16.09.11 - 18-бет:
  Көз көнүп кетээр

"Манастын айкели Атамбаевге окшошсо эмне экен?"

Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата Бишкектин борбордук аянтына коюлган Манастын айкели тууралуу ар кандай сын пикирлер айтылып келет. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, ар бир иштин артында чоң түйшүк болгонун да эстен чыгарбашыбыз керек. Манастын айкели жөнүндө ар кандай сын пикирлерге жоопту эстеликтин автору, И.Арабаев атындагы университеттин доценти, скульптор Базарбай СЫДЫКОВдун өз оозунан уктук.

- Базарбай мырза, Манастын айкелин жасатаарда скульпторлор арасында сынак жарыяланышы керек болчу, биз да катышмакпыз деп нааразы болгондор чыгышты. Сиз бул сынакка кантип катышып калдыңыз?
- Кыргызстанда скульпторлор көп. Алардын ар бирине атайын жарыялабастан иштеп жүргөн скульпторлорго гана кабар берилсе керек. Мындан эки-үч ай мурун сынак жарыяланып, ага жыйырмага чукул скульпторлор катышкан. Бул сынак Манастын же Чыңгыздын айкели коюлат деп атайын жарыяланган эмес. Бишкек шаарына коюла турган эстеликтерге сынак болгон. Сынакка катышкан скульпторлордон Манастын, Чыңгыз аганын, Төлөмүш Океевдин, Сүймөнкул Чокморовдун жана дагы биртоп белгилүү инсандардын айкелдеринин эскизин комиссия тандап алды. Анын ичинде биринчи кезекте Манас менен Чыңгыз Айтматовдун айкели тандалып жасалды.
- Кайсы манасчынын варианты боюнча Манастын элесин түшүрдүңүз?
- Бул жалпыланган варианты десе болот. Себеби буга чейин Манастын төрөлүшүнөн кайтыш болгонго чейинкисин Таластагы Манас-ордо этнографиялык музейинде диарамада көрсөткөн элем. Мен Сагынбай менен Саякбай экөөнүн тең варианттарын окуп чыккам. Ошол боюнча Манастын образын түзгөм. Андыктан бул аянтта турган айкелди тигил же бул варианттан алдым дегенге болбойт. Китепте жазылган Манастын баарын сүрөткө түшүргөнгө мүмкүн эмес.
- Манастын келбети кичирээк, арыкчырай, чапжаак болуп калгандай. Биз элестеткен Манаска азыркы айкел окшош деп ойлойсузбу?
- Аянтта турган Манастын айкели арык эмес. Эл айта берет. Бул айкел Кожомкулдун эстелигиндей эле чоң, балбан көрүнөт. Бирок эстелик өтө бийик болгондуктан кичирээк көрүнүп калат экен. Эл Кожомкулдун эстелигинен да эки-үч эсе чоң эстеликти элестетишсе керек. Андай чоң эстеликти жасатыш үчүн борбордук аянт да кенен болушу шарт. Азыркыдай турган турпаты сегиз метр эмес 20-30 метр бийиктикте болушу керек. Анүстүнө бул айкелди жасоодо архитекторлор ушундай масштабды көрсөткөндүктөн, биз андан чыга албадык.
- Сиз окшоштурган Сүймөнкул Чокморовдун келбети Манаска түшүрүлбөй эле анын элеси орустун Юрий Долгорукий деген князынын өзү болуп калган деп айтып атышат…
- Дүйнө жүзүндөгү бардык эпостогу баатырлардын айкөлдүгү, баатырлыгы, турган турпаты боюнча бири-бирине окшошуп турат. Балким Юрий Долгорукий Москва шаарын куруп, өзүнүн баатырдыгын көрсөтсө, Манас чачырап кеткен кыргыз элин жыйып, бириктирген. Бул айкелди орустар оруска, кыргыздар кыргызга, дагы бири башкага окшоштуруп аткандыр. Атамбаевге да окшошуп калыптыр деп айтып атышат. Себеби бул заказды Атамбаев берген. Гезиттер Акаевдин убагында Эркиндик эстелигинде түндүк көтөргөн аял М.Акаеванын келбетине окшош эле, эми бул Атамбаевге окшошуп калыптыр деп жазып атышат. Эмне, Атамбаевге окшошсо жаманбы? Атамбаев деле кыргыз. Кыргыз болгондон кийин биз бири-бирибизге окшошпуз да.
- Скульптураны коюуда эстетикалык талап сакталган эмес экен…
- Аянттагы Манастын аты үч буттап турат. Эми айкелди үч буттап же бир-эки буттап турган толгон варианты бар. Айтор, адамга эч нерсе жакпайт. Эгер төрт буттап тургузсам аны да айтып чыгышмак. Бул менин вариантым, ушундай болуп калды.
- Жыйырма жыл бою Манастын айкелин жасасам деп кыялданып келипсиз, ушунча жыл элестеткендей эстеликти жасай алдым деп ойлойсузбу?
- Манасчылар манас айтканда бүгүн айтканын эртең башкачараак айтат. Эки айдын ичинде жасаган вариантым ушул. Эгер муну мен эки айдан кийин же башка учурда жасасам ал вариант башкача болушу ыктымал. Мен бул жерден Манасты жасап атканда зоот кийимчен эмес күнүмдүк кийинген формасындагы көрүнүшүн чагылдыргам. Анын Манас экенин билгизиш үчүн башындагы тулгасын, колундагы кылычын, калканында кыргыздын эле оймо-чиймеси эмес ааламдын күн системасындагы планеталары ай, он эки зодиак белгиси жана башка жылдыздар, кометалар чагылдырылган. Булар бийиктикте байкалбай калды. Мисалы, Манастын калканынын чоңдугу бир жарым метр. Анын ар бир чекитин көрүш үчүн бийик чыгыш керек, же айкелди төмөн түшүрүш керек. Манастын алаканы эле жарым метрге жакын. Колунун кан тамырларынан бери түшкөн. Андыктан, аянтка атайын эсептелип жасалган Манастын алысыраактагы образын түшүрдүм.
Эгер Манасты жакындан жакшылап көргүсү келгендер дүрбү менен караса болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Кылкалем

