04.11.11 - 14-бет:
  Ар кимдин өз ырыскысы бар

Үч эм үйлүү болобу?
16 жаштагы Акылбек кызы АЙЗАДА 12-сентябрда Бишкектеги №6 төрөт үйүндө үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келгенин "Жаңы Агым" биринчилерден болуп жар салып жазып чыккан эле. Биз ошондо эле бири 20дагы, бири 16дагы жаш үй-бүлөнүн үстүндө үйү жок, экөө тең студент экенин белгилеп, кыргызда үч эм күнүгө төрөлүп атпаган соң өкмөт аларга каралашса деген оюбузду айтканбыз. Учурда үч кыздын ден соолугу кандай, кандай шартта багылып жатышат, бийлик каралаштыбы деген суроого кыздардын энесинен жооп алдык.


Улам-улам кайрылуу жазып жардам сураган үй-бүлөнүн үнү акыры бийликке жетиптир. 28-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов менен Социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова үч эмдин үйүнө куттуктап келишти. Жардам катары үй бере албаса да жер тилкеси берилерин айтышып, колуна акчалай 500 миң сом тапшырышкан. Мындан сырткары, сүйүнчү катары 37 миң сом берилип, ай сайын жөлөк пул бөлүнүп турары белгилүү болду. Ал эми Кегети айыл өкмөтү, Токмоктун акимияты ар бири он миң сомдон сүйүнчү берип, четте калбай аз да болсо колдоо көрсөтүштү.
Балдар буга чейин доктурлардын көзөмөлүндө болуп, үйүнө чыгарылганына бир ай боло элек. Айчүрөк, Айназик, Айсулуу азыр тамак деп эле турган кездери. Салмактары 1,600-1,500гө жетти. Үч баланы тойгузууга Айзаданын алы жетпейт. Ошондуктан эмизгенден сырткары азыртадан эле артынан кошумча тамак берүүгө өтүшкөн. Балдарына сүт болсун деп азыр үйдөгүлөр Айзаданын оозуна күчтүү тамактарды кармап турган кези. Өзү студент болгондуктан сабагын да таштабай окуп жатат. Башка өлкөлөрдө үч эм төрөгөн энелер үчүн мамлекет тарабынан атайын бала багуучу жалдап беришет. Биз андай деңгээлге жетпесек да тууган-туушканга бай эмеспизби. Кыздарды багышканга азыр апасы, жеңеси, жолдошу жардам берүүдө. Үчөө үч колду байлагандан сырткары, булардын күнүмдүк чыгымына да жакшы эле акча жумшалат.
Сүт (бир коробкасы 1 жумага жетет) - 380-600 сом
Памперс (бир күндө 15-18 даана кетет) - ар бири 12 сомдон
Дарысы - 400 сом
Мындан сырткары, энеси күчтүү тамак ичиш үчүн күнүгө эт-аш алып турушат. Көп күчтү, каражатты талап кылган наристелер ата-энесинин эмгегин актап аман-эсен чоңоюшуна биз да тилектешпиз.




  Алтымыш муун ажырап

Адамдын жарыкка келиши оңой эмес

Азыр аялдын азабын азайта турган төрөттүн түрлөрү арбын. Болочоктогу эненин каалоосуна жана эркине жараша доктурлар ар бирине ар кандай түрүн ылайыктайт. Бизде кеңири колдонуучу төрөттүн түрлөрү төмөнкүлөр.

