presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кырдаал

Кыр ашпаган кыргыз тил
Ушу жумада "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамына" (1989-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган) 22 жыл толду. Кыргыздын тилде сөөк жок деген ылакабы бар. Ушул аралыкта мамлекеттик тил боюнча эмне деген гана сөздөр сүйлөнгөн жок. Бирок көзгө көрүнүктүү жылыштар байкалбайт. Кур дегенде тилибизди кандай жол менен өнүктүрсөк майнап чыгаарын тастыктаган тажрыйбага да ээ боло албадык.

Кыргыз тилин, ааламга атыбызды тааныткан Манастын тилин башка элде эмес өзүбүздүн карачечекей Кыргызстанда толук кандуу колдонулушуна жетишүү үчүн баарыдан мурда саясый эрк, көсөмдүк талап кылынабы деп калдым. Муну кыргыздын чыгаан уулу, көсөмү Исхак Раззаковго барып такалган жагдайлардан улам айтууга мажбур болуп жатам. Кайран киши айтылбаган менен шовинисттик саясат тымызын гүлдөп турган СССРдин тушунда да кыргыз тилине канат бүтүрүп, анын кеңири кулач жайышына өбөлгө түзүп кетиптир. Өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин (Исхак Раззаков иштеп турганда) кыргыз тили бардык ЖОЖдордо (техникалык, гуманитардык) окутулуп, кандай гана мектеп болбосун кыргыз тили сабактарынын сааты көп болчу. Натыйжада бүгүнкүдөй тил эле тил деп өңгөчүбүз үзүлчүдөй кыйкырбай эле, кыргыз тили кеңири колдонулуп, башка улуттар алда немедей билип калышкан. Акыры улуу адамдын түбүнө дал ушул аракети жетти окшойт.
Ошондон кийин кыргыз тили оңбой калды. Андагы Фрунзе, азыркы Бишкекте кыргызча окутуучу бир гана ?5 мектепте калып (учурда гимназия), кыргыз тили Ала-Тоонун ар кайсы кокту-колотуна кире качты. Байкуш кыргыз тили борбордон сүрүлүп, же орус эмес, же кыргыз эмес киргиз аталган бүтүндөй бир муун өсүп чыкты. Буга алар күнөөлүү эмес эле. Система күнөөлүү болчу. Бир жагынан орус тилин жакшы билбегендер кызматтан өсчү эмес. Иш кагаздары жалаң орусча болсо кайда бармак? Ошентип кыргыз болгонуң үчүн башты төмөн салган күндөрдү да көрбөдүкпү. Азыр деле бул көрүнүш табында. Орус тилин билмейин оожалбайсың.
Макул, ал учурга система күнөөлүү экен. Эгемендик 20 жылыбызда кыргыз тилин кыр ашыра алдыкпы деген суроону өзүбүзгө коюуга мезгил келди. Тетирисинче кыйратып алдыкпы деген күмөн саноо турат менде. Мунун себеби мамлекеттик башкаруудагы саясый эрктин жоктугунда жаткансыйт. Тил мыйзамын кабыл алганда 1999-жылы толук мамлекеттик тилге өтүү керек деген талабы бар болчу. Аны ошол мыйзамды кабыл алгандын эртеси эле унутканбыз. Ошону менен борборду айтпайын, 20 жыл аралыгында айылдык мектептерде кыргыз тили жөндүү окутулбай калды. Айлыктын аздыгынан кыргыз тили, адабияты мугалимдери мектептерден безе качышты. Качпагандары колдорунда жетиштүү усулдук китептер, көрсөтмө куралдар жоктугунан эптеп-септеп окутумуш болушту. Кыргыз тилинин кереметин туйдурган адабий көркөм чыгармалар элге жетпеди. (Детектив жанрындагы тили келегей, тарбиялык мааниси тайкы китептерди эске албаганда). Мунун кесепетинен айылда туулуп-өскөнүнө карабай кыргыз тилин чачырата сүйлөй албаган, сөздүн даамын сезбеген, кадырын туйбаган бир нече муундар өсүп чыкты. Ал эми президент Роза Отунбаева баштаган улуттук элитанын тил деңгээлине кирип кетсек, жакында чыга албайбыз. Кыргыз тилине күйүп-бышкан окумуштуулар учурда К.Юдахиндин 80 миң сөздөн турган сөздүгүнүн 20 пайызын гана колдонуп калганыбызды айтып чыгышкан. Улуттук трагедия ушул эмей эмне.
Саясатка келсек, убагында А.Акаев Ф.Куловду президенттикке өткөрбөш үчүн кыргыз тилинен экзамен берүү эрежесин киргизген. Абайласак ажолук такты кызганам деп жатып өзү билип-билбей бир жакшы иш кылып кетиптир. Көрсө, мамлекеттин башына эне тилин мыкты билген, элинин дилин жүрөгүнөн өткөргөн, ал үчүн күйгөн, тилди өнүктүрүү үчүн саясый эрки жеткен И.Раззаковдой адам келиши керек экен. А.Акаев тилди жакшы билчү, бирок дили жакшы болбой калбадыбы. Башкы көч каякка кетсе, соңку ошону ээрчийтке таянсак, азыркы президент болчумун дегендердин кыргыз тилинен экзамен берип жатышы туура эле болуп жаткандай. Жыйырма жыл аралыгында кыргыз тили боюнча маңдайга кармаар, деле жаңылып-жазбаган эрежебиз ушул президенттикке кандидаттарды электен өткөрүү болуп калды. Анткени саясат жыттанып турбайбы. Саясат дегенде жантыгынан жата калган дартыбыз бар эмеспи.
Керте чаап айтканда 20 жыл аралыгында кыргыз тилин ар тараптуу өнүктүрө турган туруктуу концепцияны, аны коргой турган күчтүү мыйзамдарды иштеп чыга албадык. Бирок кыргыз тили деп үнүбүз бүткөнчө айкырганды жакшы өздөштүрдүк. Калп айткан менен болобу, тилибизге күйбөйбүз деле. Мына ушул эле жай айларында "Готовьте себя к лету" деген реклама илинип турду. Аны кыргызча "Өзүңө жайды камда" деп шумдуктуу которушуптур. Мунун чолок маанисине ишенсек, баарыбыз эле өзүбүзгө жай казып киришибиз керекпи? Эркин-эмин эле "Жадыраган жай мезгилге даярдан" деп которсо болбойбу. Мындай тантык тилдүү рекламалар карыш бассаң кашыңда турат. Коомчулуктан же тээ президентке барып такалган тил комиссиясы аталган тиешелүү органдан "кокуй, бул эмне деп дөөрүп жатат" деген бир сөз укпайсың. Баарыбыз кайдыгербиз. Андыктан жыйынтыксыз көп сөздүн кереги не…
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Саламаттык тармагындагы сабырсыздык

