07.10.11 - 7-бет:
  Сөз талаш

Депутаттар эмнеге эфирге чыкканга куштар же адашкан "кетсинизм"

Кечээ ЖК пленардык жыйынында төрага Ахматбек Келдибековдун 3-октябрда координациялык кеңеште президенттин дарегине айткан сөздөрүнө берилген комментарий талашка түштү. Ага чейин президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев АКИpress маалымат агенттигине маек берип жатып, "спикер 5-каналга кол коюлгандан кийин президентти каралай баштайбыз деп айтты" деп билдирген.
Төрага Ахматбек Келдибеков ал координациялык кеңеште парламенттик 5-канал тууралуу сөз болгондугун, эгерде ал мыйзамга президент кол койбосо, төрага катары өзү кол коё тургандыгын айтып, "мыйзамга кол койгондон кийин президент жамандай берсин дегем. Каралап деп айткан эмесмин. Андай сөз менин лексикамда жок. "Жамандап" деген сөз менен "каралап" деген сөздү айырмалай албагандарга ыраазычылык билдирем. Антип киргиздер айта берсин" деп туру. Ал эми Данияр Нарымбаев "ал кеңеште 5-канал жөнүндө мыйзамга президент кол койбосо, мен кол койгонго укугум бар деп айттыңыз. Бул мыйзамды иштетиш керек, "каралай баштайбыз" деп айттыңыз. "Каралап" деген сөздү мен татынакай эле түшүнүп турам" деп спикерди коколоду.
Чү деген эле жерден "бырс" күлдүргөн маселе, бул эки мырзанын апасынын алдында актанган баладай кебетеси. Же спикер Ахматбек Келдибеков айткан сөзүн айткамын деп мойнуна албайт. Же Нарымбаевдин АКИpressке ташып барган сөзүнүн так экени белгисиз. Албетте, ЖК төрагасынын ар бир сөзү жерде калбайт. Ал коомчулук тарабынан талкууланууга тийиш.
Ал ортодо "Ата журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров парламент президентти кызматынан четтетиши керек деп кыйкырып чыкты. Депутат бул сөзүн мындан он күн мурун президенттин аппарат жетекчиси Каптагаевди кызматынан четтетүү боюнча чечим кабыл алынганы, бирок азыркы күнгө чейин чечим чыга электиги менен негиздейт. "Бул деген 7-апрелден баштап чогуу ичип-жеп жүрүшөт дегенди билдирет. Миллиондогон долларларды бөлүштүрүп, жеп жатышат. Мунун бардыгынын башында президенттин өкүлү Данияр Нарымбаев турат" дейт депутат С.Жапаров. Президентти кызматынан чететтүү боюнча дагы бир себеп, УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Ош окуялары башталарда Роза Отунбаевага билдирип, чара көргүлө десе да чара колдонбогонун айтат, депутат.
Чындыгында депутат С.Жапаровдун президентти ишинен четтетүү тууралуу айткан сунушу орунсуз. Суу кечкен күндө деле кыйын учурда мамлекет башында турган Р.Отунбаеваны президенттик иш мөөнөтү бүтүп баратканда кызматтан четтетебиз деп кыйкырып чыгуу жөн эле популизм болуп калат го. Ал ансыз деле кетет. Ошол эле учурда эгер Нарымбаевдин "спикер 5-каналга кол коюлгандан кийин президентти каралай баштайбыз" деп айтканы туура болсо, анда аз убакыттан кийин кызмат ордун тапшыра турган президентти каралоонун да, мактоонун да кереги жок. Бардыгын тарых өзү таразалап алат.
Негизи эле азыркы парламенттин өз телеканалыбыз болсо деп ак эткенден так этип жүргөнүн түшүнүш кыйын. Алардын ишмердүүлүгүн чагылдырууга КТРК деле жетишмек. Жогоруда чыккан чыр, алардын буга чейин 5-каналдын эмгек жамааты менен болгон келишпестиги, так ошол 5-каналга ээ болуу аракеттери экени түшүнүктүү. Жогорку Кеңештин ушул тапта расмий интернет сайты жана үналгысы бар. Парламент 23-сентябрдагы отурумунда 5-каналды парламенттин карамагына өткөрүү боюнча мыйзамга карата президенттин каршы пикирин 102 добуш менен басып өттү. Эгер Келдибеков бул каналды кимдир бирөөлөрдү жамандоо үчүн колдоно турган болсо, анда 5-каналды парламентке бергенче таптакыр жабыш керек го. Жамандоо менен сындоо экөө таптакыр эки башка нерсе эмеспи.
Жыйын соңунда Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Токон Мамытов төрага Ахматбек Келдибековду Роза Отунбаева менен ачык айрым сүйлөшүүгө чакырды. Анын айтуусу боюнча, президенттин тегерегиндеги айрым адамдар чалды-куйду кылып, абалды бөлөк жакка буруп жатышат.




  Шайкөйнөк

Кыргызстан шайлоо боюнча башкаларга үлгү боло алабы?

Президенттик шайлоонун өтүшүнө бүгүн 23 күн калды. 20-октябрга чейин шайлоочулардын тизмеси такталып бүтүш керек. Кыргызстандын бардык аймактарында 5-октябрдан тарта мобилдүү топтор үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын тизмесин тактай баштады. Бул топтор 1-октябрдан 5-октябрга чейин атайын окуудан өтүшкөн. Эми кеминде 6 миңге жакын адам үймө-үй кыдырат. Алар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан каржыланат.
Ошол эле учурда шайлоо учурунда өлкө коопсуздугун сактоо негизги маселе экени белгиленүүдө. Ага ылайык өкмөттүн жыйынында шайлоого чейинки жана шайлоо бүткөндөн кийинки коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрүнүн аракетин координациялай турган оперативдүү штаб түзүлөрү айтылды. Отурумда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев маалымат берип, үгүт иштери учурунда кайсы бир талапкерди атайын каралоо аракеттери байкалып жатканы тууралуу такталбаган маалыматы бар экенин билдирди. Жыйындын жүрүшүндө оперативдүү штабдын качан түзүлөрү айтылган жок.
Жума ортосунда ЕККУ маалымат жыйынын өткөрүп, ушул жолу Кыргызстан президенттик шайлоону ачык өткөрүү жагынан Борбор Азия мамлекеттери үчүн үлгү болушу керек экенин айтты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Заньер кыргызстандыктарды шайлоого катышып, өлкөдөгү демократиянын мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга үндөдү. Заньер алдыдагы президенттик шайлоонун жакшы өтүшү өлкөдөгү тынчтыктын жана коомдогу ишеничтүү мамилелердин калыптанышына зор өбөлгө болот дейт.
Ал ортодо сотко кайрылып БШКны утуп алган талапкерлердин топтогон колу кайра саналды. Саналуучу папкелер чүчүкулак аркылуу жүргүзүлүп, кол тамгалар туура толтурулган 4 талапкер өтүп, ал эми бул жолу да өтпөй калган талапкерлер кайрадан сотко кайрылышты.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Октябрдын отузуна дүрбү

Россия колдоочу талапкер - туруктуулук
(Уландысы. Башы 5-бетте)
Кыргызстандыктар Россияны дос өлкө деп кабыл алышат

Ушул жылдын сентябрь айында USAID өткөргөн социалогиялык сурамжылоого ылайык республиканын дээрлик бардык калкы Россия менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каалашат. Сурамжылоого бардык региондорубуздан 1,5 миңден адам катышкан. Алардын 96 пайызы Россия менен азыркы мамилебиз жакшы деп, ал эми 95 пайызы Россияны Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөшү деп эсептеше тургандыгын, бир дагы адам Россия республика үчүн саясый же экономикалык коркунуч туудурат деп ойлобой тургандыгын айтышкан.
Кошмо Штаттарга же Кытайга мындай баага жетишүүгө көп бар. Суралгандардын 34 пайызы АКШны, ал эми 31 пайызы Кытайды эки тараптуу мамилелерде өз кызыкчылыгына тартып кетет деп эсептешкендигин айткан.
Канткен күндө да Кыргызстандын 70 жылдан ашуун убакыт бою Советтер Союзунун курамында Россия менен бирге жашап келгендиги да элибиздин бул өлкөгө болгон толук ишенимине өбөлгө болуп келатса керек. Россиянын лидерлеринин республикабызга ырааттуу жана жакшы ниет менен мамиле кылып келаткандыгы да өз ролун ойноду көрүнөт.
Өлкөдөн качып кеткен Курманбек Бакиевдин шылуунчулугунан кийин россиялыктар биз жөнүндө "унутуп" койгонго деле толук моралдык укугу бар эле. Анткен менен Бишкектеги жана кийинчерээк түштүктөгү трагедиялуу окуялардан кийин Россия Кыргызстанга биринчилерден болуп материалдык көмөк көрсөттү. Айрым саясатчылардай болбой, улуттук, саясый жана диний айырмачылыктарына карап бөлгөн жок. Москвада 7-апрелде жараат алган милиционер, оппозициянын тарапташтары жана Жалал-Абадда ок жеген кичинекей өзбек кыз кымбатка турган дарылоо курсунан өтүштү.
Бир катар мамлекеттер менен эл аралык каржы институттары бизге кандай жардам көрсөтсөк деп турганда Россиядан ӨКМдин учактары менен Бишкекке жана Ошко медициналык препараттар жана жабдуулар, палаткалар, жылуу кийимдер жана генераторлор жеткирилди. 10 млн. долларлык грант, 20 млн. долларлык жеңилдетилген кредит берилди. Кийинчерээк Россия бир нече миң тонна буудайдын элиталык сортунан жана күйүүчү, майлоочу майды бекер жеткирип берди. Шаардыктар бул нерселердин чыныгы баасын билбеши деле мүмкүн, бирок дыйкандар муну мыкты билет. Москванын мындай кең пейил жардамы кыргызстандыктардын Россия туурасында оң пикирде болушунун башкы себептеринин бири болсо керек.
Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында акыркы мезгилде россиялык жетекчиликтин Бишкекке болгон жакшы мамилесинин айрым жашыруун себептери туурасында материалдар жарыялана баштады. Россиянын кадыр-барктуу делген бир басылмасы Кыргызстан Россиядан сезилээрлик жардам алып жатышынын себеби, премьер-министр Владимир Путин менен биздин министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жылуу мамилеге байланыштуу деп эсептейт.
"Эгер премьер Путинге жолугушууга келген кыргыз делегациясын Алмазбек Атамбаевден башка бирөө жетектесе, - делинет интернет-сайттардагы бир макалада, - жолугушуунун жыйынтыктары жагымдуу болот деп айтуу кыйын болмок". Журналист-эксперт акыркы мезгилде Кыргызстан ак ниет жана чынчыл кадамдарынан улам мүмкүн эмес болгон жетишкендиктерди багындырды, анын ичинде россиялык күйүүчү майдын Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз келиши камсыздалды. Азыркы тапта да мунай иштеткен кошуна Казакстандагы күйүүчү майдын баасы кыргыздыкындай эле болуп калды деп эсептейт. Мында автор менен талашуу кыйын - биздин премьер мурдагы президенттердин ачык эле алдамчылыгынан кийин Россиянын жетекчилигин бизге ишенсе боло тургандыгына ынандыра алгандыгы чоң жетишкендик болуп саналат.
Белгисиз сандар менен теңдеме
Талапкер Атамбаевдин Россиянын саясый элитасы менен жеке байланыштарын эске алсак, анын Москванын колдоосуна ээ болуу боюнча старттык позициясы башкаларга караганда ынанымдуу болуп турат. Дал ушул шайлоо учурунда эмгек өргүүсүнө кеткен премьер россиялыктардын алдында өзүн ишенимдүү өнөктөш жана ишкер адам катары көрсөтө алды. Анын жакында эле "Газпром" менен түштүгүбүздө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүн эске салуу да жөндүү. "Бул чалгындоолордун жыйынтыгынан кийин, - дейт "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер, - республика мунайга, жаратылыш газына болгон ички керектөөлөрүн толугу менен камсыздай алат". Мындай адамдар тегин жерден сүйлөбөйт эмеспи.
Эксперттердин көпчүлүгү шайлоонун датасы жакындаганда келечектүү делген талапкерлер Москвада ар кыл иерархиялык деңгээлдеги жолугушууларды өткөрө тургандыгынан шек санашпайт. Бирок кайтып келгенден кийин алардын ар бири Россия мени тандады деп чыгары турулуу иш. А чындыгында Россия чындап колдой турган талапкерди аныкташ кыйын эмес - кимди Кремлде жана Ак үйдө эң жогорку деңгээлде кабыл алса ошол Россия колдогон талапкер болот. Ошентип Россия 2012-жылдагы президенттик шайлоого өзүнүн лидерин - Путинди тандады, ал эми Путин өзү кандай чечимге келгендигин жакын арада билебиз деп ойлойм.
Марат Арифуллин