23.09.11 - 20-бет:
  Күлазык


Кыргызда эмне көп? Ырчы көп. Беш күндүк ырчылар жыл өткөндө унутулуп, ырлары эстен чыгат. Чыныгы кыргыз таланттары өткөн кылымда өз өнөрлөрүн тартуулап, ырчы деген атты тебелебей аны татыктуу алып келишкен. Алардын талантына таазим эткендер чекеден чыгып ушул күнгө чейин чыгармаларын угуп келебиз. Мына ошондой таланттуу ырчыларыбыздын бири Гүлсүн МАМАШЕВА 63 жашында эл артисти наамын алып, 64 жашында элге концерт тартуулап отурат.

Гүлсүн Мамашева, КР эл артисти:
"Уулума эстафетаны өткөрсөмбү дейм"
- Гүлсүн эже, улуу небереңиз үйлөнүп жаткан учурда концерт бергени жатыпсыз. Сахнаны сагындыңызбы?
- Биз кыргыз сахнасында көптөгөн жылдардан бери келе жатабыз. Сахнада жүрүп пенсияга чыктык. Бирок сахнаны ээлеп алуу же кызгануу деген бизде жок. Жаштар да Кудай берген талантын көрсөтүшсүн. Биздин убакта эркиндик жок эле. Партия эмнени айтып, эмнени ырда десе ошону кылчубуз. Азыркы жаштарда бул жагынан эркиндик көп. Бирок бул нерсе бир чети сапаттын начарлашына алып келет тура. Биздин убакта катуу көзөмөл болуп электен өтүп турса, азыркы учурдагы ар кимдин өзүнүн каалаганын кылганы сапаты начарлап, сан жагынан эле алдыга кете бергендей туюм калтырып жатат.
Эркиндиктин жемишин мен да көрүп жатам. Азыркы обончулардын обондору биздин муундагы ырчыларга туура келбегендиктен, илгери ырдалбай калган ырларды алып чыгып отурам. Мурун ырдалып, кийин унутта калган илгерки композиторлордун ырларын казып чыгып ушул жылдын эсебинен он ыр жаздырдым. Мисалы, Абдырашит Бердибаевдин "Түшүмдө" деген ырын биз бала кезибизде угуп жүрчүбүз. Ошол ыр кийин ырдалбай калган эле, мен кайра экинчи өмүр берип жаздырттым. Ал кишинин көзү көрбөгөн азиз киши эле. Ошого карабай сонун чыгармаларды жаратып кеткен. Мен эски ырларды алып чыгып койсом, жаштар аны дагы башкача кылып ырдап элге жеткирет деген ойдомун. Ошондой эле Мукан Рыскулбековдун, Жумамүдүн Шералиевдин ырларын жаздырттык.
- Силердин убактагы техника менен азыркы айырмаланат эмеспи. Ыр жаздыруу жеңил болдубу?
- Азыркы учурда жаздыруу да башкача экен. Техниканын өнүккөнү менен ырчыларга оңой болуп калган турбайбы. Бирок, мен үн жаздырган балдардан суранып, менин үнүмдү тазалап, кооздобогула, эл таанып калган. Кандай ырдасам ошондой жазылсын дедим. Өткөндө мен жөнүндө теледен бир сааттык берүү кетти эле. Ошол жерде жаңы ырлардын айрымдары көрсөтүлдү. Көрүүчүлөр жакшы болду деп жатышат. Жаңы жаздырган ырларды радиого алып барып берсем алтын фондго алынганын айтышты. Бул деген, илгерки ырлар баары бир кыргыз жыттанып тураарынан кабар берет. Жаңы техника болобу, жаңы ыкма болобу, чыныгы кыргыздын ырлары кыргыз бойдон кала берет.
- Сизге эл артисти наамын кеч беришти деп айтып калышат.
- Эл артисти деген наамды мен татыктуу алдым. Кеч эмес, туура берилди. Жолдошум Бообек Ибраев көп жылдары театрлардын башкы режиссеру болуп иштеп келди. Мен аны менен кошо жүрүп театрдын дагы жүгүн көтөрүштүм деп айтсам болот. Ырчылыктын ысык-суугуна күйүп-бышып дегендей, наамды актап алдым деп ойлойм. Наам, сыйлык тийгенде, эл татыктуу алды деп айта тургандай болуш керек. Илгери союз убагында 50дөн өткөндөн кийин гана эл артистин беришчү. Бизде бир гана Болот Миңжылкыевге жаш кезинде дароо эл артисти наамын берген.
