presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кудайдын тизмесинин катасы бар
Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип ар кай жерде жатасыңар.
Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.


Мен бул саптарды Аман Токтогулов акырет кеткенде жаздым эле. Жаным күйгөнүнөн жазгам. Бүтпөй калдым. Жаным күйүп бүтпөй калды, талант-шыгым жетпей калды. Жандай көргөн жакындар, атүгүл жөн эле жакшы санаалаштар "кеткен" сайын менин денемдин да бир жери өлүп аткандай сезилет деп айткым келген.
Аны кечээ Мелис Эшимканов келбес сапарына кеткенде дагы бир сездим. Үкө-дос деп койчу элем. Агасынан артык көрчү. Бери калганда мага ошондой сезилчү. Бир кабыргам сынгандай болду. Деги менде канча кабырга бар экенин билбейм: сынып эле атат, сынып эле атат. Ошон үчүн кудай тизмесин тактап салса деп атпайымбы. Мен 65ке кеттим. Ал 48 жашта экен.
Капырай, бул 48 кандай каргыш тийген жаш! Аман Токтогулов кеткен 48 жашында. Жолон Мамытов кеткен 48 жашында. Турар Кожомбердиев кеткен 48 жашында. Жашыбыз элебирээк болгону менен жаныбыз бирге дегендей санаалаш, каламдаш элек, жакшы жолдош элек. Алар менден таланттуу болучу. Аны эскерип атканым, алардын кетиши менен кыргыз адабиятынын кабыргасы сынбаса дагы катуу кайышты. Анын сыңары Мелис Эшимкановдун кетиши кыргыз журналистикасынын, журналисттеринин, азыркы кыргыз саясатынын, саясатчыларынын кабыргасын сындырбаса да, бир жерин катуу сыздатат болуш керек.
Ооба, анын достору көп болчу. Ошого жараша кастары да каз катар эле. Анткени ал адам болчу. Күнүндө да жашачу, түнүндө да жашачу. Ыры бар, сыры, чыры бар, биографиясы бар эле. Адам жанынын кумардыгы, үмүтү, трагедия менен комедиясын кошо алып жүрчү. Аны биз билчүбүз. Кастары (эми ал кас болуудан калды, ошондуктанбы, алар көрүстөнүнө да арбын барды) айтып атпайбы: адамдыгың кеп эмес, сен бизге "социалдык кыймылдын бирдиги" гана бол. Алар М.Эшимкановдун кечээкиси, эртеңкиси, бүгүнкүсү менен эсептешкен жок, көтөргөн "желеги" боюнча баалап келишти. "Желек". Андан башка эч нерсе. Тереңдебейт.
Кечээки "төңкөрүшчүлөр" Мелис Эшимкановду "Бакиевдин эшигин сагаалады" деп "эңшерип" кетүү аракетин жасап киргенде жаздым эле: "Кана, кимиң бар Бакиев режимине кызмат кылбаган? Алмазбек Атамбаевби? Роза Отунбаевабы? Же Топчубек Тургуналиевби? Санап келсе "соо" "төңкөрүшчүлөрдү" табуу кыйын" деп жаздым эле.
Баса, Мелис менден суранган эмес, ыракмат да айтпады. Баш-аягы "Асаба" менен "Агымда" 15 жыл иштепмин. "Момуну жазып, тигини "согуп" койчу" деп мага же башкаларга айтканын уккан да жокмун, көргөн да жокмун. Тескерисинче, мен Мелистин өзүн биртоп эле ачуу сындарга кошуп ийчүмүн. Бирок гезитке жарыялай берчү да, талкуу жыйында айтып калчу: "Мына, Алыке мени деле "согуп атпайбы" деп. Эсеби маселең, Өмүрбек Текебаев экөө Аскар Акаевди ээрчий баштаганда "оппозиция оппортунисттери" атап, кыйла кыйгыл сын айткам. Мен муну менен Мелис Эшимкановдун тушунда ал башкарган гезиттерде чындап эле сөз эркиндиги болгонун белгилегим келип атыр. (Албетте анын сапаты башка кеп) Ага карайбы, Акаевдин да, Бакиевдин да "жандармериясы" "муну Мелис Эшимканов эки-үч эсе көп айлык төлөп жаздырып атат" маанисинде коомчулукка жажалап келди.
