presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бүгүнкү күндүн каармандары

Осунбек ЖАМАНСАРИЕВ:
"Анда туугандардын, достордун бетин кантип карайм?"
- Осунбек мырза, окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? Кай жердин кулунусуз, кесибиңиз эмне, кайда иштедиңиз?
- Мен мектепти Жумгалдан бүттүм. Андан кийин 1987-1992-жылдары КМУнун укук таануу факультетинде окудум. Диплом алгандан кийин төрт жыл сегиз ай тергөөдө иштедим. Жаңы кадрларды өстүрөбүз деген аракет башталып, бир жылдан ашык райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орунбасары болуп турдум. Андан кийин темир жолдо, "Манас" аэропортунун Жалал-Абад, Ош боюнча тергөөсүндө кызмат кылдым.
- Канчанчы жылдардан баштап иштебей калдыңыз?
- 1997-жылдары.
- Андан кийин эмне иш менен алектендиңиз? Ишкерлик кылдыңызбы?
- Курулуш тармагында Бишкек шаардык калыбына келтирүү деген мекеме бар эле, ал жерде убактылуу кадрлар боюнча башкы адис болуп иштеп жүрүп анан адвокатура тармагына кеттим. Ошону менен баш-аягы сегиз жыл жактоочу болуп иштедим.
- 7-апрелге чейин кайсы жерде иштеп аттыңыз эле?
- Акыркы учурда Бишкек мэриясынын кадрлык жана укук бөлүмүнүн башчысы болуп тургам.
- "Мекен шейиттери" коомдук уюмуна кантип аралашып калдыңыз?
- Кандуу окуяда менин бир тууган агамдын баласы 25 жаштагы иним Мирлан да каза болду. 10-апрелде Ата-Бейитте каза болгондорду көмүү учурунда мага сөз берилип, ошондон кийин мага жакындарын жоготуп жабыркап тургандар көңүл буруп калышты. Бир жагынан жакынын жоготкон жабыркоочу катары, бир жагынан кесибиме жараша "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун укуктук жактарына кол кабыш кылып жүрүп бул ишке баш-отум менен киришип кеттим. Июнь айында Бишкек мэриясындагы жумушумдан кетүүгө туура келди. Себеби көп убактым "Мекен шейиттери" коомдук уюмуна арналып калды.
- 7-апрелде каза болгон иниңиз эмне иш кылчу эле?
- Мирлан мектепти бүткөндөн кийин техникумда окуп жатып эмнегедир окуусун таштап, бригада түзүп алып курулушка керек болгон темир материалдарын жасаган цехте иштеп аткан. Материалдык жактан өзүмдү өзүм камсыздап алып окуумду улантам, үйлөнөм деп жүргөн. Ал 2010-жаңы жыл күндөрү үйлөнөрү тууралуу биринчи сөз козгогон. Мирландын апасы да каза болуп калды эле.
- Апрель окуясына байланышкан ар кандай аталыштагы уюмдардын көбөйүп кеткени тууралуу эмне дейсиз? Алардын ичинен "7-апрель кыймылы" Нариман Түлеевди президенттикке көрсөтүп элди таңкалтырды…
- Чындыгында апрель окуясы болгондон кийин ага байланышкан ар кандай жаштар кыймылы пайда болду. Азыркы күндө бул окуяга байланышкан бир нече партия, бир нече коом бар. Биздин алардын бирине да каршылыгыбыз жок. Бирок алар ошол 7-апрелге байланышып аталгандан кийин бул окуя эмне үчүн болгонун эске алып, ушул окуяга түрткөн элдин мүдөөсү кандай болгонун унутушпаса деген оюм бар. 7-апрелге байланышкан ат менен жүрүп башка максат көздөп кетишкени туура эмес. Мен билгенден "Айкөл Ала-Тоо" ошол окуяда жарадар болгон балдар түзгөн коомдук уюм. Ал эми биздин "Мекен шейиттери" - каза болгон балдардын жакын туугандары түзгөн коомдук уюм. Биздин "7-апрель" партиясына эч кандай тиешебиз жок. Албетте кандай аталыштагы коом түзүү ар бир адамдын өз укугу. Биз 7-апрелди менчиктеп албайбыз, бул атка байланышкан коомдордун эч кимисине ич күйдүлүгүбүз жок.
