14.10.11 - 8-бет:
  Эл өкүлү эмне дейт?

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ,
ЖК "ата мекенчи" депутаты:
"Эми партиялык авторитаризм башталды"
Акыркы мезгилде парламенттеги "Ата мекен" фракциясынын ичинде ынтымак ыдырап бараткансыйт. Аталган фракциянын өкүлү Өмүрбек АБДРАХМАНОВ менен дал ушул көйгөйдүн тегерегинде жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу баарлаштык.

- Биз президенттик бийликтин авторитаризминен кутулдук. Азыркы жаңы Башмыйзамга ылайык президент авторитардык бийликти орното албайт. Андыктан президенттикке аттанган айрым талапкерлер Конституцияны өзгөртүп, мамлекет башчысынын укуктарын кеңейтебиз деген пикирлерин билдирип келишет. Кыргызда "атка мине албай атынан көрөт, кайра келип катынынан көрөт" деген сөз бар. Эгер туура саясат жүргүзөм деген ойлору болсо, азыркы күндөгү президенттин укуктары толук жетиштүү. Бийликте жеткиликтүү иштей албаган адам гана өз укуктарын кеңейтүү аракеттерин көрүп калат. Мына ушундай эле жол менен Акаев дагы, Бакиев дагы укуктарын кеңейтип отуруп аянычтуу тагдырга туш болгон. Бүгүнкү күндө дагы айрым президенттикке талапкерлердин Кыргызстанга бүлүк салабыз деген ойлору бар. Биздин партия дагы өз лидерибиз Өмүрбек Текебаевди бир добуштан президенттикке көрсөткөнбүз. Бирок Өмүрбек Чиркешович өз талапкерлигин алып койду. Ал Мындай кадамын "прогрессивдүү күчтөр бөлүнбөй, реваншисттерге бийликти алдырбай, жаңы демократиялык жолго багыт алган Конституцияны өзгөртпөй иштей ала турган талапкерди колдойлу" деген чечимге келгенине байланыштырды. Ошол эле учурда "Ата мекенде" конкреттүү бир талапкерди колдойсуңар деген чечим жок. Мындайча айтканда, партия ичинде толук эркиндик бар. Ошондуктан жогоруда сиз айткандай ар тараптуу көз караштагы, ар түрдүү талапкерлерге ыктаган кадамдар болуп атат.
"Ата мекендин" дагы бир өкүлү, шайлоого партиянын атынан эмес, өзүн өзү көрсөтүп чыккан Кубатбек Байболов бар... Ошону менен катар эмне себептен партиябыздан чыккан бирөө талапкерлигин алып койсо, экинчи бирөөнү көрсөтпөйбүз деген маселе козголуп, бир аз талаш-тартыштар бар. Мындай талаш-тартыштардын артында дагы тереңдеп кеткен маселелерди айтууга болот. Учурда президенттик авторитаризмден кутулганыбыз менен партиялык авторитаризмдин торуна чалынып, чыга албай келебиз. Бул биздин эле партияда эмес башка партиялардын деле фракцияларында бар. Президенттикте да бир киши чыгып, партияны да бир киши башкарып көнүп калган. Биздин партияда дагы ички демократиялык процесстер начар. Ошондуктан партиянын ичинде кээ бир маселелерди талкуулабайлыбы, демократиялаштырбайлыбы деген айрым партиялаштарыбыздын сунуштарын лидерлерибиз кабыл албай келет. Муну ачык эле айтып коюу зарыл. Кээ бирде сын-пикир айтып койсоң партиядан чыгарабыз деп да коркуткандар бар. Мен дагы ошондой абалга тушугуп калгам. Эгер кичине сын-пикирин айтып, ишти жакшыртуунун жолдорун айткан кишини эле партиядан чыгара берсек, анда ал партиянын келечеги жок болуп калат. "Большевиктерди" өлтүрөм, каматам деп коркута бергендер демократиялык партиялардын катарында болбошу зарыл. Анткендер өздөрүнчө коммунисттик партия түзүп алса туура болот. Көйгөйдү чечмейинче жок болбойт. Андыктан мындай көйгөйдү эртедир-кечтир чечүүгө мажбурбуз.
- Партиялардагы мындай "ооруну" кантип айыктырууга болот?