Өмүрүнүн акырында коомдук окуялардан алда канча алыс жашаса да азыркы бийлик өзүнө багытталган ачуу сөз, коллаждарды Эшимкановдон көрүп атат деп уккам. Мына, эми Эшимканов өлдү, гезиттердин сын, мейли, шылдың "кербездери" токтоор бекен?
Мелис Эшимканов эбегейсиз чынчыл болчу, ичи-тышы сыртында эле, жалындап күйүп-жанып турчу, фантазиясыз, жаңы тема издебей жүрчү эмес, күлкүсү да көңүл уулабаган ачык, таза күлкү эле. Оттон-суудан кайра тартпаган тайманбас, кайратман, анан да өзү моюнга ала жүргөндөй, ашкан авантюрист жан боло турган. Болбосо элестетип бак: атасынан жаштайынан ажыраган, кызмат абал, каражат, "колдогон кожодон" куржалак, али аты белгисиз жаш журналист кантип кыргыз журналистикасынын жаңы доорун ачты? Кантип мамлекет башчыларынан баштап, республиканын майда чиновниктерине чейин алдына бүжүрөттү?
Кантип чоң саясаттын туу чокусуна жетип, дөө-шаа делген саясатчылар менен кантип достошту жана касташты? Бул жаатынан келгенде Трояны аскерсиз басып алган Агамемнон эске түшөт.
Менимче, аны өлүм гана жең-ди. Жеңилмек эмес. Дагы бир жалындын ичинен чыкмак. Мага мындан төрт жыл мурда оголе көп акча кошуп Бегалы Наргозуев экөө үйүмдү кеңейтип берди эле. Ошондо досунун көзүнчө "үй алып бердиң, эми Бас-Бөлтөктөн көр алып бер" деп тамашалагам. "Андан камсанабаңыз" деди эле.
Арийне, ал өлүмдөн да менден озуп кетти. Өрт жүрөгү менден мурда токтоду. Айла жок, колдон келгени бир ууч топурак экен, аны салып, айланабыз аңгырап отуруп калдык.
Алым ТОКТОМУШЕВ




Армандуу өлүмдүн башаты кайда?

Мындайда эмне айтарыңды да билбей калат экенсиң. Айтары көп болсо да эстеген сайын быт-чыт болуп ою жыйналбай, кайсы бирин айтайын деп оор үшкүрүп туруп калат тура жакын адамынан айрылгандар. Түбүндө пессимист жаным кайратка таяна калып калбаат-калбаат сөздөрдү айталбай, күтүүсүз иштин күйүтүнө чалынып, оозума оңдуу кеп келбей жатпайбы. Келгенин айтайын.
...90-жылдардын башында эски аянттан Аман (бир тууган агам) экөөбүз жолугуп калдык. Ал ошо кездеги компартиянын чекесине чыккан чыйкан - КДКнын кезектеги булоолонгон жыйынынан чыгып келатыптыр. Сүйлөшүп турсак айтып калды: "Мелис Эшимканов деген баланы көрдүм. Көзү тирүү, чыйрак экен. Кудай аман койсо мындан аркы журналистиканын багытын ушу жигит аныктайт". Дадил сынчы Мелистин басма сөздөгү келечегин даана көргөн экен. Ошондой эле болду. Мелис бюрократия, цензура дегендердин төбөсүн тебелеген бойдон тоталитардык системанын төрүнө чуркап барып сайган ал кездеги сөз эркиндигинин кичинекей желеги, кийин Кыргызстандын тышкы кожоюндарга көргөзөр демократиялык паспортуна, басма сөз эркиндигинин байрагына айланды. Сыртынан ушундай болду. Ичинен Мелистин тартпаган азабы калган жок. Эки күндүн биринде сот, текшерүү, редакциянын эшигин бузуп кирип компьютерлерди талкаламай, коркутуп-үркүтмөй, андан да кордугу - кошоматтан башканы билбеген кыргыз бийлиги тарпка тап гезиттери аркылуу Мелисти жерден алып көргө, көрдөн алып күлгө чаап турушту. Сыртынан тоготпогонсуганы менен Мелис деле тирүү жан катары ичинен түтөп жүрдү. Ден соолугу акырындап кете баштады. Башкалар бат эле майыша турган ал жолдо Мелисти ички күчтүү духу кармап жүргөн сыяктанат. Кантсе да азыркы армандуу өлүмдүн башаты ошол мезгилде жаткансыйт.
Биртоп жыл чогуу иштедик. Замандын күрөө тамырынан колун албаган Мелис редакциянын да аба ырайын синоптиктей эле сезип турчу. Гезит дегениң да ала койбосоң эле башыңа түшүп кетчү конвейер эмеспи. Коллектив чарчап баратканын илгиртпей сезип, тирукмуш иш-чараларды уюштуруп эс алдырып ийчү эле. Күчтүү кишилер гана тегерегине күчтүү кадрларды жыйнайт. Мелис ошондой болчу. Ал баарыдан мурда иштин кызыкчылыгын көздөчү. Ошон үчүн өз гезитине өзүн соккондорго да, планеркада андан катуу кыйкыргандарга да, аны сатып кеткендерге да кек сактабай тамаша менен жайгарып жүрө берчү.
Бир чындыкты мурда айтсам көбү ишенмек эмес. Азыр айтайын. Мелистин гезитине чыккан сын макалаларды Мелис жаздырып жатат деп жүрүштү. Ар ким өз ыпластыгына жараша ой жүгүртөт болуп жүрдү. Бирок ушунча жыл чогуу иштеп, бир да жолу Мелистин "тигини сок, муну талкала" дегенин уккан жокмун. Ал сындаган жагынан эч кимдин жардамына муктаж эмес болчу.
Менимче, бу дүйнөдө эки Мелис жашады. Бири - дайыма бир чырдын ичинде жүргөн авантюрист Мелис, экинчиси - адамдыктын улуу дөөлөттөрүн, чындыкты издеп чыркыраган гуманист Мелис. Биринчиси экинчисин биртоп кыйнап койду...
Ал саясатта адашып жүргөндөрдү мындай кой, лидермин дегендердин көбүнөн тың да, көрөгөч да, акылдуу да болчу. Кысталышта сөз тапкан, кыяматта көз тапкан катары аны көптөрү аябай эле пайдаланды. Бир жылдары үч кайнатсаң сорпосу кошулбаган бийлик менен оппозицияны сөзгө келтирем деп убара болуп жүрүп, артында "буларың такыр эле жинди турбайбы" деп көрпенделик амбициясынан өйдө көтөрүлө албагандарына кейигени эсимде. Жаштыгына карабай туура жол кайсы экенин көрүп турду. Бирок тиги бийлик менен байлыктан башканы көрбөй калган ашынган мансапкорлор Мелистин каккан коңгуроосун уккан жок. Ошондо бир түңүлдү...
Апрель төңкөрүшүнөн кийин Мелис үйүндө отуруп калды. Алты саны аман, ишке тойбой турган адамдын эч кимге кереги жоктой, кечээ эле кайнап турган казандын сыртында калышы - жок эле дегенде ден соолукту бузат. Жакында эле Бакиев менен кучакташып-өбүшүп, оң кол, сол колу болуп жүргөндөрдүн "Бакиевдин кадры" деген кара тизмесине кирип калды. Парадокс эмей эмне. Анан калса бакиевчилер Мелиске окшогон биртоп жигитти элге жаман көргөзүп кетти. Себептери дагы айтылар. Менимче, өз реабилитациясын күтүп, жоопсуз жашаган акыркы бир жарым жыл Мелисти күйгүзүп ийди.
