14.10.11 - 5-бет: Оп, майда
Мелис ЭШИМКАНОВду
эскерүү
Бир өмүр өттү чуулуу,
Бийиктин элең уулу.
Чылк өмүр өттү чуулуу,
Чындыктын элең уулу.
Ойнотуп кээде ийчүсүң,
От менен муздак сууну.
Чогулган миңден иргелген,
Чоң инсандыгың тууру.
Чопкутсуз БААТЫР элең эх,
Чокуга сайчу тууну!
Карбалас БАКИРОВ


Кимиси калп? Кытайбы, Кыргызстанбы?!
Кыргызстандын тогуз айдагы сырткы соода жүргүзүү экспорту 3 млрд. 772,5 млн.долларды түздү. Улуттук статистикалык комитеттин билдиргенине караганда, биз негизинен Швейцарияга, Орусияга, Бириккен Араб Эмираттарына, ошондой эле коңшу Казакстанга товар чыгарып, Кытайдан, Орусиядан, АКШдан, Казакстан, Өзбекстандан товар киргизет экенбиз.
Ошол эле учурда башкы бажычы К.Кулматовдун айтымында, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүргүзүүнүн суммасы боюнча так маалымат жок экен. Кытай тарап 6-7 млрд. АКШ долларына Кыргызстанга товар киргиздик десе, биздикилер болгону 800 млн. долларга товар кирди деп танып отурат. Буга караганда мамлекетке салык катары түшчү "олчойгон" каражаттар оң чөнтөккө (мамлекетке) түшпөй эле, сол жагына сойлоп кетип жатат окшойт.

АШАны жандаган айтылуу Апас
Президенттикке кандидат Алмазбек Атамбаев Орусияга барганда Москва шаарында жашап-иштеп жаткан эмгек мигранттары менен да кезигишкен. Ошол жерден айтылуу Апас Жумагулов жаш баладай жүгүрө жандап, карылык каадасын унутуп, эпилдеп-жепилдеп айланчыктап жүргөнүн көрдүк. Сыягы, кайран "карт бөрүнүн" А.Атамбаев бийликке келип калса дагы бирдеме тийеби деген үмүтү бар окшойт. Капырай, качанкы Апас Жумагулов? Ким бийликке келсе эле колтуктан алып жандап калмай адаты бар экени жалпыга белгилүү. Кыргызстандын өнөр жайын кыйраткандан башка тарыхта изи да жок. Деги бизде жакшы карып, балпайып төрдө отурган карылар калбай калганбы деп да кетет экенсиң.

Романы бүтпөгөн Роман Шин
Роман Шин деген Кыргызстандын казинолорун казыдай кертип жеп турган, бийликке аралашып депутат да боло калып жүрчү мыкчыгер бар. Кечээ А.Атамбаевдин штабын аралай чаап, ошол жакта жүргөнүн эшиттик. Бу дагы алчы-таасын жеген эргулдардын бири эле, АШАнын штабына эмне барды, кимисине жолукту, биле албадык. Бир билгени бар го.

Көрбөгөндү көргөзгөн китеп
Бүткүл дүйнөгө белгилүү француз тифлопедагогу Луи Брайль түзгөн атайын тамгалар сокурлар жана көзү начар көргөндөрдүн негизги куралы болуп саналат. Кыргыз-казак элдеринин тиешелүү адистери катышкан "Брайль шрифт аркылуу дүйнөлүк адабияттын классиктерин окуйбуз" деп аталган атайын долбоор боюнча Мухтар Ауэзовдун "Жалын жылдар" аталган китеби Брайль тамгасы боюнча басылып чыкты. Китептин каржысын Мухтар Ауэзов фонду көтөрдү. Китептин CD форматында да толук версиясы бар. "Кыргызстан-Астана" этномаданий борборунун жетекчиси Шавкат Исмаиловдун билдиргенине караганда, китептин бетачары ушул айда Алматы жана Бишкек шаарларында өткөрүлөт.