Стационардык төрөт
Энелердин көбү көнүп бүткөн кеңири тараган төрөттүн түрү. Эненин дени сак экенине, баланын дем алуусу жайында болгонуна ынангандан кийин гана доктурлар бул төрөткө уруксат беришет.
Артыкчылыгы: Медициналык көзөмөл дайым жаныңызда, түйүлдүк ар бир мүнөт сайын кылдат көзөмөлдө болуп турат. Педиатр жаныңызда, санитардык-гигиеналык норма сакталат.
Кемчилиги: Төрөттөн кийин ден соолук жайында болбосо ар кандай дарыларды ичүүгө туура келет. Толгоо учурунда жанында адамдардын көптүгүнөн кысынуу пайда болот.
Капталынан жатып төрөө
Атайын даярдалган кроватка энени капталынан жаткырып төрөтүшөт.
Артыкчылыгы: Ыйынуу аз да болсо жеңилирээк, оору азаят, төрөт учурунда ымыркай кандайдыр бир жарат алып же башы кысылып калат деген коркунуч азыраак.
Кемчилиги: Эне ымыркайынын чыгып келе жатканын көрө албайт. Чалкасынан жатып төрөгөнгө караганда капталынан жатып төрөө жатындын айрылышына алып келет. Бул ыкманы колдонуш үчүн атайын медициналык керебет керек.
Суудагы төрөт
Бизде бул төрөттүн түрү кеңири тарай элек. Толгоо башталганда аял медиктердин көрсөтмөсү менен сууга отуруп турушу керек. Суунун тепмературасы 36,5- 37 градус жылуулукта болушу зарыл. Эне маал-маалы менен гана сууга түшөт, көз жарган учурда креслого келип отурат.
Артыкчылыгы: Төрөт маалында ооруксунуу дээрлик жокко эсе. Сууга деңиз тузун кошуп койсо ден соолукка да пайдалуу.
Кемчилиги: Төрөт учурунда кандайдыр бир оорчулуктар жаралса көзөмөлгө алуу кыйынга турат. Анткени аял кыймылда болуп тургандыктан доктур аны менен кошо сууга түшүп чыга бербейт. Мындай төрөткө ар бир эле эненин ден соолугу да туруштук бере албайт.
Үй шартындагы төрөт
Дени-кардым соо, эч жерим оорубайт деп өзүнө бекем ишенген аял да төрөт учурунда жанына мыкты адистерди чакырганы оң.
Артыкчылыгы: Үйдөгү энеге көнүмүш абал.
Кемчилиги: Эненин, баланын жүрөгүнүн кагышын көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес. Бир күндө 20 төрөт кабыл алган жана бир айда үй шартында эки төрөт кабыл алган адистерди салыштырып болбойт. Бул шартта төрөсө аял өзүнүн да, ымыркайынын да өмүрүнө коркунуч келтирет.
Өнөктөш менен төрөт
Жаштардын көбү бул төрөттүн түрүн кеңири колдонушууда. Доктурлар деле чочулап бир нерсе болсо балээсине калбайлы деп жакындарынын бирөөнү сөзсүз жанына алышат.
Артыкчылыгы: Чынында жаныңда жакын адамыңдын турганы жакшы дем-күч берет. Эгер жөндөмү болсо массаж жасаганга да жардам берет. Аялынын төрөтүнө катышкан эркек башкаларга салыштырмалуу алда канча мээримдүү, камкор болушат.
Кемчилиги: Мындайды көрбөгөн эркек эмне кыларын билбей өзүнүн да, башкалардын да шаштысын кетирет. Айрым нерви жукалар, психологиясы туруктуу эместер колдоо көрсөткөндүн ордуна эки эсе оорчулук жаратышат.
Кесарево жолу менен төрөтүү
Кесарево - эненин же ымыркайдын ден соолугуна коркунуч туудурган убакта жасалат.
Кемчиликтери: Операция учурунда аял кадимки төрөткө караганда эки эсе көп кан жоготот. Операция маалында наркоздун көп берилгендигинен улам кийин нерв ситемасы бузулушу мүмкүн. Ымыркай убакыт-саатынан эрте төрөлөт. Кийин бала кант диабети же астма менен ооруп калуу коркунучу көп болот.
Кулагыңа күмүш сырга
Төрөттөн кийин калган беттеги тактын мындай жол менен кетирүүгө болот. Ашкабактын чийки уругун (куурулбаганын) кабыгынан ажыратып майдалап алыңыз. Данек канча көлөмдө болсо ошончо суу кошуңуз. Кечке аралаштыра берсеңиз сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырыңыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттөн коюу керек. Дагы бир ыкма, петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, эки апта караңгы жерге тыныктырып алуу керек. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөй берсе болот.
Эмчектин сүтүн таза сакта
Баласын эмизген энелер кылдаттык менен тамактануусу керек. Эне кандай тамак жесе сүттүн дамы да ошого жараша болот. Сыр, быштак, йогурт, сухарик эң пайдалуу азыктар. Нанды көп жесе баланын ичи көбөт. Эмчек эмизген энелерге жыты кескин азыктарды жегенге болбойт. Аларга пияз, сарымсак, туздалган капуста кирет. Жогоруда аталган азыктар сүттүн жытын бузат.
Балмуздак, шоколад, кофе, какаолорду канчалык жегиңиз келип турса да наристеңиздин ден соолугу үчүн азгырылбаңыз. Сүт көбүрөөк чыгыш үчүн бир күндө эки литрге жакын суюктук ичүү керек.
Кара өрүктүн курсакка жардамы чоң
Төрөттөн кийинки айымдардын негизги көйгөйү - ичти мурдакы калыбында сактап калуу. Кээ бири спорт менен машыгып дене-мүчөсүн оңдоп-түзөсө, көбүнүн ага убактысы да, шарты да жок. Ичтин чыгып кетпешин көзөмөлгө алуу үчүн үй шартында төмөнкү маскаларды жасоого болот.
Кара өрүктөн маска даярдоо үчүн 20 грамм кургак ачыткы (дрожжи), кара өрүк, эки аш кашык бал керектелет. Аларды жакшылап аралаштырып ичке сүйкөп жыйырма мүнөт коюп коюш керек жана андан кийин жылуу суу менен жуулат.
***
Курсак үчүн кара баткак таасирлүү. Ал үчүн жарым килограмм баткак аласыз. Аны жылуу суу менен аралаштырып алып калың катмар кылып курсакка сүйкөш керек. Андан кийин аны баштык менен жаап кездеме менен ороп коёсуз. Масканы 30 мүнөткө коюп коюш керек. Маскага эфир майын же кофе күкүмдөрүн кошуп койсо болот.
***
Чалкандан жасалган маска арыктоого да жардам берет. Кургатылган эки аш кашык чалканга бир стакан кайнак сууга кошуп он мүнөт жай отко кармап турабыз. Чүпөрөктү суулап, кайнатылган чөптү ага ороп курсакка коюп коюу керек. Жыйырма мүнөттөн кийин алып салууга болот. Бул масканы бир аптада эки ирет жасаса болот.
Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА