presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бомбейкат
Аксакалдык накыл
Плансыз кайда барасың?
Кыргызстан чакан республика болгону менен жерибиз тоолуу, ар бир аймактын жаратылыш өзгөчөлүктөрү бар. Ошону туура пайдаланмайын өнүкпөйбүз.
Бул үчүн ар бир аймактын экономикалык өнүгүү планын бекитүү зарыл. Аны жүзөгө ашыруу үчүн улуттук пландоо комитетин түзүү керек. Ошондо аймактык, улуттук пландоо тармактары айкалышып, иш илгерилейт. Учурдагы эки ажырым аймактык элита менен партиялык элита биригет. Ошентип президент, өкмөт, парламент бир тизгинде иш алып барат. Өнүгөбүз.
Бекин ЖУМАБАЕВ,
Бишкек шаарынын ардактуу жараны

Шай-шай шайлообай
Оозду эмес көздү ачып шайлайлы
Октябрдын аягында президенттик шайлоо болгону турат. Президент болом дегендер сайдын ташынан көп. Алардын көпчүлүгү мурда эле аброю түгөнүп болгондор. Бул шайлоого жакшылап ойлонуп, акча, майда-баратка азгырылбай, бир кесим этке сук артпай өз добушубузду ушул адам таза, элдин ишеничин актай алат дегенине берели дегим келет.
Турсун АБДЫРАКУНОВ,
Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы

Толуктуктарды тоготпогон
Жолчубек деген жоо чыкты
Токтогул районунун Толук айылынын айылдык депутаты Жолчубек Турдукеев деген жоон билек күрсүлдөк чыкканына көп болду. Быйыл жайы бою Жолчубек жеримди тартып алды, Жолчубек сабады деген каттар фронттон келген кабардай эле "Жаңы Агымга" жаап турду. Толук тоолуу айыл. Ага жетүү да кыйын. Баамыбызда, жолуң болгур Жолчубек мыйзамын да, адамдыкты да уруп ойнобой, ээн жердин бөрүсү болуп алгандай. Аны жергиликтүү эл "палван" деп коюшат экен.
Ал мурда менин уулум Зыпарды Жанашардын эмес Кудайдын баласы болсоң да Алмалуудан көчкүн, сен 1992-жылы көчүп келгенсиң, эч кандай жерге укугуң жок деп мазактаган. Ушул жылдын 6-июнунда Жолчубектин күйөө баласы Мики Миңбаев райондон кызым Сайораны ала келгендигин угуп, аны издеп Микинин кайнатасыныкына (Жолчубектикине) бардым. Барсам жайлоодогу үйдүн ичи толтура. Баары мас. Рамис Сагынбаев баш болгон айылдык кеңештин депутаттары экен. Мен Жолчубектен күйөө балаң кызымды ала келиптир, ошону сурайын дегем дедим. Аңгыча үйгө батпай жаанда суу болуп турган кызымды көрдүм. Ошо маалда Жолчубек мени муунтуп, балит сөздөр менен сөгүп кирсе болобу. Эки көзүм чанагынан чыгып, кырылдап, айлам түгөнүп баратканда абышкам, дагы бирөө эптеп колун бошотуп алып калды. Анткен менен абийирсиз сөздөрүн токтоткон жок. Жолчубектин мындай чоң муштумдугун толуктуктар жакшы билишет. Өзү айылдык кенешке депутат. Аны райондук ИИМ эч нерсе кылалбайт. Ошентсе да Токтогул ИИМинен, райондук соттон адилеттик күтүп атам.
Садакан КОРГОЛДОЕВА, Токтогул шаарчасы

Талантка таазим
Дарика - кыргыз сыймыгы
Жакында маданий коомчулук КР эл артисти Дарика Жалгасынованын юбилейин (70 жаш) белгилейт. Даңазалуу ырчыбыздын талантына тан бергендер, сыйлагандар эл ичинде арбын. Ошондой каттардан бир үзүм.
Дариканын башкы сапаты - аны жүрөктөргө нур болуп төгүлгөн, тирүүлүк шоокумун себелеген шоораттуу үнүнөн дароо тааныйсың. Анан Кудай Таалам ыроологон өң-түсүн, акыл-парасатын, кыргыз аялдарынын бийик касиетин, назик мүнөзүн, жөнөкөйлүгүн, мээрмандыгын, кең пейилдигин батырган азада боюн айтпайсыңбы.
Орус эли Русланованы, Вишневскаяны, Зыкинаны, Архипованы, Обухованы, казактар Кулаш Байсейитованы, Роза Багланованы, Бибигүл Төлөгөнованы, өзбектер Тамара Чебанды, украиндер София Ротаруну кандай барктап-бапестесе, биз да Дарика Жалгасынованы ошондой сыйлап, күтүп алалы.
Сабырбек АКМАТОВ, Жумгал району

Арман саптар
Тентектерди акча чачып уюштурган,
Арак берип макул кылып муюштурган.
Эгин экпей, көчөт тикпей, элди бузуп,
Бир-бирине кайраштырып уруштурган.

