16.09.11 - 14-бет:
  Сыйлык сырлары

"Сыйлыкка талапкер тандоодогу жоопкерсиздик мамлекетке чыккынчылык кылууга тете"
(Башы 8-бетте)
Даңк медалы менен "Азаттык" үналгысынын мурдагы директору Тынчтыкбек Чоротегин, Ардак грамотасы менен ВВС радиосунун кыргыз кызматынын продюсери Гүлнара Касмамбетова сыйланышты. Булар Кыргызстанда сөз эркиндиги, эркин маалымат таратуу жана ага муктаждыкты калыптандыруу жаатында "мага сыйлык бер" деп төшүн кагып жүргөн кээ бир журналисттерге салыштырмалуу нар көтөргүс иш жасашты. Акаевдин бийлиги, андан кийин Бакиевдин бийлиги куугунтукка алып, радионун үнүн жапкандыгына карабастан чындыкты таратуудан, аны уюштуруудан талышкан жок. Бул эки радионун уктуруулары менен акыркы 20 жылда эркин жана калыс, так маалымат алууну талап кыла ала турган муун тарбияланды.
- Комиссиянын чечимин кайра каратууга мажбур кылган окуялар болобу?
- Талаш жаратчу жагдай болбойт деп эч ким айта албайт. Себеби сыйлык да адам ойлоп таап, адам бөлүштүрө турган нерсе жана ага карата бир жактуу баа же көз караш болбойт. Эгер бир жактуу көз караш болсо бир стандарт менен жашаган мурдагы СССРден азыркы демократиялуу Кыргызстандын айырмасы жок болмок да.
Талаш жаратса, жаратпаса да сиз атаган тармактардын биртоп өкүлдөрү сыйланышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамын алган Бактыгүл Жусупова бар. Ал №43 лицейдин директору. Бул башкалардан окутуу, тарбиялоо ыкмасы жагынан кескин айырмаланган окуу жай. Себеби бул окуу жай жетим же кароосуз калган балдарды тарбиялап, кесипке үйрөтүп, коомго татыктуу инсан катары тарбиялап кошуп келе жатат. Кароосуз балдарга кесип гана бербестен чыгармачылыгын өркүндөтүп, келечекке үлгү болчу балдарды тарбиялап жатат.
Ал эми эл артисти деген ардак наам алгандар боюнча талаш күчтүү. Комиссия 20 жыл ичинде музыка, көркөм сүрөт, театр искусствосун өнүктүрүү, сактоо жаатында эмгеги сиңген адамдарды сыйлоо чечимин кабыл алды. Бирок бул наам үчүн ат салышка түшкөн 25 адамдын 19у мөрөй албай калды. Алардын айрымдары чын эле азырынча татыксыздырбыз десе, көпчүлүгү катуу душман болуп жатышат. Бирок чыныгы талант болсо, эл бааласа наамсыз деле элдик адам болот да деп ойго түшөм. Эл артисти наамы жок Рыспай Абдыкадыровдун ырларын улам кийинки жаш муун сүйүп эле ырдап жатпайбы.
Булардан тышкары, мен бир нерсени баса белгилегим келип жатат. Бул эл арасында мамлекеттик деңгээлде иш жасап, бирок аны элге жар салып мактанбаган же бийликке колко кылып доомат артпаган адамдар. Мына ошондой жөнөкөй адам Сузак районундагы Барпы айыл округунун тургуну Кочкорбаев Маданбек Ардак грамота менен сыйланды. Бул адам Кыргызстандын чегарасынын бекемделиши үчүн өзү турган үйүн чегара бөлүмү үчүн бекер эле бошотуп бериптир. Ал муну менен Кыргызстандын көз карандысыздыгы, бекемдиги үчүн салым кошуптур. Бирок эч бир жерде мен муну жасап койдум деп жар салбаптыр. Кээ бир депутаттар же колунда барлардай болуп чай берип коюп добуш бергиле деп колко кылбаптыр. Кыргызстаным бекем болсун деп үйүн бошотуп берип, атуулдук парзымды жасадым деп тим гана жүргөн адам экен. Анын документин бергиле деп губернатордон баштап суранып атып ала алган жокпуз, бирок сыйладык. Мындай эмгек жерде калбаш керек!
- Ал эми сыйлыкка көрсөтүү, тандоо жагынан көңүл иренжиткен учурлар болдубу?
