presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ДҮЙНӨ күн
Айлакер аял
Москва алдындагы бир айылда кечинде келе жаткан 36 жаштагы айымды бир кылмышкер бычак такап зордуктап салат. Айлакер айым ал мырза жагып калганын айтып, колуң бошогондо чал деп телефонун берет. Кылмышкер номерди жазып алып көздөн кайым болот. Арадан биртоп күн өткөн соң жанагы шүмшүк аялга телефон чалат. Дарегин берип үйүнө чакырат. Гүлүн көтөрүп алып "свиданиеге" кудуңдап келген жигитти полисайлар кучак жайып тосуп алат. Он жылга эркинен ажыратылган кылмышкерге зордуктоо жана коркутуу деген пункттар менен айып тагылды.

Акча акылдан азгырат
Россиянын Волгоград облусунда Россия почтасынын кызматкери 7,5 миллион рубль менен кошо дайыны жок болуп кетти. Михайлов шаарынын карыларына пенсия берүү үчүн 9 миллион рубль жиберилсе, бир мүшөк акча колуна тийгенде эки көзү төрт болгон почточу айым 1,5 миллион көлөмүндөгү акчаны берип бүтүп, калган акча өзүмө пенсия болсун деп зыйт коюптур.

Аброюң кандай?
Американын Reputation институту дүйнөдөгү эң абройлуу, дүйнө эли сыйлаган адам катары баалангандардын тизмесин аныкташты. 25 өлкөнүн 50 миң бир нерсени билген атуулдарынан сурашкан адистер төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишиптир: Биринчи орунда Нельсон Мандела. Жалпы сурамжылангандардын 78,5 добушуна татыган Түштүк Африка Республикасынын экс-президенти дүйнө үчүн көп жакшылыктарды кылыптыр. Экинчи орунда швейцариялык теннисчи Роджер Федерер. Эмки саныбызда ушул спортчу жөнүндө кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк. Анткени, Медведев, Путиндер 43-44-орундарга татыганда Федерерди эмнеге мынча эл сүйөөрү кызыгууну жаратпай койбойт экен. 3-орунда миллиардер Билл Гейтс, Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг 20-орунда. Барак Обама 14-орунга араң татыса, британ премьер-министри Дэвид Кэмерон 34-орунда турат.

Жазанын жакшы түрү
Футбол күйөрмандарындай дүйнөдө топтошкон жиндилер болбосо керек. Бул жагынан англиялык фанаттар менен түрктөр өтө чуулуу келишет. Эки өлкөнүн курамалары беттешкен учурда стадиондун тамтыгы калган эмес. Бу жылы да түрк туугандарыбыз бош отурбады. Жыл башында "Фенербахче" клубу Украинанын "Шахтер" клубу менен болгон достук беттеште миңдеген адам футбол талаасына чыгып кетишип ызы-чуу кылышты эле, Түркиянын футбол ассоциациясы мындан кийин мурундарына суу жеткиче эркек күйөрмандар футболдук беттештерди стадиондон "живой" көрө алышпайт деген чечим чыгарып, аял кишилер менен жаш балдар беттештерди бекер көрөт деген жаңылык айтышты. Кече "Фенербахче" менен "Манисаспордун" беттешинде трибунада жалаң чыйылдаган үндөр чыгып, беттеш кызуу өттү. Стадионду толтуруп берген айымдарга футболисттер тизелеп отуруп ыраазычылыгын билдиришти.

Кыйын экен кытайлар
Гиннестин китебине кирүү үчүн эмнени гана кылышпайт. Айрымдары кыргыздардын деле колунан келчү нерсе. Бу жолу көзү жымшык кошуналарыбыз Чжанхуа шаарында 4645 мадырабашка скрипка карматып кечке машыктырып отуруп, 5 мүнөткө созулган чыгарманы аткарышып рекорддор китебине катталышты. Буга чейинки рекорд 1925-жылы Лондондо катталып, анда 4 миң адам болгон.

Жаткың келсе тынч жаша
Филиппиндин Минданао аралында эки айылдын эркектери бири-бири менен согушуп, тынч жашоону каалашпай калышкан. Жалаң тикмечилик менен алек болгон бул айылдардын айымдары жашыруун сүйлөшүп алышып, согуш токтомоюнча эркектериңер менен жатпайбыз деп отурушуп кагылышууну токтотушту.

Жамандан жарты кашык
Сауд Аравиясынын Даммам шаарына барып калсаңыз бир эрежени билип алыңыз. Ал жакта эми ресторандарда түгөтө албай калган тамагыңыз үчүн тамактын баасына барабар болгон айып төлөйсүз. Мындай айыпты кыргыздар төлөбөсө керек. Анткени, бул ресторандын тамактары укмуштуудай даамдуу анан жалаң эт экен. Бул кадамга баруунун себеби - ашыкча ысырапкорчулукка каршы жана калдыктарды азайтуу үчүн болгон.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??