presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күнкөйгөй

Кан соргон казино. Онтоткон оюн автоматтары
Эзелтеден кумар оюндары кыргыздын салт-наркында жок эле. Күндөлүк жашоо-турмушуна байланышкан, шамдагайлыкты, чеберчиликти, тапкычтыкты талап кылган ордо, тогуз коргоол, ит агытып куш салмай, күүлөнтүп күлүк таптамай, жорго салдырмай өңдүү ж.б. байыркы маданиятын чагылдырган улуттук оюндары, өнөрү болгон. Боз балдары чикит чаап, кыз-келиндери бекбекей айтышкан. Тоосундай кең пейил, булагындай таза, күлүгүндөй шар кыргыз элине кумарпоздук жат эле.
Кумаркана кайдан башталган?

Кумар оюндары, арак, апийим (кыргыздар ушундай эле айтчу, мисалы, "апийим ичкен сартка окшоп") Ала-Тоого оо кийин Кокон хандыгынын, андан соң орустун аягы менен кошо келди. Ошондо да өтө сейрек, дээрлик жок болчу. Бир гана кара жаак Калмырзанын чомун ойноп (карта) чочойгонун, башы кетип калаарда Шабдан 300 кой берип кутултканын билебиз. Бу залкар талант андан кийин кумар ойногон эмес.
Ал эми адамзат тарыхына көз жүгүртсөк, кумар оюндарынын тамыры миңдеген жылдарга барып такалат. Биринчи кумарканалар Римде ачылып, анын баштоочусу император Тарквиний делет. Ал болгон бүткөн кумарчылардын баарын бир жерге чогултуп, алардан салык алып, бир жагынан көзөмөлдөп турган. Анын идеясын эки миң жылдан кийин италиялык кардинал Жулио Мазарани илип алып, 1765-жылы Парижде казино ачат. Ошону менен башталды да кетти. Ал эми азыр рулетка аталган оюндун атасы улуу математик Блеза Паскаль болгон. Орусияга кумар оюндары XVII кылымда келген. Бирок аны ойногондордон балак алып, төбөсүнө камчы ойнотуп, колун кесип тургандыктан өрчүй албаган. Петр I олчойто алым алчу. Ошону менен 1917-жылга чейин - Орусияда түрмөгө отургузганга чейин чаралар көрүлүп келген. СССР мезгилинде кумарга берилгендерди кубалап жүрүп түрмөгө тыкчу.
Ошентип союз жоюлгандан кийин гана кумар оюндары КМШ өлкөлөрүн кирген суудай каптап кирген. Аны ичинде Кыргызстан да бар.
Президент Роза Отунбаева Кыргызстан бүгүнкү күндө Орто Азиядагы кумар оюндарынын аралы болуп калганын билдирди. Жалпы коомчулукту буга каршы турууга үндөдү. Ал эми коомчулукта не жазык. Таптакыр эле тыйып салса дегенди кан-какшап келет. Элдин үнү кулагына жеткенби же кыргызга кызмат кылгысы келгенби, айтор, "ар-намысчы" депутат Бакыт Жетигенов бул көйгөйдү иликтеп чыгып, парламентте атайын мыйзам кабыл алдырганга жетишти. Ошону менен ЖК казино ж.б. кумар оюндарына тыюу салган мыйзамын чыгарды. Президент кол койсо, бул мыйзам тогуз айдан кийин барып күчүнө кирет экен. Ага чейин өкмөт тиешелүү нормативдик актыларын жөндөп (үч айдын ичинде), лицензия, патент менен иштеген кумар жайлары (казино, оюн автоматтары, тотализаторлор, букмекердик конторалар ж.б) жаңы мыйзамга ылайык өз ишмердүүлүктөрүн токтошу керек. Токтотпосо күч колдонулат. Мыйзам ушундай. Бирок кумарканаларды таптакыр жаап коюуга болбойт, көмүскөгө кире качат, бюджетке акча түшпөй калат деген да пикирлер айтылууда.

