16.09.11 - 3-бет: Оп, майда
Масимов келатат
Бүгүн бизге Казакстандын премьер-министри Карим Масимов келет. Сыягы эки тараптуу кызматташтык, коңшулук, түбөлүк достук деген эзелки эски сөздөр кайра козголот го. Бирок Ө.Бабановдун айтымында, Казакстандан газ сатып алуу маселеси кабыргасынан коюлуп жатыптыр. Ошондой эле Орто Азия боюнча эң арзан электр энергиясы да бизде экен. Буга да Казакстанды кардар бол деп айтат окшойбуз. Эмне болсо да өзбек туугандар сыртын салып турганда кайран казагыбыздын минтип келип калганы жакшы эле иш.

ЕККУ эметмей болду
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Аталган уюмдун кыска жана узак мөөнөттүү эки башка миссиясы иш алып барат. Кыска мөөнөттүү миссия добуш берүү күнү иштеп, узак мөөнөткө келген байкоочулар шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Кыргызстанда болушат.

Быкшый башташты
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 15 депутаты Ф.Куловду түртүп салып, К.Талиеванын башчы кыла коюшкан. Бирок бул жылуу орунга К.Талиева көпкө деле отура албайт окшойт. Кечээки өткөн жыйында партия лидери Ф.Кулов фракциянын жетекчисин өзүнө айтпай туруп айдап ийгенди кайдан көрдүңөр эле деп айкырды. Анын сөзүнө караганда, фракциянын жобосу боюнча мындай маселени партиянын саясый кеңеши гана чече алат экен. Ошону менен 15 депутаттын оюнунан от чыкпай эле түтөй баштады. Качанкыга чейин быкшыйт көрөбүз го.

Кезек Текебаевде калды
Конституциянын атасы Ө.Текебаев "ар-намысчылардын" тытышып жатканын көрүп ка-ап деп алаканын чаап алды. Айтымында, фракциялардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамды чийки иштеп салыптыр. Эми минтип кандай жамасак да эп келишпей жатканын мойнума алам деп жиберди. Ошону менен билегин түрүнүп бул мыйзамды ийине жеткире иштегенге киришти. Аны канчалык эрте бүтсө "ар намысчылардын" быкшыганы ошончолук тез тарайт окшойт.

Өлгөндөр такталмайын, өкүмөт баркталбайт
Вице-премьер-министр И.Жунусов Ош окуясында 447 адам каза болуп, анын 403ү эркектер экенин расмий билдирди. Ош, Жалал-Абад кандуу окуяларында баш аягы 2425 адам жабыркап, 47 адам бычактан же башка нерселерден, 6 адам сууга чөктүрүлгөндөн, 33 адам күйүктөн каза болушуптур. Бүгүнкү күнгө чейин үч адамдын сөөгү таанылбай, 21 адам дайынсыз болуп жатыптыр.

Эми БНКны былчылдатышат
Биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов ЖАК БНК компаниясын аукцион аркылуу сатабыз дегенинен жылбай турат. Мурда-кийин мындай "ачык сатабызды" анын оозунан укпаган жаныбыз делдейип эле калдык. Айта кетүүчү нерсе, аталган ишкананын Бишкек шаарында 23 оператордук точкасы, Бишкектен 40 чакырым алыстыкта өтө чоң, заманбап нефтебазасы бар. Бирок өкмөт мурда жарыялагандай анын баасы бар болгону 2,5 млн. долларга (123 млн. сом) бааланган. Мындай итбекердин кабарын уккандар Ө.Бабановду бура бастырбай тооруп турушат. Алардан аукциондо сатабыз деп жатып аман калды окшойт. Чындап келгенде БНКнын бир эле точкасынын баасы жок дегенде 1 млн. доллардан ашпаса, асты кемибесе керек.

Чылпагын алам деп көзүн ойгусу келген кимдер?
Кечээ "Сотторду тазалоо" кыймылы дагы кезектеги акцияга чыгарын билдирди. Акция Жогорку Кеңеш имаратынын алдында уюштурулат. Анда парламентти таркатуу, президенттин кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүү талаптары уланмакчы. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстандагы сот системасына таза, ак иштеген адамдар келишине аталган бийлик бутактары атайылап бут тосуп жатат деп эсептешет. "Сотторду тазалоо" кыймылы парламенттин таратылышын жана мамлекет башчынын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн 1-сентябрдан бери талап кылып келе жатат.

