16.09.11 - 17-бет:
  Элета

Мрамор этин жедиңиз беле?

СССР кулаганда бир кезде жер дүңгүрөткөн малдын туягы азыр саналуу калды. Кезинде мамлекет салдырган сарайлардын көбү жеке менчикке өтүп кеткен. Кээси азыркыга чейин ошол сарайларда малдын туягын көбөйтүп атса, кээси уйдан жок же уй байлаган жиптен жок, атүгүл кашардын кышынан бери талкаланып калган. Жакында Чүй облусуна караштуу Султан Ибраимов айыл өкмөтүндөгү бир кезде талкаланып, түп орду менен жоголгон мал сарай кайра ишке кирип, ичи ача туяктуу бодо малга толду.

Союз убагында Султан Ибраимов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 62 гектар жерге кашар курулуп, жүз миңге жакын бодо малды бордоп семиртип сатыкка багышкан. Ал кашар мал жайганга ылайыктуу салкын капчыгайдын оозунда жайгашкан. Кийин ал жеке менчикке өтүп, бодо малдын бир да туягы калган эмес. Атүгүл сарай талкаланып, шифер,тактай-жыгачы, атүгүл фундаментине коюлган арматурасынан бери уурдалып, согуш болгондой кыйрап калган. Мал жайганга ылайыктуу бул жер биртоп жылдан бери иштетилбей турган эле. Сарайдын 42 гектар жери атайын эскилиги жеткен тосмолор менен тосулуп турчу.
Жакында бул сарайды С.Ибраимов атындагы дыйкан чарбасы сатып алып, талкаланган сарайды оңдоп-түздөп калыбына келтирип, 400 бука сатып алып, чоң иш башташты. Бул ферманын башчысы Кубат Сыдыковдун айтымында, букалар Токмок шаарындагы жана Нарын облусундагы мал базарлардан сатылып келинген. Алардын максаты - атайын бордолуп багылган букалардан мрамор деген этти иштетип чыгуу. Бул эт жегиликтүү, сиңимдүү, сапаттуу жана экологиялык жактан таза болот. Бул өндүрүштүн бир катмары эт, бир катмары май, кайра эт болуп, башка эттен ушунусу менен айырмаланат. Азырынча бул фермада жергиликтүү жыйырма киши эмгектенип атат. Келечекте жумушчулардын санын дагы көбөйтүп, жыл аягына чейин буканын туягын миңге жеткирсекпи деген пландары бар. Албетте, бул иш жаңыдан гана башталгандыктан малдын тоюту да өзүнчө бир маселени жаратары турган иш. Андыктан быйылкы кышка малдын тоютун да ошол тегеректеги дыйкан чарбалардан сатып алышы жергиликтүү элге биртоп жардам болуптур.
Бул кашардын ачылышына С.Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Сабыров карапайым калктын жумуш менен камсыз болуп, айыл жергесиндегилерге биртоп көмөк болду деп ыраазычылыгын билдирди. Бул иш андан ары жүрүшүп кетсе шаарды көздөй агылган жаштарга жумуш орду табылат эле деген оюн жашырган жок. Чындыгында айыл жеринде жумуш жок, каралбай боз топуракка айланган талаалар иштетилип, ижарасы төлөнөт эле дейт.

Адамдан артык жасаган трактор
Бул кашар ачылганда ишти андан ары өнүктүрүү максатында Белоруссиядан атайын беш трактор сатылып келинди. Кыргызстандагы Белоруссия элчилигинин кеңешчиси Виктор Данчук да келип, эки мамлекеттин ортосундагы айыл чарбасына тиешелүү биртоп маселени чечип кетти. Негизи буга чейин Кыргызстандагы тракторлордун чөп туураган аспабы болгон эмес экен. Бул трактор Европадан, башка чет өлкөлөрдөн келген техникалардан 30%га арзан экенин Белоруссия элчилигинин өкүлү белгиледи. Албетте техника деген бузулат, аны оңдотуу үчүн атайын тейлөөчү жайларды ачып берерин да ырасташты. Белоруссиядан келген бул трактордун сапаты башка өлкөлөрдүкүнөн алда канча жогору. Жаңы тракторлордун экөө пресстелген чөптөрдү беш сантиметрге чейин туурап, аштоого айры менен салбай, атайын норма менен эсептеп салат. Жыйырма киши бир күндө аткарган ишти бул трактор бир саатка жетпеген убакытта гана аткарып коет экен. Белоруссия Кыргызстанды техника менен гана камсыздабастан, бул фермадан чыгарылган мрамор этин экспорттоп, сатып алуу келишимине кол койду. Андан тышкары Белоруссиядан асыл тукум бодо мал сатып алуу боюнча маселе да каралды. Ал жактан келген малдын асыл тукуму мрамор этине атайын ылайыкташтырылган.
Бул ферма Бурана жана С.Ибраимов айыл өкмөтүнүн ортосундагы чек арада жайгашкандыктан учурда эки айыл талашып атышыптыр. Келерки жылы малдын туягын көбөйтүп, анын тоютун өздөрү камдоо максатында ижарага жер алып иштетүү пландары коюлууда. Жаңы сарайдын ачылышына Айыл чарба министрлигинен да өкүлдөр келип, өз киндигин өзү кескен, айылдыктардын жумуш менен камсыз болгонуна, фермалардын ишке киришкенине күбө болуп кайтышты.
Чындыгында бул иш башкаларга үлгү болорлук жөрөлгө десе болчудай.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Көңүл чордонунда

Мегаком кара далы болуп баратат. Күйөөгө берип калыңын жебейбизби!
Кыргыз коомчулугун кыйла козуткан Мегаком компаниясынын тегерегиндеги ызы-чуу басаңдагансып калды. Демейде, ММКлардан чыга калып ат үркүтүп турчу М.Бакиевдин маски-шоучулары да эмнегедир тынчыгансып турат. Сыртынан караганда ушундай. А бирок бул компаниянын бозосун ичип бир эңги-деңги болуп алгандар, ошол жыргалды кайра-кайра эңсеп, имерилип кеталбай, ичинде ит өлүп турганын туюп турабыз.