- Албетте андай учур көп болду. Мен бул жөнүндө сыйлыкка тандоо алдында телевидение, гезит аркылуу көп интервьюларды берип, коомчулукту ага катышууга чакырдым. Тилекке каршы, тандоо учурунда ооз ачпай же татыктуу адамды көрсөтпөй отурушуп, сыйлоо болгондон кийин бүткөн иштин сынчысы көп болуп жатат. Биринчи кезекте ойго салган көрүнүш - Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышы, өнүгүшүнө чындап салым кошкон татыктуу адамдарды жергиликтүү бийлик, эмгек жамаат, мекеме, уюм, министрликтердин салмактап, чындап иргеп тандабай, кайдыгер мамиле жасап, азыр иштеп жаткан адамдарды өң-тааныштык менен түртүп келгени болду. Ошон үчүн талапкерлердин саны көп, сапаты начар болуп калды.
Экинчиден, күнүмдүк ишин жасап, айлыгын алып, ыракатын көрүп жүрүп эле эми баатыр болом деген адамдардын көп болгону катуу ойго салды. Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында 25 Баатыр чыкчудай кандай баатырлык иштер жасалды? Тилекке каршы, баатыр болом деген инсандар өздөрүнө өздөрү салмактап суроо бере алышпай, жашы өйдөлөп калганда алчу сыйлык катары көргөндөрү өкүнүчтүү.
Үчүнчүдөн, жогоруда айткандай, татыктууларды тандоого коомдун кайдыгер мамилеси болду. Сыйлыкка талапкерлер сунушталып жатканда татыктуу мына бул киши деп ачык айтышпай күтүп жатышып, чечим кабыл алынгандан кийин сындагандары кабатыр кылат. Ошол эле журналисттер, массалык маалымат каражаттары 20 жылдык тарыхка жакшылап саресеп салып, тарыхый чындыктын негизинде салмактанган аналитикалык материалдарды жасаган болсо бийлик аны көз жаздымда калтырбас эле... Аскер, сен деле журналист катары мобу адам сыйлыкка татыктуу эле деп айтсаң болот эле да, туурабы?
- Туура. Эми кыргыздын бүгүнкү аң-сезимине туура келбесе да сурайын, сыйлыктан баш тарткандар болот бекен?
- Ошончо адамдын арасынан алты адам баш тартты. Мен биртоп адамдын тизмесин түзүп, комиссия менен макулдашып аларга чалдым. Алардын бири Бексултан Жакиев болду. Уят, мен ошо сыйлыкты кантип алам деди. Документтерди даярдай албайм дегенде бизге Жазуучулар союзу даярдап берди. Экинчиси "Акипресс" маалымат агенттигинин жетекчиси Марат Тазабеков. Ал чындыгында маалымат айдыңында абдан чоң иш кылды. Ага айтсам, жок, мен сыйлык албай эле коеюн, иштерим көп, сыйлык алам деп жүгүргөнгө убактым да жок деди. Анес Зарифьян деген Кыргыз-Орус Славян университетинде иштеген адамга байланышсам, менин Данакер, Даңк медалдарым бар, эми Манасты кантип алам, көтөрө албайм го деди. Кино жаатында жакшы эмгектенип келаткан Эрнис Абдыжапаров болсо, мен сыйлык албай эле иштегенди жакшы көрөм, ыракмат деди. Сыйлоодон кийин өкүндүргөн дагы бир көрүнүш - сыйлык албай калган адамдардын гезит же башка тармактар аркылуу ачык эле же кыйыр чабуулга өтүшү. Албетте бул адам баласына мүнөздүү көрүнүш, бирок Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чындап аракет кылган патриот адам сыйлык үчүн эмес жалпы элге жарыгын тийгизээр натыйжа үчүн иштеш керек деген ойдомун.
- Жылыга ушундай абал кайталанбасы үчүн эмне кылуу керек?
- Адегенде 1996-жылы кабыл алынган мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзамды жаңыртуу зарыл. Себеби анда сыйлоого талапкерди тандоо критерийлери так, ачык эмес жалпы эле негизде көрсөтүлгөн. Көп жылдык иши, үзүрлүү эмгеги деген нерселер эле камтылган. Айталы, мен же сен бир жерде он беш-жыйырма жыл иштеп, акчасын алып акыбетин көрүп, анан сөзсүз сыйлык алышым керек деп бара берсек, же 15-20 жылдан кийин Баатыр болушубуз керек десек туура болобу? Мына ушундай көрүнүштөрдү басууга коомчулуктун пикири үстөмдүк кылса тааныш-билиш деген басылып, жоопкерчилик күчөйт эле.
Аскер САКЫБАЕВА