- Жакында болчу концертиңизде биринчи жолу эл артисти болуп чыгат экенсиз да. Кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алабыз?
- Азыр концертиме театрлар катышканы жатышат. Театрлаштырылган концерт болот, буюрса. Мага айтышкан жок эмнени көрсөтүшөөрүн. 40 мүнөт убакыт сурашты. Менимче, менин басып өткөн жолумдан үзүндү коюшат окшойт. Андан сырткары, уулум Марат Ибраев талантын элге тартуулайт. Ал акыркы эки жыл ичинде Казакстанда өткөн романсиадага катышып биринчи орунду алып келсе, Москвада мусулмандардын атынан жалгыз катышып башбайгеге татыды. Мындайча айтканда, эстафетаны өткөрүп берсемби деп жатам. Бирок Кобзон менен Пугачевадай мен да кайра сахнага чыга беришим мүмкүн, кезекти биротоло өткөрүп бербейм го (күлүп).
- Азыркы жаштардын көбү сизди үлгү катары карап, сизге карай түздөнүп калышат. Кеп-кеңеш, сын-пикирлериңизди айтасызбы?
- Жаштарга дайым эле жакшы ниетим бар. Менин сөзүмдү уккусу келгендерге түбөлүктүү болгула, 5-10 жылдык ырчы болбогула. Сахнага жакшы мамиле жасап, элди сыйлагыла деп кеңеш айтам. Мен өзү оюмду таңуулаган киши эмесмин. Бирок биздин убакта улуулардын кеп-сөзү эле бизди туура багытка салып койчу. Азыр мектеп жок. Билим алчу мектеп эмес үлгү алчу мектеп жок. Анткени азыркы жаштар оңой менен кеп-сөздү уга бербейт. Аларга кеңеш айтыштын да кереги жок. Жакшы менен жаманын эл өзү ылгап алат. Ошентсе да мага азыркы жаштардын аракети жагат. Мурда мамлекет тарабынан колдоо болуп, көп кыйынчылыктар болбосо, азыркылар өздөрү чыгып жатпайбы. Мына ушул тырышып эмгектенген сапатын баалайм жаштардын. Алар ушул эркиндиктин баасын билип, аны туура жолго салып алышса жакшы. Мына, Айчүрөк, Бек, Сыймык, Асел, Динара баары тең эмгек сиңирген артист болушту. Өздөрүнүн жолу менен келе жатышат. Эң башкысы, сахнаны калтырып койгон жок. Кандайдыр бир жол таап, аракет кылып алга карай жылып келатат.
- Сиздердин убактагы ырларды жаңы толкундун ырчылары массалык түрдө аткара башташты. Эки муунга тең күбө болгон адам катары кандай баа бересиз?
- Азыркы жаңы толкундун жаштары эски ырларга экинчи өмүр бергени жакшы. Анткени унутулган ырлар кайра жанданып, элге тартууланып жатат. Карап көрсөк, баарынын репертуарында эски ырлар бар экен. Алардын ичинен мага Мирбектин (Атабеков) ырдаганы жагат. Кыргыздын тилин тунук айтып ырдайт. Нукура тилин көп бузбаганын баалайм. Башында эски ырларды ырдагандар туура эмес ырдашты эле, бир сыйра сын айтылган соң кайра оңоло башташты. Негизи ал ырлар кыргыз жыттанып, башка элдин музыкасынан айырмаланып турат эмеспи. Мисалы, биз чет элге барып эстрада менен аларды таң калтыра албайбыз. Алар биздин комузубузга, кыргыз ырларынын авазына суктанышат. Биз ошол өзгөчөлүктү жок кылбашыбыз керек. Азыр бизде башка элдин стили менен ырларыбыз бузулуп жатат. Ушул нерсени жаштар түшүнүш керек. Биз ырлар аркылуу кыргыздын жандүйнөсүнө башка элдин жандүйнөсүн алып келип чаптап атабыз. Негизи, чыгармачыл кишилер аябай патриот болобуз. Ошол патриоттук духка мен айткан нерселерди кошуп койсо эле чыныгы кыргыздын ырлары жарала берет.
- Небере жытына мас болуп жатсаңыз керек?