Накен КАСИЕВ:
"Министр Сабыр Жумабеков мени жеке таарынычынан улам жумуштан алды"

- Накен мырза, жакында сиз улуттук онкология илим-изилдөө борборунун директорлук кызматынан алындыңыз, себеби эмнеде болду?
- Мен бул кызматта эки жыл иштедим. Биринчиден, ар бир кызматкер кайсы бир мотивдин негизинде иштен алынышы керек эле. Мен негизсиз кызматтан алындым деп ойлойм. Себеби эки жылдын ичинде биртоп иштер жасалды эле. 2009-жылы ошол кездеги саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов мени чакырып, "онкология борбору кыйын акыбалда калды, аталган оорукананын жамааты эки-үчкө бөлүнүп, бири-бири менен араздашып, жакынкы жылдардан бери иш жүрбөй атат. Сиз чоң менеджер катары өзүңүз келип, биринчиден,жамаатты ынтымакташтырып, экинчиден, азыркы кезде поликлиникадан баштап жыйын залына чейин ашмалтайы чыгып калган ушул тармакты көтөрүп беришиңизди суранам" дегенинен мен бул сунушка макул болгом. Чынында ал убакта онкологияда акыбал өтө оор болчу. Жамаат үчкө бөлүнүп кайра-кайра өкмөткө, президентке кайрылышып ызы-чуу менен жүрүптүр. Эң негизгиси, ошол убактагы материалдык база, медициналык аспаптар менен жабдуу, айрыкча жаш кадрларды окутуу, чет мамлекеттер менен болгон байланыш үзүлүп, бул борбор улуттук деп аталганы менен жөнөкөй эле райондук ооруканадан да төмөн акыбалга келип калган экен. Анан мен мурун көп жыл саламаттык сактоо министри болуп иштеген адам жана кандай болгон күндө да өз элимдин патриоту катары жаман абалда калган тармакты эки жылдын ичинде калыбына келтирүү үчүн аракет кылдым.
- Мисалы, кандай иштер жасалды?
- Ушул жылдар аралыгында биз поликлиниканы, административдик корпусту, мындан тышкары операция жасала турган жана кайра жандандыруучу бөлүмдү оңдодук. Гинекология бөлүмүн толугу менен реконструкция кылдык. Ошондой эле көп жылдан бери иштебей калган дарыкананын имаратын кайра жасап чыгып, аны ишке салдык. Өзүбүз кээ бир дары-дармектерди чыгара баштадык. Мындан тышкары акыркы он жылдыкта жоюлуп кеткен дартты аныктай турган бөлүм бар эле, аларды кайра топтоп, бир жерге жыйнап, беш миллиондон ашык сомго аппаратура, жабдыктарды алып, кадрларды тандап аны ишке киргиздим. Онкология борборунун эл-журтка көрүнө турган бир жыйын залы бар эле. Анын төбөсү түшүп калган экен. Аны оңдодук, учурда ал жерде бардык иш-чаралар өтүүдө. Ошол эле учурда оорукананын ашканасынын, өлүктөр сакталуучу жайдын ремонту мына азыр бүтүп жатат. Быйылкы жылы да химиотерапия, реабилитация жана шишикти алдын алуу бөлүмү кайра жасалып жатты эле. Негизи мен бул кызматка келгенден бери ага чейинки тажрыйбамды пайдаланып, эл аралык атом-энергетикалык борбор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, компьютердик томография жана башка 1 млн. доллардан ашык каражатка заманбап техникалар келди. Аларды ишке салдык. Кыскасын айтканда биртоп иштер кылынды эле. Бирок ошого карабай иштен бошотуп койду.
- Саламаттык сактоо министринен эмне үчүн жумуштан кеткениңизди сурадыңызбы?
- Эс алуудан чыккандан кийин биринчи күнү ишке чыкканымда министр Сабыр Жумабеков түш ченде чакырып, жумуштан бошотконун айтты. Мен министрден кандай мотив менен жумуштан кеткенимди сурасам, ал мага "сиз министр болуп турганда мага эки жолу бут тосуп, менин карьералык өсүшүмө жолтоо болгонсуз. Биринчиден, мен курортология институтунда директордун орунбасары болуп туруп директор болоюн дегенде сиз менин талапкерлигимди суранып алдырып таштагансыз. Экинчиден, мени өкмөт министрдин орунбасары кылып токтом даярдап койгондо сиз мамлекеттик катчы болуп туруп ал сунушка каршы болгонсуз" дейт. Мен ал учурда директор шайлоо менен келгендиктен мүмкүн анда ошол кездеги директорду колдогондурмун. Ал эми министрдин орунбасары кызматына кимди коерду мурун да, азыр да эч ким мамлекеттик катчыдан сурабайт дедим. Андыктан министрге бул менден өч алуу болуп каларын айтып, атыңыз да Сабыр экен сабырдуулук менен иш кылбайлыбы иним, эгер эле менин ордум керек болсо мен жылдын аягына чейин иштеп, жыл жыйынтыгын чыгарып, анан ордумду өткөрүп берейин дедим. Ага да болбоду. Жумабеков "жок, мен сизди бир жыл мурда эле алып салмакмын, бир жыл бергениме рахмат деңиз" деди. Анан министрге бул мага карата жасап жаткан ишиңиз атуул катары да, өкмөт мүчөсү катары да туура эмес болду деп чыгып кеттим. Башка эмне демек элем.
- Анда сиз министрдин жеке таарынычынан улам гана жумуштан алынган экенсиз да?
- Жеке таарынычынан улам мыйзамсыз жумуштан алындым.
- Жумуштан бошотуу боюнча эмгек кодекси, мыйзам деген бар эмеспи. Ал жагы кандай болду?
- Мен убактылуу аткаруучу болуп тургам. Андан кийин шайлоо болмок. Шайлоону Саламаттык сактоо министрлиги уюштурмак. Аларга мен эки жолу шайлоону өткөрөлү деп кайрылгам. Бирок Башмыйзам өзгөргөнүнө байланыштуу бул кызмат ордун дайындоо боюнча да мыйзамдар өзгөрүп, мүмкүн онкология институтунун директору шайлоо жолу менен, болбосо өкмөт башчысынын токтому менен бекитилет, азыр кое туралы деп келишкен.
Мелис САМАГАНОВ









кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??