presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Сомалини казак багат
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Бишкекке келгенинде Кыргызстан-Казакстан биргелешкен өнүктүрүү фондуна 100 млн. доллар берип сүйүнтүп кеткен. Аталган фонд эми эки өлкөнүн экономикасына бирдей иштейт. Ошол эле учурда казак баурдастар алыскы Африкадагы Сомалинин экономикасын көтөрүүгө, дары-дармектерди сатып берүүгө, азык-түлүктөр менен камсыз кылууга 350 млн. доллар салганы белгилүү болуп калды. Бул боюнча президент Н.Назарбаев ООНдун трибунасынан жар салды. Эми анысы туура да. Бизге ошончо каражат салса кайсы трибунадан айтмак эле.

Пакистанды кантсек, ыя?!
Кыргызстан ООНдун туруктуу эмес мүчөсү болууга күрөшүп жаткан кербези. Бул жөнүндө Нью-Йоркто жүргөн президент Роза Отунбаева өзү билдирди. Президенттин айтымында, бул орунга 1997-жылдан бери эле күрөшүп келе жатыптырбыз. Бирок 187 млн. калкы, ядролук куралы бар Пакистан бизге бут тосчудай. Анчалык чоң өлкө болгондон кийин алакандай Кыргызстан менен атаандашпай эле койсо эмине, атан төө тайлагы менен жарышкандай болбой.

УӨ неге "тез" иштеген?
Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүүгө жалпысынан 232 лицензия берилсе, анын 193үн убактылуу өкмөт кыска мөөнөттүн ичинде кармата берген. Мынча уруксат берүүчү документти УӨ кандай негизде бергени албетте, түшүнүксүз. Илгери Кумтөргө лицензия Жогорку Кеңештин макулдугу менен берилсе, азыр өзүмбилемдик орун алган. Байлыгынын жалпы суммасы 10 млрд. АКШ долларынан ашып түшкөн Сандык, Жетим-Тоо кендерине өкмөт өзү каалагандай лицензия бергени элге да, эл өкүлдөрүнө да жакпай турат.

Борончунун болбой калган бороону
Президентке кандидаттык ээринен кулап түшкөн куудул Борончу Кудайбергенов жыгылган жерин ушалап, жыла басып келип оңду-солду маалымат бере баштады. Айтымында, кокус өтүп кеткенде алдыңкы атаандаштар менен дебатка чыгып абийирлерин айрандай төкмөк экен. Аларды ооз ачырбай, эл караган жүзүн жер карата турган фактыларым көп эле дейт. Анча фактыны кайдан алдың дегендерге эл арасына концерт коюп жүргөндө элден угуп жыйнап жүрүптүр. Ошентип Борончунун бороону болбой калды.

Бажы союзунан бак ачылбайт
Кыргызстандын ишкерлери бажы союзуна кирем дегениңерди басаңдата тургулачы деп жатат. Ага кирсек биринчи кезекте товар өндүрүүчүлөргө жакшы эле болгону турат, бирок соода-сатык, ага байланышкан экономикалык операциялар менен алектенгендерге кыйын болуп калат дейт алар. Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков өтөт деген ушу экен деп аяк-башты карабай кирип кетпей, кичине аярлап, акырындык менен өтсөк дурус болор эле дегенди билдирди. Эмне болсо да жети өлчөп бир кесчү маселе окшойт.




  Крим-аалы

Билгендер эле кылды
Улуттук университеттин алдындагы кыргыз-кытай университетинде тоноо болду. Окуу жайдын күзөтүндө турган С.Раимбековдун башына кагаз баштык кийгизип, колу-бутун таңып жертөлөгө таштап салышкан. Андан кийин кылмышкерлер директордун кабинетине кирип сейфке бекитилген акчаны шыпырып кетишкен. Муну менен эле тим болбостон, бухгалтериядагы сейфти сыртка көтөрүп чыгып талкалашып, андагы акчаны да ала кетишиптир. Бул кылмышты акча тууралуу маалыматы бар адам эле кылды деген божомолдор бар. Эмнегедир бул кылмыш 10-сентябрда болсо да азыр гана ачыкка чыгып отурат.

АКШда кыргыз жигит каза болду
АКШнын Гринсбург шаарында кыргыз жигитин ток уруп каза болду. Адыл Мураталиев келишим менен үч айга окууга келген. Визаны узартып убактылуу иштей турайын деген студент тамдын чатырын оңдоп-түзөөчү фирмага ишке орношкон. Жумуш учурунда ток уруп, жанындагы эки кыргыз бала да оор жаракат алышкан. Дароо бейтапканага жеткирилип чара колдонулган. Бирок Адылдын өмүрүн доктурлар сактап кала алышкан жок. Жанындагы балдардын бирөөсүнүн буту 90%га күйгөн. Экинчи баланын абалы аз да болсо жеңилирээк. Азыр сөөктү Кыргызстанга алып келүүнүн аракети көрүлүүдө. Америкадан келерим менен үйлөнөм деп тилек кылган Адыл 26-сентябрда 22 жашка чыкмак.