Түгөлбай
КАЗАКОВ





СЕН ЧЫНДЫКТЫ ИЗДЕЧҮ ЭЛЕҢ ТОЗОКТОН...
18.09.11
Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй таңдар атып, Күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.
Кеттиң Мелис, бир жаап өткөн ак кардай,
Бактар калды сен аралап баскан жай.
Тоонун, суунун көрбөй, туйбай элесин,
Азап жоктур өлүп алып жаткандай.
Кадырлашкан достор менен үйүңдө,
Каалагандай каткыралбай түнүндө.
Кандай арман кайтпай калган ушинтип,
Каалгасы жок кара жердин түбүндө.
Балаң калды, жарың калды ак маңдай,
Баары калды... Сен өлүмгө шашкандай,
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол көрдөн тапкандай.
Көргөн-билген өлүптүр деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көналышпай туугандар,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.
Үстөл, китеп... Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт.
А сен болсо кол-бутуңду чече албай,
Ала-Арчадан Асанбайга жете албай.
Кум жамынып кунсуз жайда жатасың,
Курган башты курттан алып кете албай.
"Өлгөндөр" көп тирүү жүрүп жөн эле,
Өзүңдү эстеп сөз кыларбыз дөбөдө.
Бул жазмышта канча болсо досторуң,
Душманың да ошончолук көп эле.
Ыйман элең ыйманы аз аз элге,
Ыраазы бол, коркпой жаткын "жат элде".
Балдар эмне, көнөт, көнөт акыры,
Баарынан да кыйын болор Аселге.
Аздап- аздап тараар жалган, тараар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тигил жактан табарсың!
Сен жакшы көрүп, сен сыйлаган "шамал Шакең, шаман Шакең, жинди Дүйшеев, гений Дүйшеев"



  Ааламды метеориттей сызып өтүп...

Өмүр... сөз... өлүм...

Сөз жана сөздүн жүгү, сөздү адам дилине ким салат, жүктү адам өмүрүнө ким артат? Бул өмүрдүн табышмагы менен жандырмагы, бул өмүрдүн трагедиясы менен драмасы, бул өмүрдүн жыргалы менен кууралы, бул өмүрдүн ыйы менен ыры, адамдык жашоонун сыры бизге дале татаал түйүн бойдон, пенденин улуу суроосу бойдон, кулакка кыттай куйган түбөлүктүн соболун салып келет: "Адам уулу качан Адам болот?"

Жандүйнөнү тырмаган азаптуу да, аялуу да, жүлүн жулуп, жүрөк канаткан суроону мезгил да, Жараткан да коңгуроодой кагып турат. Бул суроонун маани-маңызын акыр-чикири аралашкан бул кымгуут заманда берген да, анын жообун уккан да пенде жоктой туюлат...
Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кулан чуркагыс аралыкта жашоонун мынчалык кызыгына кызый албай, турмуштун ылдамдыгына жон тердетип, жашоонун азабы менен, а балким лаззатынын ортосунда, анын бир учу менен экинчи учун бириктире албай, бу өмүрдө караңгыда жарк этип бир жанган мисал, чагылгандын огунун жарыгына зар болуп келебиз... Сөз куту кетип, жашоо наркы күнүмдүк турмуштун тарпына айланып турганда чындыктын чыркыраган үнүн уккубуз келет...