Ата журт аскасы Сүйүнбай Эралиев

Кыргыз адабиятынын тирүү классиги, Кыргыз Республикасынын баатыры, эл акыны Сүйүнбай Эралиев эртең 15-октябрда 90 жашка толот. Бакай атадай адабиятыбыздын өрүндө, элибиздин төрүндө отурган аксакалыбыздын чыгармачылыгын айтпасак деле эл билет. Улуу Ата мекендик согуштун, андан кийин адабият майданынын жоокерине айланган, эки күрөштө тең жеңишке жетишкен даңктуу агабыздын "Ак мөөр", "Жылдыздарга саякат" поэмалары учурунда ак ыр менен жазылган кыргыз адабиятындагы жаңы бурулуш, чыгармачылык бийиктик катары кабыл алынган.
Ошондой эле адабиятыбыздын бардык жанрында өзүн балыктай эркин сезген улуу калемгер котормо жаатында да опол тоодой эмгек кылган. Табиятынан көрөңгөсү терең, таланты нукура агабыз токсон жаштын тоомуна чейин колунан калемин түшүрбөй кыргыз адабиятын кыр ашырып, сүрөп келет. Сүйүнбай Эралиевдин чыгармачылык байманалуу сапары жалпы журтубуздун мактанычы, сыймыгы. Ар бир элди дал ушундай залкар таланттары гана тааныта тургандыгын эске алсак, Сүйүнбай Эралиевдин Ата журт аскасына айланган карааны бардыгыбыз үчүн улуу дем. Арыбаңыз, Сүйүнбай ага, Теңир-Тоонун соолубаган улуу дайрасындай кылымдарга ага бериңиз.





Ажырашкандар арбын
Акыйкатчынын түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусу жана Ош шаары боюнча атайын иликтөө жүргүзүлүп, 70 мигрант аялды сурамжылап көргөндө алардын 63 пайызы ажырашкан, 20 пайызы турмушка чыга элек, 13 пайызы үй-бүлөлүү болуп чыкты. Ички-сырткы миграция жарандарыбыздын социалдык, моралдык турмушуна канчалык деңгээлде тескери таасир тийгизип жатканын жогорку фактылар көрсөтүп тургансыйт.

Музыкант чын эле мас беле?
Музыкант Эркин Мукашев борбордун Тынчтык проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес" үлгүсүндөгү унааны артынан сүзүп аган. Сүзүлгөн унаа жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине таандык. Сүзөөрүн сүзүп алып машинесин бекитип Мукашев он мүнөткө чейин чыкпай отурган. Акыры кутулбасын сезген музыкант чыгууга аргасыз болду. Күбөлөр анын мас экенин айтышууда. Азыр эки тарап чыгымды эсептеп, маселени тынч жол менен чечүүгө аракет кылып жатышат. Ал эми мас абалда болгонун Эркин Мукашев "соо болчумун, мас болсом ошол жерден кармап кетишмек" деп мойнуна алган жок.

Жалал-Абаддагы мектептер кышка даяр эмес
Жалал-Абад облусунда мектептерди кышка отун менен камсыз кылуу август айында толук бүтүш керек болчу. Эми араң 75%ына кышкыга көмүр түшүрүлдү. Мындан сырткары азыр он бир мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Баягы эле каражаттын жетишсиздигинен 57 мектеп оңдоо иштерине зар. Анын отузу кыйроо абалында.

КТРКда жаңы студия ачылды
13-октябрь күнү Коомдук телерадиокомпанияда жаңы студия ачылды. Өлкө башчы салтанаттуу ачылышына барып жаңы техника, студиянын жасалгасы менен таанышып келди. Жаңы жабдыктарды алууга каражатты КТРКнын өз казынасынан сарпташкан. Ал акча былтыр парламенттик шайлоодо түшкөн. Жалпы жонунан 4 санариптик камера, 3 суфлер-аппарат жана студиянын декорациясына 400 миң доллар сарпталган.

Баспайм деген жерди беш басасың
Бишкек шаарынын мэриясы жол эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизип, темирдей бекем тартипти орното турган болду. Болбосо маршруттук унаалар өз билгенин жасап, каалаган жеринде токтогондору күчөп баратканы кооптондурууда. Жол кырсыгынын келип чыгышына көбүнчө маршруткалар себепкер болууда. А бирок буга бир гана айдоочу эмес ичинде бара жаткан обу жок жүргүнчүлөр да кандайдыр бир деңгээлде себепкер экенин танып болбойт. Үйүнүн тушунан токтотуп көнгөндөр тартип орносо кантишээр экен?

Айдай калпактын түрүн калкка таанытат
Уз айым Айдай Асангулова "Муундан муунга" деген долбоордун негизинде уюштурган көргөзмө бүгүн өтөт. Кыргыздын улуттук баш кийими кандай жолду басып өткөнү тууралуу атайын китеп да чыгарылды. Калпакты жаш куракка карап кандай тандап кийүү керек деген суроого китептен жооп таба аласыз. Мындан сырткары 80ден ашык калпактын түрүнө, аларга түшүрүлгөн чиймелер кандай маанини туюндураарын билүүгө болот.
"Жаңы Агым" - пресс




***
Бир сутканын ичинде Кыргызстанда төрт жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Кара-Балта шаарындагы Оторбаев көчөсүнөн Сансызбаевге тиешелүү "Фольксваген-Пассат" унаасы жана Ош шаарынан А.Масалиев көчөсүндөгү "Канышай" ресторанынын жанынан "Ауди-80" машинеси документтери менен тилсиз жоонун курмандыгына айланган. Ал эми Бишкектин Фучик көчөсүнөн Т.Үмөталиевге тиешелүү "Мерседес-Бенц" унаасынын ички салону күйүп кеткен. Чоң-Арык айылынан "Мерседес-Бенц-500" үлгүсүндөгү унаа мамлекеттик резиденциянын дарбазасын сүзүп, өрт чыккан. Унаанын ичинде Октябрь райондук салык кызматынын кызматкерлери Эркин Абдылдаев менен Наргиза Жуматаева көз жумган.
***
Жакында Бишкек шаарынын Чолпон-Ата көчөсүндөгү арыктан азиат улутундагы жигиттин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Ал Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун жашоочусу, 28 жаштагы У.Жумасадыков экенин изкубарлар иликтеп чыгышты. Маркум акыркы күндөрү ичимдикке берилип, көчө жашоосуна көнө түшкөн. Буга чейин эки жолу соттолгон. Изкубарлар бул кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 30-35 жаштагы тургундарын кармашты. Бул экөөнүн бири шашлык бышырып сатса, экинчиси кафенин ээси экен. Маркум буга чейин алардан карызга арак алып, акчасын бербей жүрүптүр. Алган карызы деле өтө чоң сумма эмес. Алардын айтымында, У.Жумасадыковду шаардын четине алпарып катуу сабап, унаанын багажына салып Чолпон-Ата көчөсүндөгү арыктын жээгине калтырып кетишкен. Маркум ошол жерден көз жумган.
***
Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен мас абалында эки адамды өлтүрүп алган жаш жигит милицияга өзү кабар берип, күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, 11-октябрь күнү кечинде эки досу менен арак ичип отуруп урушуп кеткен. Экөө биригип алып берки жигитке кол салганда ал коргонуу үчүн темир союл менен тигилерди уруп, ошол боюнча уктап калган. Эртең менен ойгонсо эки досу короосунда өлүп жаткан экен. Алар Кант шаарынын тургундары болуп чыкты.
***
Жакында тартип сакчыларына Бишкек шаарында жашаган аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, бейтааныш адамдар биз уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болобуз деп коркутуп, уруп-согуп 10 миң доллар талап кылышкан. Оңой акча тапкысы келген шылуун тез эле изкубарлардын кылтагына түштү Ал Бишкек шаарынын жашоочусу К.С. экен.
***
Бишкектин Ахунбаев-Малдыбаев көчө-сүндө кетип бараткан кичинекей баласынын акчасын тоноп алганын айтып атасы милицияга арыз менен кайрылган. Өспүрүм баланы тоногондор ошол райондо жашаган башка эле өспүрүм балдар экен. Алар азыр милицияга сурак берип отурушат.

Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА