16.09.11 - 7-бет:
Бүксүгөн "жугундулар"
"Майданда" Ташиев-Түлеев. Кимиси жеңет?
30-октябрь жакындаганы талапкерлердин ортосунан кара мышык жөргөлөп, биринин үстүнө бири жугунду куюп, былык-чылыктарын чукуган компроматтар согушу башталды. Биз дагы "маалымат майданындагы" кырчылдаш кимдердин ортосунда катуу жүрүп атканын изилдегенге өттүк. Анда эмесе, алгачкы кеп "Ата журт" партиясынын төрөсү Камчыбек Ташиев менен экс-мэр Нариман Түлеевдин "эрөөлүү" туурасында болот.
Чатак эмнеден чыкты, атаңдын башынан чыкты демекчи, эски режимдин президенти Курманбек Бакиевдин "тун уулу", бүгүнкү "ата журтчу" депутат Нариман Түлеев алгачкылардан болуп чабуулга өткөнү маалым. Ал бир жылдан бери оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай жүрүп, анан эркин басылмалардын бирине кокусунан агынан жарыла маек куруп, "Ата журт" партиясынын "атаманы" Камчыбек Ташиевди болушунча поктоп кирди. Анын айтымында, былтыр парламенттик шайлоонун астында Камчыке менен азыркы спикер Ахматбек Келдибеков Москвадан туңгуч ханзаада Айдар Акаевге жолугуп, андан бир млн. доллар сураптыр. Албетте, жөн эмес, анын акысына туңгуч ажо Аскар Акаевдин мекенине кайтып келишине шарт түзүп беришмек экен. "Соодалашуунун" жүрүшүн Нариман мындайча шөкөттөйт: "Келдибеков менен Ташиев Москвага учуп келип телефон чалышты. Барсам, мончодо Камчы Ташиев, Ахмат Келдибеков, Айдар Акаев болуп отурушуптур, кичине кызуу экен. ...Ошол жерде бул экөө Акаевдерден бир миллион доллар сурашкан, керек болсо Акаевдерди Кыргызстанга алып келебиз дешкен. Ошол жерден Айдар Акаев алтын саатын чечип Камчы Ташиевге белек кылган. Ошентип 500 миң доллар берген. Акчасын алды".
Көчөдөгү карапайым адам айтса бир жөн. Бишкектин мурдагы мэри Ташиевди тикелей айыптап, анын экс-ханзаада Айдар Акаевден ири суммадагы акча алганын расмий билдирип атыр. Логикага таянсак, анда былтыр "Ата журт" партиясы Айдар Аскаровичтин, жалпы Акаевдердин долбоору болуп калганбы? Анда: "Биз эң ынтымактуубуз, түндүк менен түштүктү бириктирчү негизги күчпүз" деп "Ата журтту" түптөөнүн негизги максаты - депутаттык мандатка жетүү, кайсы бир күчтөрдүн тымызын буйругун аткаруучу органдын милдетин аткаруу болуп жүрбөсүн? Эгер чындап эле буларды бирдиктүү идея бириктирсе, минтип эшеги ылайдан өткөн соң биринин айыбын экинчиси чукубайт эле го?
Кыскасы, Нариман Ташполотовичтин бир млн. доллар таржымалына жолдош Ташиев конкреттүү жооп узаткан жок. Болгону бардыгын кудайга койдум деп гана кутулду. Бирок ошол эле маалда өзүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу Түлеевди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапкан макалалар сериясына старт берилди. Мисалы, таанымал интернет-сайттардын бири (сайт Ташиевге таандык болгондуктан, атын ачык атабоону туура таптык) кабыргасынан коюлган суроолорго шылтоолоп, Нариман мырзанын Москвадагы элиталык квартирасын жана ошол батирде жашаган көңүлдөшү, анын айынан үй-бүлөсүн таштап кеткенин кыйытып, мэрликти аркалап турган кезинде борбордук аянтка Манас баатырдын, жалпы кыргыз элинин душмандарынын айкелдерин тургузганын эске салып, апрель окуясынан кийин өлкөдөн безе качканына не себеп болгону, экс-ханзаадалар Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин кимисине көбүрөөк жакындыгы сыяктуу кызыктарды ачыкка чыгарган. Буга НТТ ак да, көк да дебеди.