- Эки уул, бир кызымдан жети неберем бар. Эң улуусу мына үйлөнүп жатат. Кичүү уулумдун мени бакканга жеткен бизнеси бар. Ошонун эки кызын эркелетип чогуу турабыз. Улуу уулум 15 жылдан бери Кумтөрдө иштейт. Үч күн иштеп, үч күн эс алат. Ошол эс алган күндөрүн чыгармачылыкка арнайт. Кызым салыкчы. Негизи мен балдарымдын чыгармачылыкка аралашуусун каалабайт элем. Атасы да биздики жетишет деп тыйып келген. Сахнанын адамдары үй-бүлөгө көп жакын боло бербейт. Ошол себептен кадимки бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушсун деп ырчы болууларына тыюу салып келгенбиз. Ага карабай үй-бүлөнү бутуна тургузуп койгондон кийин чоң уулубуз ырдап чыкты. Талант ташты да болсо тешип чыккан күч болот тура. Негизи чыгармачыл дүйнөдөгү адамдардын үй-бүлөсүндө туруктуулук азыраак болот экен. Ал алардын жамандыгында эмес, жумуш шарты ошого алып барат. Мисалы, той, концерт, репетиция, телерадиолордун көбү түнгө чейин кармайт. Илгери тогуз ай гастролдо жүрүп, үйүндө үч ай эле болушчу. Анда да үч айын репетиция менен алаксып үйүнө кеч баруу менен өткөрүшчү. Ушундай учурларда ажырашуу, ызы-чуулар болбой койбойт. Мен үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн башка ырчылардай гастролго чыкпай, радиодо диктор болуп жумушка орношком. Жолдошум Нарында, Көлдө, Жалал-Абад, Ошто башкы режиссер болгондо аны менен кошо жер которуп жүргөнбүз. Ошол аралыктарда эле филармонияда жок болгонум болбосо, быйыл мына филармонияда иштегениме 40 жылдын жүзү болуптур.
- Сизди Аксынын кызы деп айтса ишенбегендер көп. Дайыма адабий тилде сүйлөгөнүңүздөн нарындык деп айтып жүрүшөт го…
- Советтер союзу бар кезде адабий тилге баары багынчу. Азыр эч ким багынбай калды. Гезиттер каалаганындай жазса, радиотеледе ар ким өзүнө ыңгайлуу тилде сүйлөшөт. Биз бала чагыбызда радиодон сүйлөгөн сөздөр менен сүйлөйбүз деп адабий тилге аябай кызыкчубуз. Өзүм азыркы Уркуя Салиева атындагы кыздар мектебинде билим алгам. Ал кезде жөн эле кыздар мектеби эле. Ал жерде көбүнчө түндүктөн барган мугалимдер окутканынан биз адабий тилге бат үйрөнгөнбүз. Кийин радиодо диктор болуп жүрүп көркөм тилге аябай көнүп калгандыгымдан көп жерде алып баруучулук милдетти да аркалап келдим. Таза кыргызча сүйлөө жагынан нарындыктар өзгөчөлөнөт эмеспи, анүстүнө Нарында да жашап калгандыктан мени нарындык деп ойлогондор чын эле көп. Өткөндө радиодо интервью берип жатып аксылык экенимди айтып, бизде кыргыздын адабий тилинде сүйлөбөй, атыр, жатыр деп сүйлөшөт деп койсом, бир жердешим чалып алып, ким айтты бизди кыргызча сүйлөбөйт деп таарынса болобу. Негизи ар бир жердин өзүнүн диалектиси бар. Ал эми жалпы кыргыз үчүн адабий тил колдонулат. Мен эл аралап көп жүргөндүктөн дайыма адабий тилде сүйлөп көнүп калгам.
- Ырчылар акыркы жылдары саясый иш-чараларга аралашканга өтүп алышты…
- Ырчылар негизи ким төлөсө ошого ырдай берет. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, буга чейин эки жердеш инимди колдоп үгүт иштерине катышып бердим эле, алар парламентте элдин таламын талашкан активдүү депутаттардан болушкан. Былтыркы парламенттик шайлоодо мен акысыз эле коммунисттер партиясына ишенимдүү адам болуп иштедим. Мунун себеби, бизди коммунисттер партиясы баккан. Ошол карызымдан кутулдум десем болот.
- Канча жашка чейин ырдайын деп турасыз?
- Сахнада Кудай канча күч кубат берсе ошончо ырдайм. Эл артисти деген наамды алганыма бир жыл боло элек. Анан алып алып туруп эле сахнадан алыстасам туура эмес болуп калат го. Мурункудай күч менен ырдай албасам дагы унутулган ырларды алып чыгып элге тартуулап турууну туура көрүп турам.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