28.10.11 - 2-бет: РИО болочоктогу спикерби?
Роза Исаковна Отунбаеванын (РИО) президенттик миссиясын аяктагандан кийинки тагдыры коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Буга карата түрдүү версиялар буга чейин да айтылып келген, ал кызматтан кеткиче да айтыла берет окшойт. Акыркы версиялардын бирине ылайык РИО жаңы өкмөт курамында тышкы иштер министрлигин жетектесе, дагы бир версия боюнча Роза айым келерки парламенттин төрайымдыгына шайланары айтылууда. Кыскасы, президент кызматтан кете электе эле ага түрдүү кызматтар сунуштала баштады. 30-октябрга белгиленген ажо жарышты тынч өткөрүп алалы, калганын убакыт көрсөтөт деген жан жок, эй! Баары эле кызмат бөлүшмөй менен алек.

Токтокүчүк топук кылбайбы
"Ар-намыс" партиясынын Токто-күчүк Мамытов деген акылдуу, токтоо көрүнгөн депутаты бар. Кээде дурус ойлорун, салмактуу суроолорун окуп, угуп калабыз. Бирок бу да баягы коалицияга өтө качкан "он негритяттын" бири да. Жакындан бери Токтокүчүк мырза өкмөттүн алдындагы жаза өтөө мамлекеттик кызматына аябай көз салып турган кези. Себеби аталган мекеменин жетекчиси, генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун орунбасары Нурлан Орозалиев Токтокүчүк Мамытовдун кызынын күйөөсү. Ошон үчүн Мамытов бу мекеменин ишине чындап күйөбү же Байзаковдун ордун күйөө баласына алып бергиси келеби, айтор, каражаттарды туура эмес жумшады, медаль чыгартты деген сыяктуу ар кандай айып койгону угулуп жатат. Шейшенбек Байзаков болсо Эсеп палатасын өзү чакырып мекемени текшерте баштады. Эсеп палатасы буга чейин да текшерип эч нерсе тапкан эмес. 15 эл аралык уюмдар менен иштешип бу тармакты жөнгө салып келаткан, отурган мекемесин жаза өтөөчү жай эмес эле куду маданият министрлигиндей жасап-түзөгөн, иштин көзүн көрүп турган Байзаковго асылуу деги токтойбу же жокпу?

"Үч тамга" эч тынчыбайт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жакында кызматтан айдалары туурасында кабар тарады. Кебетеси, Кеңешбек мырза Ак үйдөгү үлкөн фигурага жакпай калган өңдөнөт. "Үч тамгачынын" кандай косяк кетиргени отставкадан кийин ачыкка чыкса керек.

Замира айым за кого?
Экс-элчи, чыгаан журналист Замира Сыдыкова Кубатбек Байболовдун үгүт кампаниясына жардам берип атканы маалым болду. Басылмаларга жарык көргөн макалалар, роликтердин идеясы да Замира айымга таандык. Эң эле таңгалдырганы, ал жума башында орус тилүү гезиттердин бирине маек куруп, Атамбаев талапкерлигин алып салып башкаларга мүмкүндүк берүүсү керектигин айтты. Сыдыкованын бул сунушун сыдыра албай турабыз.

Сулайманов менен Бабановду сулатууга кимдер кызыкдар?
Президенттик жарыштын эртеси маалымат согушу катуу жанданары каңкуулана баштады. Асыресе, премьердин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов менен "республикачы" депутат Алтынбек Сулаймановго карата бомбалар ыргытылары айтылууда. Бул жаатта атайын гезиттер тандалып алынып, аларга алдын ала ири сумма төлөндү дейт. Мынчалык катуу кеткидей "алтындай жигит" менен Бабанов кайсы күчтөрдүн куйругун басты экен?

Салахудиновдо санаа жок
Президенттик шайлоодон кийин өзбек диаспорасынын лидерлеринин бири Жалаллидин Салахудинов мекенине кайтып келмекчи. Анын мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылар-тартылбасын убакыт көрсөтөр. Ошентсе да кайтып келүүгө батынганына караганда, Ак үй, Көк үйдүн тилин тапкан өңдөнөт... Ага чейин бир гана нерсени так айта алабыз, ал учурда Ташкент менен Дубайга ээн-эркин каттап, бизнесин гүлдөтүүдө.

Азикеден генплан
24-март жана 7-апрель окуяларынын "бульдозеру" саналган Азимбек Бекназаров кичи мекени Аксыда жолугушуу өткөрүп кайтты. Келери менен уулу Русланды , көздөй кадры Самсаалы Четимбаевди майлуу-сүттүү креслого отургузууга белсене киришти. Азикенин бу планы жүзөгө ашса, Самей Бишкектин вице-мэрлигине дайындалса, Руслан УКМКдагы бир бөлүмдү жетектемекчи.

Каптагаев ЖоКени жок кылабы?
Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга ашыккандардын саны арбыгандан арбып барат. Алардын көч башында президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев турары сокурга деле маалым. Саламат атанын уулунун ЖоКени алып түшүүнү каалаганынын жалгыз эле себеби бар. А киши тез аранын ичинде парламенттик шайлоо өткөрүп, өзүнүн "Улуу биримдик" партиясы аркылуу депутаттык мандат тагынсам дегенде эки көзү төрт.

Наргозуев каякта?
Жакын арада "Мекендештер" аттуу партия саясый айдыңга кадам таштайт. Аталган партиянын өзөгүн Россия, Казакстанда эмгектенген мекендештерибиз түзөт. "Мекендештердин" төрагалыгына ким дайындалганы азырынча белгисиз. Биз билген маалыматка караганда, экс-депутат Бегалы Наргозуев партиянын катарына кошулушу ыктымал.

Кетмен-төбөлүктөр төбөлөшүүдө
"Кыргызалтын" ААКсынын башкы деректири Осмонбек Артыкбаев жакын кишисин Токтогул райондук администрация башчылыгына түртүүдө. Дагы бир кетмен-төбөлүк Тайырбек Сарпашев көздөй адамын Токтогул акимдигине кудалап атканын билчүбүз. Мындан улам жергиликтүү тургундар Тайырбек Сарпашев менен Токтосун Мадияровдун чабышынан араң кутулдук элек, эми Сарпашев-Артыкбаев тиреши башталабы деп жүрөкзаада болушууда.
(Уландысы 6-бетте)