07.10.11 - 12-бет: ?????
  ТВ-маек

Алтынай Арстанбекова,
Баткен облтелерадиокомпаниясынын
мурдагы жетекчиси:
"Өз жеримде чоочун болуп калдым"
Жакында Баткен облустук телерадио-компаниясынын жетекчиси алмашылды.
Мурдагы жетекчиси Алтынай АРСТАНБЕКОВА
буга нааразылыгын билгизип, төмөндө өз пикири менен бөлүштү.


- Алтынай айым, кызматтан алынганыңызды негизсиз деп жатасыз, эмне үчүн?
- 2011-жылдын 15-сентябрында губернатордун биринчи орунбасары К.Бабашева 3-4 адам менен келип, М.Бердишевдин Баткен ТВга жаңы жетекчи болуп дайындалганын билдирди. М.Бердишев үч жылдан бери губернатордун басма сөз катчысы болуп иштеп келген. 15-сентябрга чейин телекомпания жетекчилигин алмаштыруу боюнча такыр сөз болгон эмес. Мени иштен кетирүү алдында эскертүү же сөгүш да жарыяланган эмес. Губернатордун өкмөттүн облустук телени тейлеген адистери менен макулдашпай туруп шашылыш түрдө кол койгон буйругу мыйзамсыз. Анткени облустук телекомпаниялар туурасындагы акыркы расмий документке ылайык, (КР президентинин 2009-жылдын декабрь айындагы буйругу) облус губернатору ошол кездеги президенттин катчылыгы (секретариат) менен макулдашып, анан телекомпания жетекчилигин алмаштырыш керек. Азыркы күндө президенттин катчылыгы жок, бирок өкмөттө ал органдын ишин аткарган атайын адистер бар. Мен кызматтан бошотулганым тууралуу ошол эле күнү расмий кат менен премьер-министр А.Атамбаевге кайрылдым. Тилекке каршы, жыйынтык чыкпады. Демек Кыргызстанда эч бир мыйзам иштебей, колунда бийлиги бар чиновник каалаганын жасай берет турбайбы деген ойго келет экенсиң.
- Сиздин айтканыңызга караганда азыр облустук телекомпаниялардын иш-аракети тууралуу ырааттуу мыйзам жок экен да…
- Мен 2008-жылы бардык облустук телекомпаниялар КТРге баш ийип турганда КТРдин ошондогу жетекчилигинин буйругу менен Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясына жетекчи болуп дайындалдым. Кыргызстанга жаңы бийлик келгени кызмат талашмай менен убара болуп, облустук телекомпаниялардын тагдырын чечкен адам табылбаганы кейитет. Биз 2009-жылдагы президент К.Бакиев кол койгон буйрук менен ушул убакка чейин кароосуз калганбыз, бизге андан бери эч ким көңүл бөлө элек.
- Сизди кызматтан кетирүүгө Баткен губернатору Арзыбек Бурканов эмне үчүн кызыкдар болгон деп ойлойсуз?
- Буйруктун эч ким менен макулдашылбай шашылыш чыгышына губернатордун күнөөсү жок деп эсептейм. Анткени ошол эле мамадминистрацияда көп жылдан бери иштеген М.Бердишев жана Ж.Эшанкулов 2008-жылдан бери менин ишиме жолтоо болуп, каралаган арыз-даттанууларды улам ар кимге жаздырып губернаторго алып кирип турушкан. Мени башка жактан келген, кетириш керек деп, үч жыл ичинде ондон ашык текшерүүлөрдү жөнөтүп, атайын комиссиялар уюштурулган. Эптеп мени кетирүүнү көздөгөн топ акыры эч ким менен макулдашпай туруп губернатордун колу менен мени кетирип максатына жетишти. Кыргыз эли түндүк-түштүк маселеси менен катуу күрөшүп жатса, Жалал-Абадда төрөлүп, Бишкекте чоңойгон мени Баткендеги айрым чиновниктер башка жактан келди деп аймакка бөлүшкөнүнө айла жок таң каласың. Себепсиз жумуштан айдалганымды далилдөө үчүн 15-16-сентябрь күндөрү губернаторго жолугайын десем, жардамчылары А.Буркановго киргизбей коюшту.
- Жаз айларында парламентте облустук телерадиокомпанияларга каражат бөлүү маселеси каралды эле…
- Ооба, 2011-жылдын жаз айларында парламентте аймактардагы мамлекеттик телекомпанияларды техника менен камсыздоо үчүн атайын чоң сумма (44 млн. сом) бөлүп берүү маселеси каралып, ал Каржы министрлиги тарабынан каржыланмак болгон. Ушул убакка чейин телевидениени мыкты түшүнгөн адистер иштеген мекеме уюшулбаганы өкүндүрөт. Бул маселе боюнча азыркы өкмөттүн токтому же бир буйругу чыга элек. Бөлүнө турган каражатка республикалык тендер өткөрүлүп, анда облустук телекомпанияларга санариптик (цифровой) техника алып беришмек. Мени себепсиз иштен кетиришкендигинин негизги себеби ушул каражатка байланыштуу экени билинип калды. Анткени 20-сентябрда эле Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүн жетектеген К.Капаров телекомпаниянын бухгалтерине келип, "44 млн. сомду каяктан алабыз? Качан берет? Эсепке түштүбү? Губернатор сурап жатат" деп такалаптыр. Жарыктык аксакал, 44 млн. сом бардык жети облустук телекомпаниялардын техникалык жабдуулары үчүн бөлүнгөнүн жана тендердин борборлоштуруп өткөрүлө турганын билбесе керек. Арам оюнда алар да 44 млн.дун баары Баткен ТВнын өзүнүн эсебине келип түшөт, тендерди телекомпанияда отурган өзүбүздүн адамыбыз өткөрсө, ал акчадан биз да ооз тиебиз деп ойлоду да. Анан ошол акча бөлүнөрдүн алдында мени жумуштан кетирип өз кишисин коюп калалы дешкен го.
- Түштүктөгү маалымат коопсуздугу тууралуу эмне дейсиз?
- Аймактардагы массалык маалымат каражаттары тыкыр көзөмөлгө алынбаганынан Ош окуясы болгонун эч ким танбаса керек. Баткен облусунда 12ден ашык Тажикстан менен Өзбекстандын телеканалдары көрсөтөт. Кызыгы, Тажикстандын Баткенге коңшу жайгашкан Согди областында 17 район бар. Ошол 17 райондун ар биринде бирден райондук телекомпаниясы иштейт. Ал эми Баткен облустук бир телекомпаниясына мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй, колдоо көрсөтүлбөй келет.




Дамирбек
КУРМАНАЛИЕВ:
"Казактан кыргыз кем эмес"
Жакында Талас облусунун Манас районунда "Өткөндөрдүн даңкы болбой, өсөр элдин баркы болбойт" аттуу салтанат болуп өттү. Маараке Ажыбек датканын 240, Тургунбек Субанбердиевдин 90, Эстебес Турсуналиевдин 80 жылдыгына арналып, төкмө акындар, манасчылардын сынагы болду. Аны менен катар нака кыргыз күрөшү боюнча да таймаш жүрдү. Бул боюнча аталган салтанатты уюштурууга демилге көтөрүп чыккан кыргыздын патриот жигити Дамирбек КУРМАНАЛИЕВди кепке тарткан элек.

- Жогоруда аталган инсандардын мааракесин белгилөө мамлекет тарабынан эмес, сиздер тарабынан уюшулуп жаткандыгын чечмелей кетсеңиз...
- Биз бүгүн кайсы бир улут сыймыгын жараткан улуу инсандарды калың элге даңазалагыбыз келсе, анын баарын сөзсүз эле мамлекеттин мойнуна жүктөп койгонубуз жарабас. Мамлекет бюджети ансыз да тартыш. Алыс барбай эле коңшу казак туугандарыбызды алалычы, аларда канчалаган маданий иш-чаралар жеке ишкерлердин демилгеси менен байма-бай өткөрүлүп жүрөт. Бул саамалык бизде анча жайылбай атат. Билинбеген менен улуттук идеологияга тирөөч болор мындай аракеттерди колубуздан келишинче ар кимибиз өз деңгээлибизде жасай бергенибиз оң. Себеп дегенде, көкүрөгү тунук артыбыздагы муунга калкка кадыры сиңген өткөн муундун мыктыларын канчалык көбүрөөк даңазаласак, жеткинчектердин да кыял-мүдөөсү өзгөрө баштайт. Бир мисал, совет учурунда Гагарин тууралуу мектеп окуучуларынын кулагына көп куя беришип, балдардын баары Гагарин болгусу келчү. Мунун өзү совет доорунун идеологиялык жемиши болгон. Демек, биз куру дегенде өз өрөөнүбүздөн чыккан улуу инсандар туурасында канчалык көбүрөөк кеп кылсак, жаштардын көз карашынын калыптанышына Ажыбек датка, Тургунбек Субанбердиев же залкар талант Эстеке сыяктуулардын элге жасаган эмгектери өбөлгө болот.
- Мындай чоң иш-чараны өткөрүү боюнча демилгеңди колдогондор ким болду?
- Адегенде башым катты, себеби мурда мындай деңгээлдеги уюштуруу иштерин жүргүзүп көргөн эмесмин. Андыктан аны өткөрүү боюнча биринчи кезекте өз планымды шурудай тизмектедим да, айылдагы атама кеңештим. Ал колдой турганын көрүп, район жетекчилеринин эшигин кага баштадым. Шаардагы акыл-кеңешин айтар Садык Шер-Нияз, Алымбай Султанов, Түлөк Ташкеев өңдүү агаларыма кайрылсам, баары эле колдоп кетти, ал эмес өз кошумчаларын берип, уюштуруу ишин толук колго алдым.
- Кимдир бирөөгө үгүт жүргүзүү үчүн пландаган эмес белеңер?
- Мына ушинтип баштайсыңар... Ашкере саясатташып кеткен коомубуз шектүү ойлорго абдан жакын болуп баратат окшойбуз. Эч кандай саясат жок бул жерде, тек гана жыйым-терим аяктаган кезге туштап элге салтанаттуу майрам куруп берүүнү көздөдүк. Анүчүн төкмө акындар менен манасчыларга сынак жарыялап, кыргыз күрөш боюнча мелдеш уюштурдук. Жалпы байге фонду алты жүз миң сом болду. Төкмөлөрдүн айтышында биринчи орунду Элмирбек Иманалиев жеңип алды, ага 100 миң сом берилди. Экинчи орун Абдылда Нуралиевге 50 миң, үчүнчү орун Азамат Болгонбаевге 20 миң сом берилди. Ал эми манасчылардан биринчиликти жеңип алган Самат Көчөрбаевге 30 миң сом, экинчиликти жеңип алган Улан Исмаиловго 20 миң сом, үчүнчүлүккө илинген Рысбай Исаковго 10 миң сом берилди. Булардан сырткары байгелер да болду, аларды калыстар курамынын чечими менен 4-5-орунду алган өнөрпоздорго бөлүштүрдүк. Өнөр таймашы менен катар кыргыз күрөш боюнча 75 килограммга чейинки жана 75 кг салмактан өйдөңкүлөр арасында чоң мелдеш жүрүп, көкбөрү уюшулду. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн ага-инилерге терең ыраазычылык билдирем. Айтсак, Аалы Туткучев, Рысбек Ажыбеков, Ислам Өзүбеков, Асан Наматкулов өңдүү ага-инилерим уюштуруу иштеринде чоң жардам кылышты.
- Өнөрпоздорубуз дайыма Казакстандагы маданий иш-чаранын көбүн жеке ишкерлер эле өткөрүп келатканына күбө болуп, ичтери күйүп жүргөнүн укчу элек, демек бизде деле болот экен да...
- Бир эле мисалды айтайын, устатым Садык Шер-Нияз мамлекеттин көмөгүн күтпөй эле канча иштерди кылып келатат. Ал эмес мамлекет жардам берейин десе да баарыбир демилгени өз мойнунан жеңилдеткен жери жок. Мына ушул эле жылы мамлекеттин 20 жылдык эгемендигине карата төкмө акындар айтышын өткөрүүгө өкмөт 1 млн. сом жардам берели десе да Сакебиз "өлкөбүз азыркыдай абалда турганда биз ага жардам беришибиз керек, мага миллиондун жарымын эле бергиле, жарымы өлкө казынасында эле калсын" дегени чоң жардам эмеспи. Биз бүгүн ушундай позиция менен өлкөгө жардам кылууну ойлонушубуз керек.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