16.09.11 - 23-бет:
  Билгенден биле элегиң көп

Каның кандай досум?

Адамдын мүнөзү, жүрүш-турушу анын канынын кайсы группага караштуу экендигине да байланыштуу болот экен. Японияда мындай аныктамага зор маани беришет. Көп жылдык изилдөөлөр төмөнкүдөй тыянак чыгарды.

Каны I группага киргендер - күчтүү, өзүнө бекем ишенген, табиятынан лидер келишет.
II группага киргендер - бирөөлөр менен тез тил табышкан, мыйзамдуулукка жана тартипке баш иет.
III группага киргендер - тең салмактуу, аяр, бир нерсени тез ойлоп табууга жөндөмдүү.
IV группага киргендер - жылдыздуу, сырдуу жана экстрасенстик шыгы бар адамдар.
Кан группаларынын тарыхы
I (0) группа - эң байыркы топко кирет, булар тээ алгачкы общиналык коомдо, тамак-ашка аңчылык жолу менен жетишкен учурда пайда болгон. Ошол себептүү бул группаны "аңчылар" деп аташат.
II (А) группа - кийинирээк пайда болуп, алар тамак-ашка дыйканчылыктын азыктарын, үй айбанаттарынын сүтүн пайдалана башташкан.
III (В) группа - миграциядан, массалык көчүп жүргөндөрдүн арасынан баарынан чыдамдуулары жана тамак-ашты, климатты көтөрө алгандарынан пайда болгон.
IV(АВ) группа - эң жаш, анын пайда болгонуна 1000 жыл болгон сейрек топ болуп эсептелет, анын касиеттери II жана III группаныкына окшошуп кетет.
Жегениңдин баары эле жага бербейт
Америкалык врач-натуропат Питер Д' Адамо кишилердин канынын кайсы группага тиешелүү экендигине жараша тамак сунуш кылган.
I группадагылар - этти чектебей жей бергени жакшы. Алардын дээрлик бардыгынын ашказан согунун кычкылдуулугу жогору, ошондуктан аларга эт жана белоктуу азыктар сунуш кылынат. Жумасына 5-6 жолу уй, кой этин, балык жеши керек. Сүт азыктарын аз пайдаланышы зарыл, кээде кефир, йогурт, майлуулугу төмөн каймак жесе болот. Нандан - кара нан жакшы. Апельсин, мандарин жакпайт. Минералдык суу менен көк чай да пайдалуу.
II группадагылар - өсүмдүк азыктарын пайдаланганы жакшы. Эттүү тамакты аз жеш керек. Жумуртка, нан азыктарын каалашынча пайдаланса болот.
III группадагыларга - I жана II группалар үчүн сунуш кылынган жана алар үчүн чектелген тамак-аш сунуш кылынат. Жүгөрү, жер жаңгак, гречка, буудай азыктарын ченеми менен пайдаланышы керек.
IV группа - дүйнөнүн 2-5 процент элинде гана болот. Бул группанын биологиялык өзгөчөлүктөрү көп изилдене элек. Буларга кой, коен, үндүктүн эти сунуш кылынат. Макарон азыктары, апельсин, кокос, манго, чай, спирттик ичимдик ичкенге болбойт.
Картайбайт жүрөк, картайбайт…
Илим адамдын организми орточо жаштан алда канча көп жашай турганын эчак эле далилдеген. XVIII кылымда француз окумуштуусу Бюффон адамдар 100 жашка турмуш кыйынчылыгы болбосо жөн эле чыгат деп эсептеген. Орус окумуштуусу И.П.Павлов да муну далилдеген. Ал эми окумуштуу А.А.Богомольц адам 150 жашка чейин жашайт деп эсептөөлөрдүн жардамы менен айткан.
Тарыхка кайрылсак, байыркы грек тарыхчысы Геродот Эфиопиядагы көп жашаган адамдар жөнүндө жазып, алар куурулган эт жана сүт менен гана тамактанганын айткан. Рим тарыхчысы Плутарх байыркы британдыктардын тамакты ченеми менен жеп, дене-боюн чыйрак алып жүргөндүгү жөнүндө жазган. Англия окумуштуусу, белгилүү врач Бойд Лейнард көз жумуп баратып, керээзинде кесиптештерине минтип айткан экен:
"Мен өзүмдүн артыман үч улуу дарыгерди калтырып жатам. Алар - тазалык, көнүгүү жана тамакты ченем менен жегендик".
Россияда 1910-жылы адамдын орто жашы 32 жаш болгон, 1927-жылы - 44, 1939-жылы - 50, ал эми акыркы убактарда 68 жаш болуп эсептелет. Көп жашаган адамдар Абхазияда, Дагестанда, Азербайжанда. СССР учурунда осетин Тебзе Абзиева 180 жашка чыккан.
80 жашта жана андан кийин да кадимкидей чыгармачылыгын, активдүү иштөөсүн жана жашоосун уланткан көптөгөн адамдар белгилүү. Философ Платон , драматург Софокл, сүрөтчү Микеланджело, Ньютон, Вольтер, Гете, Гюго, жазуучу Анатоль Франс, Лев Толстой, Илья Репин, Иван Павлов, Жамбул Жабаев, Сулейман Стальский 80 жашында жана андан ашкандан кийин да не бир сонун эмгектерди жараткандыгы белгилүү.
Саясатчылардан Улуу Британия королевасы Елизавета II, Фидель Кастро, Цзян Цземин, Лазарь Каганович, В. Молотов, Е.Ворошилов, Г.Маленков узак жашаган инсандар болуп эсептелет. Ошондой эле бизден Курманжан датка,Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучалова, Кусейин Карасаев, Казы Дыйканбаев өңдүү биртоп аксакалдарыбыздын өмүр таржымалын бул тизмеге кошо алабыз.
Карылык канткенде качат?
Илимдин, искусствонун, саясаттын көптөгөн өкүлдөрү карылыкты тоотпой, дене тарбиясына, өзүн-өзү чыңдоого көп көңүл бурган.
Мисалы, Лев Толстой чөп чаап, жер казып, отун аралаганды жакшы көргөн. 65 жашында ал велосипед тепкенди жана коньки тепкенди үйрөнгөн. Өмүрүнүн аягына чейин 20 чакырым же андан да көп аралыкка ат минген, жөө жүргөн, аңчылыкка чыккан.
86 жашка чейин жашаган сүрөтчү И.Репин кышкысын да терезесин ачып уктаган. Иван Павлов велосипед тээп, чарбагында иштеген. Аскер башчысы Суворов 70 жаш курагында жоокерлер менен бирге Альпы тоолоруна жүрүшкө чыккан.
Андыктан карылыкка моюн сунгусу келбегендер дайыма кыймылда болуп, спорт менен достошкону дурус.