16.09.11 - 8-бет:
  Сыйлык сырлары

Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу өлкөнүн ар тармакта иштеген жүздөгөн атуулдары бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушту. Бирок ушу сыйлыктардын, асыресе сыйлангандардын тегерегинде ар түркүн пикирлер ММКларда айтылып келет. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча КР президентинин алдындагы комиссиянын жооптуу катчысы
Бүбүкан ДОСАЛИЕВА ой бөлүштү.

"Сыйлыкка талапкер тандоодогу жоопкерсиздик мамлекетке чыккынчылык кылууга тете"

- Бүбүкан айым, адегенде сыйлыкка көрсөтүү иштери кандай жүрдү, ошондон кеп салсаңыз ?
- Эгемендиктин 20 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыкка татыктууларды тандоо абдан кыйын болду. Биздин комиссия июнь айынан тарта үч ай бою ушу маселенин үстүндө иштеди. Юбилейге карата өлкө боюнча миңдей сунуш түштү. Алардын көбү Кыргызстандын экономикалык, социалдык, маданий тармактарына өз салымын кошту, эгер алар ушундай иштебесе Кыргызстан бүгүнкүдөй абалга жетпейт эле деген критерий менен тандалбай, тилекке каршы, көбү азыр иштеп аткандар же бири-бирин түртүп келишкендер болду. Көпчүлүгү мыйзам талабына ылайык эмес даярдалып келиптир. Мыйзамсыз даярдалган же кеч келгендер кайра кайтарылды. Министрликтердин жетекчилери, облус губернаторлору электен өткөрүп, салмактанган адамдардын документтерин эмес, айрым учурда коллегиядан өтпөгөндөрдүкүн да жиберип жатышты. Ошентип мыйзамсыз келген 400-500дөй документ артка кайтарылып, калган 600дөн ашык адамдын ичинен 200дөн ашыгына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Алардын арасында мыйзам боюнча эгемендик майрамында гана ыйгарыла турган Эмгек ардагери, Күжүрмөн кызматы үчүн деген эки баскычтагы медалдар да бар.
- Сиз мыйзамсыз келгендер анан бири-бирин түрткөндөр болду дедиңиз. А негизи мамлекеттик сыйлыкка тандоо кандай жол менен жүрүшү керек эле?
- Сыйлык ыйгаруу - бул мамлекеттик чоң саясат. Анын чоң саясат экенине баа берилип, мамлекеттик деңгээлдеги мамиле жасалбай, көпчүлүгү кара жемсөөлүк, көрпенделик мамиле жасашты. Жетекчилер биз жаман көрүнбөй жибере берели, комиссия өзү билсин деп бизге түртө салышты. А мыйзамда жетекчилердин персоналдуу жоопкерчилик тартаары даана жазылган. Бул мамлекеттик кызматта туруп мамлекеттик кызыкчылыкка чыккынчылык кылганга барабар.
- Бирок азыр нааразы пикирлер көп болуп атпайбы, ага не дейсиз?
- Буга эң биринчиден, мамлекеттик саясаттын бир көрүнүшү катары мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга мамлекеттик деңгээлде баа берүүнүн жана талдоонун коомдо жоктугу башкы себеп. Мамлекеттик ардак наам жана сыйлык ыйгарылган адамдын эмгегин ар тараптан калыс талдоонун жана андан коомдук жоопкерчиликти талап кылуунун жоктугу же башкача айтканда, сыйлык алган адамга карата пенделик мамиле жасоо болуп жатат. Болбосо эң ириде сыйланган адамдын эл алдында жасаган эмгегине баа берип, андан кийин башка сапаттарына көңүл буруу керек эле. Андан тышкары, "Өзүңдү эр ойлосоң өзгөнү шер ойло" деген кыргыздын накыл кебин эстен чыгарып, эмне үчүн мен сыйлык ала албайм деп күйүнгөндөр сындап, нааразы болуп жатышат. Эгер Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку ардак наамы берилген адамдарды бирден талдай турган болсок, өз чыгармалары менен коомдун бир нече муунун - Мекенди, элди сүйүүгө, ата менен баланын, күйөө менен аялдын, улуу менен кичүүнүн ортосундагы улуттук, адамдык бийик мамилелердин калыптанышына баа жеткис салым кошкон Бексултан Жакиевдин эмгегин ким тана алат. Анын 75 жылдык мааракесинде мындай ойду ар бир адам айтып, ар бири эмне үчүн ушул убакка чейин берилбей жатат, бийлик эмне үчүн көрбөй жатат, жалаң татыксыздарга бергиче сага бербейби деп тамшанышкан. Эми берилгенден кийин "Атанын тагдырынан" башка чыгарма жазбаган Бексултанды мынча неге көкөлөтүштү деп пенделик, жемсөөлүк деңгээлде сындап жатып калышты. Бексултан Жакиев аз бирок саз жазган мыкты драматург. Анын драмаларында эмне деген терең ойлор, адамдык бийик сапатка үндөгөн мамилелер даңазаланат. Атаганат, азыр аны түшүнгөн жана аларды жетекке алган муун азайып, жакшыны көрө албаган, жаманды жашыра албаган адамдар көбөйүп баратабы деп коркосуң!
