28.10.11 - 5-бет: Куюн Мамыт: бардыңбы?
Кечээ ЖК имаратынын алдында "Кебел" жаштар уюму кыргыз саясатчыларын мыскылдаган акция өткөрдү. Мында ондогон жаштар президенттин, спикердин жана башка саясатчылардын сүрөтү тартылган маскаларды кийип алып, Бишкектин борбордук аянтына чыгышкан. Жаштар саясый оюндардын, өлкөнү бөлүп-жаруу аракеттери токтотулушун талап кылышты.
Жер тыңшаар Мамыт: уктуңбу?
ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков Максим Бакиевдин каткан дүнүйөсү деп "25 кадрдын" ичиндеги 7 компанияны атады. 5-канал катышкан ОсОО "Глобал медиа", ОсОО "Комсвязь" 90% акциясы, ОсОО "Голден медиа" 100% акциясы, ОсОО "Информ комюникейшн" 40% акциясы, ОсОО "Элкат" 25% акциясы, "Кыргызкредитбанктын" 10 миллионго барабар акциясы, "Ысыккөлинвестбанктын" 8% акциясы Максим Бакиевге тиешелүү дейт төрага. Көрсө талашка түшкөн телеканалдын тамыры бул жакта турбайбы.
Билерман Мамыт: билдиңби?
Кечээ БШК шайлоочулардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Бул жолу Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 3 миллион 34 миң 75 адамды түздү. Резервди эске алуу менен 3 миллион 37 миң 200 бюллетень даярдала турган болду. Буга чейин үч миллион бюллетень басылган. Бүгүн кошумча 37 миң 200 бюллетенди басып чыгышат. Шайлоо 30-октябрда болот. Президенттикке 16 талапкер ат салышууда.
Көрөгөч Мамыт: көрдүңбү?
Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортунун жанындагы мурдагы дачалардын ордунда пайда болгон айылда 7 миңдей адам мамлекеттин жардамына муктаж. Аэропорттун тегерегинде 9 дачалык участок бар. Алардын калкынын жалпы саны 7 миңдей адам. Каттоосу жок болгондуктан алар шайлоого катыша алышпайт, пенсия, жөлөкпул ала алышпайт. Балдарын мектепке орноштуруп, медициналык жардам алуу укугу жок жашап келишет. Өкмөт бир жыл мурда бул маселени чечип берем деген бойдон жок болгон.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Күйгөндөн айтам бир сабак

Октябрь РИИБиси эмне, курортпу?
Урматтуу КР президенти, Ички иштер министри, Башкы прокурор!
Буга чейин журналист катары карапайым адамдардын көйгөйүн жазып, басма сөз аркылуу таламдарын талашып келсем, бул жолу сиздерге өз арманым менен кайрылууга туура келип жатат.
Кыскарта чапканда, ушул жылдын 20-октябрында менин уулумду (24 жашта, атын өзүнүн өтүнүчү боюнча жазбадым) "Чынгыз хан" кафесинин тушунан түн ичинде топ мас балдар сабап кетишкен. Балам азыр ооруканада. Абалы оор. Дарыгерлер томографиядан өткөрүп бет, мурун сөөгү сынган, мээси чайкалган, көзү контузия алган деп жатышат. Бетинин сынган жери нервди кысып калгандыктан оорусу чыдатпай, уулум күнү-түнү уктабайт. Анын айынан жумуштан чыгып күнү-түнү анын жанындамын. Бул маселе тууралуу эртеси эле Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө (21-октябрда) арыз менен кайрылгам.
Уулумду урган балдар кармалган. Аны да Октябрь районунун "берендери" эмес, Бишкек шаардык кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперлери (25-октябрда) кармашкан. Эми кызыктын баары ушул жерден башталып жатат. Кармалган Урмат Жумалиев (1989-ж) жана Дмитрий (1989-ж, фамилиясын тактай албадым) деген балдар өздөрү мойнуна алып жатса дагы, ошол эле түнү үйүнө чыгарылып кеткен. Эртеси кайра алып келип сурамыш болуп, кайра кое берип жиберишкен. Суроо туулат: Октябрь РИИБи күндүз сурак беримиш болуп, кечинде үйүнө барып уктап келгендей эмне, курортпу? Ал балдар азыр бош жүрөт.
Айтайын дегеним, ал балдардын биринин атасы (Урматтын) Темирбек Жумалиев Бишкек шаардык ИИМдин "лөктөрүнүн" бири дейт. Диманын агасы БШИИБнин ачендиктери менен түз сүйлөшкөнүнө караганда, ал дагы оңой "тоо" эмес көрүнбөйбү. Мен да ата, булар да ата. Бала деген бала. Ар кимди ортого салып колуңардан эмне келет дегенчелик кылбай, уулумдун абалын келип көрүп, адамча "ушундай болуп калыптыр, кечирип койгула" деп коюшса кичирейип калышмак беле? Жамандык издеген эч ким жок.
Темирбек Алымбеков,
акын, журналист




  Кесиптештерге куттуктоо!

Бактыбек Жусубалиев, Чүй ОИИББнын начальниги, милициянын полковниги
Азабы көп биздин кызмат чынында,
Ак, карасы - баары элдин сынында.
Бирөө өбөт, бирөө сөгөт ашатып,
Билген билет, билбегенге кыйын да.
Төрт тарабын, алуу, кошуу, бөлчөгүн,
Төгүп албай ырыскысын өлкөнүн.
Чачташкандын чабышын да биз басып,
Чатагын да биз басабыз өлкөнүн.
Жогор жакка ала чуркап баканын,
Жол тоссо да биз тартабыз азабын.
Жону жука Жоломандын үйүнөн,
Жоголсо да биз издейбиз казанын.
Оен чыкты ызы-чууга сатылган,
ОБОН чыкты орою суук катындан.
Чычым чыкты рэкетке айланып,
Чыгалекте жадагалса жатындан.
Кылмыш дале кысчу жерин кыскан жок,
Кыргыз мышык багып алса чычкан жок.
Жыртыгына тешик күлүп, кыскасы,
Жыйырма жылда эмне гана чыккан жок.
Арман бүтпөйт, санай берип нетейин,
Андан көрө куттук айта кетейин.
Курдаштарым, ага-инилер, кенттерим,
Жылдызы чоң, Кудайы чоң шефтерим.
Жылдызы көп кесиптештер, жолдоштор,
Жылдызы жок катардагы менттерим.
Толкундатып, үй-бүлөсүн жоктоткон,
Толкун урса тоого, чепке окшошкон.
Тогоосу жок бүгүнкүдөй замандын,
Тополоңун силерсиңер токтоткон!
Мекен деген кур сөз эмес какшаган,
Мен мактансам силер менен мактанам.
Бешигинде тынч уктасын Мекен деп,
Бейпилдикти силерсиңер сактаган!
Ачык асман, кут кетпесин ордодон,
Адамдарды жан болбосун кордогон.
Ата-Энелер күлүп турсун күн сайын,
Ала-Тоону бала бассын ойногон!
Жаздым чыккан жүрөгүмдөн оюмду,
Башымды ийип, сунуп турам кош колум.
Ардактаймын, урматтаймын бир сени
Окуп койгун кесиптешим, бир боорум.




Тайкел, тайкел, таштаман...
ЧИК. Нарында 100дөн ашуун жылкы, 30дай топоз жана 300дөн ашуун кой-эчки быйыл карышкырлардын азуусунда кала берди. Натыйжада жергиликтүү эл 5 миллион сомдон ашык чыгымга учурап, бул маселеге өкмөт тараптан көңүл бурулбаса өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү көрүнүшү көпкө созулчудай. Жыл башынан бери 120 карышкыр атылганы менен быйылкы кышта канча жандыкты бөрүлөр жарып кетээр экен деген тоолуктардын ойлонгону эле ушул маселе.
БӨК . Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы эски оорукананын ордуна 50 орундуу жаңы оорукана курулат. Долбоордун наркы 68 миллион 547 миң сом болгон бул курулушту эмки жылы бүткөрүү планы бар. Бул долбоорду Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция ишке ашыраары белгилүү болду.
