16.09.11 - 2-бет: Кантип иштешти үйрөнгүлө
Президенттикке талапкерлер 30 миң колду кантип чогултуп атканын билгиңиз келеби? Бажалыста. Нариман Түлеев ар бир кол үчүн он сомдон төлөсө, тажабаган талапкер Токтайым Үмөталиева кол топтоо ишине КАСИнин студенттерин чегериптир. Бирок студенттердин эмгегин акчалай эмес, концерт менен төлөй турган болуптур. Көрсө, Токтайым айымдын Бураш аттуу ырчы кызы келерки айда концерт берет экен. Концертке кирүү акысы 300-500 сом, ушуга студенттер бекер киришет экен. Вот это да!

Мамытов, Артыков кайда? Текебаевдин короосунда!
"Ар-намыс" фракциясын ала салдырган депутаттар Токон Мамытов менен Анвар Артыков шефинен өч алдык деп алакан ушалап турушат. Алар ушу тапта "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевди президенттикке сүрөп, арбын добуш чогултуп беребиз деп жүрүшөт.

Капырай, Канат кантет?
Өткөн жумада генерал Өмүрбек Суваналиевдин штабында "ар-намысчы" Феликс Кулов, коомдук ишмер Мирослав Ниязов жана "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев жолугушту. Узун кулактардын айтымында, Каттани алардан финансылык колдоо сураган экен. Ага Феликс Шаршенбаевич жардам берем дегендей баш ийкесе, калгандары да макулдугун билдиришти. Мына сага тамаша! "Республика" партиясы башбакан Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоору коомчулукка дайын. Андай болсо Канатбек Кедейканович партиялаштарын "кидайт" этип, эки штабга "ойнойбу?"

Баткенди "гүлдөтчү" үч миллион
Байге талашчу "күлүктөр" жер-жерлерде өз өкүлдөрүн дайындай баштады. Маселен, Кубатбек Байболов Баткен облусу боюнча координаторлукка К.Матраимов аттуу адамды отургузганы маалым болду. Калбековичтин капчыгы ойдогудай белем, таза иштеп бер, мына бу үгүтчүлөргө төлөнчү каражат деп тигинин колуна үч млн. сомду кошо тапшырды.

Эсине эми келди
Бийликте отурган бараандуу фигура Урмат Барыктабасовду эркиндикке чыгарып, эми ал шайлоодо ага иштээри кабарланган. Бирок Урмат мырзанын саясаттын сасык оюнуна аралашуу ниети жоктой. Себеби ал темир тор кучагынан бошотулганына арнап түлөө өткөрүп, толук акталып бүтмөйүнчө саясатка башбакпастыгын дасторкон үстүндө билдирди.

Романдын "романы"
Көптөн бери экс-"ак жолчу" депутат Роман Шиндин карааны көзгө чалдыкпай калган. Көрсө, ал деле башкалардан кем калышпай саясат менен алпурушуп жүрүптүр. Ишенимдүү булактан алынган кабарга таянсак, Шин "Асабанын" желеги астында президенттикке аттанган Салмоорбек Дыйкановго демөөрчүлүк кылат. Романдын Салмоорбекке кандайча "ашык" болгонун ким билет?

Кызмат талаш
Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов менен Азимбек Бекназаров өз адамын Улуттук банктын төрага орунбасарлыгына отургузууга жанталаша аракет кылып атышат. Анын айынан экөө абысындардай айтышып, бири-биринин быкыйын чукушууда. Тиреш кандай аяктаар экен?

Мактанбаган май табат
Аттуу-баштуу саясатчылар президенттикке талапкерлигин коюп алышкан соң мени паланча колдойт, түкүнчө колдойт деп эл аралык деңгээлдеги аброю чоң саясатчылардын атын сатмайы бар. Андан дагы эл арасына паланчаны Россия колдоп атыптыр, шайлоодо түкүнчөнү Назарбаев колдойт экен деген ушакты атайын таратканда кантесиң? Мурунку президенттик шайлоодогу бурмаланбаган чыныгы жыйынтык боюнча экинчи орунга татыктуу болгон талапкер Турсунбай Бакир уулунун сотогою эмнеге эле өчүк десе, араб өлкөлөрүндөгү мусулман бир туугандарынан колдоо алуу максатында сапарда жүрүптүр. Беш убак намаз окуган ажы талапкердин президент болуусуна кызыкдар болгон араб шейхтери болушунча экс-акыйкатчыны колдошот окшойт. Эң кызыгы, башкаларга окшоп Турсунбай ажы мени түкүнчө колдоп атат деп мактанбай эле секин ишин кылып жатканында болуп атат.

Абайла, Атахановдун келини келатат
Кызыл чырым же Кызыл жарым ай коому аталган улуттук уюм бар. Ар кандай кырдаалда колдон келген жардамын алып чуркап калмайы бар. Жакында бул уюмда төңкөрүш болуп өттү. Аталган мекемени атасынан энчилеп алгансыган Р.Шаяхметова акыры ордунан козголду. Мурда да мындай аракеттер болгон, бирок козгой алышкан эмес. Бу жолу тимеле танка менен сүрдүргөндөй сүрүп чыгышты. Ал танкага минип кирип барган азыркы вице премьер-министр Шамил Атахановдун келини Ажар Көпбаева-Атаханова болуп чыкпаспы. Бул мекеме сырттан каржыны мол алат. Жалаң валютага жашайт. Ушу жагына кызыктыбы, айтор, А.Көпбаева-Атаханова жулунуп барып эле кирип алды. Кой-ай дегенге эч ким жараган жок. Эмне кылабыз? Кайнагасы вице-премьер министр болсо билген талканын чалат да.

Алматы жак тынч эмес
Жакында Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Алматыда жыйын өткөрүп, ага кыргыз саясатындагы таасирдүү делген биртоптору барып катышып келишиптир. Жыйында алдыда келаткан президенттик шайлоодо кимди колдоп, кимди сүрөө жөнүндө сөз болгон экен. Ага катышкан Жаныш Бакиев мага Атамбаевден башка талапкерлер өздөрү келип, айрымдары өз өкүлдөрүн жиберишти деп айтты дешет уккандар. Чогулгандар кимди колдошоору анык болбой тарап кеткени айтылууда.

Эски дос дайым эсте
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун борбордун чок ортосундагы штабына экс-"ак жолчу" депутаттар чогулуп масилет курганы угула баштады. Кебетеси алар Адахан мырзага жардам беришет окшойт.

Акыры айтылган чындык
Өткөн жылы "Жаңы Агым" гезити азыр качып-бозуп жүргөн Алмамбет Анапияевдин Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар экендигин жазып чыккан. Анапияевдин адвокаттары ошо замат жетип келишип, спорт боюнча эл аралык аренага таанылып калган Алмамбеттин аброюна шек келтирдиңер деп коркутуп өтө "жумшак" сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Ушу күндөрү былтыр биздин жазганыбыз анык болуп отурат. Ички иштер министрлиги Анапияевдин Садыркуловдун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар экенин расмий билдирди. Андыктан журналисттердин айтканы, жазганы ушак эмес экенин биле жүргүлө демекчибиз.

Силер тытыша бергиле…
Тажикстанга контрабандалык жол менен кетип аткан күйүүчү май жөнүндө өкмөт менен депутаттардын ортосунда эрөөл жүрүп атпайбы. Мунун баары баланын оюну дешет баткендиктер. Алардын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында жер астында түтүк орнотулуп, биз жактан ага куюлган майды тажиктер капкагын ачып ары жактан тосуп алышат экен. Эң кызыгы, муну жасап аткан кыргыз бийлигиндеги эле бир үлкөн экен. Жогорку Кеңештеги ит тытышты көрүп мыйыгынан гана жылмайып отурса керек, кайран эргул!
"Жаңы Агым" - пресс