- Биринчиден, демократияны туу туткан адамдарга таянышыбыз керек. Демократиялык баалуулуктарды туу туткан адамдар менен иштешибиз зарыл. Экинчиден, партиялар тууралуу дагы бир мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы бардай. Анткени азыркы күндө партия кимдир бирөөнүн гана партиясы эмес, мамлекетти башкаруунун өзөгү болуп калды. Себеби ошол партиялар келип мамлекетти башкарууда. Демек, бул партиялар элге милдеттүү, коомдун жүгүн көтөрө турган уюмдар. Андыктан ошол партиянын ичинде дагы эл арасынан суурулуп чыккан таланттуу, эл үчүн күйгөн адамдардын ортосунда атаандаштык боло тургандай системаны киргизишибиз керек. Ошондо гана ал партиянын курамындагы таланттуу өкүлдөр бир лидердин гана оозун карап отура бербестен, өзүн өзү өстүрүүгө шарттар түзүлөт.
- "Ата мекенчилерге" так талашка түшкөн берендерди колдоо боюнча эркиндик берилди дейсиз. Деги эле сиздин баамыңызда шайлоо кандай өтөт?
- Шайлоо таза жана акыйкат өтөт деп турам. Азыркы күндө мурдагыдай монополдук күчтөр жок. Ошондой болсо да түндүк-түштүк ажырымын бириктирүү жолдорун ойлонуу зарылчылыгы бар. Бул жолду дагы демократиялык принцип чечет. Анткени демократиялык жолдо адамдын кайсы жерден экендигине карап эмес, анын көз карашына карап баалоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Андыктан түштүктүн демократтары менен түндүктүн демократтары биригип таза адамды шайлап алуулары кажет. Тилекке каршы, азыр региондук бөлүшүү күчүндө. Мындайга жол бербей, демократиялык принциптерди, баалуулуктарды дагы тереңдетишибиз керек. Ошондо гана талапкер түштүктөн болобу же түндүктөн болобу, таза адамды шайлай турган кез келет.
- Былтыркы парламенттик шайлоо маалында "Ата мекен" өтө арбын добушка ээ болору алдын ала божомолдонгон. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Мунун себеби жүрүп отуруп каражаттын тартыштыгына барып такалбайбы? Анткени айрым облустун штаб башчылары чегерилген каражатты орто жолдо жеп койгонун жазган элек...
- Ооба, андай сөздөрдүн чындыгы да бар. Мисалы, Ысык-Көл облусунун координатору 38 миң доллар алып, үгүт иштерин жүргүзгөн адамдарга бербей өз чөнтөгүнө солоп алып качып кеткен. Азыркы күнгө чейин ал кармала элек. Мындан улам нааразычылыгын билдирген адамдар дагы деле бар. Бирок быйылкы президенттик шайлоонун алдында нааразы болгон адамдардын көңүлүн таап, кемчиликтерди жойгонго мүмкүнчүлүк болду окшойт. Бул дагы биздин партияга кокусунан келип калган адамдардын, таза эмес кишилердин көп экендигинин белгиси.
- Агезде "Ата мекендин" Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эркин Алымбеков беле?
- Ооба, Эркин Алымбеков башынан эле биздин партиянын Ысык-Көл облусу боюнча координаторлугун аркалап келет. Ал эми ал өзүнө орунбасарлыкка дайындаган Раимбек Мамажанов аттуу адам жогоруда айткандай 38 миң долларды алып кеткен бойдон дарегин билдирбей жүрөт.
- Август айында "Ата мекен" партиясынын курултайы өткөн эле. Ошол курултайга Э.Алымбековдун келбей койгондугу тууралуу учкай кабар жарыялаганбыз...
- Ооба, бардыгыбыз ал курултайга катышканбыз. Ал эми биздин партиянын эки орунбасары ал курултайга катышкан эмес. Биринчиси Болот Шер, экинчиси Эркин Алымбеков. Алардын неге курултайга катышпагандыгын билбейт экем.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Үмүт өчөт, кайра жанат…