Ачкандары жакшы, арты кантет?
Кыргызстандын ИИМ министрлиги М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иштин бети ачылганын жарыялап, бул сүрдүү мекеменин министри баш, орунбасарлары төш болуп ММКлардан, телерадиодон түшпөй калышты. Тимеле жоо чапкандай күпүлдөп жатышат. Анысы го жакшы. Бирок министрликтин дал президенттик шайлоонун алдында минтип ачтык деп акчыланып турушу, бийликтеги ким бирөөлөрдүн камчысын чабуу эмеспи деген ойлор кетет. Ошондой эле кылмышка каршы күрөшүүнүн экинчи этабы, бийликте отурган алардын киндиктештерине каршы башталат дегендери да биртопторунун сесин алып коюу саясаты жыттанып турган жокпу?




  Жума окуясы

Үч эмге ден соолук каалайбыз!

12- сентябрь күнү борбордогу №6 төрөт үйүндө үч эм кыздар жарык дүйнөгө келди. Кыздардын энеси 16 жаштагы Акылбек кызы Айзада жолдошу Мирбек экөө быйыл кышында турмуш курушкан. Экөө тең учурда жогорку окуу жайдын биринде билим алышат.
Кош бойлуу Айзада УЗИге түшкөндө доктурлар балдары эгиз экенин аныкташкан. УЗИнин жыйынтыгына ынанбаган Айзада төрөр төрөгүчө эгиз эмес үчөө болушу мүмкүн деп талашып келген экен. "Эмнегедир дагы бир түйүлдүктүн бар экенин сезчүмүн, качан гана ушул төрөт үйүнө келгенде доктурлар эгиз эмес үч эм экенин аныкташты. Менин да, жолдошумдун да тукумунда эгиздер жок. Кээ бири үч эм төрөш үчүн атайын чет өлкөгө барып жасалма жол менен бойго бүтүрүп жатышпайбы. Кудайдын мындай белегине чексиз ыраазымын" дейт жаш эне. Экөө 1 килограмм, 200 грамм, үчүнчүсү 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлгөн ымыркайлар төрөткананын реанимация бөлүмүндө жатышат. Маалына жетпей жети айлык болуп төрөлүшкөндүктөн аларга азыр кылдат камкордук керек. Өзү бала туруп, бир эмес үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Айзаданы алдыда көп түйшүк күтүп турганы талашсыз. Ошентсе да "мен бактылуумун, кыздарымдын ден соолугун берсе болду, калганына көп деле сарсанаа болгон жокмун" дейт жаш эне. 20 жаштагы Мирбек менен 16 жаштагы колуктусу Айзаданын жашай турган жери жок. Кыргызстанда үч эм күнүгө эле төрөлүп атпаган соң президент Роза Отунбаева, шаар бийлиги жаш үй-бүлөгө жардам берет деп күтөбүз.

"Жаңы Агым" - пресс




Кокуйгүн, кош бойлуулар
Учурда Ысык-Көл облусу боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 59га жетти. Алардын үчөө балдар, 36сы аял жана 20сы эркек киши. Алты адамдын оорусу СПИД деп аныкталды. Алгачкы жолу көлдүктөрдүн арасынан бул айыккыс дартка кабылган адам 2002-жылы катталган. Андан бери ВИЧ/СПИДден каза тапкандардын саны жети адамга жетти. Жыл башынан бери жаңыдан катталган 17 адамдын сегизи аялдар. Ал аялдардын басымдуу көпчүлүгү - кош бойлуулар.


