир самолет жардам жиберген. Эрзурумдун аэропортуна конуп жатканда Грузиянын самолету менен Кыргызстандын учагы кагышып кетип, Грузиянын "темир кушу" оор жарат алган. Билермандар бул окуяга кыргызстандык учкучтар күнөөлүү деп жатышыптыр.
Кытай . 1-ноябрда көзү жымшыктар Цзюцюань космодромунан "Шэнчжоу-8" пилоту жок космос кораблин ийгиликтүү учурушту. Бул космос кемеси 29-сентябрда космоско жиберилген "Тянгун-1" космос лабороториясына барып жабышат. Бул операция ийгиликтүү жыйынтыкталса, атуулу көп кошуналарыбыз космонавттарын салып кораблдерин ачык галактикага узата башташат экен.
2020-жылы Кытай баардык шарттарга жооп берген космос станциясын куруп бүтүп, АКШ менен окемдерди кууп жетебиз дейт.
Россия . Эми Россияда октябрдын жарымынан кийин темир тулпарына кышкы дөңгөлөктөрдү такпаган автосүйүүчүлөр ири суммада айып төлөй турган болушту. Кардын калыңдыгы бир карыштан ашканда атайын цептерди такпаса машинеңизди түптүз айып авто токтотуучу жайга алып барып тыгышат экен. Мындай кадамдар жол кырсыгын азайтуу максатына көрүлүп жатканы түшүнүктүү. Туураганды жакшы көргөн биздикилер качан ушул сыяктуу иш-чараларды баштайт деген эле маселе ойго келет.
Украина . Хохолдордун парламентинин алдында бир аптадан бери ызы-чуу. Кезектеги революция го дейин десең, чабуул коюшпайт. Көрсө, Чернобыль кырсыгынан жапа чеккендердин жеңилдиктерин жоюуну, кыскартууну каалаган Рада депутаттарына берки тарап сес көрсөтүп, биз барбыз деп билдиргендеги кербези экен.
Түштүк Корея . Бул өлкөдө түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн эки Кореяны бириктирүү иштери менен алек болгон атайын министрлик бар экенин көбү биле бербейт. Ошол министрлик эки өлкөнүн башын кошуу максатына 50 млрд. доллар керектигин айтып, бул каражатты атайын салык менен жана өз ыктыяры менен кошкон атуулдардын эсебинен толукташып, сырттан жардам алышпайт экен. Жакында Кореяда түндүк-түштүк кошулуп, эки өлкө бир мамлекет болушу күтүлөт. Мындай маселенин козголбой калгандыгынын баасы 50 млрд. доллар экенин көрүп кыргыздар жөн жашаганыбыз оң.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