  Тил сынат

ЭНЕ ТИЛИН ЭПТЕП-СЕПТЕГЕНДЕРДИ ЭМНЕГЕ АЧЫК АЙТПАЙСЫҢАР?

О оба, өлкө жетекчилеринин мамлекеттик тилди билүү керектиги дүйнөлүк тажрыйба. Адатта калктын дээрлик басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилди билбеген саясатчы бийликке келе албайт. Андыктан президенттикке талапкерлерди тил сынагынан өткөрүү керектиги же керек эместиги тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Кеп анын кандай өтүп жатканында.

Бизде президенттикке талапкерлердин кыргыз тилин билүү боюнча сынагы 2000-жылдагы президенттик шайлоодон бери практикаланып келет. Бул ошол кезде кадыр-баркы ай чапчып турган Феликс Куловго каршы Акаевдик бийликтин ойлоп тапкан тоскоолу болгонун айтып жүрүшөт. Көрдүңүзбү, бул сынак президенттик шайлоо шарттарына чындап мамлекеттик тилге күйгөндүктөн, анын баркын көкөлөткөндөн улам эмес, кимдир бирөөлөрдү жыга чаба турган саясый курал катары пайдалануу үчүн киргизилген.
Адегенде эле белгилеп кетерибиз, бул жолку тил сынагы кайсы бир саясый фигуранын кызыкчылыгы үчүн экинчи бир саясатчыны жыга чаба турган курал боло албайт. Заман башка. Анүстүнө көгүлтүр экрандан баары алаканга салгандай көрүнүп туру. Президенттикке талапкер болобуз деген Мамбетжунус Абылов менен Замирбек Парманкуловдун тил сынагынан өтпөй калышын бийликтин саясый буйругу менен байланыштырып сотко кайрылганы күлкү келтире турган жорук.
Негизи сынактын жүрүшүндө кызык окуялар көп эле болуп жатат. Жыгылгандар чычалабай койсо деле болот. Өтпөй калган талапкерлердин бири Кыргыз Республикасы деген сөздү кичинекей тамга менен жазганы, жер жарылып чөп чыкты деген түшүнүктү жер төрөп берди деп күлкү келтиргени айтылып кетти. Сынакка экинчи болуп катышкан талапкер Сейтек Байгуттиевдин өз программасын ырга салып айтып бергени боорду эзип, бүтүндөй Кыргызстанды тарс жарды. Ал эгер президент болсо журналисттер да маалымат-макалаларын кыйналып ыр менен жазып калат беле, бактыга жараша он эки адамдан турган комиссия Байгуттиев мамлекеттик тилди жетиштүү билбейт деген бүтүмгө келди. Ал эми Кыргызстандын "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин көркөм окуусу бүтүндөй элди кыжалатка салып турду.
Бирок "билет" деп бааланган талапкерлердин баары эле татыктуу баасын албай жатат. Тил сынагын өткөрүп жаткан комиссия мүчөлөрү өтө эле жумшактык кылып, анча-мынча кадыр-барктуу саясатчылардын тантыраганына карабай "билет" деп тымпыйып отуруп калышууда. Мисалы, Өмүрбек Суваналиевдин өз программасын эптеп-септеп айтып бергени эмне үчүн эске алынбайт. Эгер чындап талап койсок, Марат Султановдун көркөм окуусу кишини кыйнап ийгенин эмнеге айтканга болбойт? Чындык үчүн болсо да комиссия мүчөлөрүнүн бири алардын кээ бир кемчиликтерин эмне үчүн айтып койгонго жарабайт? Андай болсо мындай формалдуу тил сынагынын кереги бар беле?
А-бу деген менен тил сынагы боюнча жүрүп жаткан талаш-тартыштар боюнча талапкерлерде да, комиссия мүчөлөрүндө да күнөө жок. Болгону бул иш-чара тээ атам замандагы эски форматта өтүүдө. Талапкерлер биринчисинде өз программасын жазып, экинчисинде аны оозеки айтып, үчүнчүсүндө кайсы бир текстти көркөм окуп беришет. Бул чынында баланын оюну. Анүстүнө биз талапкерлердин сүйлөгөнүн, көркөм окуганын угуп жатабыз, бирок алардын кантип жазганын көргөн жокпуз. Жеке мен комиссия мүчөлөрүнүн арасында өмүр бою редактор болуп иштеген акын-жазуучулар отурганда президент болгусу келген талапкерлерден бештен ашык ката кетпей жатканына ишенбейм.
Тил сынагын өткөрүү системасы дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде иштелип чыгууга тийиш. Адистердин пикиринде тил боюнча атайын тестирлөө үлгүсү иштелип чыгып, аны жалпы мамлекеттик эреже катары киргизиш керек. Андай болгон күндө мамлекеттик тил комиссиясы, президенттик шайлоо алдында куралчу сынак комиссиясы деген сыяктуу жасалма органдар жоюлат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