14.10.11 - 6-бет:
  Күнжарык

Кыйындыктан коркпо, кайрылар жер Ошто
Качан да болсо карапайым адам айрыкча кары-картаң, майып, үй жумушунан баш көтөрө албаган аялдар, жетим-жесирлер социалдык коргоого, кеп-кеңешке, маалыматка муктаж. Аныгында кайда барып кимден эмне сурарын, жүрөк өйүткөн көйгөйүн кантип чечишти билишпейт. Бул караңгылык эмес, бүгүнкү аягы асманга караган заманда алардын арыз-муңун угуп, аны чечүүнүн жолдорун айтып берүүчү тиешелүү уюмдар боюнча маалыматтын жоктугу.

Жакында БУУнун, эл аралык Хелп Эйдис Интернейшнл бейөкмөт уюмунун жана Кыргызстандын калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде Ош шаарында маалымат-ресурстук борборунун ачылышы болуп өттү.
"Социалдык чөйрөдөгү тейлөө кызматынан пайдаланууга жетишүү, калктын аялуу катмарынын социалдык-психологиялык жардамга ээ болуусун жакшыртуу" аталган бул долбоордун элге кылчу кызматы маанилүү. БУУнун качкындар боюнча Жогорку башкармалыгынын комиссары каржылаган аталган долбоорду эл аралык Хелп Эйдис Интернейшнл бейөкмөт уюму жүзөгө ашырууда. Анын программалык менеджери Асел Наскееванын айтымында, долбоордун ишке кириши менен Ош шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан 300дөн ашык адам консультация алган. Ага мындай адамдар менен иштеше билген 15 адис тартылган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында ачылган дал ушундай борбордо мамлекеттик социалдык коргоо кызматынын 10 адиси иштеп жатыптыр. Эки облус боюнча бул багытта иштөө үчүн 50дөн ашык мамлекеттик социалдык кызматкерлер атайын окуудан өткөрүлүптүр.
Маалымат-ресурстук борборлору эки багытта иш алып барат. Биринчиси (Ош шаары боюнча), кайрылгандар үчүн интернет байланышы, социалдык-юридикалык кеп-кеңештер акысыз жүргүзүлөт. Ош шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын имаратынын биринчи кабатында жайгашкан аталган борбор заманбап технология менен жабдылган.
Экинчиси, мындай борбордун бар экендигинен кабары жок аймактардагы келүүгө мүмкүнчүлүгү аз кары-картаңдарга, майыптарга (мындай чет жакадагы аймактар Ош шаары боюнча 12, азырынча тогузун тейлеп жатышыптыр) социалдык кызматкерлер өздөрү барышып, алардын эмне көйгөйлөрү бар экендигин, аны чечүүнүн жолдорун, кайда, кимге кайрылуу керектигин айтып көмөктөшүп турушат.
Ош шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Сулуев жарандар көбүнчө пенсия маселеси боюнча, ошондой эле жөлөк пулга муктаждар, айрыкча июнь окуясынан жабыркагандар, документтерин жоготуп, кайра кантип алуунун жолун таппагандар кайрыла тургандыгын билдирди. Аларга кандай документтерди топтоп, кайсы мыйзамдын негизинде кимге кайрылышты айтып, зарыл болсо өздөрү жүгүрүп жардам берип турушат экен. Ошондой эле Ош шаары боюнча 2000ден ашык социалдык жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алган категориядагы адамдар бар экен. (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, алардын жесирлери, афганчылар, Чернобыль апаатына катышкандар ж.б.) Бул категориядагы адамдардын ушундай жол менен алган каражаттары дурус эле көрүндү. Айталы, Ата мекендик согуштун катышуучулары баш-аягы 10 миң сомдун тегерегинде алат экен. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен түрдүү категориядагы адамдарга каралган бир кыйла жеңилдиктер бар. Мисалы, пенсиясы 3000ден ашпаган пенсионерлер кааласа 1,5 миң сомго чейин тиш салдыра алат. I-II категориядагы майыптар ай сайын 400 сомдон жөлөк пул алат. Жалпы алганда ар кандай өлчөмдөгү жөлөк пул ала турган категориядагы адамдардын саны 6000ден ашык.
Мындан тышкары, эч жерде иштебесе, анысы аз келгенсип о дүйнөгө узап кетсе жергиликтүү бюджеттин эсебинен анын сөөгүн жашырууга каражат бөлүнөт. Бир сөз менен айтканда, аталган долбоордун ачылышы менен Ош шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын колу биртоп эле узарып калгандай. Айтмакчы, бул багытта канча каражат жумшалганын сураганымда, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жылмайып тим болушту. Эмне дейбиз, досуң берген аттын тишин ачпа деген ушул.