Килейген Орусиянын да тумшугуна жеткенде
Килейген Орусия кумарканалардын кесепети тумшугуна жеткенде дал биздегидей мыйзам кабыл алган. Кумарканаңды иштетсең эле бүттүң, түрмөнүн төрүнө өтөсүң деген. Андай болбоду. Кремлдин эле тегерегинде көмүскө кумарканалар гүлдөп жатты. Акыры аргасы кеткенде Орусиянын төрт жерине "Азов Сити" (Азов деңизине), "Приморье" (Приморск крайына), "Сибирская монета" (Алтайга) "Янтарная" (Калининградга) аталган ири казинолорду кура баштады. Адегенде бир гана "Азов Сити" казиносуна 415 млрд.рубль жумшайбыз деп чыгышкан. Кийин бул суммадан ылдыйлашты окшойт. Ал эми "Янтарная" казиносуна 200 млрд.рубль жумшалаары эбак бекитилип, курулушу күпүлдөп жүрүп жатат. Орусия мындай жол менен кумарканаларды эптеп элден оолактатуу жолун издөөдө. Дүйнөлүк практикада ушундай. Американын Лос-Вегас шаарын туш-тараптан куулган кумарчылар негиздеген. Муну менен Кыргызстандын кайсы жерине кумарканаларды сүрүп чыксак дегенди айткым келип жатат. Менимче, бир дагы облус, район мындайды кабыл албашы турган иш. Анткени, жергиликтүү жашоочулар андай идеяңды башыңа кийгизип туруп айдап чыгаары турган иш. Ошондуктан таптакыр тыйып салуудан башка жол жок.
Коңшу Өзбекстанда кумарканаларга башынан эле катуу тыюу салынган. Бул маселе президент И.Каримовдун өзүнүн көзөмөлүндө. Казакстан болсо эми ойгонуп кыса баштады. Орусиянын кумарчылары Украина, Беларусияга кире качты эле, алар да жоголгула деп үндөрүн ачуу чыгарып, биздегидей тогуз айды күтпөй эле кабыл алынгандын эртеси иштей турган мыйзамдарын жарыялашты. Грузияда болсо мындан төрт жыл илгери эле кан буугандай тыйылган. Ошентип Кыргызстан бүтүндөй КМШ алкагында казино дегенде катын-баласын унуткандардын клондайкына айланган.

Акыл-эске баш бербеген азгырык
Учурда Кыргызстанда лицензиясы бар 21 казино күнү-түнү күркүрөп иштеп жатат. Анын 14ү Бишкекте. Калганы облустарга тамырын жайып кеткен. (Ошто 4, Жалал-Абадда 1, Чүй облусунда 1, Баткенде 1). Баарыдан мурда казинонун "карындашы" оюн автоматтарынын саны республика боюнча 2063тү түзөт. Өткөн жылдын он айында эле бул казинолордон жана оюн автоматтарынан патенттик негизде 403,4 млн.сом түшкөн. Буга сүйүнүштүн кереги жок. Анткени анын артында канчалаган жүрөк сыздаткан тагдырлар, карек соолуткан кайгылар жатат.
Психологдор кумарканалар жайгашкан чоң-кичине шаарлардын калкынын 0,5тен 1,5 пайызы бул жайларды айланып өтө албай, алардын ач тырмагына илинээрин аныктап чыгышкан. Калкынын саны 1 млн.дон эбак ашкан Бишкек шаарынын 1 эле пайызы казино, оюн автоматтарына тартылган деп эсептесек, бул трагедиянын масштабына акылың жетпей кетет. Ошону менен Бишкек шаарындагы 1439 оюн автоматтары көбүнчө акыл-эси токтой элек, ар нерсеге кызыгуусу артып турган жаш балдарды ажыдаардай оп тартууда. Атайы аңдып тургансып мындай жайлардын мектептерге жакын, балдар көп өтүүчү тогуз жолдун тоомуна турушу да бекер эместей. Жанагы мектеп рекэти аталган кылмыштардын чыгыш төркүнү да ушул жакка барып такалат. Кандай жол менен болсо да (ата-энесин алдоо, анын айынан калп айтканга көнүү, үйдөн буюмдарды уурдап сатуу, кылмышка баруу ж.б) акча табууну көздөгөн өспүрүмдөр эмнеге гана барышпайт. Ал балдардын сабактан жетишүүсү жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес. Натыйжада канчалаган балдардын келечек тагдырына балта чабылып, жашабай жатып өз башына, ата-эне, жакындарына түйшүк үйүүдө.
Азыркы мезгилде мектеп балдарын азыткыдай азгырып жолдон чыгарып, ар кандай кылмыш кылууга чейин жеткирген оюн автоматтары жетпеген республикабыздын булуң-бурчу калбаса керек. (Бишкекте 36, Чүйдө 6, Таласта 4, Ошто 4, Баткенде 3, Жалал-Абадда 3) Эгер элибиздин эртеңин ойлосок, буларды тогуз айдан кийин эмес кечээ жабышыбыз керек эле. Тилекке каршы, саясаттан башы чыкпаган бийлик, анын айынан акыл-эси аңгыраган коом, дегеле Кыргызстанды илгери сүрөгөн аң-сезимдүү күчтүн жоктугу ушул акыбалга алып келди. Ал эми жанагы казинолордун башында кимдин болбосун оозун майлап жиберип, бас-бас кылып койгонго кудуреттүү, таасирдүү адамдардын тургандыгын тануу кыйын.

"Күйөөм казиного 120 миң доллар уттурду"
Казино, оюн автоматтарынын бир кирип чыккан адамды арбап алып, акыры лудомания же гемблиг деп аталган психологиялык ооруга чалдыктырган анты бар. Андай адамдар үчүн жашоонун кызыкчылыгы бир гана кумар болуп калаарын психологдор далилдешкен. Бул медицинада алкогол, наркомания сыяктуу оору катары кабыл алынат. Атайын дарылоого муктаж. Аларды үй-бүлөнүн, бала-бакырасынын, жакындарынын тагдыры ойлондурбайт. Дайыма депрессиялык абалда болушат. Атургай өз жанын өзү кыйууга барышат.
Мындай ооруга чалдыгуу кокустугу Американын Улуттук ассоциациясынын иликтөөсүндө ар бир эле адамдын башында бар. Алардын айтымында, жер шарынын кайсы гана адамы болбосун алкаш болуп кетүүсү 38 пайыз, кылмышкер болуп кетүү 6 пайыз болсо, кумарчылык оорусуна (лудомания, гемблиг) чалдыгуу тобокелчилиги 48 пайызды түзгөн. Демек, ар бирибиз казино, оюн автоматтарына азгырылсак, андан чыгуу кыйын окшобойбу.
Бишкекте "Сезим" кризистик борбору аталган коомдук уюм бар. Бул жакка турмушта ар кандай кыйын кырдаалга кабылган адамдар көп кайрылат. Анын жетекчиси Бүбүсара Рыскулова дал ушул казино, оюн автоматтарынын кесепети тууралуу коомчулукка коңгуроо каккандардын бири. Бүбүсара эженин айтымында, казино, оюн автоматтарынын азабынан үй-жайынан ажыраган, турмушу бузулган, көчөдө калган адамдар миңдеп саналат. Атургай мыдырын калтырбай уттуруп жиберип өз жанын кыйган фактылар бар экенин айтат. Бул борборго келип түшкөн арыз-муң каттардан бирин-экин мисал келтирели.
Рахат Закирова, Ош шаарынын жашоочусу: "Менин иним 1,5 жылдан бери оюн автоматтарын ойноп, биздин үй-бүлөдө тынчтык кетти. Өзүбүз жөнөкөй, жумушчу үй-бүлөбүз. Атабыз пенсионер. Атам-энем инимдин келечегин ойлоп уктабайт. Минтип какшагандар ар бир үчүнчү-төртүнчү үйдө кездешип калды. Дагы бир-эки жылда Кыргызстандын ар үй-бүлөсүнүн көз жашын төгө турган, ошол эле учурда айрым адамдардын капчыгын толтурган мындай ыплас бизнести кантип жок кылабыз?!"
Айгүл Бообекова, Ош шаары: "Менин 50 жаштагы байкем алты жылдан бери ойнойт. Аргабыз калган жок. Бизге окшоп жабыркап, зар какшап жүргөндөр жүздөп, миңдеп саналат. Мунун артында ажырашуу, өлүм, уурулук турат".
Дагы бир Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз деген айым мындай деп билдирген: "Менин жолдошум казиного 120 миң доллар уттуруп койду. Азыр үйдү сатып квартиралап калдык. Дагы кутула элекпиз. Ал акчасы көптөн барган эмес. Бир кирип алгандан кийин ар кимден карыз алып бара бериптир. Аягы барып ушул болду".
Бул каттарды, армандарды кабырга кайыштырбай окуй албайсың. Казино, оюн автоматтары 20 жыл аралыгында далай жарандарыбызды жыландай соруп ийгенин эми аңдап отурабыз. ЖК тыюу салган мыйзам тогуз айдан кийин күчүнө кирээрин жогоруда айттык. Андыктан ага чейин дагы эчендеген тагдырлардын сынышына, гүлдөй күбүлүп түшөөрүнө жол ачылат. Дегеле, мыйзам күчүнө кирген күндө деле казино, автомат оюндарынан арыла коебуз дегендин өзү да туура эмес. Алар бир киргенден кийин чыкчу эмес эле. Андыктан эң жакшысы, ойнобой эле кой дегенден башка эмнени айталы.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-19



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??