16.09.11 - 5-бет:
  Башпрокурорго суроо

ИИМ менен ЖоКе тиреши эмне менен бүтөт?

Бул жумада күйүүчү май коррупциясына байланышкан чатактын айынан ИИМ менен ЖК ортосунда тирешүү башталды. Депутат Азамат Арапбаев "мени милиция кызматкерлери негизсиз токмоктоду" деп чырылдаса Ички иштер министрлигинин ага тергөөчүсү Жеңиш Каримбаев ага карама-каршы келген окуянын себептерин жарыялап чыкты.
Буга чейин "Даннур-Юг" компаниясына таандык төрт автоунаа ири көлөмдөгү күйүүчү майды Тажикстанга чыгарып кетип жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө тобу аталган ишканада тинтүү иштерин баштаган. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү Жеңиш Каримбаев чатактын чыгышын тинтүү учурунда табылган аткезчиликти далилдөөчү документтерди жок кылуу аракети менен байланыштырып жатат. "Бул компаниянын аткаруучу директору Бегайым Абдыманапова сейфтен табылган келип түшкөн күйүүчү майды каттоого алып турган журналды алып чыгып, бизге бербей койду. Биз ал кылмыш ишине тиркелиш керек экенин түшүндүрсөк бизге баш берген жок. Ошол учурда А. Арапбаев келип, ишканасынын ичинен бардыгын кууп чыкты. Мен да сыртка чыгып бара жатсам кармап алып, сүйрөп, башымды дубалга сүздүрүп, оюнчук кылып ойноду" дейт курган тергөөчү.
Ал эми ЖКнын "Ата журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев милиция кызматкерлери ал имаратка санкциясы жок киргенин айтып, "ошол тергөөчү зомбулук көрсөтүп жаткан учурда мен барып калдым. Мени менен чогуу барган депутаттар да көрүштү. Сурагыла мына ошол депутаттардан, аны мен чын эле сабаган бекем?" деп актанууда. Депутат менен ага тергөөчүнүн ортосундагы чатак боюнча материалдар топтолуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан каттоодон өткөн соң, ишти андан ары кароо жагы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Негедир прокуратура органдары азыркыга чейин бул чатак боюнча бир беткей жыйынтык чыгара элек.
Ал эми "Даннур-Юг" компаниясын тинтүүгө катышкан башка милиция кызматкерлери "Арапбаев сөгүнүп келип эле Каримбаевди басып калды. Аны менен кошо эки депутат куралчан жан сакчылары менен машинелерде келишти. Алардын барсеткаларына караганда травматикалыкпы же газбы, айтор кандайдыр бир тапанчалары бар болчу. Биздин максат - башаламандык болуп эки тарап атышып кетпейли дедик. Мына ошого жол бербегенге аракет кылдык" дешет.
Ошол эле учурда ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов ички иштер министрине окуянын чындыгын такташуу үчүн "токмок жеди" деген милиция кызматкери менен беттештирүү талабын койду. Серепчилер мында иштин чын-бышыгы мыйзамдуу иликтенбей эле эки тарап тирешүүгө өтүү менен өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп жатышканына басым жасашты.
Негизи эле кай тарабынан алсак да бул окуя бүгүнкү бийликтин ашмалтайы чыкканынан кабар берет. Эгер милиция кызматкери Арапбаев айткандай, ЖК депутатын баса калып сабап жатса анда алар карапайым адамдарды дегеле киши ордуна көрбөйт. Бул үчүн министр өзү отставкага кетиши зарыл. Эгер Арапбаев эл күйүүчү майга жетпей жатса аны чет мамлекетке сатып, анан калса коррупциялык иштерин жашырыш үчүн милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатса, анда бүтүндөй ЖК болбосо да, ошол депутат мүчө болгон фракция парламенттен кетиш керек.




  Өтөөрү өттү, натыйжасы болор бекен?

Улуттук улуу курултай 11 чечим кабыл алды

9-10-11- сентябрь күндөрү Бишкек шаарында жалпы улуттук улуу курултай болуп өттү. Жалпы шайланган 900 делегаттын 740 өкүлү жана илимий-чыгармачылык, коомдук-саясый чөйрөнүн 370 өкүлү конок катары катышты. Курултайга катышкандардан 187 адам жарыш сөзгө чыгып, курултай күн тартибиндеги улуттук-мамлекеттик маанидеги өлкөнүн абалы, коомдук-саясый түзүлүшү, идеологиялык негиздери, экономикалык багыты, маданий-социалдык жана башка маселелердин баарын карап чыгып, төмөнкүдөй резолюция кабыл алды. Алар төмөнкүлөр:
Улуттук улуу курултайдын жобосу, регламенти кабыл алынсын.
Мамлекеттик бийликтин эң жогорку органы болуу укугу менен, Башмыйзамга курултай институтун киргизүү мезгил талабы деп табылсын жана аны 30-октябрдагы референдумга коюу маселеси Жогорку Кеңештен талап кылынсын. Эгер Жогорку Кеңеш бул маселени өз убагында чечпесе, кол топтоо жолу менен референдумга чыгуу иши башталсын.
Улуттук улуу курултай - өкүлчүлүктүү, бийлик бутактарын түзүүчү жана көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик бийлик органы деп таанылсын.
"Өнүгүүнүн кыргыз жолу" аттуу багыттама бекитилсин.
КР 1993-жылкы Башмыйзамы калыбына келтирилсин жана ага элибиздин улуттук менталитетине ылайык нарктар, курултай институту мыйзамдык негизде өзгөртүүлөр жана толуктоолор катары киргизилсин. Башмыйзамдын бузулушуна жол берген Конституциялык соттун мүчөлөрү жоопко тартылсын.
Улуттук улуу курултай институтунун толук кандуу иштеп кетүүсүнө шарт түзүү үчүн Жогорку Кеңешке улуттук улуу курултай жөнүндөгү атайын Конституциялык мыйзам иштеп чыгуу сунушу киргизилсин.
2010-жылдын апрель, июнь айындагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү сот жообуна тартылсын. Сот системасын реформалоодо дүйнөгө таанылган кыргыздардын бийлер, аксакалдар институттарынын принциптери (мерчемдери) колдонулсун.
Тоо-кен, суу байлыктары мамлекеттин, жалпы элдин менчиги экендигин эске албай, өтө коромжулукка жана жең ичинен соодага жол берилип келе жаткандыктан, кен иштетүү маселесине курултай институтун Башмыйзамга киргизгенге чейин мораторий жарыялансын.
Мекендин чеги кемибесин, чек ара жерлерин чет мамлекетке саткандар аёосуз жазалансын.
Чек ара, коргонуу, азык-түлүк, маалымат коопсуздугунун алдын алуу чаралары иштелип чыгылсын.
Улуу курултайдын алдында 41 кишиден турган (тизме тиркелет) улуттук кеңеш түзүлсүн.




  Кошсапар

Өзбектер менен өтө көп маселе бар

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 13-сентябрда Ташкентке бир күндүк иш сапар менен барып өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Бул кыргыз башбаканынын Түркия, Россиядан бөлөк коңшу мамлекеттерге болгон биринчи иш сапары. Негизинен сүйлөшүү учурунда келерки жылга газ сатып алуу жана чек араларды аныктоо иштерин активдештирүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана башка маселелерди сүйлөшүү көтөрүү пландалган.
2009-жылдын соңунда ал кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов Ташкентке барып, газды сатып алууда европалык баа менен эсептешүүгө макулдук берген. Мына ошол келишим боюнча Ташкент бааны ар бир кварталда карап, Европа базарындагы баага жараша өзгөртө берет. Маселен, 2009-жылы 1000 кубметр газ 240 доллар деп сатылса, азыркы мезгилде 278 доллардан сатылууда. Бул схема жана баа Кыргызстанга бир топ оор экени айтылып эле келатат.
Учурда Өзбекстан менен эки тараптуу мамилебиз өтө ысык эмес, өтө суук эмес болуп туру. Негизинен кыргыз-өзбек мамилесинде үч чоң маселе бар. Бул - газ, суу жана чек ара маселеси.13-сентябрда кечке жуук Кыргызстан Өзбекстан өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсү аягына чыгып, Атамбаев Кытайга учуп кетти. Азырынча Ташкентте болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болгону тууралуу расмий маалымат жок. Газ боюнча маселе тунгуюкка туш болгону айтылууда. Ошол эле учурда серепчилер иш сапардын алдында Атамбаевди өзбек президенти Каримов кабыл алат болуш керек деп божомолдоп аткан. Бирок андай болгон жок.
14-сентябрда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Кытайдын Далян шаарында болуп жаткан жайкы Давос аттуу дүйнөлүк экономикалык форумуна катышып жана Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолукту. Жолугушуу учурунда Атамбаев тарабынан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени чыңдап, биздин мамлекеттердин кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүшүнө салым кошоору айтылып, КЭРдин тышкы иштер министри Ян Цзечи Кытай Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн өнүгүшү жана кыргызстандыктардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган экономикалык реформаларды колдой тургандыгына ишендирди.
Серепчилер кыргыз экономикасына жигердүү салым кошо турган болсо биз Кытай деп эле корко бербешибиз керек экенин, келишим түзүлүп жатканда ар бир жагын жакшылап изилдеп, канча кишиси келип иштейт, биздин жарандардын канчасы ошол ишке тартылат, ошонун баары каралса жакшы иш болорун айтышууда.




  Айткандын сөзү…

Эми Атамбаев үчүн кимибиз уялабыз?

Премьер-министр А.Атамбаев кытай жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Солтон-Сары, Иштамберды алтын кендеринде чыккан чатактардан улам аябай уялбадымбы деди. Биринчиден, А.Атамбаев уялгандай Кытайга күйөөлөп барган жок эле. Кыргызстандын өкмөт башчысы катары барган.
Тең ата сүйлөшүп, берсе алып (Кытай 702,9 млн. грант бермей болуптур), бербесе айтчусун айтып баса берсе болмок. Экинчиден, анчалык эле жер карап уялгандай эмне болуп кетиптир? Ырас, Солтон-Сары, Иштамберди алтын кендеринде кытай инвесторлору менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыккан. Жергиликтүү эл кайдан-жайдан келе калып, жер-суусун бузуп, алтынын алып, бирок өздөрү үчүн кылчалык пайда келтирбей жаткан мындай чет элдик компаниялардын баарына эле нааразы. Жумушуна кирип иштейин десең, кытайы болобу, башкасы болобу алардын деңгээлиндей айлык алалбайсың. Ит жеминдей бирдемени берип иштесең иште, иштебесең жогол деп турушат. Буга Нарын-Торугарт жолунда иштеген кыргызстандыктардын нааразы болуп чыкканын келтирсек болот. Акыры анча-мынча кошумчалап басышты окшойт. Ал эми кен иштеткен жерлердин экологиясы инвестор имиштерди эгерим кызыктырып койбойт. Иштамберди кениндеги чатак кытайлык "Фулл голд майнинг" компаниясы Терек суусун булгап Чаткал, Ала-Бука өрөөндөрүнүн экологиясына, андагы тургундарга, мал-жанына зыян келтире баштагандыгы, жергиликтүү элди жумушка албагандыгы үчүн чыккан.
Премьер-министр катары А.Атамбаев кыргызстандыктардын ушундай абалда калгандыгы үчүн уялса жарашмак. Анткендин ордуна кытайдын кызылына кызыгып элди күнөөлөп жатпайбы. Эми Кытайдан ат башындай алтын көтөрүп келсе да бул сөзүнүн азабын тартпай койбойт. Алдыда шайлоо. Дипломатиядабы, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдөбү, инвесторлор менен келишим түзүүдөбү биздин жетекчилер Кыргызстандын кызыкчылыгын биринчи орунга коюуну дегеле үйрөнө албай коюшту. Минтип кесепет-кесири баарыбызга тийип жатат.

Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ, Темирбек АЛЫМБЕКОВ