Күндө бир өлүм
Окуу жылы башталгандан бери 21 күндүн ичинде Кыргызстанда 142 жол кырсыгы катталып, 21 бала каза болду. Бул тууралуу ИИМ билдирет. Жыл башынан бери өлкөдө 593 жол кырсыгы катталган. Негизги себеби - айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузгандыгында жана өтө катуу ылдамдык менен жүргөндүгүндө.

Эмитеден ушинтесиңер…
Окуу жылы менен кошо мектеп окуучуларынын арасында "салык салуу" түшүнүгү да старт алууда. Бишкек шаарынын мектептеринин биринде милиция кызматкерлери алакөөдөн окуучуну акча алып жаткан жеринен кармашты. Ал ошол эле мектепте окуган өзүнөн кичүү балага салык салган. Өзүн Элдияр деп тааныштырган "салыкчыны" акча бере турган баланын байкеси колго түшүрүп берди.




  И-тагдаалы

Ажыга барсаң азыр бар
Кыргызстандын дин башкармалыгына арызданып келгендердин аягы үзүлбөй жатат. Анткени ажыга барат элем дегендердин саны өтө эле көп тура. Конкурстук негизде 51 ажы башчылары тандалып алынып, алар өздөрүнө тиешелүү аймактагы ажыга баруучуларды чогултушкан. Кыргызстанга болгон 4500 виза берилген болсо, 51 ажы башчы ашып барса 100 кишиден гана чогултушкан. Кечигип калгандар ушинтип нааразы болуп жатышыптыр. 2012-жылкы ажылык сапарга быйыл батпай калгандар эмитен эле жазыла беришсе болот.

Баатыр өлбөйт
Былтыр Ош окуясында киши колдуу мерт болгон Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Адыл Султановдун атын түбөлүккө калтыруу үчүн ага генерал наамын берүү сунушу менен маркумдун жердештери Жогорку Кеңешке кайрылышты. Жогорку Кеңешке кат жолдогондордун өтүнүчүндө Фурхат же Нариман айылына Адыл Султановдун ысымын ыйгаруу сунушу да камтылган.
Райондук милициянын башчысы былтыркы июнь окуясында Нариман айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал бул айылга жаңжалдашкан тараптарды арачалоо үчүн барган эле.

Ынтымак ыры ырдалат
Бүгүн Бишкекте улуттар аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө арналган телемарафон өткөрүлөт. Иш-чара "Дилибиз бир, тилибиз бир" деген ураан астында өтүп, аны Кыргызстан элинин ассамблеясы уюштурду. Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Былтыр Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагылардын арасында чыккан жаңжалда 400дөн ашык адам набыт болгон. Ушундай каргашалуу окуялардан алыс болуу үчүн жогоруда айтылгандай иш-чаралардын өткөрүлүшү жакшы жышаан.

Кыздары кыйын кыргыздын
Ноокат районунда Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине карата уюштурулган "Курманжан датканын 40 кызы" аттуу сынактын кароо туру өткөрүлдү. Аталган сынакка Ноокат районунун бардык айыл округдарынын атка жакшы минип, спорт оюндарына катышып жүргөн 40 кыз-келин катышып, алтоо облустук кароо-сынакка жолдомо алышты. Кароо-сынак негизинен кыз жарышы, ат үстүндө жаа атмай, кыз куумай сыяктуу оюндар менен өткөрүлдү. Ат үстүндө өнөр көрсөткөн кыргыз кыздарынын талантына таазим эткиси келгендер Курманжан датканын тоюна Алайга сапар тарта бергиле. Баса, адатта улуттук оюндар менен эле маараке-салтанаттар чектелип калса, бу жолу ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдун убадасы боюнча волейбол боюнча республикалык турнир өтүп, баш байгеге машине сайылары белгилүү болду. Буюрса, 3-октябрдан 10-октябрга чейин Алайда чоң той болгону калды окшойт.

Наның болсо, май жок
Быйыл өлкөдө 1 миллион 67 миң тонна буудай жыйылып алынды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 79,1 миң тоннага көп. Учурда жыйым-терим иштери 91,7 пайызга аяктап калды. Бир гектардан буудайдын өндүрүмдүүлүгү орто эсеп менен 22 центнерди түздү. Ал эми фасоль, пахта, жер-жемиштер былтыркыга салыштырмалуу аз болгон. Жаздын, жайдын ысык болгонунан түшүмдүүлүк азайганын адистер айтып жатышат.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??