Баарынан мурда сөз болгон. Сөздөн аалам куралган. Ошол аалам кураган сөздүн куту менен кунун, тузу менен жүгүн сезген барбы? Сөздүн жүгү оор. Ошол оор жүктү чыныгы Адам, адал жүрөк, аруу ыйман гана өз мойнуна көтөрөт. Ата журттун бүткүл азабы менен жандүйнө азаттыгын өмүр менен өнөрдүн ортосунда өз мойнуна алып, акырет сапардын алдында турган, чыныгы талант, чыгаан инсан, атактуу замандашыбыз, досубуз Мелис Эшимкановду өзү түбөлүк издеп келген чындыктын ааламына узатып жатып, узатпаска амал таппай, узатпаска арга таппай, жашоонун, өмүрдүн, өлүмдүн мыйзам алдында адамдык алыбыз, адамдык арыбыз жетпей дүйнөбүз коңултак тартып турганда... биз ушул ойдун тереңине түшүп кеттик.
Мелис Эшимканов - эч бир рамкага, эч бир калыпка сыйбаган, соңку кыргыз тарыхынын өзгөчө бир феноменине, дооруна, доордун өзгөчө бир көрүнүшүнө айланып отурат. Кыргыз саясый маданиятына демократиянын өзөктүү дөөлөтү - сөз эркиндигин, ойлоо эркиндигин, көз караш эркиндигин алгачкылардан болуп калыптандырган, ага өзгөчө салым кошкон инсан катары кирип жатат... Мелис Эшимканов тууралуу айтканыбызда, анын ысымы менен байланышкан ар кандай эпитеттер жадыбызга келет. Мелис - бунтарь, Мелис - авантюрист, Мелис - демократ, Мелис - харизматик, Мелис - парадокс, Мелис - феномен... Бул эпитеттерди кандай ыңгайда түшүнбөйлү, ал сөздүн нукура маанисинде өз мезгилинин чыныгы инсаны. Ал инсандыгы анын абийиринде, намысында, ыйманында жашады. Ал бул турмуштун карама-каршылыгы менен өзүнүн адамдык абийиринде кармашты. Бул кармаштан ал өзүн өзү издеди, жыгылды, турду, утту, уттурду... бирок ал өз абийирине карай кеткен жолдо дайыма өзүн өзү издеп келди.
Өзүн издеген адам гана чындыкты өз жандүйнөсүнөн издейт, аны түбөлүктүү жол катары эсептейт.
Мелис өзүнүн ширеңкенин жарыгындай өмүрүндө адилетсиздик менен акыйкатсыздыктын, абийирсиздик менен ыймансыздыктын, жалган менен жалаанын империясы менен кармашып келди. Анын чындыгын эч бир система, эч бир мамлекеттик машина кыйшайта алган жок.
Биз бүгүн Мелистин ушул сапатын өзгөчө көрүнүш катары карайбыз. Биз, достору аны "кыргыз демократиясынын Бонопарты" дээр элек... Эгер биз кыргыз сөз эркиндигин демократиянын өзөгү десек, аны биз сөзсүз Мелис Эшимкановдун ысымы менен байланыштырабыз. Жашоого, мезгилге, бийликке, турмушка стандарттуу эмес көз караш позициясын ээлеп келген Мелис Эшимканов өзүнүн артынан түшүнүксүз суроолордун түйүнүн калтырып кетти... А балким өзү да түшүнүксүздүктүн ааламына бизге түшүнүксүздүк бойдон кетип калды...