Акыйкат издеген агартуучулар
13-сентябрда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова орунбасарларын, Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнөн Гүлмира Тагаева өз өкүлдөрүн ээрчитип ?64 гимназияга барып, анын директору Токтобүбү Джакупбекованын кызматтан кетиришкен. Ордуна мектепте окуу тарбия иштери боюнча бөлүм башчы Чынара Исакованы директордун милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындашкан. Мындайды күтпөгөн агартуучулар Айнагүл Ниязовага нааразычылыктарын айтышса, ал сөөмөйүн кезеп, эгер ызы-чуу кыла турган болсоңор башкача жооп бересиңер деп кетип калган. Жыйырма жыл директор болгон Токтобүбү Джакупбекованын эмгеги өтө зор, ал кызматка келгенден тарта ?64 гимназия көп ийгиликтерге жетишип, темирдей тартип орноп, кадыр-баркыбыз өскөн, аны негизсиз кызматтан бошотту деген агартуучулар акыйкат издеп жогору жакка кат жолдошту. Эгер бул маселе оң жагына чечилбесе, 17-сентябрда нааразычылык акциясын уюштурарын кабарлашты.


  Гүлчөтайларга жооп

Алтынайдан айланып кеткиле!
"Жаңы Агымдын" өткөн санына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө интервью берген.
Жума башында редакцияга аты-жөнүн айткысы келбеген бир аял чалып, Алтынайдын дарегине адам оозуна алгыс балит сөздөрдү агытып, "биздин балдарыбызды Бакиев атып өлтүрүп атса, силер Бакиевдин кишилерин мактап чыгарасыңар, Нарбаевадан акча алып чыгарганыңарды да билдик" деп алкынды.
Биринчиден, Бакиев силердин балдарды атаарда колуна куралды Алтынай Нарбаева карматкан эмес. Балдарыбызды өлтүргөн Бакиев деп өпкөлөйсүңөр, Бакиевдин жандоочулары азыр бийликтин так төбөсүндө отурганына канча болду, алар көзүңөргө көрүнбөй Алтынай көрүндүбү? Эмне, Бакиевдин учурунда чыгармачылыгы өркүндөп, наам алган адамдардын баары Бакиевдин кишилери бекен? Саясатчылар бөлүнгөнү аз келгенсип, эми чыгармачыл адамдарды да бөлө баштадыңарбы? Экинчиден, Алтынай Нарбаева бизге акча төлөп анан гезитке чыгууга муктаж эмес. Элдин баарын Бакиевге же акчага байлаган сиз сыяктуулар, 7-апрелде акыйкаттык үчүн курман болгон 90го жакын эр азаматка жамынып беттырмарлык кылганын токтотпосо, Акаев, Бакиев эми Отунбаева деп бөлүнүү эзели токтобойт.
Ал эми Алтынай Нарбаеванын чыгармачылыгы мындан ары да өркүндөп, эли үчүн дайыма ырдай беришине тилектешпиз. Биз Алтынайды мындан ары да колдой бермекчибиз.
Редакция




14-августта Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 35 жаштагы аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү деп анын жарандык никеде жашаган күйөөсү Ак-Суу районунун тургуну издөөгө алынган. Ал Казакстандын Райымбек районунда из жашырып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү.
***
Дордой базарында өзүн "милиция" сезип, ишкерлерди коркутуп, алдап акча чогултуп жүргөн шылуундун колуна кишен салынды. Көрсө, ал милициянын жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, орусиялык жигитти текшеримиш болуп, чөнтөгүнөн 800 долларын шыпырып коюптур. Бул кабар укук коргоо кызматкерлерине жетээр замат, аймактык милиционерлер шылуунду тез эле колго түшүрдү. Ал Талас облусундагы Талас районунун эч жерде иштебеген эргулу экен.
***
Окуучуларды мектепке кабыл алууда пара алган эки мугалим финполициянын укуругуна илинди. Борбордогу №72 орто мектептин мугалими 2400 сом алып аткан жеринен кармалса, №14 мектептин мугалими да үч миң сом алганы үчүн сурак берип отурат. Эгерде финполиция борбордогу мектептердин баарын текшерсе окуучуларды кабыл алуу үчүн он миң сомдон очойтуп алгандардын да абийирин ачып чыгат эле.
***
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобундагы "Верзила" деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов Тажикстандан кармалды. Ал үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап Ленин РИИБи тарабынан КР КЖКсынын 241, 168, 341-беренелеринин негизинде издөөдө эле. Ч.Жумагулов 2009-жылдын 8-июлунда оор кылмыш жасаганы үчүн изкубарлардын кылтагына түшүп, темир торго отургузулган. Бирок кантип эркиндикке чыгып кеткени белгисиз.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА