07.10.11 - 19-бет:
  Шыпаагер

Айланайын келиндер, боюңарда барда абайлагыла…

Акыркы кезде жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна (порок сердце) чалдыккан ымыркайлар көп төрөлүүдө деп коңгуроо кагышат ак халатчандар. Бул дарттын келип чыгуу кесепети кандай, дегеле бул кандай дарт? Мына ушундай суроолорго атайын адистерден жооп издедик.

Ымыркайдагы жүрөк оорусунун келип чыгышы

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жүрөктүн кемтик оорусуна чалдыкканын ал төрөлө элек эмбрион кезинде эле заманбап медициналык жабдыктардын негизинде байкаса болот. Негизи жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын 90 пайызы сырткы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордун негизинде пайда болот экен.


* Биринчиден, генетикалык фактордун таасири тийет. Баланын ата-энесинде же тукумунда ушундай дарты барлардан улам тукум кууйт.
* Экинчиден, баланын ата-энесинин жаш курагы да таасир этет. Мисалы, атасы 45 жаштан өйдө, энеси 35 жаштан жогору болсо да ымыркай жүрөк дартына көп кабылышы мүмкүн.
* Кош бойлуу кезинде жуккан инфекциядан пайда болот. Мисалы, кызамык, жугуштуу сасык тумоо, цитомегаловирустук инфекция, герпес сыяктуу оору менен сыркоологон эненин баласы да жүрөк оорусуна чалдыгат.
* Айлана-чөйрөдөгү экологиялык фактордун таасири да чоң. Анын ичинде өзгөчө радиация зыян.
* Спирт ичимдиги жана туура эмес тамактануу.
* Энесинин ар кандай дарты болсо, кант диабети менен ооруса да карындагы баланын жүрөк оорусуна алып келет.
* Кош бойлуу кезде дары-дармектерди ичүү, ар кандай бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды, антибиотиктерди пайдалануу да терс таасирин тийгизет.


Жүрөк оорунун белгилери
Бул дарттын 200гө чукул түрлөрү бар. Эгерде жаңы төрөлгөн ымыркайда бул дарттын белгилери билинсе дароо адиске кайрылуу зарыл. Кээде бул дарттын белгилери көп убакытка чейин таптакыр билинбейт. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы үч айдан кийин сөзсүз түрдө кардиологго текшертип коюш керек.
Мындай дарты бар ымыркайдын ден соолугунун абалынан да байкаса болот. Алар эмчек ээмп жатканда териси, оозу-мурду көгөрүп, дем жетишпей энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турат. Көпчүлүк учурда мындай оорусу бар балдарды текшергенде жүрөгүндө шум бар дешет. Бирок аларды атайын медициналык жабдык менен текшергенде гана дарты ачык билинет.
Операция кандай учурда жасалат?
Бардык эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасалбайт. Себеби, кээде бул дарт бала чоңойгон сайын өзү эле калыбына келип калат.
Бирок бул дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саатты да күтпөйт, тез арада операция жасалбаса мерт болуп калышы ыктымал. Мындай дарты бар балдардын ата-энеси өзгөчө көңүл бөлүш керек. Баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпаш керек. Алардын жеген тамак-ашы да мүнөз болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сактоо зарыл.
Бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса куландан соо болуп чыга келет. Атүгүл кардиологго каттоого да турбайт. Ал эми кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылып, өмүр бою майып кылат. Алар дайыма адистердин көзөмөлүндө болушу шарт.


Кыргызстанда ар бир экинчи киши жүрөк оорусунан көз жумат

Кыргызстанда жүрөк кемтиги операциясы кандайча, канчага жасалат, бул жааттагы көйгөйлөр тууралуу жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтунун директору, профессор Калдарбек АБДРАМАНОВду кепке тарттык.

- Акыркы кезде жүрөктүн кемтик оорусу (порок сердце) менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп кетти деген маалымат коомчулукка терс маанай жаратууда. Чындыгында бул дарт көбөйүп деле кеткен жок. Акыркы 10-15 жылдын ичинде 1-2 %га көтөрүлүшү мүмкүн. Негизи жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир калыпта эле турат. Албетте, тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар бизге көп кайрылышууда. Мунун салыштырмалуу жагын карасак, мурда бала ыйлабаса ата-эне аны дарыгерге көргөзчү эмес. Азыр бул тууралуу маалыматтарды ММК булактарынан угуп атышат. Ошондон улам балдарын доктурга текшертип анын дарты билингенде, бизге келип атышат. Мындан төрт-беш жыл мурун жылына 250-300 бейтаптын жүрөгүнө операция жасачубуз. Алардын 60 % балдар болсо, калганы чоңдор эле. Былтыркы жылы 750 операция жасадык. Статистика боюнча Кыргызстанда 18 миң киши көз жумса, алардын жарымы жүрөк оорусуна байланыштуу.
- Жүрөк операциясына орто эсеп менен канча каражат сарпталат?
- Бизде татаал эмес, жөнөкөй деп эсептелген жүрөктүн тубаса кемтигин операциялоо 55 миң сом турат. Негизи жүрөк оорусунун 200гө чукул түрү бар. Ошолордун ичинен бизде 30га жакын операциянын түрү жасалат. Алар татаалдыгына жараша топко бөлүнүп, баасы да ар түркүн. Жөнөкөй операция Кыргызстанда 55 миң сомго жасалса, Астанада 13 миң доллар, Россияда бул операция 500 миң рубль. Бизде ошол операцияга төлөнө турган 55 миң сомдун 20 миң сомун мамлекет жардам катары берет. Мамлекет башка каржылабайт. Бул 35 миң сомдон тышкары бизде жок дары-дармектерди сыркоолор өздөрү сатып алышат. Кээде 35 миңден эки-үч эсе көп чыгым болгондор бар.
- Эмне үчүн жардам сурагандардын көбү операцияны чет мамлекетте жасатабыз деп айтышат же бул жактан жасоого мүмкүн эмеспи?
- Чындыгында 55 миң сом Кыргызстандын жарандары үчүн чоң сумма. Айрыкча жаңы төрөлгөн балдардын ата-энеси 25-35 жаштагылар. Аларда мындай сумма жок, жаңы тирдик, көбү жакыр жашашат. Чет өлкөдө операция жасатабыз дегендердин көбү биз жасай ала турган жөнөкөй эле операциялар. Биз жасай албаган татаал операциялар бирин-экин эле болот. Биякта эле жасала турган операцияны чет өлкөдө жасатабыз деп элден жардам сурагандар бар. Негизи жүрөк дартына байланышкан операциянын 90-95 пайызын бизде жасаса болот. Калганын аргасыздан башка жакка жөнөтүшүбүз мүмкүн.
- Операция болгон балдардын канча пайызы аман калат?
- Бир жылдын ичинде жүрөк операциясынан 5-8% бала көз жумат. Бирок татаал жүрөк кемтигин операциялоодо 20%га чейин өлүм болуп кетет. Ал эми тубаса кемтиктин операциясында өлүм жокко эсе. Кээде гана болуп калышы мүмкүн, себеби, операция учурунда жүрөктү токтотуп туруп жасайбыз да.
- Операция учурунда жүрөктү канча убакытка чейин токтотосуздар?
- Ал операциянын түрүнө жараша болот. Бир жарым жыл мурун 13 мүнөт жүрөктү токтотуп операция жасадым. Бул өтө кыска мөөнөт болгондуктан дүйнөлүк рекорд койдук десек болот. Негизи он үч мүнөттөн беш саатка чейин жүрөк токтоп турат. Ошол учурда адамдын организмин жасалма жол менен дем алдырып, жасалма кан айландыруучу жабдык адамдын организмин иштетип турат. Учурда Кыргызстан боюнча бизге катталып, операцияга кезекке турган 300гө жакын бейтап бар. Бирок өлкөдө канчасы бул дартты билбей, катталбай жүргөнү белгисиз.


"Кызымдын кантип оорулуу болуп калганын билбейм"

Жүрөк кемтик дартына чалдыккан эки жаштагы Урмат кызы Адинайдын апасы Гүлмираны кепке тарттык:

- Биз Жумгал районунун Кызарт айылынан келдик. Биринчи кызым төрөлгөндөн кийин эки айга жетпей эле чарчап калган. Анын кайсы дарттын себебинен көз жумганын да билбей калдык. Айылдагы дарыгерлер ага суук тийиптир деп коюшту. Кайненем көз тийди дейт. Айтор так диагноз коюлган жок. Экинчи кызым дароо эле боюма бүтүп, бир жылдан кийин Адинай төрөлдү. Ал төрөлгөндө эле абдан алсыз, таптакыр эттенбей койду. Жергиликтүү доктурга көрсөтүп, ар кандай витаминдерди алдык. Бир жолу айылга Араб Эмиратынан дарыгерлер келгенде кызымды көрсөтсөк, жүрөгүндө дарт бар экенин айтышты. Бишкекке келип текшерилгенде жүрөгүндө тешик бар дешти. Азыр операцияга даярданып атабыз. Кандай болот деп сарсанаа болуп, бир чети каражат табалбай кыйналдык. Кайнатамдар жылкысын сатып, 80 миң сом акчасын беришти. Бул акча да жетпей калышы ыктымал экен. Ал эми чет өлкөгө операцияга бере турган болсок бияктагыдан эки-үч эсе кымбат экен. Ошондуктан кызымдын өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, операция ушул жерде эле болмой болду. Биринчи кызым деле жүрөгүндө дарты бар төрөлсө керек деп ойлоп калдык. Үй-бүлөдө эч кимдин деле жүрөгү оорубайт, Адинай кантип оорулуу болуп калды билбейм.
Бүгүн-эртең операция болот деп турган наристелер бейкапар ооруканадагы палаталарда чуркап ойноп жүрүштү. Алардын артынан акмалап, балдарынын амандыгын тилеп, жакында боло турган операциянын ийгиликтүү аякташын Кудайдан тилеп отурган энелерди көрдүм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13