16.09.11 - 22-бет:
  Жунгли токоюнда

Көчөт кызды куураткан айбан

Асылкан он жашар кызы менен Бишкекте жалгыз жашачу. Жеңилин жерден, оорун колдон алып жардам берчү жарды ким эле күтпөсүн. Жалгыздыктан тажап күн өткөрүп жүргөн Асылкан Жалал-Абаддан келген 29 жаштагы Бектур менен капысынан таанышып калат. Эмнегедир экөөнүн жылдызы тез эле келишти. Кырктын кырынан өтсө да аялдын жүрөгү назик, ишенчээк эмеспи, шыпылдап Асылкандын ичи-койнуна кирип, он жашар секелек кыздын көңүлүн алып, анда-санда балмуздак сатып берген Бектурдан эч ким жамандык күткөн жок.

Асылкан менен Бектур чогулуп тандырга токоч жаап сатып, бизнести чогуу башташты. Бектур тандырга токоч жасаганды жакшы өздөштүргөндүктөн камчы салдырган жок. Экөөнүн бизнеси кичинеден жүрүшө баштаганда Асылкан менен Бектурдун мамилеси жакындап, кадимки үй-бүлөдөй бирге жашамай болушту. Мыйзамдуу никеге турушпаса да жаңы конуштардын бирине чогуу батирге чыгышты. Күнүмдүк көртирликтин айынан бири нан жасаса, экинчиси нан сатат, ошентип оокаты өтүп атты.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягы эле. Асылкандын он жашар кызы анда-санда энесине кол кабыш кылганы болбосо каникулда үйдө эле болчу. Ошол каргашалуу күнү Асылкан нандарын көтөрүп алып базарга сатканы кеткен. Үйдө калган Бектур Асылкан кетери менен ойноп отурган секелек кызды көрүп айбандык сезими козголуп, арам ой келет. Өзүнөн он бир жаш улуу аялдын жанында эр сөрөй болуп жүргөн Бектур эмнегедир анын кызына көзүн артты. Мен жашмын, сүйөт, ал баары бир мени кетирбейт, колунан эмне келмек эле деген ойго жетелендиби, айтор, үйдөгү секелекти чечиндирип, чырылдаткан боюнча иткумарын кандырып зордуктады. Арам ишин бүткөндөн кийин эч нерсени түшүнбөй элеңдеп турган кызга сөөмөйүн кезеп:
- Эгер бирөөгө айтсаң өлтүрүп коем, - деп коркутту. Эңгезердей болгон эркектен кордук көргөн кыздын денеси жабыркап, ооруп калды. Энеси келип кызынын сыркоологонун көрүп дароо ооруканага жаткырышты. Кыздын кордолгону билинсе да Бектурдан чочулаган кыз анын айбандык ишин айткан жок. Арадан билинбей эле эки ай өтүп кетиптир. Ушул убакыттын ичинде Бектур Асылкан менен кошо секелек кыздын ооруканасына барып, анын ал-абалын сурамыш болуп жүрдү. Бирок Бектурдун айбандыгы эки айдан кийин ачык болду. Секелек кыз энесине болгон окуяны айтып берди. Бектурга ишенип, аны менен чогуу түтүн булатып жүргөн Асылкан бул окуяны билгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына эр сөрөйүнүн үстүнөн арызданып барды.
Бишкек шаардык изкубарлары дароо эле Бектурдун колуна кишен салып, кылмыш ишин козгоду. Жасаган кылмышы ачыкка чыгат деп Бектур ойлобосо керек. Милицияга түшкөндө баягы секелек кызга үстөмдүк кылып иткумарын кандырып, анысы аз келгенсип коркутуп, кордогон Бектур бир заматтын ортосунда мусаапырга айланып, мен андай кылган эмесмин деп актанып кирди. Бирок ал канчалык актанып, карганбасын андан пайда чыккан жок.
Учурда секелек кыз мектепке барбай, ооруканада дарыланып жатат. Ал психологиялык жактан да жабыркагандыктан аны менен психологдор иштешүүдө. Ал эми Бишкекке бакыт издеп келген Бектур түрмөгө отурмай болду.
Ички иштер башкармалыгынын кылмыш ишин тергөө кызматкерлеринин айтымында, акыркы кезде жашы жетелек кыздарды, эркек балдарды зордуктаган адам кейпин кийип жүргөн эки аяктуу айбандардын саны көбөйүптүр. Статистикага таянсак, мындай фактылар Бишкектин жаңы конуштарында көп катталууда. Секелек балдарды кордогон мындай акмактарды темир тор артында кандай жаза күтүп турганын өз башынан өткөргөндө гана билишер.
Назира КУЛМАТОВА