Андан кийин Миталип Мамытовдун адамдын баш мээсине жасаган операцияларын, андагы табылгаларын Кыргызстан баалабаганы менен дүйнө нейрохирургдары колдонуп, укмуш табылга деп жүрүшкөнү белгилүү эмеспи. Ал адам министр же башка кызматта болгон күндө да адамгерчилик сапатынан жазбай, дарыгерлик кесибин сүйүп, улуу-кичүүгө үлгү болуп келе жатат. Демек, мындай адамды Баатыр кылып, үлгү кармасак болбойбу?
Ал эми Алиясбек Алымкуловго Баатыр наамын берүү менен азыркы бийлик Баатыр наамын ыйгаруу салтына реформа киргизди деп айта алам. Кыргызстандын мурунку жана соңку 20 жылдык тарыхын алалы, кимдер Баатыр наамын алып келген? Албетте татыктуу адамдар, бирок баары жашы 80ге жетип, төрдө отуруп берер гана курагында ээ болушкан. А 40 жаштагы Алиясбекке жаштардын демин көтөрүп, келечек жаштардын колунда деген үмүттү жандыруу жана аларга үлгү болуу үчүн патриоттуулугу, өткүрлүгү, келечек үчүн керек болсо жанын аябагандыгы жана майтарылбас эрки үчүн берилди.
Ооба, азыр Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги учурунда улам бирин мактап, жылуу жерден күн көрөйүн деп көшөкөрлөнүп, совет доорунда кыргыз элинин багына топтолгон байлыкты басып алып, азыр четинен кемирип отурган айрым адамдардын 20 жылдыкта сыйланбай калдык деген ич күптүлөрү катуу болуп жатат. Алар мурунку президенттер байлыкты тоноп, сатып, менчиктеп жатканда ооз ачпай, керек болсо курал болуп бергендиктери үчүн сыйланыш керекпи? Сыйлык ар кандай жол менен күткөн байлыгы же бийликтин бир бурамасы катары эл башкарып жүргөндүгү үчүн эмес, эл алдында жасаган кайталангыс эмгеги үчүн берилиш керек. Азыр айрым гезиттер өкмөт башчы болуп жүргөн Амангелди Муралиев менен демократ Топчубек Тургуналиев эмне үчүн Манас ордени менен сыйланат деп сындап жатышат. Амангелди Муралиев өкмөт башчы болгону менен элдин байлыгын кытпаган жана колунан келишинче ак иштеген инсан. Ал айрыкча, Бакиевдин убагында мамлекеттин экономикалык саясаты элди курутчу багыт алды деп тынбай какшап турду. Антип ким ачык айтты эле? Ал эми "президенттерди тандоодо бир эмес эки жолу жаңылдым" деп мойнуна алып, аны оңдоо үчүн жанын таштап каршылык көрсөткөн, ага каршы элдин духун көтөргөн Топчубек Тургуналиевден башка ким эле? Анын тээ 90-жылы эле Ак үй алдында ачкачылык жарыялап, Кыргызстан демократияга багыт алсын деп талап койгонун айрым адамдар билбесе да тарыхта жазылуу. Тургуналиевди сыйлагыла, керек болсо Баатыр наамын бергиле деп эл аралык журналистикада иштеген, адам укуктарын коргоп жүргөн жүздөгөн адамдар кайрылуу жазышты. Комиссия аларды калчап отуруп Манас ордени менен сыйлады. Бул жолу Баатыр ардак наамы жана андан кийинки чоң сыйлык Манас ордендери татыктуу ээлерине берилди деген ойдомун.
- Баатырлардан башка сыйлык алгандар боюнча деле сындар көп болуп жатат. Маселен, мурда Ардак грамотасы жок айрым адамдар дароо Данакер ордени, Даңк медалы менен сыйланды деп жатышат. Ага мыйзам жол береби?
- Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы жана коом алдында сиңирген эмгеги болсо ага жараша сыйлык ыйгарууга мыйзамда чек коюлган эмес. Ооба, бул жолу мурда сыйлык албаган биртоп адамдар орден, медалга ээ болушту. Эмне үчүн? Алардын көбү өзүнүн ишин жасап, элге жумуш ордун түзүп, ар кандай тармактарда эмгектенүүнүн жаңы үлгүсүн калыптандырып, жаңы эмгек мамилесин жайылтып, жаңыча көз карашта иштеген эмгек жамааттарын тарбиялап жаткан адамдар. Аларды өз эмгек жамааттары, иштешкен адамдар барктаган менен андан жогору турган мекеме, уюмдар сунуш кылышпайт экен. Алардын жаңыча көз караш, иш багыттары мурунку бийликке жакпай келген. Ошон үчүн сыйланышкан эмес. Бул жолу эл үчүн сыпайы иштеген адамдарды таап, сыйлоого аракет болду. Мисалы, Евросоюздун Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель Данакер ордени менен сыйланды. Ал 20 жылдан бери Кыргызстандын эл аралык коомчулукка аралашуусу, социалдык-экономикалык, гуманитардык жактан өнүгүшү үчүн жан үрөп келаткан чет өлкөлүк жарандардын бири. Ал Франциянын Тышкы иштер министри болуп иштеп турган кезинде эле Кыргызстандын Евросоюз менен алака түзүшү үчүн көп аракет кылган адам. Мен дагы бир нерсени баса белгилеп кетким келип турат, бул адам сыйлык тапшырылып жатканда сыйлык алган кыргызстандык кээ бир мекендештерибиздей болуп кыйратып салганым үчүн алдым дегендей керсейбей, өтө ыраазы болгонун жана ушул сыйлыкка татыктуу иш кылдым бекен деп аябай тартынып турганын жашыра алган жок. Анын ушундай сыпайылыгын көрүп, момунча жыл иштедим, мени эмне үчүн сыйлабайсыңар деп күнүгө элди тажаткан адамдар үчүн уялдым.
Данакер ордени менен Германиянын Карл Мария Шелике деген жараны да сыйланды. Ал 25 жылдан бери тубаса майып же жетим балдар үчүн "Үмүт- Надежда" деген кайрымдуулук фондун ачып, жылына 150 баланы багып, тарбиялап, окутуп эл катарына кошуп келатат. Майып балдарын керек болсо өз ата-энеси бакпай таштап кетип жаткан көрүнүштөр толтура. А бул аял ар кайсы чет өлкөлүк уюмдардан акча сурап, окуу, тарбиялоо ыкмаларын алып келип, майып балдарды окутуп, тарбиялай турган мугалимдерди да окутуп, коомго кошуп жатат. Мамлекет ушундай адамдын эмгегин баалабаса болобу?
"Кыргызконцепт" деген уюмдун жетекчиси Эмил Үмөталиев да ушундай орден менен сыйланды. Ага бул сыйлык туризм, билим берүү, кызмат көрсөтүү жаатында эл аралык деңгээлде жасап жаткан иши үчүн берилди. Ал Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнүн жаңы үлгүсүн калыптандырды. Азыр Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк уюмдардын көбү ушул компаниянын кызматынан пайдаланышат. Чет өлкөдөн окуйм деген жаштардын көбү ушул компания аркылуу жолдомо алышат. Финансы же башка көз боемочулук дегенден алыс, бардык иш-аракеттери ачык жана таза экен. Демек, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө товар ташып, финансылык иштеринин изин жашырып, жеке кызыкчылык үчүн иштеген туристтик компанияларга үлгү катары анын ээсинин эмгегин мамлекет баалашы зарыл деген ойдомун.
Мындан тышкары, өткөн 20 жылдын ичинде бизнес чөйрөсүндө жаңы рыноктук мамилени калыптап келе жаткан бир нече компаниялардын жетекчилери Даңк медалы менен сыйланышты. Эл арасында аларга карата бай, көпөс деген, менимче, көрө албас, ичи тар көз караштар бар. Албетте, азыр эмгек кылган адам байыйт. Бирок алар мамлекет алдында арам акча адалдабай ак иштеп, эл үчүн жумуш орундарын түзүп, эмгек уюштуруунун азыркы учурга ылайык иштемчил, үнөмчүл, пайдалуу ыкмаларын калыптандырып жатса эмне үчүн сыйланбашы керек? Мамлекет мына ушундай багыттагы адамдарга демөөрчүлүк кылып, көтөрмөлөшү керек. Ошон үчүн "Лина", "Байтур" компанияларынын жетекчилери сыйланышты. Мамлекет муну менен башка компанияларга алдыга умтулуу чакырыгын таштап жатат.
(Уландысы 14-бетте)