16.09.11 - 4-бет: … Надо дурачит толпу, а иногда самого себя, свою совесть,
надо покупать расположение толпы угодничеством ей.
Иван Бунин. Миссия русской эмиграции

… мания

Ушундай. "Манас" жомок болуудан калды. Өзүбүз жомокко айландык. Манасоманиялар борбор шаардын атын Манас коебуз деп ураан чакырып, мамлекет жетекчилерин демитип келет. Ошондо гана жыйырма жылда карарган дилибиз агарып, басылган ар-намысыбыз башын көтөрүп, экономикабыз бутуна турат имиш. Буга чейин экономикабызды Москва, Кытай инвестициясы, МВФ, Дүйнөлүк банк кредиттери, дагы бирөөлөрдүн гранттары көтөрөт деп келдик, эми ага Манастын арбагы кошулду.


"Тарыхый окуялар менен личносттор эки ирет кайталанат" деген канаттуу сөз бар. "Биринчисинде трагедия, экинчисинде фарс түрүндө" дейт андан нары. Бизде ошондой болуп атыр. Трагедиясы кайталанды. Фарсы кайда бет алганы белгисиз. Азырынча.
Эсиңизде бар чыгар, 2009-жылдын жай саратанында Курманбек Бакиев президенттик чукул шайлоо чакырып, жалпы калктын 75%нан ашуун добушу менен кайра шайланган. Шайлоо үгүт-насааты башталар алдында улут академиясына "тегерек үстөл" уюштуруп, "Маданият" аттуу жаңы программа жарыялаган. Программа жалпы эле рухий дөөлөттөрдү өнүктүрүү делгени менен озук озуйпасы - биздин окумуштуулар кыргыздын байыркы тарыхын объективдүү (!) кыра изилдеп, кайра жазып чыгууга тийиш эле. Айрыкча көчмөндөр маданиятынын өзгөчөлүгүн, дүйнөдөгү ордун. Көңкү замандагы көчмөндөр маданияты кыргыздын эсине эмне үчүн эми түштү? Көрсө, кыргыз көчмөн калк экен. Жоокер экен. Чаппаган эли, баспаган жери калбаптыр. Демократия деген, эркиндик деген ушуларда болуптур. Ошондой тарых, таржымалы бар калк эмне үчүн Батыш дөөлөттөрүнө басынып, демократиясына баш ийиши керек? Мамлекетти байыркы кыргыздай эле башкарабыз.
Кыргыздын "бозо патриотторунун" боткосу ушинтип шарактап бир кайнаган. Мен ага өз учурунда пикир айткам. Кайталап отурбайын. Дүйнөдө көчмөн турмуш өтөбөгөн калк сейрек экендигин карт тарых билет.
Ошентип калктын кандайдыр бир катмарында, айрыкча Салижан Жигитовдун маңдайга матай койгондой метафорасы менен айтканда, "көзү желкесиндеги интеллигенция" ичинде көчмөноманияны күчөткөн, К.Бакиев өзү шайлоодо алардан кандайдыр бир даражада колдоо тапкан.
Дегинкиси Курманбек Салиевич адабият, маданият ишмерлеринин ичин элжиретип, жүрөгүн жылытканга жеткен уста эле. Брежнев тургай Сталин учурунда коомдук уюм аталган Жазуучулар союзун улуттук, демек мамлекеттик статуска ушул К.Бакиев ээ кылды. Атүгүл президент Бакиев менен маданият, адабият ишмерлеринин 2007-жылдагы кайсы бир жолугушуусунан соң улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 20 жылдан бери маданият каралбай калды эле, бусаам кудайдан бата алгандай болдук маанисинде интервью бергени эсимде бар. Тилекке каршы, ошол эле метафораны айрым адабият, маданият ишмерлери азыр Роза Исаковнанын адресине да айтып атыры. Бул демек, учук үзүлгөн жок, уланып атат деген кеппи?
Кыязы ошондой. Эсеби маселең, Аскар Акаевич "Манас" эпосуна эң чоң кызмат өтөдү. 1000 жылдыгын ООН чечими менен белгилетти. Салтанатын биздин шартта дүйнөлүк дегидей даражада өткөрдү. Кечээ жакында ЖК депутаты Карганбек Самаков ал чечимди ООН архивинен таап келген экен, ашынган "манасчылар" айтарга алкыш таппай отуру. Анткени Кытай республикасы "Манас" 180 миң кытайлык кыргыздардын да көркөм дөөлөтү деп ЮНЕСКО тизмесине киргизип койгон экен, биздин бакырчаак патриоттор өкүрүп түштү: кокуй өлдүк, Кытай "Манасыбызды" тартып алды деп. Кытай аны эмне кылат? Кылым кытайды кымындай кыргыз минтип чапкан деп мактануу үчүнбү? Бул бир. Экинчиден, ЮНЕСКО ООНдун бир бутагы - анын карамагындагы көп уюмдардын бири экендиги булардын эсинде барбы, жокпу? "Манасты" билсеңер болду, арифметика, алгебранын анчалык кажети жок сыягындагы агартуу саясатынын натыйжасы эмеспи? Кудай берди, эми бир кредит келсе ЮНЕСКО тизмесине киргизебиз деп демигип турушат. Анткени ага төлөөгө мамлекетте акча жок, тойлорго бар. Өгүнү бир депутат айым кыргыздын бешбармак, чучук, казы, картасын да ЮНЕСКОдон өткөрүп койбосок башка калктар, мисалы, казактар тартып кетет маанисинде парламентте маселе көтөрдү. Арийне, алар үчүн да кредит керек, грант зарыл.
Сөзгө алакачтырып жибердик. Ошентип Аскар Акаев "Манастан" жети осуят казып чыгып, мамлекет идеологиясынын негизи катары сунуш кылган. Мектептерде окутулуп, институттарда изилденген. Жакшы эле болучу. Кудум "Коммунизмди куруучунун моралдык кодексиндей". Кыргыздын биринчи "көчмөн" бунтунан соң "империализмдин калдыктары" дегендей, республика "акаевщинадан" арылуу аракетин көрдү. Арийне, "Жети осуяттан" башкасынан арыла алган жок. Мамлекет Акаев учурунда белчесинен баткан үй-бүлө бийлиги, коррупция, алдым-жуттумдук Бакиев режиминин алдында шоона эшпей калды. Арийне, К.Бакиев калк алдында ичкен касамын унутса да көчмөн маданияттын көөнөрбөс мурасы - "Манасты" унуткан жок. Тилекке каршы, "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөткөнүнө жума айлантпай "көчмөндөр" анын бийлигин көңтөрүп түштү. "Жоокер калктын" тукуму өз элинин канын суудай агызып, үй-бүлө, үкө-сүкөлөрү менен башка өлкөгө кире качты.
Эсиңиздеби, Аскар Акаев элдин мүлкүн жегендерди "Манастын арбагы урсун!" деп каргаган. Каргышы башкаларына тийген жок, өз башына, анан Бакиевге тийди. Миллиарддарды жымырып, башка өлкөлөрдө жыргап жашап жатканын "тийди" деп деле айтууга болбосо керек.
Кеп анда эмес. Кеп экинчи жапайы төңкөрүштөн кийин "Манас" эпосун вульгаризациялоо - көрүнгөн жерге көтөрүп чабуу көбөйүп кетти. Саясый процессте да. Агартуу, рухий тармактарда да. Жай турмушта да. Ага менин байкашымча президент Роза Отунбаева кол койгон "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзам да тескери өбөлгө түздү сыяктанат. Адистер ал мыйзам Бакиев сунуш кылган долбоордун дал өзү, үтүр, чекити да өзгөргөн эмес дешет. Болсо болгондур, мен окуган эмесмин. Бирок көркөм чыгарманы, бакырчаак патриоттордун бакпай балээсине каларымды билип турам, эл генийинен жаралган социалдык, эстетикалык, рухий, мейли, тарыхый байлыкты мыйзам менен окутуу, өздү да, өзгөнү да сыймыктантып, сыйлатуу дүйнө тарыхында да, тажрыйбасында да кездешпесе керек. Мына, мыйзамда жазылып турат, которуп келтирейин: "Кыргыз Республикасынын граждандары, ошондой эле КР территориясына келгендер "Манас" эпосунун үчилтигин сыйлоо - ар бир гражданиндин патриоттук парзы".
Эми ойлонуп көрөлү. "Манас" эпосу - эл аралык эпос, андыктан бүт адамзат сыйлоого милдеткер деп Конституцияга киргизип койсок эле сыйланып калабы? Канткен менен эпосу жок эл дүйнөдө сейрек. Көлөмү жаатынан "Манастан" алдаканча аз болсо дагы "Манастай" эле рухий, социалдык, эстетикалык милдет аркалайт.
Кайриет, "Манастын" негизги өзөгү китеп болуп чыкты. Изилдөөлөр, илимий же жөн эле жөө жомок сыягында эмгектер көп. Ашым Жакыпбековдун айтылуу "Теңири Манасын" айтпаганда, кара сөз түрүндө канча бир китеп чыгып кетти. Ыр менен жазылганы андан көп. Көктөн кабар келди дейт, жерден аян берди дейт. Академик Д.Лихачевдун салыштыруусу менен айтканда, "Манаска" жабышкандар кудум өлгөн китке үйүлгөн чымындардай. Көпчүлүгү Манастын ыйык атын жамынган маскарапоздук: акыл, табит, талант, такт, уят-сыйыт, атургай элементардуу сабаттуулуктан куру жалак. Кыскасы, кыжылдаган манасомания. Экс-тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ жакында туура жазып чыкты: ушунчалык, болгондо да мамлекеттик деңгээлдеги манасомания, фобияны (тескери таасирди) жаратпай койбойт.
Кечээ жакында манасоманияга "Манас" - кыргыздын баатырдык эпосу" деген дагы бир окуу китеби кошулгандыгы кабарланды. 10 миң нуска менен чыгыптыр, республиканын 2197 мектебине таратылып, окутулат экен. Мүмкүн анысы жакшы. Анын үстүнө Бексултан Жакиев жазыптыр, таланттуу киши эмеспи, татыктуу эмгек жараткандыр. Ага эч кимдин кусаматы жок. Тек, Билим берүү министринин орунбасары телевизордон айтып атыр: быйыл республика мектептери 40% окуу китептери менен камсыз болду. Каражат жетпейт. Орус тилиндеги мектептер (менин неберем орус класста окуйт) өткөн кылымдын аягында Москвадан чыгып, тамтыгы кеткен окуу китептерин көтөрүп жүрөт, өзбек тилиндеги мектептер Өзбекстан латын арибине өткөндөн калган китептерди пайдаланып атканы шексиз. Айыл мектептерин айтпайлы. Демек ал алгебра, химия, физика өңдүү окуу китептеринин эсебинен чыкканын боолголоп атсаңыз керек.
Суроо туулат: кыргыз адабияты "Манасты" окутпаганда эмнени окутат? Республикага манасчылардан башка кесиптин кереги жокпу? Кыргыз адабиятына Ч.Айтматовдой бирөө чыгып же "Согуш жана тынчтыктай" чыгарма жаралып калса жаманбы? Жазып атышат, "Дүйнө элин кыргыздар сактап калат" деп. Манасомания сактап калат десе ойлонуп көрүүгө болот, бирок бул кейпибиз менен дүйнө тургай өзүбүздү өзүбүз сактап каларыбыз күмөн.
Акыр заман болордо базарда бакырчаактар, көзү ачыктар, бүбү, бакшылар көбөйөт деп айтылат Ыйык китепте. Өткөн жылы бир короо киши Соң-Көлгө кут түштү деп жылкы сойдуруп, кымыз ичип, манас айтып 41 күн жатышты. А түштүктө кан суудай агып, өлкө бүтүндүгү бүлүнүү алдында турду. Быйыл кут түшкөн күндүн бир жылдыгын белгилеп республиканын майлуу, жайлуу жерлерин кыдырып келдик деген кабарды окудум.
Ушундай. "Манас" жомок болуудан калды. Өзүбүз жомокко айландык. Манасоманиялар борбор шаардын атын Манас коебуз деп ураан чакырып, мамлекет жетекчилерин демитип келет. Ошондо гана жыйырма жылда карарган дилибиз агарып, басылган ар-намысыбыз башын көтөрүп, экономикабыз бутуна турат имиш. Буга чейин экономикабызды Москва, Кытай инвестициясы, МВФ, Дүйнөлүк банк кредиттери, дагы бирөөлөрдүн гранттары көтөрөт деп келдик, эми ага Манастын арбагы кошулду.
Манастын арбагы экономиканы оңдоп, эл турмушун жакшыртарына көзү ачыктар эле эмес, Акүй көзүрлөрү да аябай ишенет шекилдүү. Алмазбек Шаршенович толук сыйрый албай калган Манастын эстелигине жапкан чүпүрөктү шамал учуруппу же өзү элеби, айтор сыйрылып түшсө аны Манастын кандайдыр бир касиетине байлап, жакшылыкка жорушту. Болсун! Эртеси дагы бир беделдүү чиновник биртоп бүркүт Манастын эстелигин айланып учуп жүргөнүн айтып, аны дагы бир жакшылыктын аянына такады. Ага ишенбей турган бир эле себеп: бүркүттөр эч качан топ-топ болуп учпайт, бирден, экиден учат. Ал таштанды аңдыган каргалар же жорулар болушу ыктымал.
(Уландысы бар)
Алым ТОКТОМУШЕВ