16.09.11 - 6-бет:
  Кан кое бербейт

М.Садыркуловду өлтүргөнгө шектелген генералдар жана Мадумаров
Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүн уюштурду деп 17 адам кармалып, алардын арасында чек ара кызматынын мурдагы башчысы, азыркы өкмөттө иштеп жаткан генерал Замир Молдошев сурак берүүдө. ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевдин айтканына караганда, М.Садыркулов, С.Слепченко, К.Сулайманов мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин түздөн-түз буюртмасы менен өлтүрүлгөн.


ИИМ маалыматына ылайык, алгач М.Садыркуловду президенттин иш башкармалыгын жетектеп келген Курманбек Темирбаевдин Көк-Жардагы дачасына алып келишип аны жана жанындагыларын сабашкан, андан соң муунтуп өлтүрүшкөндөн кийин Кой-Таш айылында жол боюнда унаасы менен өрттөп жиберишкен. Өлтүрүү учурунда Садыркуловду эки адам кармап турган, бирөө муунткан. Ал эми кийин ушул жол кырсыгы боюнча айыпталып соттолгон Ө.Осмоновдун өлүмүнө күнөөлүү деп С.Борбуев жана Т.Чолпонбаев шектелүүдө. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин маалымат жыйынында айтканына караганда, М.Садыркулов өлгөнгө чейин Жаныш Бакиев менен биртоп убакыт сүйлөшкөн. Ж.Бакиев аларды өлтүрүп жатканда окуя болгон жерде бар болчу жана денелерин унаага салгычакты ошол жерде болгон. ИИМдин маалыматына ылайык, былтыркы апрель революциясынан кийин бул ишти жасагандар аталган кылмыштын бети ачылат деп кооптонуп, Ө.Осмоновдун өлүмүн уюштурушкан. Бул боюнча учурда колго түшкөн, мурда эки жолу соттолгон Талантбек Чолпонбаев кылмышты А.Анапияевдин буйругу менен жасагандыгын мойнуна алды.
ИИМ генерал З.Молдошев М.Садыркуловдун унаасын Ак-Жол өткөрмө пунктунда кармап калуу буйругун аткарган деп шектенип жатат. Андыктан З.Молдошев кылмышка көмөк көрсөтүп, аны жашыргандыгы үчүн кармалды. Аталган кылмышка шектүү делинип кармалган 17 адамдын төртөөсү чек ара кызматынан, СГО жана Алмамбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мурдагы жана бүгүнкү мүчөлөрү. Ошондой эле иш боюнча шектүү катары сурактан ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкери жана Максим Бакиевге жакын спортчу да өтүүдө.Тергөөнүн версиясы боюнча М.Садыркуловдун унаасы чек ара постунан өтүп, МАИ, ГУУР, СГО кызматкерлери тарабынан токтотулган. Өлтүрүшкөндөн кийин жол кырсыгы сыяктуу кылып уюштуруп коюшкан.
Дагы бир кызык жагдай, Бакиевдин иш башкармалыгын жетектеген Курманбек Темирбаев азыр кайда? Ал бул кылмыш дачасында болгонун билгенби? Анын иниси Нурлан Темирбаев 7-апрель окуясы боюнча айыпталып СИЗОдо отурганы белгилүү. ИИМ орунбасары Мелис Турганбаев маалымат жыйынында ошол кездеги министр Молдомуса Конгантиевдин бул ишке катыштыгы болбогонун кыйытып, бирок ал убактагы жогорку кызматтагы күч органдарынын жетекчилери буйрутма өлтүрүү даярдалып жатканын билгенин, ал үчүн жазасын толугу менен тартышарын, алардын ичинде ошол кездеги КР коопсуздук кеңешинин жетекчиси Адахан Мадумаров болгонун айтты. Ал эле эмес Курманбек Бакиев да бул тууралуу билгенин кошумчалады. Учурда бул тууралуу Мадумаров өз пикирин билдире элек.
Мындан сырткары, апрель окуясынан кийин ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысынын орунбасары, полковник А.Акжолов Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи, маркум Муратаалы ажы Жумановду уурдап, ири суммада акча талап кылган бандиттик топту уюштурганы ачыкка чыкты.




  Шайкөйнөк

Үтүрөйгөн үгүт иштери, иргелген талапкерлер

Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болуп катталуучу катары 32 адамдын аты аталууда. Алардын бардыгы 30 миң кол топтой алгандар. 32нин 10у кыргыз тил боюнча сынактан өттү. Шарт боюнча 30 миң кол топтоп, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүп, мамлекеттик тил сынагынан өтө алгандар гана президенттикке талапкер катары катталып, тиешелүү күбөлүк алат. Үгүт иштери расмий түрдө 25-сентябрда башталат.
"Тилектештик" жарандык кыймылы БШКга кайрылып, президенттик шайлоо алдында айрым талапкерлер жана маалымат каражаттары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилип жатканын билдирди. Алдыдагы президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин мөөнөтү баштала элек болсо да кээ бир талапкерлер кыйыр түрдө өздөрүнүн программаларын коомчулукка жарыялоого жетишип, бул үчүн маалымат каражаттарына, жарнак агенттиктерине канча акы төлөнүп жатканы белгисиз калууда. Булардын ичинде негизги басым өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине багытталган. Анын россиялык маалымат каражаттарына курган маектери, интернет басылмаларындагы сүрөттөрү мисал келтирилген.
Шайлоо оюну али баштала электе айрым массалык маалымат каражаттары үгүт иштерин чагылдырган материалдарды жарыялап ийгендигин БШК да ачыктап, "Де-факто", "Эркин Тоо", "Алиби", "Фабула" гезиттерине оозеки түрүндө, "Для вас", "Айкын саясат", "Учур", "Трибуна" гезиттерине жана ЭлТР телеканалына жазуу түрүндө эскертүү берди.
Ошондой эле президенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти 6 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 13 миңге жакын кошуундар камсыз кылмакчы. ИИМдин маалыматы боюнча шайлоо участкаларын жана бюллетендерди кайтаруу толугу менен камсыздалат.

Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