16.09.11 - 19-бет: ДҮЙНӨ күн
Атасын өлтүрттү
Саратовдо көп тармактуу бизнеси бар миллионер Иван Борисовду, анын жарандык никедеги аялы Екатерина Рябченкону өзүнүн 29 жаштагы кызы Екатерина Борисова "Лексус" үлгүсүндөгү унаанын жаңы чыкканын алып бербегени үчүн өлтүрттү. 51 жаштагы Иван мырза байлыгына чиренип кайра-кайра төшөк жаңыртканды жакшы көрөт. Биринчи никесинен туулган Екатеринага атасынын бул кылыгы жакпай, акыркы кезде анын курбу кыздарына "кызыкканына" жини келип жаңы "Лексуска" "сындырууну" чечет. Атасынын кагып койгонуна ачууланган Катя мен мыйзамдуу түрдө төрөлгөн чоң кызымын, байлык мага калат деген ойдо киллерге кайрылса алар 400 миң рубль деген бааны айтат. Ошондо көңүлдөшү Степан Лащилин менен анын досу Александр Нагибинге жаңы үлгүдөгү машине убада кылып "вперед" дейт. Бул кылмыштын бети жанагы заказды аткарбай койгон киллердин сатып койгонуна байланыштуу ачылды.
Эркек эмес, аял эмес адамдар
Австралияда өздүк документтин жынысы деген жерине эркек же аял деп отурбай эле белгисиз деп жазганга уруксат берилди. "Х" түрүндө белгиленген жазуу анын мырза да, айым да эмесинен кабар берет. Мындай кадам 2010-жылы Мэй-Уэлби аттуу тургунга доктурлар бул же эркек экенин, же аял экенин айта албайбыз деген чечим чыгарып бергенден кийин "not specified" (белгисиз) деген жазууну басууга уруксат берилгенден башталган. Эми эркек болуп төрөлүп аял болуп алгандар же тескерисинче аял болуп төрөлүп эркек болуп алгандар үчүнчү топко кошула алышат. Орусча айтканда "оно" болушат.
Бир колу күчтүү бирди жыгат
Эрежесиз мушташта өнөр көрсөтүп келген америкалык мушкер Даниэль Кормье өткөн аптанын аягында өткөн кармаштын башында колун сындырып алып, беттеш бүткүчө бир колу менен мушташып, жеңишке жетти. 4 мүнөттөн ашпаган уруштун башында 96 килограммдык салмактагы Дани болгон күчү менен атаандашын урганда өзүнүн колу да сынып кеткен. Кармашты аягына чейин сол колу менен урушуп отуруп жеңип алган баатыр "бир колума туруштук бербеген байкушту экинчи колум иштеп турганда өлтүрүп эле салсам керек эле" деп гипстелген колу менен микрофонду араң кармап интервью берди.
Сакалыңдан сенин секетим
Бангкоктун 11 жаштагы кичинекей тургуну Супатра Сасупфан дүйнөдөгү эң жүндүү адам катары Гиннес китебине катталды. Бул кыздын бети, кулактары, колдору, буттары, далысы ушунчалык жүндүү болгондуктан ага "карышкыр кыз" деген ат коюлган. Мурда тели-теңтуштары шылдыңдап жүрүшсө, Гиннестин китебине кирип, дүйнөлүк маалымат каражаттары кайра-кайра теледен берип жаткандыктан жылдызга айланып кеткен Супатра менен достошо башташты. Тагдырына нааразы болуп жүргөн рекорд ээси азыр тескерисинче өзүн кыйын сезип, бактылуу болгонун жашырбады. Көрсө, дененин өтө жүндүү болушу Амбрастын синдрому менен жабыр тартып, гипертрихоз дарты бар экени менен түшүндүрүлөт тура. Мындай дартка дүйнө жүзүндө 50 адам кабылган. Жердештери башында Супатранын апасын сен жаныбарлар менен соо эмессиң деп жүрүштү эле, кийин адистердин сөзүнөн кийин ал оюнан баш тартышты.
Жолуң кандай, Жолчубек?
Азыр сөз боло турган нерсени кыргыздар уюштурса жакшы болмок. Немистердин социал-демократтары "Бац" деген аталыштагы акцияны башташты. Анда Германиянын ар кайсы кычыгынан жолдордогу уңкул-чуңкур, жыртык-тешиктерди сүрөткө тартып жиберишкен тургундарга эң мыкты сүрөт үчүн алтындан жасалган "Оскарды" ал эми экинчи категорияга кирген сүрөттөргө күмүштөн жасалган "Оскарды" тапшырышат экен. Мындай жол менен депутаттар өкмөттү жолдордун абалына көңүл бурдуртушат тура. Ал эми бул конкурс бизде өтчү болсо катышуучулар оголе көп болуп, Транспорт министрлиги эчтеке кылбай отургандай сезим калтырмак.
Учту, учту, адам учту
Мурда жомоктордо жез кемпир шыпыргы менен учуп, жиндер килем самолетто шуулдашчу. Азыр жомок жашоого кирип баратканыбызга "Мартин Эйркрафт" компаниясынын ийгилиги далил боло алат. 2012-жылдан баштап сатылыш баасы 100 миң доллар боло турган учуучу аппараттар кеңири тарай баштайт. Мартин Жетпак аттуу учуучу аппарат бензин менен жүрүп, 2,5 километр бийиктикке көтөрүлүп, 100 километр саат ылдамдык менен туптуура 30 мүнөткө чейин уча алат тура. Бул долбоор фирманын 25 жылдык эмгегинин жыйынтыгы экенин айтып коелу.
Багы барга дагы бар
"Марриот" мейманканалар тармагынын ээси өтө бай киши экенин баары эле билет. Ошол миллионердин баласы Мега Миллионс лотереясынан 100 миллион доллардан ашык акча утуп алды. 25 жаштагы Брайан Маккарти азык-түлүк дүкөнүнөн ашкан майда акчага лотерея алып койгон экен, анысы бир чемодан жашылбай алып келди. Байдын баласы утушун "BMW M3" унаасын сатып алганга жана саякатка коротоорун жарыя кылды.
Кара кыздын багынан
"Аалам сулуусу - 2011" наамын анголиялык ынды кара кыз жеңип алды. Лейла Лопес дүйнөнүн төрт бурчунан келген 88 чүрөктүн ичинен жеңүүчү болушуна анча ишене берген эмес. Жеңүүчүнүн атын айтканда такыр күтпөгөн Лейла жүрөгүм жарылып кетип уят болбосом экен деп аттым деп кубанычы менен бөлүштү. Анголиянын тарыхында биринчи жолу бул өлкөнүн кызын сулуу экен деген сөздү угушуптур. Экинчи вице-мисс наамы Бразилиянын сулуусу Присцила Мачадого буйруса, биринчи вице-мисс болуп украиналык Олеся Стефанко табылды.
Караңгыда каман күркүрөйт
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деген кыргыздын сөзү бар го, бул жерде оюндан от чыгат деген макалды колдонсок болчудай. Анткени, Тюменде 13-сентябрь күнү кайната менен күйөө бала ээрчишип алып каман атканы токойго барышат. Экөө бирден мылтык кармап алып кечке эки жерде жашынып отурушат. Күүгүм кирип калганда ажалы жеткен күйөө бала кайнатасын тамашалай коем деп камандын үнүнө окшотуп үн чыгарганда 68 жаштагы абышка тамашакөй күйөө баласын былчыйта атып салыптыр. Аксакалга кокусунан өлтүрүп алды деген кине коюлуп камакка алынды.
Бети жок жарнама
"Эгемен Кыргызстан - 2011" деген аталыш менен сүрөтчүлөргө сынак жарыялашкан. Ага көпчүлүк катышып, Султан Бөкөнбаевдин "2011" деген сүрөтү жеңип чыгып, социалдык жарнак катары Бишкектин көчөлөрүнө илине баштаган. Ал жерде адамдардын колдору ар түрдүү белгилер менен 2011-жыл экенин билдирген сүрөт чагылдырылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазгандан кийин уюштуруучулар ал сүрөттөгү уят белгини көрсөткөн нерсе "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга этика-моралдык жактан туура келбегендигин кеч түшүнүп, бул жарнактарды алмай болушуптур. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттарынан окудук.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