...Мелис менен студенттик күндөр, журналисттик күндөрүбүз чогуу өттү. Бирге иштедик. Ал дээринен турмушка өзгөчө көз караш менен караган, ага карата өзүнүн түшүнүгү, өзүнүн көз карашы менен жашаган, мамиле жасаган өзгөчө бир уникум эле. Турмушту ал ары чайкап, бери чайкап, ага бир жаңычыл көз карашты, жаңычыл мамилени киргизүүгө аракет кылды. Бирок анын (турмуштун) ал ойлогондон да татаал жандырмагы, эрежеси бар экендигин сезген да жок, кээде ал ойлордун чокусуна чыкса, кээде ал ойлордун түпкүрүндө калды, бирок ал ушул татаалдыктан өзүнүн акыйкатын издеди... кээде анын курмандыгына айланды, ага карабай "бороонду" өзүнө чакырып, карама-каршылыктуу ойлордун чордонунда жашады. Бирок Мелисти ички дүйнөсү күчтүү инсан катары достору гана эмес кастары да баалашар эле. Ал Конфуцийди, Кафканы, Кришнамуртини, Феллинини, Ван Гогду, Микеланджелону, Тарковскийди, Шукшинди өзгөчө сүйөр эле. Алардын чындыгынан өзүнүн чындыгын издегенге, түбөлүктүн жандырмагын бул улуу инсандардын дүйнө таанымынан казып көрүүгө дайыма далалат кылчу.
Чарчадым... тажадым... Акыркы кезде ушул эки сөз анын жазган макалаларынын лейтмотивине айланып алды. Элүүнүн белин аша элек Мекемди эмне чарчатып, эмне тажатканын боолгой албасак да, бир ойдун бурсаты көкүрөктө тургандай сезилет. Ал анын бул дүйнөгө, бул катаал чындыкка болгон ички карама-каршылыгы эле, ал өзүн карама-каршылыктын мухитинде сыноо жолун тандап алып, караңгыдагы жарыктын учундай жашоонун ылдамдыгы менен ааламды метеориттей сызып өтүп кетти.
Анын бул жашоосу - урматтоого татыктуу жашоо!

Кош, досум!..
Султан РАЕВ




анын айткандары Эми башкача жаңырат
Жараткандын этегине жармашкысы келген, таарынар эч кими жок, бул дүйнөнүн арманын азайтуунун жолун билген Эшимканов

"Асаба" гезитинин саргайган эски сандарын барактап отуруп Мелис байкенин кээ бир макалаларына көз жүгүртүп, андагы өлүм, өмүр, таарыныч, өксүк, кайгы камтыган ойлорун окурман менен бөлүшүүнү туура таптык.
"Эгер кокусунан "айнып кетип, "мөңкүп кетип", кыргыздар чын эле президенттикке шайлап калышса, анын эртеси Кудай келип: "Эй үка, экөөнүн бирин танда, же колуңа жаңы тийген падышалыгыңды же тозоктук торунан куткарчу Акыйкатты?!" десе, эч ойлонбостон башыман садага деп Ак үйүн таштап, Жараткандын этегине жармашмакмын."
"Асаба", 21-февраль,
1997-жыл
"Кимге таарынам десең? Эрнис экөөбүздөй эки жаман уулун ушул чакчелекей дүйнөнүн буркан-шаркан дарыясына таштап коюп, Брежневдердин, Усубалиевдердин, Карыпкуловдордун тоталитардык камчысына туруштук бере албай, 44 жашында мээсине кан куюлуп о дүйнө кете берген Асек атабызгабы? Туш-туштан уулдарына урулган чабуулга заманасы куурулуп, эсендигибизди тилегенден башканы билбей буркураган энебизгеби? Жарымынан көбү түрмөгө түшүп зектердин катарын көбөйткөн кызыл аскерий классташтарымабы? Турмуш арабасына чиркелип, эч нерсеге чолоосу тийбеген досторумабы? Бардык азабымды унчукпай көтөрүп келаткан муңайым, делбирим-өмүрлүк жубайымабы? "Мерген аяп, мерген атпас" бейкүнөө күлкүсү аралаш ойногон уул-кызымабы? Кабат-кабат убадаларын аткарууга кудурети жетпей, өз алапайын таппай кыйналган президент мырзагабы? "Асабанын" ак нанын жеп чоңоюп, такшалып, киши катарына кошулуп алгандан кийин бийликтегилердин тукурмасына азгырылып, эми кайра өзүбүздү дүңкүлдөтө жамандап жаткан калемдештеримеби? Кечээ эле сырдаш-табакташ болуп жаныман чыкпаган, кредит, кызмат, наам, үй, акча, бийлик сурап көпөлөктөй чарк айланган, бүгүн минтип телевидение, өкмөттүк гезиттер аркылуу сакалдуу баштары менен куру жалаа жабышып, өлкөбүздөгү бей-бечаралардын ит турмушуна, Акаев, Жумагулов эмес Эшимканов күнөөлүү деген жыйынтык чыгарып, Ак үйдөгүлөрдүн геббельстик идеологиясына убактылуу "одноразовый шприц" болуп беришкен, ансыз да оор сынакты башынан кечирип жаткан уюмубузду бөлүп-жарууга, ичинен иритүүгө аттанган 5-6 партиялашыма таарынайынбы? Же асманы аңтарылган доордо жашатып койгон, жөн жашатпай курч, коркунучтуу, жылтылдаган бычактын мизи менен бастырып турган пешенеме жазылган тагдырымабы? Кимге таарынам?.."