  Суу өмүр

Кары-жашы катарда, Кайрат айылы ашарда
Ош облусунун Кара-Суу району калкынын саны боюнча республикада биринчи орунда турат. Дыйканчылык жагынан да эч кимди алдына салбаган, жери бышыкчылыктуу, өтө мээнеткеч, көп улуттуу эл жашайт мында. Бирок ушунча элдин башкы көйгөйү - суу. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы (ФАО ) аталган программасынын максаты - Кара-Суу районундагы Увам каналын (узундугу 44 км) тазалоо, калыбына келтирүү менен суу маселесин чечүү, анын айынан чыга калуучу күндөлүк чыр-чатактарды жок кылуу болуп саналат. Жалпысынан UNJ/KYR/009/PBF "Тынчтыкты орнотуу" деп аталган бул уникалдык программанын алкагында 100 миң кишиден ашык адам (25 айыл) пайдаланган Увам каналын калыбына келтирүү, андан суу алган майда арыктарды тазалап чыгуу үчүн 400 миң АКШ доллары жумшалууда. Долбоордун мөөнөтү бир жыл. Кийинки жылдын июль айында аяктайт. Мунун натыйжасында район боюнча 21 суу пайдалануучу ассоциациялардын (22084 мүчөсү бар) ортосунда суу көйгөйү дээрлик жоюлмакчы.


Кара-Суу районунун Жоош айылдык округунун Кайрат айылына барып ашар жолу менен арык тазалап жаткандардын үстүнөн чыктык. Кыргыз-өзбеги дебей колуна күрөк алып, бир-бирине дем берген маанай байкалат. Бул арык тазаланса, айылдан тышкары дагы 20 гектар жерге жетчү суу келет экен.
Кайрат айлынын айыл башчысы Абдылда Жунусовдун айтымында, Ак-Дөбө каналы (Увам каналынын бир тарамы) тазалангандан кийин сууга кеңип эле калышыптыр. Быйыл суу мол келгендиктен айылдагы 290 гектар жердин түшүмү мыкты болуптур. Башкасын айтпаганда да жүгөрүнүн ар гектарынан 8 тоннадан түшүм алышыптыр. Айылдын 60 пайызын өзбек туугандар түзөт экен.
Аксакал башы менен ашардын башында жүргөн, улуту өзбек, өзү айылдын имамы Нурдин ажы Маматов ак тилегин айтып, жалпы элге тынччылык тилеп турганын көрүп, айтылбаган, жазылбаган эки элге таандык улуулук наркты байкадык.
Бул ашарчылар бекер иштебейт экен. БУУнун "Эмгек үчүн азык-түлүк" аталган программасына ылайык ашарга катышканына, жасаган ишине жараша ун, өсүмдүк майын алышат. Калкынын саны 2153 адамдан турган айылдын ишке жарамдуулары түп көтөрө ашарга чыгышынын бир себеби да ушул окшойт. Бир ок менен эки коен аткансып бир жагынан иштегенине акы алса, экинчи жагынан эмгеги элге пайда.
Андан кийин Кайрат орто мектебине бардык. Келген меймандарды нан-туз менен тосуп алган айылдыктар, мектеп окуучулары чакан концерт да берип жиберишти. Улуу-кичүү, келин-кесек дебей чимирилип бийге түшүштү. Мектепте 400дөн ашык бала окуп, сабак кыргыз-өзбек тилдеринде жүрө берет экен. 24 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келе жаткан Дилфуза Салиева айлыктары көтөрүлүп калганын, үйдө мал-жандыктары бар экенин, дегеле маанайлары жакшы экенин айтты. Аны байкаган биз да көңүлүбүз көтөрүлүп, жолубузду андан ары уладык.


Бетти даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