Акыйкаттык жалаң акчадан турбастыр
"Жаңы Агымга" жакында жарыяланган Кыргыз керек-жарак союзун калыбына келтирүү боюнча демилгелүү топтун өкмөткө кайрылуусун окуп биздин өчүп бараткан үмүтүбүз кайрадан жанды.

Кыскача айтаарыбыз, биздин Ат-Башы райондук даярдоо кооперативдик уюмун жок кылуу үчүн өз кезегинде болгону жети адам уюшуп, ойдон чыгарылган коом түзө коюшуп, ал кездеги Акаев башаламандыгынан пайдалануу менен миңдеген кызматкер, пайщиктердин укугун уруп ойнобостон ортолук имарат, мүлктөрдү сатып, марышкан. Андан бери биз бул маселе боюнча кимге, кайда гана кайрылбадык эч кандай майнап, ал түгүл жарытылуу жооп жок. Көрсө мамлекет башындагы чиновниктерден тарта мындай бекер майталканга аралаш тура…
Ушундан улам биз төмөндөн кол коюучулар, эки революцияны турмушунан кечирген республикада, кыргыз элинде акыры акыйкат коом орнооруна ишенебиз жана керек-жарак союзун калыбына келтирүү боюнча демилгелүү топтун иш-аракетин кош колдоп колдойбуз.
Акылбек Үсөнов, Аликен Алыбаева,
Арзыкан Мамбетакунов, Жангүл Иманалиева,
Турдубүбү Турдалиева, бардыгы 14 адам
РЕДАКЦИЯДАН: Мындай мааниде үн кошкон, колдогон кат, кайрылуулар республиканын ар тарабынан: Ош, Чаткал, Талас, Жети-Өгүз, Ак-Талаа, Өзгөн ж.б. келди. Ушундан улам бул иштин баш демилгечилеринин бири Д.Мамажановго кайрылсак, төмөндөгүдөй ой-пикирин кошту:
- Эсил кайран СССР учурунда түзүлүп, калкты канчалаган жылдар бою тейлеп, кызмат кылып келген аталган коомдун дал ошол өлкөбүздөгү миллиондон ашык пайщиктердин чогулткан акысы менен курулуп, иштеп келген байлыгы: даярдоо кеңсе, тажрыйба, автобазалар, курулуш уюмдары, нан заводдор, жашылча-жемиш комбинаттар, универмаг-дүкөндөр, базарлар, дарылоо мекемелери, бала бакча, окуу жайлар ж.б. бир ууч эпчил шылуундар Акаев бардагынан пайдаланып талап-тоноп байып кетсе, ашын оозунан алдырган эл күйүп-бышат да. Кыскача айтканда, акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн күрөшүп келдик жана да күрөшө беребиз. Ооба, өткөн өттү, бирок калктын таланган байлык, энчисин ордуна келтире албасак да, кезегинде миңдеген кишилер иштеп, элге натыйжалуу кызмат өтөгөн керек-жарак союз тармагын кайрадан кыймылдатып иштеткенге үмүтүбүз зор. Мындай изги ой-максатыбызды жаңы бийлик, өкмөт да колдоп жатканы кубанычтуу жышана.





  Тырааламай

Молдошев "молдо" болчу, колуңду тарт!
Кечээ Ош шаарынын борбордук аянтында генерал Замир Молдошевдин тарапкерлери митинг өткөрүштү. Алар өлкө башчыларына кайрылуу боюнча кол да топтоп жиберишти.

Генерал З.Молдошев Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмышка шектүү катары камакка алынган болчу. Азырынча аны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген соттун чечими жок. Бир сөз менен айтканда күнөөсү болбосо чыгат, болсо жооп берет. Бирок кептин баары журтка төбөсү көрүнгөн адамдар жазып-тайып түрмөгө түшүп, же кызматынан бирдеме болсо эле кайдан-жайдан тарапкерлери чыга калып ушинтип митингге чыкмай, жол тосо коймой өнөрү Кыргызстанга жайылып кетти. Башка жумушу калбай калгансып, баланчаны бошот же кызматка кайра кой деп кыйкырып тургандарды көрөсүң. Албетте бекер эмес. Алчусун алат. Анткени карапайым адамдар ушундай абалда калганда митингге чыкмак түгүл сурап койгон бирөө да болбойт. Ушунча болуп кайсы бир жөнөкөй адамды колдоп, анын тагдырына күйүп митинг уюштура салгандарды көрө элекпиз. Андыктан бул митингди түрмөдө жатып алып, З.Молдошевдин өзү уюштуруп жатат десек да болчудай. Кашайганда аны эч качан мойнуна албайт. Алдыра да албайсың. Элим колдоп атат эмне дейсиңер деп коеру турган иш. Дегеле элди митингге үндөө тартип сактай турган аскер адамынын, болгондо да генералдын кылар ишиби?
Бирок бийликке кысым жасалып жатат. А мыйзам деген бар экенин, мамлекет митинг эмес мыйзамдын негизинде жашаарын эске алган жан жок. Эмне кылабыз, түлкү заманда баарыбыз кубулуп турчу болбодукпу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