presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эмнең менен элсиң, кыргыз?


Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы кыргыз элинин дүйнөтааным, акыл-эсинен чыккан бардык мыкты табылгалардын сакчылыгында болуп келет. Аз убакыттан бери салттуу билим аталган тармак кеңири жайылууда. Бул боюнча бизге Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажыбай КАЛМАМАТОВ айтып берди.
Кыргызды казсаң кылымдап түгөнбөйт
- Ажыбай мырза, салттуу билим дегенди кандай түшүнөбүз?
- Ар бир элдин өзүнүн салттуу билими бар. Ошол сыяктуу кыргыз эли кыргыз болуп жаралганы жашоо-шартка ылайык өзүнүн илими менен жашап келген. Ооруп калгандарды өз алдынча дарылаган, өз алдынча кийим тиккен, кийген, тамактанган, мал баккан, дыйканчылык кылган, жылкы таптаган, мүнүшкөрлүк кылган ж.б.. Замандын өзгөрүүсү менен ал илим улам өнүгүп отурган. Улам жаңы илим келип чыккан. Ошол аймакта жашаган элдин салттуу билимине айланган. Мына ошондой билимдерди коргоого интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан акыркы жылдары көңүл бурула баштады. Биздин республикабызда 2007-жылдын 31-июлунда "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө атайын мыйзамы кабыл алынган. Ошол мыйзамды ишке ашыруу боюнча өкмөттүн 2009-жылдын 9-июлундагы буйругу боюнча тиешелүү уюмдарга жана мекемелерге салттуу билим категориясын, аны колдонуунун натыйжаларын аныктоо укуктары жүктөлгөн. Биздин мекеме тарабынан салттуу билимдердин маалымат базасын чогултуу ишке ашырылып жатат. Алсак, азыркы учурда 100дөн ашык объект маалымат базасына киргизилди. "Тогуз коргол" "Шакар самын" сыяктуу жеке объектилер катталды.
- Сөзүңүзгө аралжы, жакында казактардын интернет сайтында Кыргызстанда салттуу билим боюнча жасалуучу шакар самын каттоодон өттү деп жазышыптыр. Аны япон волонтеру тапкан экен. Эгер алардын ордуна бир кыргыз шакар самынды таап чыкканда, койчу, ошол дагы болмок беле деп көңүл бурулбай калмак беле деген ой келет.
- Ооба, силер сурап жаткан шакар самын жөнүндө сурагандар көп.Бардык жерде айтып келе жатабыз. Ысык-Көлдөн "Бугу эне" жамаатынын мүчөлөрү шакар самын жасашкан. Чындыгында өзүбүздүн баалуулуктарыбызга анча көңүл бурулбай калган учурлар көп эле учурайт. Гезит беттеринде салттуу билим жөнүндө кеңири маалыматтар жарыяланса, эл арасында салттуу билимди билген жарандарыбыздын биз менен байланышына жакшы өбөлгө түзүлмөк.
- Маселен, кыргыздын ата-бабадан келаткан улуттук тамагы болгон гүлазык жөнүндө мурда-кийин башка элдерде катталыптырбы? Бизде гүлазыкты салттуу билим катары каттаса болобу? Балким аны кытайлардын куксисине окшотуп тез даярдалуучу тамак катары өнүктүрсө болоор беле?
- Бул боюнча бизде атайын адистер иштейт. Кыргыздын кайсы гана салттуу билими болбосун маалымат базасына киргизүү зарыл. Салттуу билимдер боюнча маалымат базасын түзүүнү тездетишибиз гана керек.
- Шакар самын жасоо менен кайсы бир деңгээлде бизнес жасоого болот дейли. Ал эми пайда алып келбеген, бирок кыргыз элин көптөгөн жылдардан бери тукум курут болуп кетүүдөн сактаган генофондго байланыштуу жети атаны билүү салтыбызды салттуу билимдин катарына кошсок болобу?
- Кантип болбосун. Салттуу билим катары маалымат базасына киргизүү керек. Канчалык эртелетсек бизге ошончолук гана пайда болот деген ишеничтемин.
- Салттуу билимди каттоону тездетүү боюнча эл арасында кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат? Антпесе эл арасында салттуу билимди билген адамдарыбыз азайып баратпайбы?
- Баарыбызды кооптондурган маселе ошондо болуп жатат. Ошондуктан Кыргызстандын бардык аймактарынан салттуу билимди билгендер болсо бизге келип маалымат берүүсү керек.
- Илгери таенем мен ысытмалап ооруп калганда муздак суу менен учуктап эле дарылап койчу да. Анан жакшы болуп кетчүмүн. Бул дагы салттуу билим экен да...
- Бизге каттоого келген улуттук дарылоонун ыкмалары болобу же улуттук тамак даярдоонун ыкмалары болобу, бардыгы жогоруда айтылып өткөн ыйгарым укуктуу мекеме-уюмдардын корутундусу менен тастыкталат. Демек, ошол билимдин чындап салттуу билим аркылуу жасалганын тастыктап корутунду бериши керек.
- Чындыгында бул өтө кеңири түшүнүктөгү, абдан кызыктуу тема экен, бул боюнча дагы гезит бетинде жолугушабыз. Азырынча кыскача маегиңизге ыракмат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ, Т.: 28-88-45, zairajimatov_76@mail.ru