"АльфаТелеком" (Мегаком) айланып колго тийгенине азыраак эле убакыт өттү. Анда апрель окуяларынан кийин А.Бекназаров атайы төө комдотуп барып, жүктөтүп чыккан 49 пайыз Кыргызстандын үлүшү бар. Анча баргандан кийин кайран Азикең ошондо А.Елисеевге таандык болуп турган "АльфаТелекомдун" 100 пайыз акциясын төөсүнө теңдеп алып жүрө бергенде эмне. Бул эми эч качан арылбаган арманыбыз болуп кала берчүдөй. Ошону менен далай ызы-чууну баштан өткөргөн Кыргызстандын бул ишканага киргизген тышкы башкаруучулары, кийинчерээк Мегакомдун акционерлери жалпы жыйынында шайлап алышкан азыркы башкы директору дурус эле иш алып барганга үлгүрүштү.
Апрель окуяларына чейин эле күпүлдөп иштеп турган бул ишкана бюджетке канча каражат түшүргөнүн айтуу кыйын. Аны тактоого болот. Бирок чеке жылытпаган сандар чыгаарын көрүп турабыз. Ал эми Мегакомдун учурдагы жетекчилери кыска мөөнөттө ишкананын толук мүмкүнчүлүгүн ачып берди десек жаңылбайбыз. Алсак, өткөн жылы Мегакомдун жыл бою бюджетке түшүргөнү баш аягы 760 млн. сом болчу.
Учурда Мегаком жарым жылдын ичинде 67 млн. доллар (1 млрд. 28 млн. сом) киреше тапты. Бул сумманын таза кирешеси 22 млн. доллар болуп жатат. Эң башкысы мурдагыдай оффшордук аймактарга оодарылып кеткени болгон жок. Бюджетке жарым жылда эле 800 млн. сомго жакын каражат которулду.
Ошондой эле 2010-жылы Мегакомдун абоненттеринин жалпы саны 1 млн. 844 миң адам болсо, быйылкы жылы 2 млн. 225 миңге чейин жетип отурат. Эми жылдын аягына чейин 2 млн. 500 миң абонентти камтууну көздөшүүдө. Муну менен Мегакомдун жаңы жетекчилиги М.Бакиевдин сателиттеринин Кыргызстан мындай масштабдуу компанияны башкара албайт деген ич күйдүлүк сөзүнүн таш-талканын чыгара алышты.
М.Бакиевдин заманында Мегакомду башкаргандар гуманитардык багытта 500 миң сом өлчөмүндө каражат жумшап турушчу. Анысын да аябай рекламалап биртике бергенин бир жыл кеп кылаар эле. Азыркы кезде жаңы жетекчилик гуманитардык багыттагы каражаттардын жалпы көлөмүн 2 млн. сомго жеткирүүнү белгилешкен. Мунун баарына кирешесинен зыяны көп чыгымдарды үнөмдөөнүн, оффшорго ойноп кетчү каналдарды муунтуп коюунун эсебинен жетишишти. Ошентип, Мегаком төрт айдын ичинде эле кирешени 20 пайызга, таза пайданы төрт эсеге чейин көтөрө алышты. Айтмакчы, М.Бакиевдин жугунду ичерлери 2009-жылы 300 млн. сом, 2010-жылы 700 млн. сом Мегакомдон чыгарып кетишкен. Көрүнүп тургандай, эки жылда эле 1 млрд. сомду сугунуп коюшуптур.
Мунун баарын айтып жатканыбыздын себеби бар. Мегаком Кумтөрдөн кийинки эле кирешелүү ишкана экени көрүнүп калды. Бирок 51 пайызынын башы ачылбай жатат. Кыргыз коомчулугу көз салып тургандай аны териштирип отурууга кыйла мезгил кетчүдөй. Анын үстүнө эл аралык шылуундар оозунан алдырганды ойда-а жаман көрүшөт. Тимеле колуңа өлүп берет. Азыр ошондой аракеттерин көрүп сотторубуздун босогосун жыртууда. Андыктан дагы далай жакалашат окшойбуз.
Премьер-министр А.Атамбаев жакында Кумтөрдөгү акциябызды күрөөгө коюу жолу менен андагы 1 млрд. 650 млн долларыбызды өндүрүшкө жумшасакпы деп турат. Анын себеби эле бюджет тартыштыгы. Экономиканын оожала албай тургандыгы. Бирок Кумтөрдөгү акциябыздын жакшы жери, ал алтындын наркы өскөн сайын өсө берет. Бир жагынан Кумтөрдөн түшкөн каражатты пайдалана баштоо бир топ сөздөрдү чыгарышы, элди нааразы кылышы мүмкүн. Мындай шарттарда башка жолдорду да карап көрбөйлүбү деген ой кетет. Мисалы, Мегакомдогу 49 пайыз акциябызды сатып жиберүүгө неге болбосун. Ал эми Мегакомдун жалпы наркы да оңой эмес. Кеминде 650-700 млн. долларды түзөт. Демек, 49 пайыз акциябыз үчүн биртоп эле каражат түшүп калган турат. Анын үстүнө кыска убакытта эле Мегаком өтө кирешелүү, берекеси төгүлгөн ишкана экенин көрсөттү. Демек, каалоочулар четтен чыгат. Болгону анын ачык, аукциондо сатылышын камсыздашыбыз керек. Мегакомдогу үлүшүбүздү сатып жиберүүнүн дагы бир себеби, андагы техникалык жабдууларды улам жаңылап туруунун зарылдыгы. Ал дайыма акча сурап алкымын чертип турат. Келечекти ойлосок 49 пайыз акциябызды сатуудан башка жол жок. Муну саясатташтырып деле кереги жок. Экономика өз мыйзамы менен өнүгө берсин. Сыягы, эчендерге тийсе дагы эгерим кызылы оңуп койбогон Мегаком кызыбызды калыңын жакшы бычып карматып жиберүү керек. Багы ачылсын да. Ал эми 51 пайыз акция үчүн күрөшчү күндөр алдыда. Алдыра койбоспус. Андыктан алдыга ишенимдүү карайлы.
Асан Козуев