Камчыбек Кыдыршаевич тарабынан агылган компроматтар муну менен эле чектелбептир. Ага караштуу гезит Түлеевдин "7-апрель жаштар кыймылы" партиясын сатып алгандыгын шардана кылса, андан көп өтпөй бул басылмага аталган партиянын өкүлдөрү келип ызы-чуу уюштурганга жетишти. Жакшылап иликтесең, алардын артынан Түлеевдин тикчийген эки кулагын чалдыктырарың калетсиз.
Ток этерин айтканда, Ташиев-Түлеев "чабышы" азырынча аягына чыга элек. Президенттик шайлоого чейин дагы далай сенсациялар шардана болчудай. Бизге жеткен куш тилиндей кабарга таянсак, Нариман мырза Камчыбек мырзанын дагы быкыйын чукуп, эл билбеген сырларын ачыкка чыгарууга камданып атыптыр. Аны дагы кези келгенде көрөрбүз.
Эки эрендин "эрөөлүнөн" кимиси көбүрөөк зыян тартаар экен? Жалпы коомчулук билгендей, президенттикке талапкер Марат Султанов менен Нариман Түлеев тилектештер. Демек, компроматтар кармашы Марат Абдразаковичке көбүрөөк зыян алып келери турган иш. Себеби, эгер жигиттик убадага турушса, Нариман мырза так талаштан баш тартып, Султановго жол бошотуп берет. Мындай шартта Ташиев "маалыматтык кармаш" багытын Марат мырзага бурарын божомолдош иттен оңой.
Талантбек СЫДЫКОВ
Кырдаал
Динозавр
Кыргызстандын саясый аренасында "Ар-намыс" партиясынын ордун эч ким тана албайт. Ошондой эле анын лидери Феликс Куловдун да салмагы жеңил эмес. Бүгүн өзүнүн партиялаштарынан өгөйлөнүп жаткан Ф.Кулов бул партиясын мындан он эки жыл илгери Бишкек шаарынын мэри болуп турганда түзгөн. Партия ыңаалап жерге түшкөндө эле тили чыгып, президент А.Акаевдин азабына төрөлгөнүн, ачык оппозицияга чыгаарын айтып чыккан.
Феликс Куловдой бай саясый биографиясы, бирде бийикте, бирде таман алдында калган татаал тагдыры менен бүгүнкү күндөгү кыргыз саясатчыларынын бирөө да мактана албайт. Анын президенттер Акаев, Бакиевдерден кийинки кызмат орундарын ээлеп турган же тескерисинче түрмөгө түшүп, жазмыштын азабын тарткан күндөрү да болду. Бирде жалпы элдин урматтоосуна татыса, бирде көңүлдү кайт кылган учурларын да көрдүк. Саясаттын салты ушундай экен, анын койнуна киргендер өлүгү эле чыкпаса оңой менен өздөрү чыга койбойт. Ф.Кулов да К.Бакиевдин тушунда тирүүлөй саясый өлүк болуп, караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей калган. "Чакан ГЭСти" шынаарлап, сай бойлоп, саясаттан алыстап кеткен.
Анан эле апрель окуяларынан кийин тирилип кеткен динозаврдан бетер "Ар-намыс" партиясын алкынтып, мыйзамдын темир калканын бетине кармап чыга келип, парламенттен 25 орунду баса жыгылганда оозубузду ачып калганбыз. Көптү көргөн, бетинде азуу тийбеген чолоо жери жок карт бөрү чоң саясатчылыгын көрсөтүп ойноп-ойноп алганда Кыргызстандын саясый майданы бир чайпалып алган. Ошол парламенттик шайлоонун алдында партиялык лидерлерден Д.Медведев жылуу ырайы менен кабыл алган да жалгыз ушул Феликс Кулов болчу. Ошону менен Кыргызстандагы орус улутундагылардын, Анвар Артыков өңдүү бир чабар саясатчыларды тартуу менен өзбек туугандардын көңүлүн жибитип алган Ф.Кулов, кудум байыркы динозаврдай күркүрөп чыга калганда К.Иманалиев ("Каганат"), Турсунбай Бакир уулу ("ЭрК") ж.б. демейде көкүрөгү көктө жүрчү саясый партиялардын лидерлери терисинин канчалык одурайып турганына карабастан анын (динозаврдын териси оңойбу) колтугуна кире качкан. Жыт-жыбырына деле караган эмес. Кезегинде СДПК партиясынын кымызын ичип, кызын сүйүп жүрчү, кийин А.Акаев, К.Бакиевдердин жалаң гана финансы тармагын тепилдеп тейлегенге өткөн, апрель окуяларынан соң кирерине эшик, чыгарына тешик таппай алдастап калган Акылбек Жапаров да динозаврдын кулак жүнүнө чап жабышып (анын үстүнө токочтуу неме да), жөн жабышпай ошол түктүү кулакка бирдемелерди шыбырап турчу. Булардын жанында Т.Мамытов, Э.Исаков (мунун да бир партиясы бар эле, өзү эстебесе биз унутуп калдык) өңдүүлөр да өрүп жүрчү. Кызык кийин башталды.
Парламентке келген амбициясы башынан ашкан беш партия дароо эле коалиция түзүп кете алган жок. Ф.Куловдун да премьер-министр болсом деген көксөөсү да жашырын эмес болчу. Акыры бул орунга жетпесин билген, кур дегенде сыртынан багып, көзү түшүп жүрчү министрлик портфелдерге өз кишилерин койгонго ат чабым жакындатпасын туйган ал "Ар-намыс" фракциясын оппозициялык деп жарыялай салган. Динозаврдын мындай копол жүрүшү анын жонуна кыркалай отуруп алып камчылап туруучу айрым депутаттарга жакпай, он депутат катары менен үстүнөн кулап түшкөн. Кулаганда да башы-көзү көгөрүп калаарына караган эмес. Алардын шылтоолору көпчүлүк коалицияны түзүү болгону менен саясый амбициялары башка эле. Динозаврды күркүрөтө минип барып, парламенттен жай таап алышкандан кийин бу депутаттар эми өз максаттарын ашырууга киришкен. Ар жакта кызмат талаш, так талаш кызуу жүрүп жатканда Ф.Куловдун көзүн карап отурганга алиги жолдон кошулгандардын убактысы жок болчу. Ошентип "Ар-намыс" фракциясын аңырайган жарака аралап өткөн. Саясый кырдаалдан пайдаланып "Ар-намыска" кире качкан мындайлар өтө көп эле.
Бул президенттик жарышка Ф.Куловдун өзү чыкпай А.Жапаровду түрткөнүндө ачык билинди. А.Жапаровдон башка деле төшү түктүүлөр бар дешип, аты-жыты анча угулбаган А.Калматовду жанаша кое коюп, тараза ташын ага оодарып кетишкен. Ф.Кулов "Ар-намыстын" курултайында эки жолу койсо да А.Жапаровду өткөрө албай койгон. Ушу сага ишенген…деп алган А.Жапаров президенттикке өзүнчө аттанды. "Дело ?…" (7-сентябрь, 2011) гезитине берген интервьюсунда депутат А.Артыков Ф.Куловдун абалкы аброюн сыйлап турабыз, болбосо… дегенди кулак кагыш кылган. Мунусу коомчулукту даярдаган кадамдары экени, эртеси эле Ф.Куловду ээрден алып ыргытып ийишкенде белгилүү болуп калды. Башында 10 киши болсо, бүгүн 15ке чыгып кеткен кутумчу депутаттар фракциянын башчысы кылып К.Талиеваны (К.Бакиев учурунда катардагы атка минер аял болгонунан башка, коомдук ишмердиги, инсандык позициясы тааныш эмес) тандашканын шаңдануу менен жарыялашты. Ошону менен бечара Ф.Кулов динозавр болмок турсун, минип барып жетчү жерине жетип алгандан кийин таштап кеткен көлүктөн бетер боз ала болуп турган учуру. Ал канчалык партиясынын уставына такап, маселенин мыйзамдык жагын талашпасын бул факт кыргыз саясатчылардын кызарбаган жагына ооп алгандыгын, алардын кубулма жүзүн көрсөтүп турат. Эми окуя кандай гана өңүттө уланбасын бизге маанисиз. Андан жер деле аңтарылып кетпейт. Бул жалгыз Ф.Куловдун, саясатта изи бар "Ар-намыс" партиясынын трагедиясы эмес. Азыркы коомдун айыкпаган сасык тумоосу. Ап-чихии!..
Темирбек Алымбеков, тел.: 38-67-19