- Чындыгында учурда жалпы эле 7-апрель боюнча маселе келип чыкса элдин эсине сиз түшөсүз. Кылым соту боюнча маалымат берип ММКдан түшпөй келесиз. Көтөргөн маселеңиз, жасап жаткан ишиңиз менен бүгүнкү күндүн баатырларынын бири экениңиз чындык. Андыктан кайсы бир саясый күчтөр сизди өздөрүнө кошуп алууга же сатып алууга аракеттендиби?
- Ачыгын айтканда, биз май айында "Апрель баатырлары" деген партия ачканбыз. Өзүбүзчө жыйын өткөрүп, эгер ушундай эле кичинекей талаптар менен жүрө берсек, анда биздин сөзүбүздү кийинчерек эч ким укпай калышы мүмкүн, андыктан биз дагы өз күчү бар саясый партияга айланып парламентке барышыбыз керек деген сөздөр болгон. Эми азыр мунун баарын айтып отуруштун кажети деле жок болуш керек. Ошол кезде биздин партия жаш болгондуктан ар кандай чоң партиялардан бизге кошулгула деген сунуштар болгон. Бирок биз чоң партияларга кошулбай Куруучулар партиясына кошулдук эле. Тилекке каршы, шайлоодо өтпөй калдык. Бул биздин биринчи жолу саясатка аралашканыбыз болду. Албетте ар кандай саясый күчтөр бизге түрдүү сунуштар менен кайрылат. Бирок биз ал сунуштарды өз жыйыныбызда карап, эгер биздин максатка туура келсе гана иштешүүгө макул болобуз. Эң негизги маселе, биз башынан эле сүйлөшүп алганбыз, азыр биздин коом элдин көз алдында, андыктан ар кандай саясый оюндарга аралаша бербей, негизги максатыбыз болгон 7-апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот ишин аягына чыгаралы деп. Андыктан бизди эч ким сатып ала албайт. Саясаттагы кээ бир туура эмес иштерге гана өз пикирибизди билдирип койбосок, негизинен сот иштери менен жабырлануучулардын укугун коргоп, социалдык маселелер менен гана келатабыз.
- Жеке өзүңүзгө кайсы бир чоң саясый партиялар тарабынан конкреттүү сунуштар болду беле?
- Болгон. Атын айткым келбейт, шайлоо учурунда бир партия мени өз катарына кошкусу келген. Мен макул болгон эмесмин. Себеби ал учурда жана айтып кеткендей, биз өз партиябыз менен чыгып жатканбыз. Ал эми башка ар кандай сунуштар менен келгендерге, сот иши бүтмөйүнчө бош эмесмин, күнөөлүүлөр өз жазасын алгандан кийин силердин айткан сунушуңарды ойлонуп көрөм деп жооп берип келем.
- Ар бир эле сот ишинде карама-каршылыктар бар. Ал эми сиз катышып жаткан кылым соту өтө чоң иш. Мындай жерде ар-кандай күчтөр аракеттенип турат. Жеке сизге коркутуулар боло элекпи, пикириңди өзгөрт дегендей…
- Эми мындай жөн-жай турганда, айрыкча башында Ак үй алдына митингге чыгып калганда жаныма келген бейтааныш адамдар анчалык катуу кетпе, абайлап сүйлө, мындай болбойт да дегендей сөздөрдү айтышчу. Бирок мындай атайын коркутуу деле боло элек. Ал эми жогорудагы сөздөрдү айткандарды мен коркутуу деп эсептебейм. Мүмкүн алар мага бир нерсе болуп калбасын деп күйгөнүнөн ошентип атышкандыр.
- "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун негизги максаты эмне?