  Жунгли токоюнда

Ичкилик түбүнө жеткен Ирина

Акыркы күндөрү кылмыш кылуунун түркүн жолу көбөйүп, адам баласынын фантазиясы байыгандан байып баратат. Бири күйүүчү май куюп өрттөсө, бири тирүүлөй денесине бычак сайып, үчүнчүсү эс-учун билбей калгыча тепкилеп, айтор, айта берсең адам өлтүрүүнүн жолу арбын. Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Кара-Балта шаарында ичкиликтин айынан дагы бир адам өмүрү кыйылды.

Кара-Балта шаарынын Жайыл районунун Кара-Балта көчөсүндө жайгашкан кабат үйлөрдүн биринде аялдын өлүгү табылган. 36 жаштагы Ирина Евграфова ошол үйдүн үчүнчү кабатында турчу. Оперативдүү тергөө тобу маркумдун үйүн, кылмыш болгон жерди иликтөөгө алышып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен. Алгач Иринаны үйдүн ичинен муунтуп, анан үчүнчү кабаттан ыргыткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы да аялдын муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыктады. Ал эми башындагы, колундагы жаракаттарды бийиктиктен кулаганда алган.
Бул кылмышка шектүү деп Жайыл районунун тургуну, отуз жаштагы С.В. (аты-жөнү өзгөртүлдү) кармалды. 16-сентябрдагы окуя мындайча болгон. Иринанын үйүнө буга чейин сеп этип алгысы келген достору, жакын санаалаштары байма-бай чогулуп турушчу. Ошол күнү да бөтөлкөлөш беш-алты досун чогултуп, чакан отуруш уюштурушат. Чегинен аша ичкен достор четинен иргелип кетип отуруп үйдө Владимир менен Ирина эле калат. Владимирдин биринчи аялы Иринанын курбусу болгондуктан экөө башынан байланышып турушчу экен. Аракка мас болгон Ирина Владимирге жыныстык жакындыкка барууну сунуштайт. Демиткен аялга жини келген Владимир дароо баш тартыптыр. Көңүлү чаппаганына аялдын жини келип арданып, тигинин намысына тийген сөздөрдү жаадыра баштайт. Сен эркек эмессиң деген өңдүү биртоп орой сөздөр Владимирдин чыдамынын акыркы чеги болду өңдөнөт. Ичимдик менен ачуусу биригип мээсине тээп турган жаны Иринанын сөздөрүнө чыдабай ошол жерден ур-тепкиге алат. Экөөнүн кармашы муунтмайга өтүп, Владимир Иринаны кекиртектен кармайт. Акыры аялдын дем албай калганына көзү жеткен соң жаны тыныптыр. Үйдөн муунтуп өлтүрүлгөн аялдын сөөгү кандайча сыртка жатып калды же кылмышкер сөөктү жашырууга үлгүрбөй качып кеттиби деген суроо туулат. Көрсө, аялды жерге ыргытып ийип Владимир бул жоругу менен аны атайын өлтүрбөгөнүн, экөө терезенин тушуна келип кармашып жатып кокусунан Ирина ыргып кеткенин көрсөткүсү келген. А бирок медициналык экспертизанын көрсөтүп турган жыйынтыгынан кантип качып кутулмак.
Ирина башынан эле жалгыз жашачу. Аны тааныгандар көп баскан, ичимдикке жакын аял катары сүрөттөп беришкен. Артында бир баласы калды. Буга чейин ал таенесинин колунда тарбияланып келген. Күнөөсүн мойнуна алган Владимир учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Анын иши сотко өтүп тийиштүү жазасын алары турган иш.
Жайыл райондук ИИБинин кызматкерлери ыкчам тергөө ишин жүргүзүп, кылмышкерди бир күнгө жетпей колго түшүрүшкөн. Ишти алып барган тергөөчү Нурлан Жумакеевдин айтуусунда, оор кылмыш жасаган Владимир алгач моюн толгоп жатып, акыры күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүн көргөн соң күнөөсүн мойнуна алды.
Бегайым БАЙБОСУНОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??