16.09.11 - 21-бет:
Жолтикен
Аракеч адам алекизаматта кантип момун болду?
Гезиттин өткөн сандарында Ысык-Көл облусуна караштуу райондордун биринде мас абалындагы уул сөрөй атасын атып өлтүрүп, өзү тоо аралап качып жүрүп, акыры эки-үч күндө изкубарлардын кылтагына түшкөнүн жазган элек. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, өтө мас абалындагы баласы улгайган ата-энесине кол көтөрүп, үйдөн кууп чыккан фактылар көп катталат экен. Мурда мындай фактылар башка улуттарда болсо, акыркы күндөрү кыргыздардын арасында да көп дешет.
Солтобектин жашы отузга таяп калганча арактан башы чыкчу эмес. Далай жолу мас болуп келип улгайган ата-энесин убайымга салып, жаш аялын көгала койдой тепкилеген күндөрү болгон. Ата-энесинин жалгыз баласы болгондуктан каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң дегендей, анын бардык кылыктарына чыдап жүрүшчү. Атүгүл өзүнө окшогон бөтөлкөлөш достору менен мушташа кетип, далай жолу милицияга түшүп, атасы айып төлөп бошотуп келген күндөрү болгон. Жаш аялы анын кылыгына чыдабай эмчектеги кызын көтөрүп төркүнүнө качып, кайненесинин ыйлап артынан келгенине түтпөй далай жолу кайра келген. Арак эле ичип тим болбостон баңгизатын сайынып, үйдөгү ырыстуу оокаттарды уурдап сатып, айтор үй-бүлөсүн биртоп беймазага салган.
Ата-энесинин, жаш аялынын үнү Кудайга жеттиби, айтор, баңгизатынан арылуу үчүн ооруканага жатып, дарыланып чыккан күндөн тарта намазга жыгылып калды. Арак ичмек түгүл оозанбай, бир заматта момунга айланды да калды. Анын беш маал намаз окуп, жумалап даватка чыкканына үйүндөгүлөр кубанып, эмне иш менен алектенип атканына деле маани беришчү эмес. Кудай жолуна түштү, эми жаман жолго түшпөс деп ойлошкон эле. Күндөрдүн биринде Солтобек Индияга чейин даватка чыгарын айтты. Күндө күмүш, айына алтын таппаса да анын үйдөн алыс кетишине үй-бүлөсү каршы болду. Анүстүнө даватка кырк күн чыгып келем деген Солтобектин сөзүнө аялы да анча ынабады.
Ата-энесинин каршы болгонуна карабай Индияга даватка даярданып аткан кезде үйгө кайыр сурап башка улуттагы кишилер келип калды. Алланы оозанып, рамазан айында соопчулук кылып коюусун укканда Солтобек берерге ашын таппай, короодогу койлордун бирин карматмай болду. Албетте жалгыз уул болсо да өмүр бою тапкан-ташыганы Солтобекке деп чогулткан малды кайырчыга бергиси келбеген атасы дароо каршы чыкты. Баягы оозунан Кудайды түшүрбөгөн уулуна атасынын бул кылыгы жакпай калдыбы, айтор ата-баланын ортосунда чыр чыкты. Алардын чырлашып атканын уккан кайырчылар кетүүгө шашышты. Бирок алардан намыстандыбы Солтобек атасынын каршы болгонуна карабай бир козуну кармата берди.
Үйдөгү ата-баланын чыры ушундан күчөдү. Атасы Солтобектин мас болуп, далай азабын тартканын, эми Кудай жолуна түшүп эл катары тынч жашайлы дегенде минтип үйдөгү малды кайдагы кайырчыга карматканын айтып, кирип-чыгып кулагынын кужурун ала баштады. Адегенде Солтобек атасына акырын айтууга аракеттенди эле, андан майнап чыкпады. Акыры жини келдиби, мени Кудай жолунан силер адаштырып атасыңар деп кыйкырып, жинденген боюнча көчөгө чыгып кетип, түн ортосунда мас болуп теңселе кайра келди да баягы "концертин" кое баштады. Улгайган апасынын айткан акылын угуп да койбоду, ар бир айтылган сөзүнө уят сөздөр менен жооп берип атты. Анын бул кылыгына кыжырданган атасы таягы менен уулун бир чапты эле, ызаланган Солтобек атасына кол көтөрдү. Үйдө чырылдаган апасы менен келинчеги мушташкан ата-баланы арачалай албай коюшту. Аңгыча кошуна-колоңдору чогулуп, жетимишке таяп калган атасын сабаган Солтобекти милиция чакырып салып беришти.
Уулунан токмок жеген атасы ызасына чыдабай эч качан аны кечирбейм деп өзүнө өзү сөз берип аткан эле. Бирок жалгыз уулун аядыбы, эртеси келген милиция кызматкерлеринин суроолоруна өзүм күнөөлүү болчумун деген жоопту айтты. Анткени менен күбө катары суралган кошуналары окуяны толугу менен айтып беришти. Чүй облусунун Сокулук РИИБнин кызматкерлери Солтобек Райымкуловдун үйүн тинткенде андан экстремисттик диний уюм "Хизб-ут Тахрирдин" китепчелери, дисктери чыкты. Учурда атасына кол көтөргөн Солтобекке адамдын ден соолугуна залал келтиргендиги үчүн жана тыюу салынган диний уюм менен байланышкандыгы үчүн кылмыш иши козголду.
Сокулук РИИБнин укук коргоочуларынын айтымында, уулунан токмок жеген атасы аны түрмөгө киргизбей чыгарып алуу максатында күнүгө милициянын эшигин каккылап жүрөт. Атасынын бул аракетинин акыбети кайтабы же Солтобек темир торго отурабы, аны сот чечет. Бирок мындан ата-баланын, үй-бүлөнүн ортосундагы жарака бүтөлөөр бекен?..
Назира КУЛМАТОВА