Асан ТУРСУНКУЛОВ, сүрөтчү:
"Россияда окугандар кыргызча таза сүйлөшөт экен"
- Сиз жакында Екатеринбург шаарына барып сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп келдиңиз. Иш-чара кандай өттү?
- Кыргызстандын жана Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана Екатеринбург шаарындагы кыргыз консулдугу биригип сынак жарыялап, ага беш-алты сүрөтчү катышып, алар менин чыгармаларымды тандашкан экен. Андыктан бул сынакты уюштургандардын каржылоосу менен аталган шаардагы Урал маданият борборунда сүрөт көргөзмөмдү уюштурдум. Көргөзмөгө графика, этюд, пейзаж, анан "Манас" эпосунан жана башка улуттук дүйнө таанымыбыздан жазылган картиналар болуп, жалпысынан 100 иш коюлду.
- Сүрөт өнөрүн котормосуз окулган чыгарма деп коюшат. Сиздин эмгектер орустарга кандай таасир этти?
- Сүрөттөрүмдө кыргыз улутунун өзгөчөлүгүн, касиеттүүлүгүн, улуулугун чагылдырууга аракеттенгендиктен, мен деле бөлөк улуттар менин чыгармамды кандай баалашар экен деп ойлоп баргам. Мисалы, орустарда жети ата деген түшүнүк жок да. Мен бул көргөзмөмдү "Жети ата" деп атап, ага улай "Достук баарынан ыйык" деген тема койдум. Аларды биздин улуттук өзгөчөлүк кызыктырдыбы, айтор, менин бул темадагы иштерим орус туугандарга айбай жакты. Жергиликтүү чиновниктер, сүрөтчүлөр, жөнөкөй карапайым көрүүчүлөр келип, "биз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз элин билдик эле, сенин сүрөттөрүң аркылуу алардын боек аркылуу берилген маданиятын, дүйнө таанымын, каада-салтын, тарыхын билип жатабыз" деп көңүлүмдү көтөрүштү. Алар дээринде бөлөк элдин маданиятын, сүрөт өнөрүн көргөнгө чын дилинен кызыгышат экен. Башка дүйнөгө күбө болгонго умутулушат тура. Екатеринбург шаарынын мэри "Екатеринбург шаары кыргыз сүрөтчүсүнүн көзү менен" деген темада сүрөт тартышымды сунуш кылып, эгер мен макул болсом аталган шаарда өздөрү каржылап көргөзмө уюштуруп берерин айтты. Чынында мен ал жерде 21 күн жүрүп, бош боло калганымда шаардын көрктүү жерлерин тартып жүргөм. Аны айтсам мэр аябай сүйүнүп чакыруу берди. Буюрса, иштерди бүткөндө мэрге кабарлап, Екатеринбургда да көргөзмө уюштурам.
- Кыргыз жердештерибиздин ал-абалы кандай экен?
- Мен бул маселе тууралуу бир гана мисал келтирейин. Екатеринбург шаарындагы №149 мектепте болгону 600 окуучу бар болсо, анын 340 окуучусу кыргыз экен. Таңкалыштуусу, орус мектебинде окуп жаткан кыргыз балдардын басымдуу бөлүгү эне тилинде так сүйлөйт экен. Мен 2-класста окуп жаткан Нургазы менен сүйлөшүп көрүп, анын орусча да, кыргызча да аралаштырбай таза сүйлөгөнүнө күбө болдум. Канткен менен чет жерде жүргөн кыргыздар Бишкектеги тантырап жүргөн балдарга караганда эне тилге мекенчилдик менен мамиле кылат экен. Ошондой эле аталган мектептеги кыргыз окуучулары өз демилгеси менен ал мектепте кыргыз музейин ачып алыптыр. Ал жерде улуттук кийимдерибиз, кол өнөрчүлүгүбүздөн жаралган буюм-тайымдар турат. Чындыгында Екатеринбургдагы "Ата журт" деп аталган кыргыз диаспорасында чыныгы мекенчил уулдар бар экен. Менин көргөзмөмө Тюменден, Сургуттан, Томскиден, Челябинскиден, дагы көп жерлерден кыргыздар келди.
- Көргөзмөдө кайсы иштериңиз эл көңүлүн бурду?
- Бүгүнкү күндө Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп жаткан "Улуу эл баяны", "Мурас эл сыймыгы" деген сүрөттөрүм элдин көңүлүн өзүнө буруп, ал тууралуу көп нерселерди сурашты.
Зайырбек АЖЫМАТОВ