Тапкылачы чагымчы кишилерди,
Кашайтып жан-куйканы куруштурган.
Алаксытып убактысын алып турат,
Адамдарды таңды-кечке жумуш кылган.
ТИМОФЕЙ, Жети-Өгүз

Түгөнбөгөн талаш
Түндүгү түгөт символика
ЖК тарабынан кыргыз туусун өзгөртүү боюнча маселенин көтөрүлүшү коомчулукта ар кандай пикир жаратууда. Колдогону бар, колдобогону бар. Төмөндө ошондой пикирдин бирин жарыяладык.
Желегибиз сөзсүз эле сүрөттүү болсун десек Ала-Тоону сабалай учкан эркин куш - Манастын Акшумкарын баптайлы. Же беларусь, түркмөн, казактар сымал оригиналдуу кыргыз оюусу менен желегибизди эмне үчүн ширете албайбыз. Биздин улуттук оймо-чиймелерибиз айрыкча көркөм. Мурдагы Кыргыз ССРинин герби кооздугу жагынан союздагы башка гербдердин анабашында турганын унуттукпу? Бир аз жасап-түзөп (маселен Акшумкарды киргизип) ошол гербди кабыл алууга неге болбосун?
Желегибиз гана эмес күңгүр-шыңгыр ыргактуу, үйрөнөм дегендин чекесинен тер кеткен, узактыгынан коногубуз уктап калган, оозубузду кыбыратып сүрөмүш болгон гимнди да ойлонуп көрүшүбүз керек. Гимн демекчи, казактар 1956-жылы хор үчүн жазган эки куплет, эки кайрымдан турган "Менин Казакстаным" аттуу ырын (советтик текстин бир аз жылмалап) мамлекеттик гимн катары кабыл алышкан. Бешиктеги баладан, буурул сакал чалына чейин созолонтконун көрүп аттиң ай дейт экенсиң. Бизде деле хор жандуу патриоттук маанайдагы не деген ыр-гимндер бар.
Айтор, кыргыз гимни да жакын арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Учуру келгенде казак туугандардан үлгү алабыз го деген ишенимдебиз.
Желегибизди оңдой турган болсок, комиссия чечет, парламент бекитет деп көшөрбөй элге салалы. Ошондо жаңылбайбыз.
Асамидин ШАМЫРКАНОВ, Бишкек шаары

Айла жок…
Дабатчыга ишенбейм. "Жаңы Агымга" ишенем
Редакцияга келгендерге дайыма эшигибиз ачык. Ачык айтканда, ар кандай адамдар келип, бири күлдүрүп кетсе, бири төмөнкүдөй күйдүргөн арыздарын таштайт.
Атайы ат арытып Ат-Башынын Ак-Музунан келген Кендирбаев Майрамбектин баласы, Майрамбектин уулу Нурбек (өзү ушинтип жазып жатса оңдогонго кол барабы) мындай дейт: "Мен айыл имамына, иш таштаган өкмөт башчысына жана 40 күн башымды айланткан дабатчыга ишенбей "Жаңы Агымга" ишенип арыз жазып жатам. Сүйүнбек, Акун, Сапан миллиондорго жооп берсин, Эшимбек менен Нурбек түрмөгө отурсун. (Астапыралла, булар кайсы жегичтер же кылмышкерлер болду экен?) Арыз өз колум менен так, туура жазылды".
МАЙРАМБЕК уулу Нурбек

Мектеп мечитке айландыбы?
Сакалы өрттөнгөн дабатчы директор
Алыскы Ноокат районунун Исанов айылындагы Кожоке орто мектебинен келген бул катта аталган мектептин директору Рахман Ормонов Бангладешке дабатка барып келгенден кийин эле башы башка жакка бурулуп, мектепке дин сабагын активдүү киргизип жатканы айтылат.
Кечээ эле аракты апасындай, тамекини таенесиндей көрчү директор Бангладеш сапарынан кийин мектепке ыйман сабагын, куран үйрөтүүнү киргизди. Натыйжада окуучулардын 20 пайызы мечитке каттай баштады. Сабакка кызыгуу, катышуу азайды. Эгер Кожоке мектебинде окутуу, тарбиялоо ушул багытта кетсе, 2012-жылы бул мектеп ислам мектебине айланып калышы толук ыктымал. Райондук элге билим берүү бөлүмү муну билип турса да билмексенге салууда. Директордун дин жолуна түшкөнү жакшы деңизчи, бирок жай айларында мектептин короосунда турган 23 теректи "сүф" деп жиберип (профком М.Токторов менен бирдикте), акчасын чөнтөгүнө уруп коюшу кайсы ыйманга жатсын. Аргасыздан ой тобо-о, молдо болбосоң кое кал дейт экенсиң.
Зымырат АБИДИНОВА, эл агартуунун ардагери

Монолог
Кан дүргүткөн кыйкырыктар таш



жарып,
Эл толкуду оңолчудай баштанып.
Өтө кымбат болуп баасы Жеңиштин,
Бирок калды тилегибиз таш кабып,
Уят-арды бердик базар баасында,
Эми бизди чайкоочулар башкарып.
Ой жоругу окшоп сойку катынга,
Арабыздан чыкты адамдар сатылма.
Мамлекетти түптөө деген түшүнүк,
Түк жок окшойт андайлардын башында.
Ыйманды жеп кулку үчүн кул болуп,
Турсак кантип эл болобуз жакында!

Эй, көрпенде, эптеп көрсөк күн дедиң,
Кайыл болуп көк шорпоңо бир чөгүн.
Балдарыңдын бак-таалайын дүңүнөн,
Арзан баалап ырыскысын пул жедиң.
Оома элинин түрүн көрүп бир кезде
Бекеринен сыздабаптыр Күлтегин.

Тебеленип намысыбыз үч бүгүм,
Кан жыттанып түтөп турса Түштүгүм.
Жакасына башын катып шайлоо деп,
Жанталашып жүрдү түбү түшкүрүң.
Анан ошол арсыздарды көргөндө,
Аңтарылып сыздап кетет ич бүгүн.
Куну кетип жарды айыл-кыштагың,
Күн көрөбү эми сатып ыштанын?
Курсагына элин, жерин алмашып,
Тентип жүрөт белдүү жигит, кыздарың.
Жарыбадың жакшы чыкмаларга сен,
Багы тайкы байкуш, Кыргызстаным.

Абдил ШЕРМАТОВ, Бишкек шаары
Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??