07.10.11 - 20-бет:
  Миң түркүн адам

Стив Джобс
"Apple" компаниясынын экс-директору 56 жашында жарыкчылык менен кош айтышты. 1976-жылы компанияны түптөп, орто жолдон компанияны таштап, кайра 2000-жылы өз ордуна келген. Ден соолугуна байланыштуу 2011-жылдын август айында узак убакытка эс алуу алып, ошондон ары кетүүнү чечкен болчу. 2003-жылы Стив ичеги рагы менен ооруру аныкталган. Андан кийин бооруна операция жасатып ажал менен жакшы эле кармашып, акыры Стив Джобс ажалдан жеңилди.

Герцогиня Альба
Азыр испаниялык аристократ, герцогиня Альбадан өткөн бактылуу адам жок. Дүйнө жүзүнө атагы чыккан 85 жаштагы жүрөгү жаш бийкеч турмушка чыкты. Үчүнчү күйөөсү Альфонсо Диес өзүнөн 24 жаш кичүү. Мындай мырзага баш байлаш үчүн герцогиня балдарына болгон байлыгын таратып берип, паралап жатып араң көндүргөн. Диес да алдын ала мага сүйгөнүмөн башка эч нерсенин кереги жок, эч кандай мураска көз артпайм деген расмий катын жазып берди. Буга карабай Альбанын туугандары кайдагы бир аты-жыты жок немеге тийип алдың деп дале нааразы. Үлпөт тоюна 60тан ашырбай конок чакырып, ашыкча шаан-шөкөтү жок өткөрдү.

Кейт Миддлтон
Ыраматылык Диана ханбийкенин келини 18 карат сапфир, 14 бриллиант менен кооздолгон шакегин жоготту. Жолдошу Уильям баш кошуп жатканда энесинен калган кымбат жасалганы колуктусуна берген болчу. Шарт боюнча ал шакекти чечпейм деп убада берген Кейт сөзүнө турган жок. Көрсө, кайран шакекти эбак эле жоготуп алыптыр. Муну журналисттер алгач байкап паппараци тартып тактап билишкен.

Леди Гага
Леди Гага "шоу-бизнестеги бай айымдардын" тизмесинен алдыга жылды. Былтыр төртүнчү орунда калса, быйыл эки тепкич көтөрүлүп бир жылдык кирешеси 90 млн. долларды түзгөн. Бул каражат анын чыгармачылыгынан гана түшкөн пайда. Концерттерден, жарнамалык келишимдерден жана акыркы жолу чыккан миллион нускалуу альбомунун пайдасы да кирет. Айтмакчы, бир миллион нускадагы альбом бир жумага жетпей сатылып кеткен. Анын ырларынын мааниси уяттуу экенинен карабай суроо-талапка ээ.

Карла Бруни
Париждеги мыкты төрөт үйлөрдүн биринде президент Николай Саркозинин эркеси көз жарганы турат. 43 жаштагы Карла Бруниге "Мюэтт" төрөт үйүнөн бир эмес төрт палатаны бошотуп даярдап коюшту. Күнүнө 250 евро төлөнө турган клиникага Карла мурдагүнү жаткырылган. Доктурлардын айтымында, уул төрөгөнү турат. Биринчи никесинен Брунинин тогуз жашар уулу бар.




ДҮЙНӨ күн

Жупдүйнө. Теннеси штатынын 58 жаштагы Дэвид менен 60 жаштагы Лорен Блэр Гиннес китебине эң көп жолу үйлөнгөн түгөйлөр катары киргизилди. 5-октябрь күнү жүзүнчү жолу баш кошкон жуптар кадимкидей эле дос-тууганды чакырып тойчук өткөрүп бата алышты. Экөө 1982-жылы таанышып, эки жылдан кийин никеге турушкан. Андан бери ар кайсы жылдарда никесин кайра каттап отуруп быйылкысы жүзүнчү жолу рекорд коюшту. Американын мыйзамы мындай обу жоктукка жол берет. Буга чейин 2010-жылы британиялык Марк менен Дениз Томас алты айдын ичинде 85 жолу үйлөнүшкөн.

Мээрдүйнө. Флоренцияда 4-октябрда жаныбарларды коргоо майрамы болуп өттү. Болгондо да адамдар жаныбарларды эмес, жаныбарлар бири-бирин коргоп кам көрүшөт. Зоопаркта жашаган жаныбарлардын ар бирине кадимкидей эле тапшырма берилген. Жарым жылдын аралыгында акыл-эс кирип калгандардын үстүнө жаңы төрөлгөн жаныбарларды киргизип, кимиси жеп салбай карайт экен деген сынак жүргүзүлгөн. Арасынан эки жашар шимпанзе Яно алдыга озуп чыкты. Жолборстун кызыл эт баласына упчу менен сүт берип өлтүрбөй багып торолтту. Жеңүүчү деп табылган Яного эми зоопарктагы майда жаныбарларды багуу милдети жүктөлгөн. Мерез эки буттуу "айбандар" анча-мынча мээримдүүлүктү маймылдардан үйрөнсө болчудай.

Чырдүйнө. Кыргыздар бирдеме болсо эле тилин кайрап макал айтып калат эмеспи, обу жок аял орсок уй саайт деп. Кыргыз эмес британиялык депутаттын аялы ушул сөздү айгинелеп отурат. Былтыр Кристина Хемминг күйөөсүнүн көңүлдөшүнүн үйүнө кирип бала мышыгын уурдап кеткен. Депутат болгон күйөөсү абийирим төгүлбөсүн деп окуяны жашырып келген болчу. Бирок бирөөнүн үйүнөн мышык эмес топчу уурдасаң да жазасыз калтырбаган британиялык мыйзам бул ишти тыкыр иликтеп чыкты. Джон Хемминг аялы менен жашабай калганына бир жылдын жүзү болгон. Күйөөсүн сагынган Кристина ага арзуу катын таштамак болуп көңүлдөшү менен жашаган үйгө барыптыр. Жөн кетпей жини менен мышыкты колтугуна кыстара чыкканын танып, оңой менен мойнуна алган жок. Кристина Хемминге кылмыш иши козголуп октябрдын аягына чейин кандай жаза колдонулары анык болот.

Букдүйнө. Филиппинде табылган эң чоң алты метрлик крокодил Лолонг азыр мэр Эдвин Элоренин үйүндө жашап жатат. Мэр өлөрманын артып аны зоопаркка кое бербей жаткан кези. Балама байлангандай көнүп алдым деп ыйламсыраган шаар башчынын көңүлүн кыйбай зоопарк кызматкерлери да тим коюшуптур. Антейин десең Лолонгдун абалы азыр оор. 3-сентябрь күнү кармалган крокодил стресс болуп эч нерсе ичип-жебей жатыптыр. Бир тонналык Лолонг азыр арыктагандан арыктап жатат. Качан гана ага жашаганга бардык ылайыктуу шарттар түзүлгөндө узун туурасын ченеп Гиннес китебине киргизери маалым болду. Эл арасында мэр жөнү жок догурунбай байкуш жаныбарды өз жайына кое берсе шаар тургундары, туристтер да келип көрүп турат эле деген нааразычылыктар жаралууда.

Шордүйнө. Таиландга эс алууга барган украиналык жаш жубайлар Татьяна менен Антондун бал айы шордуу айга айланды. Алар пилдердин майрамын көрүп атканда аянтта бир пил көпчүлүктү көрүп жинденип ары-бери чуркай баштаган. Элди аралап келе жатканда баары качып, жалгыз Татьяна кутула албай калган экен, жинденген пил кыздын эки бутун жанчып, кабыргасын сындыра тебелеп салган. Азыр анын абалы оор. Бул каргашалуу окуяга пилдин ээси билгениңди кылып ал дегендей мамиле кылып көңүл бурган эмес. Кымбат дарыга муктаж болгон кыз Украинанын өлкө башчысына жардам сурап кайрылды. Эгер жакшы дарыланбаса Таня Мей өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн. Абалы бир аз жакшы болсо кайра Таиландга барып пилдин ээсине көргүлүктү көрсөтөм деп турган чагы.




Айланбас жердин айланма жаңылыктары
ИНДИЯ. 5-октябрда Раджастан штатында автобустун айдоочусу өлкөгө келген туристтерди тебелеп кетти. Караули шаарына саякатчыларды жүктөп бара жаткан айдоочу орто жолдон май куйганы токтогон. Жол киреге канча акча төлөшөөрү тууралуу талаш-тартыш жаралып, саякатчылар менен айдоочу уруша кетишет. Милициянын айтуусунда, жүргүнчүлөр айдоочуну сабап салышкан. Башкалардын көрсөтмөсүндө айдоочу сөгүп туруп жүргүнчүлөрдү автобустан кууп чыккан. Жини келген айдоочу жөө кетип бараткан жүргүнчүлөрдү унаасын катуу ылдамдыкта айдап келип тебелеп салган экен. Жыйынтыгында жети адам ошол жерден өлүп, ону жаракат алып, дагы төртөөнүн өмүрү кылдын учунда турат. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
ОСЕТИЯ. Осетиянын борборунда жардыруучу заты бар унаа табылган. ИИМдин тактоосунан улам "Нива" Россиянын эркин күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Жамболот Тедеевдин атасы Илья Тедеевге тиешелүү экени аныкталды. Тедеев Осетиянын президенттигине талапкерлигин коюп бирок каттоодон өтпөй калган болчу. Машинеге эмне максат менен, ким жардыруучу зат таштаганы азыр такталууда. Осетиянын ИИМине анонимдик телефон чалуудан улам "Ниванын" ичинен 200 грамм жардыруучу зат, эки уюлдук телефон табышкан. Президенттик шайлоо 15-ноябрда өтөт. Ага чейин талапкерлердин арасында мындай бут тосуулар болуп турары туура эле көрүнүш дейт эксперттер.
ГРУЗИЯ. Сулуулар сынагы бизде эле эмес Грузияда да башаламандык менен өтөт экен. "Мисс Грузия - 2011" сынагынын жеңүүчүсү Россиянын тургуну болду. 19 жаштагы Жанета Кердикошвили Великобританияда өтүүчү сынакта Грузиянын атын чыгарат. Бирок шарт боюнча катышуучу Грузиянын гана жараны болуш керек болчу. Жанета эки жыл мурда Россиянын жарандыгын алып Грузиядан чыгып кеткен. Бул жолу атайын сынакка катышуу үчүн келиптир. Сынактын башында эмнеге мындай жагдайлардын баары такталып, талап коюлбаганы азыркыга чейин түшүнүксүз. Калыстар тобу жөн эле тежиктенип жатабы же ичтарлыкпы белгисиз. Жанета дүйнө сулуулар сынагына барар-барбасы да арсар болуп турат.
АКШ. Нью-Йоркто башталган митинг күч алууда. Бир күндө беш миң шаар тургуну пикетке чыгып, бул көрүнүш бир шаардан экинчи шаарга өтүп жатат. Азыркы тапта Лос-Анжелесте, Сиэтлде студенттерден баштап медицина кызматкерлерине чейин ишин таштап чурулдап турган кездери. Башында тынч өтүп жаткан пикетке азыр полиция кызматкерлери да аралашып, тынчтыкты сактоонун аракетин көрүп жатышат. Элдин тынчып калчу түрү жок. "Элитаны жеп жоготуу керек", "Капитализмден бир аз өйдөрөөк" деген жазуулар жер жайнайт. Акцияга чыккандардын нааразылыгы - социалдык теңсиздик, жумушсуздук, кризис.
Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА