16.09.11 - 20-бет:
  Жаңырык

Иса Өмүркулов чоңойду

Акыркы күндөрдө "Сүйүү зары" аттуу Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган ыры хит болуп, угармандар кайра-кайра суранып уккан чыгармага айланды. Бул ырды ким аткарганын билбеген айрым угармандар Мирбек Атабеков ырдайт деп айтып жүрүшүптүр. Бул жолу хит ырды аткарган, келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы жөнүндө сөз кылалы деп чечтик.

Аты-жөнү: Өмүркулов Иса Эмилевич
Туулган күнү: 25.06.1995
Туулган жери: Бишкек шаары
Түпкү теги: Кара-Балта шаары
Бою, салмагы: 185 см, 80 кг
Билими: Кыргыз-Славян университетинин юридика факультетинин студенти
Бош убактысында: футбол ойнойт, фортепьянодо обон чыгарганды жактырат
Репертуарындагы ырлар: "Ай, эжеке", "Сүйүү зары", "Жамайка" ж.б.
Кыздарда баалаган сапаты: жөнөкөйлүк, сулуулук
Алдыга койгон максаты: Кыргызстандын атын таанытуу


Президентти кол чаптырган Иса
31-август күнү эгемендиктин 20 жылдыгына арналган концертте "сахнада Иса Өмүркулов!" деген сөздү угуп президент баш болгон, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов төш болгон чоңдордун тобу ордунан тура калып кол чабышкандарын көпчүлүк байкаса керек. Бийлик өкүлдөрү кесиптеши Иса Өмүркуловдун адашы чыгып жаткандыгы үчүн кызуу колдоп жатышса, концертке күбө болуп турган карапайым калк "Гүлзар араладым..." деген сөздөрдөн башталган Исанын "Сүйүү зары" аттуу чыгармасынын башталганына кубанып кетишип шатырата кол чабышты. Бул ырдын коомчулукка жакшы кабыл алынышы анын жаратуучулары өз тармагын мыкты билген инсандар болгондугунда экени талашсыз. Обонун Мирбек Атабеков жазса, көптөгөн белгилүү ырларга "ата" болгон Кыялбек Урманбетов сөзүн келиштирген. Ал эми жаштайынан музыканын ар тармагынан билим алып келе жаткан Иса жеткире ырдаганы үчүн угармандар тажабай угуп жаткан кез.
Экинчи толкун
Буга чейин кичинекей Иса деп "Жамайка", "Ай, эжеке", "Көк жылгаяк" аттуу ырларды ырдаган томпойгон жаш баланы көрүп жүргөнбүз. Музыка тармагын жакшы түшүнгөн адистер үнүңдү бузуп аласың деп Исага 2-3 жылга чыгармачылыкка тыныгуу жасоону сунуш кылышкан. Өткөөл мезгилде үнгө тыныгуу бербесе адамдын үнү мукамдыгын жоготуп коет тура. Ошол себептен үнү эми чоң жигиттердикиндей чыга баштаган Исанын сахнадагы экинчи толкунунун алгачкы ырын ырдаганда ким экенин таанышпай, ар кайсы таланттуу ырчыларга алмаштырып келишет.
Жаны тынбаган жаш талант
Ачык айтыш керек. Иса өстү, жылыш бар. Ушул жылы Казакстандын Костанайында өткөн "Алтын микрофон" аттуу 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн сынакта 2-орунга татыктуу болуп келди. Бул абройлуу фестивалда Болгария, Беларусия, Россия, Казакстан сыяктуу жалпысынан 11 өлкөдөн келген катышуучулар ырдашып, ал эми калыстар тобунда Евровидение, "Славян базары" өңдүү сынактарды уюштурган белгилүү продюсерлер отурушту. Башка өлкөлөрдөн бирден өкүлдөрү калыстар тобунда отурса, чечим чыгаруучу топто кыргызстандык эч ким жоктугуна карабай Исанын экинчи орунду алышы мактоого арзыйт. Бул сынакка Иса 15 жашында Кыргызстанда өткөн жаш таланттардын сынагын жеңип барган. Ал жердеги ийгилигин көрүшкөн музыка өлкөсүнүн көзү ачыктары бул жигиттен бирдеме чыгат деп "Боз торгой" фестивалына, андан кийин Сан-Ремого чакырышкан. Тилекке каршы, Иса мектепти аяктап мамлекеттик экзамендерди тапшыруу учуруна туш келип, эл аралык сынактардан баш тартууга аргасыз болгон. Жети жылдан бери музыкалык мектепте билим алып келе жаткан Иса азыр да 4-музыкалык мектепте устаты Ирина Васильевна Соболевадан бул тармактын сырларын үйрөнүп жатат. Эртең мененки жетиде сабакка жөнөгөн ырчы жигит түштөн кийин хорго, бийге, вокалга, гитара, фортепьяно ийримдерине калтырбай барып, кечкисин той-топур, концерт, мамлекеттик иш-чара жок болсо Омар, Мирбек Атабеков, Добр, Ильяз, Токтобек Асаналиев, Майрамбек Осмонов, Ислам Акматов сыяктуу агалары менен бирге топ тээп футбол ойношот.
Атактуу адаштар
Үй-бүлөдө бешинчи бала болуп төрөлгөн Исага ата-энеси 1995-жылы кандай ат коюу керек деген суроо менен кадимки Кимсанбай ажыга кайрылышат. Ал киши бешинчи балага адатта пайгамбардын атын берген жакшы экенин айтат. Пайгамбарлардын аттары жазылган тизмеден Иса деген атты ата-энеси тандайт. 2007-жылы бир тойго Иса ырдаганы барып, өз кезегин күтүп отурса тамада куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн Иса Өмүркуловду чакырып калат. Оо, жаш экениме карабай мага жалгыз куттуктоо сөзүн берип жатат деп кудуңдап бараткан Иса микрофонго ошол кездеги ЖК депутаты, азыркы Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун барганын көрүп таң калып отуруп калат. Ошол жерден адаштар таанышып, саясатчы Иса ырчы Исага колдоо көрсөтө баштаган. Баса, Өмүркуловдордун үй-бүлөсүндө бир эле бул экөөнүн аттары окшош эмес экен. Эки таанымалдан башка үч окшош фамилиясы да, аты да дал келген адаштар бар экен. Ал эми Бактыгүл Өмүркуловадан экөө эмес үчөө тура.
Жашы жетсе "Жаңы толкунга" жөнөйт
Демейде ырчыларга каражат жагынан кыйналып эл аралык конкурстарга бара алышпаса, өзүнүн даярдыгына ишенген Иса 18ге эле чыксам Юрмаланы багынтканы сапар алам дейт. "Новая волна" конкурсуна катышып, ийгилик жаратуу, Кыргызстандын желегин желбиретүү менин жакынкы максаттарымдын бири дейт. Үч ай мурда араң 16га толгон Иса учурда машинасын минип алып сабакты калтырбай окуп жатат. 12 жашында эле унаа жеңгенди үйрөнүп алган чыйрак жигит күйөрман кыздарынан кечки саат ондон кийин, анан апасынын номерине телефон чалып, СМС жазбашын суранат.