"Асаба", 9-май, 1997-жыл
"Алакандай аз элбиз. Өмүр ансыз да кыска. Бири-бирибизди кечире алганда гана, бири-бирибизге кол суна алганда гана бул дүйнөнүн арманы азаяр беле?"
"Асаба", 30-май,
1997-жыл
"Акыйкат жолу ушундай. Тайгак. Жерден алып көргө урат. Күзгүдөн көздөрүңдү тиктечи… Эго аксакалдын кулуна айланганымды, кыйынсынганымды, өпкөлүгүмдү, куулук-шумдугумду байкайм. Салаадан төгүлгөн кумдай убакытты, көрпенделик тырмагын матырган реалдуу жашоону, анда-санда "ыңаалай" калган ыйманымды, айылдагы-шаардагы, гезиттеги, партиядагы, саясаттагы алыс-жакын тааныштарымды, жадагалса үй-бүлөмдү, досторумду алдап жүргөнүм - бала кезимде койчу атам "жылкыга жөнөбөйсүңбү!" деп иймейген бутума орой чапкан шапалагынын уусу сөөгүмдүн чучугуна жеткендей - мээме "шак" жете түшөт да шалдайып отуруп калам. Ыйлайын десең жаш чыкпайт. Бет калың. Баарын алдасаң болот. Экөө гана алданбайт. Кудай менен абийириң…"
"Асаба", 19-25-апрель,
1996-жыл
"Менин кейигеним - телевизорду койсоң эле "Асабаны" жамандап аткан болот. Сүйүнгөнүм - элдин баары "Асаба" тарапта".
"Асаба", 28-август,
1998-жыл
" Чарчаганда, суусаганда, жүдөгөндө эч кимди башбактырбаган чээним бар. Жалгыздык таштарынан, чөптөрүнүн куралган. Ошого кирип кетем. Бардыгы сыртта калат. Көртирилик, саясат. Гезит, эки буттуу дөбөттөр менен үрүшмөй, даамы жок күндөр, курсак менен чочоктун кайгысы - бардыгы биригип көз ирмемге болсо да маанисин жоготушат. Жалгыздык чээним, сени эч кимге, эч нерсеге алмаштырбай калайын. Көрүмө да ала жатаармын…"
"Асаба", 28-август,
1998-жыл
"Өлүм - ак, өлүм - улук" дегендерге түк көнө албай койдум. Кудайын тааныбай, өмүр баркын кетирген адамзат өлүм алдында тизе бүгүп, минтип багынып калганы кайсы жакшылык? Жарык дүйнөңө түн түшүрүп, башыңды жуткан ажалдын эмнеси ак да, эмнеси улук?"
"Асаба", 6-апрель,
1999-жыл

Беттерди даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??