- 2002-жылы бийлик Аксыда элди аткан. Ага күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алган эмес. Бийлик ошол окуядан сабак албаганы үчүн 7-апрель окуясы кайталанды. Мыйзамда деле ошол, эгер адам жасаган кылмышына жаза албаса ал ошол кылмышты кайра кайталайт. Биздин оюбуз ушул окуя так изилденип, укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр жазаланып, бийлик мындан кийин элге эч качан ок атпаса деп ойлойбуз жана талап кылабыз. Каза болгон балдардын трагедиясынан жыйынтык чыгып, андан кийин бийлик менен элдин ортосунда, мамлекетибизде конкреттүү өзгөрүүлөр болуш керек. Буюртма киши өлтүрүүлөр токтоого тийиш. Эгер бир жакшы жашоого келип калсак, анын пайдубалы карапайым элдин 7-апрелдеги төгүлгөн каны менен курулганын ар кимибиз эстей жүрүшүбүз зарыл. Төккөн каныбыз, минтип сот иши менен жүргөнүбүз бекер кетпесе. Элибиз жакшы жашоого, теңчиликке, акыйкаттыкка жетсе төгүлгөн кан акталат эле. Ошондуктан биздин коомдук уюм соттор кеңешин шайлоого да кийлигишүүдө. Сотторду шайлоодогу кыйшайган бир кемчилик кийин кайра-кайра кайталанат. Аны азыртан түздөш керек. Мисалы, ЖК комитети учурда эки атуулдугу барлар деле соттор кеңешинде иштей берсе болот, себеби бул коомдук башталышта уюштурулуп жатпайбы дегендей сөздөр айтылып жатат. Ушул жерден эле чочулайсың. Мамлекеттик кызматкер эч качан эки өлкөнүн атуулу болбош керек.
Дагы бир маселе, учурда Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши ачылып жатат. Мен бул үчүн ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен анын орунбасары Мелис Турганбевге ыраазы болуп, эми бул иш аягына чыкса экен деп турам. Себеби бул кылмыш ишинин ачылышы менен Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар 7-апрелге чейин эле көңүлүнө жакпагандарды өлтүрүп келгени далилденсе, анда биздин аларга коюп жаткан күнөөбүз ырасталат. Негизи биз кылым сотунда эч кимдин туура эмес соттолуп кетишин каалабайбыз.
- Сиздердин коом кээ бир учурларда кайсы бир чоң партиялардын саясый куралына айланып калбайбы?
- Биз ар кандай партиялар жана коомдор менен сөзсүз түрдө карым-катнаш кылабыз. Эч кимге кошулбай эле жалгыздап кете беребиз дегенден алысмын. Албетте, кайсы бир маселелер боюнча бир пикирге келгенде кызыкчылыгыбыз бир болсо, алар менен иштешүүгө туура келет. Айрым чоң партиялар бизди колдонуп жатам деп ойлошу мүмкүн. Ошол эле учурда өз талабыбызга жетиш үчүн биз деле аларды колдонуп коебуз. Менимче, бул деле туура.
- Апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот иши аябай түйшүктүү жумуш экени түшүнүктүү. Чарчаган жоксузбу, жарым жолдон таштап басып кетпейсизби?
- Жана айткандай, бул сот ишин аягына чыгарууну өз милдетим деп сезип калдым. Орто жолдон оюндан чыгып кеткенге абийирим жол бербейт. Анда туугандардын, достордун бетин кантип карайм?
- Сизди келечекте саясатчы катары көрсөк болобу?
- Азыр менде бир эле максат - сотту аягына чыгаруу, калганын андан кийин ойлоном.
- Сот качан бүтүшү мүмкүн?
- Мен сотту октябрдын аягында бүтөт го деп болжолдоп өз оюмду айткам. Бирок соттун төрагасы минтип айтпаңыз деп нааразы болду. Азыр сот процесси жакшы эле жүрүп жатат. Эгер ар кандай фокус болуп кетпесе бул иш октябрда аягына чыгат деп ойлойм.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Беш балам, келинчегим бар. Улуу кызым мединститутта сегизинчи курста окуйт. Андан кийинки кызым менин жолумду жолдоп укук таануу боюнча билим алып жатат. Үйдө үч жаштагы кызым, анан кичинекейлерим бир уул, бир кыз - эгиздерим бар.
- Осунбек мырза, сот иши менен жүрүп жумушуңузду да таштапсыз, үй-бүлөнүн оокаты кантип өтүп жатат?
- Мен бош учурларда муктаж атуулдарга, мекемелерге укуктук жактан кеңеш бере коем. Андан сырткары, чакан, тамак-ашка жете турган үй-бүлөлүк ишкерлигим бар. Негизинен бай киши эмесмин. Бирок эч кимден нан сурабайм.
Зайырбек АЖЫМАТОВ, Т: 28-88-45, эл.дарек: zairajimatov_76@mail.ru








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??