ТАА. Кыргыз өкмөтү 25-октябрдагы жыйынында 46 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз каттамга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулады. Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев визасыз каттам өлкөнүн туристтик тармагы үчүн пайдалуу болорун айтса, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов мыйзам кабыл алынса өлкө казнасына 60-70 миллиондой сом түшпөй каларын, бирок келечекте мындан да көп каражат келерин айтты. Жыйын соңунда бул мыйзам долбоорду Юстиция министрлигинин сунуштарын эске алуу менен колдоо тууралуу чечим кабыл алынды. Демек, эмки туристтик сезондон баштап Кыргызстанга келген коноктордун саны көбөйөрүндө шек жок.
АЙКҮР. Шаршемби күнү кесиптештерибиз, "Кыргыз руху" гезитинин жамааты 20 жылдык мааракесин белгилешти. "Кыргыз рухунун" чыгышына демилгечи болгон Абдыганы Эркебаев, гезитке он жыл баш редактор болгон Султан Раев, ошол гезиттен публицист катары таанылган Табылды Эгембердиев бир кездеги жаркын күндөрдү эскеришти. Азыр гезит эмес каражанын багалбай аткан заманда кыргыздын рухун көкөлөтүп келаткан гезит кожоюну Арстанбек Дүйшөмбиевге ак тилектер айтылды. Көз карандысыз кыргыз өлкөсү менен жашташ бу гезиттеги кесиптештердин жакшылыгына биз дагы тилектешпиз.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Борбордогу ооруканалардын бирине төрөттөн кийинки оор абалы менен он алты жаштагы кыз кайрылган. Бирок ал төрөгөнүн жашырып, танган. Тартип сакчылары андан жаңы төрөлгөн ымыркай кайда экенин сураса үйдө калды деген. Үйүнө барган изкубарларга ата-энеси андай бала жок деп чыгышкан. Бирок кыраакы изкубарлар даараткананын жанындагы жердин жаңырып калганын көрүп, ал жерди казса, жаңы төрөлгөн баланын сөөгү чыккан. Сотмедэкспертиза ымыркайдын сөөгүн текшерип, анын жарык дүйнөгө тирүү төрөлгөнүн айтышты. Ал эми өз баласын өлтүргөн кызга кылмыш иши козголду.
***
Ош базарынын жанындагы кафелердин биринен кыз-жигитке бейтааныш бирөөлөр кол салып, уюлдук телефонун, 22 миң сом акчасын карактап кетишкен. Жабырлануучулардын арызы менен тартип сакчылары Талас облусунун Чат-Базар айылынан келген тоногучту кармады. Колго түшкөн жигит уюшкан топ менен бирге элди карактап акча таап жүргөнүн да жашырбады.
***
Түштүктө кыргыз-өзбек урушса эле этникалык уруш башталды деген чочулоо пайда болду. Жакында Ош облусунун Араван районунда жашашкан Алтынбек Сакыев менен досу Отабек экөө уруша кетишкен. Отабек Алтынбекти учтуу нерсе менен ичке чапса, ичи кесилип ооруканага жатып калат. Досун ичке сайган Отабек из жашырып качып, издөөгө алынды. Бул экөөнүн этникалык жаңжалга байланышы жок, болбогон жерден урушкан дешет тартип сакчылары.
***
Кытайдан эки адам өлтүрүп, жашыруун документ жасатып Казакстанга, андан кийин Кыргызстанга өтүп келген 55 жаштагы Цзян Чжаочень кармалды. Ал Кытайдын ИИМи тарабынан оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн экен. Качып жүргөн кытайды жазасын алсын деп өз мекенине жиберишти.
***
Өткөн айдын орто ченинде Кемин районундагы айылдардын биринде жайгашкан интернет-клубга азиат улутундагы бейтааныш эки жигит кирип, ал жердеги жаш кыздын 35000 сомун, уюлдук телефонун карактап кеткени аз келгенсип, аны сүйрөп машинеге отургузуп ээн талаага алпарып зордукташкан. Иткумарын кандыргандан кийин кызды талаага таштап кетишкен. Жакында эки каракчы колго түштү. Алар Кемин районундагы айылдарынын биринде жашашкан аңгилер экен.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА