presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

Депутаттар Кумтөргө неге көп барышат?
Жума башында экономика, инвестициялар жана туризм комитетинин депутаттары таанышуу ирээтинде "Кумтөр"алтын кен ишканасына сапар алды. Аларды кызыктырган башкы маселелер экология, эмгек шарттары жана жумуш коопсуздугу болду. Чогуу барган журналисттер "Кумтөрдүн" чегинде гана эмес башка көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашканга да жетиштик.


Бишкектен медициналык кароодон өтүп, бийик тоолуу жерде өзүн алып жүрүү эрежелери менен таанышкандан кийин эл өкүлдөрү 4000 метр бийиктикке чыктык. Буга чейин кенди көрө элек депутаттардын ишкана тууралуу пикири негизинен эл арасында айтылып жүргөн жөө жомокторго, ММК маалыматтарына негизделген. Андыктан сапар кызыктуу болору күтүлгөн. Ишкана боюнча экскурсия кен жайгашкан карьерди көрүүдөн башталды. Адистер иштин шарттары, күнүнө канча тонна руда казылып, канча көлөмдөгү алтын алынарын түшүндүрүп жатты. Башка кендерде алтынды суудан чайкап аларын көрүп-билип жүргөндөр үчүн бул жерде алтынды ташты ундай майдалап бөлүп алууда чөнтөккө катып кете турган шарт жок экенине ынанышты. Өлкөдөгү эң чоң жүк ташуучу унаа - катерпилердин жанында сүрөткө түшүшүп, иштин коюлган масштабдарына баа берилди. Алтын бөлүп алуучу фабрикага киргенде технологиялык процесстер экинчи орунга чыгып, ал жердеги кызматкерлердин иш шарттары, айлык акысы, коопсуздук маселеси көтөрүлдү. Депутат Равшан Жээнбеков "экология, иш шарттары жана коопсуздук негизги каралуучу жагдайлар" деп баса белгилеп жатты. Кийинки бара турган жер Петров мөңгүсү менен анын этегиндеги көл. Ал жерге унаа менен жеткиче жол кыскарта депутаттарга алардын ишиндеги жетишкендиктери тууралуу кеп салуусун сурандык. Алардын айтымында, бийлик алмашканы жалпы элдин турмушу биртоп оңолуп, ийгиликтер көп экен. "Жакын арада түштүктө болуп, ал жердегилер эски саман үйлөрдү бузуп жаңы кирпичтен тургузуп, ар бир короодо машине токтоп турат. Андан сырткары, мугалимдер менен врачтардын айлык акылары көтөрүлдү" деп бакылдашты. Андан берки базар баалардын өскөнү, колунда жок адамдардын турмушу дагы начарлап жатканын айтсак, андай эмес деп кызуу талаш чыкты.
Аңгыча Петров көлүнө да жеттик. Анын суусу фабриканын иштешине жана турмуштук керектөөлөргө пайдаланаарын билгенде, айрым депутаттар "Кумтөрдөн" суу үчүн акы алуу керек деген божомолдорду да айтышты. Мына кызык, айрым бейөкмөт уюмдар тескерисинче, көлдүн суусу толуп, ташкындоо коркунучу бар деп "Кумтөргө" доо коюп, ишканадан суунун деңгээлин күндүр-түндүр көзөмөл кылууну талап кылып жүрүшсө, эл өкүлдөрү киреше түшчү жагын эле көрүп жатышты. Эколог адистер мыйзамдарды, шарттарды түшүндүрүүгө аракет жасап жатты.
Калдыктарды сактоочу хвосто-хранилищеге баратып кызуу талаш кайрадан уланды. Комитетте ар кайсы партиянын өкүлдөрү болгондуктан оппозициялык блоктон баргандар талашта журналисттердин тарабына өтүп, тамаша аралаш сын бийликке мөндүрдөй жаады. Чычалап кетиштиби, айтор, "бизге суроо-талап койгондой кимсиң, кайсы гезиттен келдиң, жаш туруп улуу адамдар менен талашуу болбойт" деген нукка өтүштү. "Гезитке тиешеси жок эле жеке жарандык позицияны билдирүүгө, бийликтин өкүлдөрү болгондуктан учурдан пайдаланып сурап калууга болорун, алар бизге жооп бергендей алар эл өкүлдөрү, орусча айтканда "слуги народа" деген сөздөрдөн кийин ортодо таарыныч сыяктуу ыңгайсыз абал пайда болуп, дискуссиябыз ошону менен токтоду.
Салыштыруу үчүн башка алтын кендер тууралуу суроо салсак депутат Дастан Бекешев башка алтын кендерин иштеткен компаниялар тууралуу аз кабардар экенин айтып, ал жердеги экологиянын абалын "Кумтөргө" ат тезегин кургатпай келген коомдук жана бейөкмөт уюмдар барбай жатканына кабатырланды. "Тилекке каршы, мен башка алтын кен компаниялары жөнүндө билбейм. Ушул сапардан кийин Р.Жээнбеков менен "Макмал алтын" кенине барып келүүнү пландадык. Анткени мамлекеттик ишкана алтын казып жатып жылыга ири чыгымдар менен иштеп атканы казус. Же мисалы, Кумтөрдөн ары жайгашкан Тоголок алтын кенинде экологиялык абал кандай экенин, кытайлыктар ал жерди кантип иштетип, калдыктарын кантип жашырып жатканын эч ким билбейт. Андан сырткары, чет элдик инвесторлорго каршы уюштурулуп жаткан митингдер саясый упай топтоо же дагы башка түрдөгү пайда үчүн уюштурулуп жатат. Митингдер ыкмасын мен шантаж деп түшүнөм. Эгер ишти туура уюштура билсек кен иштетүүдөн калк митингге чыгуудан алда канча көп пайда аларын түшүнүүсү зарыл".
Депутаттар өз ара "Центерра Голд Инк" менен келишимди да талкуулап, аны Кыргызстандын пайдасына дагы өзгөртүү киргизүү жолдору бар болду бекен деп кеп салышты. Анда Равшан Жээнбеков мыйзам чегинде азыр андай мүмкүнчүлүк жок экенин, башкы ката "Камеко" корпорациясы жаңы келгенде Акаевдин тушунда, кийин Бакиевдин тушунда дагы бир жолу коррупциялык схемалар боюнча түзүлүп келгенин, мындан ары жаңы келип жаткан инвесторлор менен иштөөдө ачыктык жолуна өтүү мүмкүнчүлүктөрүн айтты. "Маселен, Таластагы Андаш алтын кен ишканасы бизге ачык эле Бакиевдер компаниянын 20%ын алып койгонун айтышып, ал үлүштү азыр өздөрү кайтарып берип атышат. Балким жаңы бийликтин келиши менен аларда кандайдыр бир ишеним пайда болуп жасаган кадамы. Азыр биз, коомдук уюмдар, ММК өкүлдөрү өкмөттөн ачык-айкын, эффективдүү иштегенди талап кылышыбыз керек". Анын айтымында, инвесторлорго каршы чыгып жаткан элдин артында пайда көрүүнү кызыккан тараптар турат. Эгер кен иштетүүгө лицензия берүү алдында жергиликтүү бийлик, эл менен бир ооз кеңешип, чечим алууга катыштырса нааразычылык чыкпайт эле. Ал мисалга Монголия менен Алясканы келтирип, ал жердеги тоо-кен ишканаларынан түшкөн кирешенин бир бөлүгү жергиликтүү калктын фондуна түз которуларын айтты. "Жылдын аягында акчаны жол салууга же мектеп курууга жумшайбы же өз ара акча түрүндө бөлүшөбү, эл өзү чечет. Ошондой болгондо инвесторлорду душман көрбөй, аларды алаканга салып, өнөктөш катары мамиле түзүлөт" деп божомолдоду. Айтылган сыяктуу ыкма бизде да бар. "Ысык-Көл облусунун социалдык өнүктүрүү фондуна" "Кумтөрдөн" жылына миллиондогон сомдор которулат. Бирок Д.Бекешев белгилегендей, ал фонддун акчалары рационалдуу эмес пайдаланылып, эч кандай жаңы ишканалар уюштурулбай желип кетип атат. Муну ким көзөмөлгө алышы керек? Албетте эл өзү да демилге көтөрүп чыгышы зарыл. "Кумтөр" долбоору 12 жылдан кийин аяктаса оңой акчага көнүп калган элге бутка туруу кыйын болору түшүнүктүү.
Эл өкүлдөрү иш сапарын жатаканаларды көрүп, ашканада түштөнүү менен аякташты. Таанышуу ирээтинде гана болсо да алар маанилүү деген суроолоруна жооп алышып, экологияга ар тараптуу көзөмөл күч экен деген тыянакка келишти. Ага кепилдик катары ар бир сатылган унция алтындын баасынан Лондондогу атайы фондго акча топтолуп жатканын айтсак болот. Ал каражат алтын казылып бүткөндөн кийин калдыктарды сапаттуу, коопсуздугун толук камсыздап туруп жерге бекитүү үчүн колдонулат. Долбоор аяктаганга чейин Кумтөр да, Кыргыз мамлекети да ал фонддогу каражатка тие албайт. Депутаттар "биз, кыргыз эли, компаниянын артынан эмес, инвестордун артынан эмес, бизге келчекке кепилдик бере турган бийликтин артынан аңдышыбыз керек" деген ойлорун билдиришти.
Пикирлердин кагылышуусуна бай экскурсиядан кайтып келатканыбызда дагы бир депутаттардын тобу күтүлбөстөн "Кумтөрдүн" эшик алдына келип калганынан кабар алдык. Көрсө, ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоева 11 адамдан турган топтун коштоосунда өкмөттүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы ?413-б буйругунун негизинде кен ишканасындагы ишмердүүлүктүн экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүү үчүн барыптыр. Бирок комиссияга ишкананы 2011-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин комплекстүү изилдөө жүргүзүү көрсөтүлгөн, комиссия болсо көрсөтүлгөн мөөнөттө жетишкен эмес. Компания 21-сентябрдан кийин барууну сунуш кылып, мөөнөттү которуу жөнүндө сунушу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиев мырзанын дарегине 2011-жылдын 16-сентябрында кат жөнөтүлгөн. Бирок Э.Иманкожоева компаниянын өкмөт менен кат алышуусу боюнча маалыматы жок экенине шилтеп, аларды ишканага тоскоолдуксуз киргизүүнү талап кылыптыр. "Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат" дегендей, атайы медкароодон өтпөй, аларды тосуп алчу адамдар жоктугуна байланыштуу меймандар кайра ылдый жөнөтүлгөн. Болгондо да аларды ишкана Тамга айлындагы конок үйүнө жайгаштырып, алар үчүн эртеси атайы медициналык кызматкерин жөнөттү. Бардык талаптар аткарылгандан кийин ишканага такталган тизме боюнча баруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "Вести.kg" маалымат булагына берген комментарийинде кен ишканага баруунун атайы тартиптери жана шарттары бардык тараптар менен сакталышы керек жана Иманкожоеванын коштоосундагы топ алдын ала билдирүүсүз келгени үчүн медициналык кароодон өтүүгө жөнөтүлгөнү туура. Ошол учурда ал өзү эч кандай тоскоолдуктарсыз эле ишканада болгонун баса белгиледи. "Кумтөрдөгү инвесторлордун башка кендерди да иштетүүгө пландары бар экенин билчүмүн. Бирок болуп жаткан башаламандыктардын кесепетинен чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайына инвестициялоого ниети деле калбаса керек" деген оюн айтты.
Депутаттардын биртобу узай электе экинчиси келип, аларга чейин 23-24-июнда депутаттардын башка тобу да текшерүү менен барып кеткени көптөгөн суроолорду жаратат. Өзгөчө өз ден соолуктарына тобокел келтирип баргандардын максаты кандай? Депутаттар бири-биринин үстүнөн көзөмөл кылууга аракеттенип жатышабы? Же аты белгилүү ири ишкананын айланасында аракет жасоо чындап саясый упай же башка пайда өндүрүүнүн оңой жолубу? Болбосо алтын өндүрүүгө берилген ондогон лицензияларга ээ башка ишканаларга депутаттардын барганын эмнеге укпайбыз да көрбөйбүз?
Нуржан АЛЫМКАНОВА, сүрөттөр М.Кимсановдуку







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??