16.09.11 - 13-бет: Элдик саясат
Кыргызстанга кандай өлкө башчысы керек?

Ушундай суроо менен шаар тургундарына кайрылдык. Көбүнүн үмүтү үзүлгөнбү же кайдыгерби, айтор, олуттуу жооп узаткандары аз болду. Бизге жаңы төрөлгөн бала керек дешсе, айрымдары артын карабай качкан президент керек деп жатышты. Арасынан салмактуу оюн ортого таштаган атуулдарыбыз да болду.

Өзгөрбек КАЗЫБАЕВ, 58 жашта, инженер-механик:
"Сөзгө чоркок болсо да ишке тың болсо"
- Адам тажрыйба топтоп, жакшы иштерди жасоого ылайыктуу курак деп кырк жаштан жогору көздөй эсептелинет. Жогорку билимдүү, энергиясы күчтүү, көптү көрө билген көсөм болсо. Элге бирди айтып, башканы жасап көпчүлүктүн көңүлүн ирээнжитпеши керек. Негизгиси, патриот адам бийликке келиши керек. Элин сүйбөгөн адам эч качан аны жарытпайт, калп менен тойгузуп өз көмөчүнө күл тартып күн кечире берет. Кыргызстан менен эле чектелбей чет жактан кошумча билим алып келсе да ашыкча болбойт. Саясатты эле сүйлөй бербей экономиканы оңдош керек. Өтө деле кооз сүйлөгөндүн кереги жок. Сөзгө чоркок болсо болсун, бирок ишине тың болсо гүлдөйт элек. Ата-бабабыз ушунча кылымдан бери кан төгүп коргоп келген жерди четинен кертип башкаларга саткан өлкө башчыдан кудай сактасын.

БЕЙШЕНБАЙ кызы Жибек, 20 жашта, студент:
"Чыныгы кыргыздын жүзүн көргүм келет"
- Мен өлкөнүн президенти кырк-кырк беш жаштан өйдө болсо деп эсептейм. Негизгиси, патриот болуш керек. Бирок патриоттуулук сезимди улутчулдукка айландырбай башка улуттарга да бирдей мамиле жасашын каалар элем. Жогорку билими тууралуу айта турган болсом, өңгөнү койсо да экономикалык билимге ээ болсо. Себеби биздин азыркы оор кырдаалды, экономиканы кантип көтөрүүнүн жолун ошол тармакта мыкты такшалган адис гана билет деген пикирдемин. Эски көз караштан бир аз оолактап, азыркы өнүккөн замандан артка калбай ой жүгүртүп жаштарга көңүл буруусун каалайм. Жаш адистерди өзүнө тартып, саясатка аралаштырып азыр пенсияда отургандардын ордун алмаштырса дегенге кошулам. Себеби, акыл жаштан чыгат да. Сырткы келбетине токтолсом, чыныгы кыргыздын жүзүн көргүм келет. Кыргыздын жүзү нурданып, тамылжып турат эмеспи. Маңдайы жарык, узун бойлуу, өзүнө ишенимдүү жүргөн инсандын колуна мамлекеттин келечегин тапшыраар элем.

Марат ИМАНАЛИЕВ, 42 жашта, прораб:
"Темирдей катуу тартип орнотуш керек"
- Биринчи кезекте президент адилет бирок катуу болсо. Элди тартипке келтириш үчүн кээде катуурак чечим кабыл алса болот. Жашоону, биздин шартты, экономикалык абалды таразалап түшүнгөн адам болгону оң. Экономиканы түшүнгөн инсан болсо абдан жакшы болоор эле, ал үчүн кесиби экономист болуш керек. Крыловдун тамсилиндей болуп туш тарапка тарта берип Кыргызстандагы болгон байлыкты бөлүп албай элге жумшашы зарыл. Жаш курагы кырктан ашса, эки жакты таразалаганга кудурети жете турган адам келээрине үмүт кылам. Президент болгон соң сөзүнө так болуусу зарыл. Сөздү кооз сүйлөп, колунан эч нерсе келбеген неменин эмне кереги бар. Элдин ишенимине сөздүн эмес иштин аркасы менен кирсе кана. Көпчүлүктүн алдына чыкканда сөзгө такалбай, оюн так айтып, элге таасир калтыра алганы жакшы.

АСКАРБЕК кызы Нурзат, 20 жашта, студент:
"Бою кичине болсо да акылы болсо болду"
- Эмнегедир мен Кыргызстанга бою кичинекей өлкө башчы келчүдөй элестете берем. Анткени психологияга таянсак, бою кичине адамдан лидерлер көп чыгат. Ошолордун мээсинде көп акыл болот. Юридикалык билими болсо жакшы болмок. Анткени юрист тарыхты да, мыйзамды да жакшы билет. Башка өлкөлөр менен тыгыз алака түзө билсе. Эгер Кыргызстандын келечеги үчүн кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барыш керек болсо кылчактабай чечим кабыл ала тургандай болушу керек. Динге өтө берилбесе да ал тармакта түшүнүгү кеңири болушун каалайм. Аксөөктөнө бербей карапайым эл менен ымала түзө билип, алардын маселесин чече алса. Мындан сырткары, жети-сегиз дебейин, эки-үч тил билсин. Бирок мамлекеттик деңгээлдеги жыйында нукура кыргыз тилинде такылдап турушун каалар элем. Биринчи кезекте адам тилин сүйсө, анан элин сүйөт да. Дагы бир көйгөйлүү маселе, элди түндүк-түштүккө бөлбөй, элдин ынтымагын сактаган адам керек бизге.

Макен ДҮЙШӨНОВ, 47 жашта, жумушчу:
"Жашы кырктан өтсө, чет өлкөдөн билим алса"
- Элдик президент болсо дээр элем. Элдин камын жеген кишини карапайым калк кантип талаага таштасын. Кандай кырдаал болбосун колдоп, көтөрмөлөп алат. Негизгиси, өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүп, башка өлкөгө кор кылбай багып ала турган ажо керек. Мындай жоопкерчиликти дүйнө таанымы кенен, көптү көргөн, такшалган, билим деңгээли жогору, жашы кырктан өтүп калгандар гана көтөрө алат. Өз казаныбызда кайнай бербей болочоктогу президент башка өлкөлөрдөн билим алып, бир нече тилди, бир нече мамлекеттин маданиятын, жашоо-шартын өздөштүрсө дурус болоор эле. Балким ошондо кичине алдыга жылыш болуп, жаңыча көз караш, жаңыча түшүнүк менен жашаганды үйрөнөөрбүз.

Балтагул БАТЫРБЕКОВ, 53 жашта, куруучу:
"Жаштар өлкөнүн жүгүн көтөрө албайт"
- Өлкө башчыны кырк жаштан өйдө элестете албайм. Адам алтымышка чыкканда бала кыял болуп калат да. Ошол жыйырма жылдын аралыгында Кыргызстанды бутуна тургузууга бел байлаган президент керек. Беш-алты дипломду чогултуп албай, андан көрө бир кесипке ээ болсо. Ошол тармакта тажрыйбасы мол болсо болду. Жалаң өзүн, урук-тууганын ойлой бербей элди да бир аз ойлосун. Чет мамлекеттердин ичинен Россия менен тил табышып жакшы мамиле түзсө. Ушул сөзүм үчүн мени көбү жаман көрүшү мүмкүн, бирок жеке пикиримде, Россияга кошулсак же автономиялуу облус болсок эбак ирденип кетмекпиз. Кытайга, Америкага урунуп не кереги бар. Жумушсуздукту жоюу керек дейбиз, жакынкы он жылда бул көйгөй чечилбейт. Балким Россия менен алака түзсөк мынчалык кыйналбас белек деген илгери үмүт. Азыр өлкөнүн түйшүгү өтө оор. Акыл калчап иш кылган адам келбесе баары эле бул жүктү көтөрө албайт. Азыр президенттикке аттанып жаткан отуз талапкердин арасынан мен ылайыктуусун көрө алган жокмун.

Нуркан МЫРЗАКУЛОВ, 38 жашта, жумушчу:
"Татыктуу көрүнбөйт"
- Жаш, бирок зирек болуусун каалайм. Билими экономикалык болуусу зарыл. Ошол эле учурда саясатты да мыкты өздөштүргөнү оң. Башка өлкөлөргө урунуп- беринбей Россия менен мамилени чыңдай ала турган адам керек. Анткени ал өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чоң, бизге да өсө турганга жакшы шарттар түзүлмөк. Башкасына ыраазымын, коррупция менен жумушсуздукту жойсо болот эле. Бизде акча алмай бала бакчадан башталып жатпайбы. Бизге акылы бар ажо керек. Мына, фабрика, завод иштебей турат. Ошолорду колго алса жакшы болмок. Макул айыл чарбаны түшүнбөсүн, башка тармакты жакшы билбесин, бирок экономиканы эң жакшы өздөштүргөн президент керек. Тилекке каршы, азыр чамынып ажолукка ат салышып жаткандардын арасында татыктуусу деле көрүнбөйт.

Гүлсана АКМАТАЛИЕВА, 29 жашта, архив кызматкери:
"Заманбап өлкө башчы керек"
- Энергиясы ашып турган, жаңы идеялар менен өлкөнү көтөрө алган адамды көргүм келет. Жаш курагы кырктын кырында болсо жакшы болмок. Эгер тажрыйбасы мол болсо андан жашыраагына деле мүмкүнчүлүк берсе болот. Менин оюмча, чет жактан жакшы билим алып, башка элдин маданиятын мыкты өздөштүрүшү керек. Кээ бири патриоттук сезимди улутчулдук менен алмаштырып алышат. Биздин президент улутчул эмес патриот болуш керек. Чет элге карыз болбой, экономиканы бир жолго салса болмок. Азыркыдай эски көз карашты карманган, советтик доордун тарбиясын алгандар эмес, жаңы көз карашты карманган, демократия деген түшүнүктү жакшы билген инсанга президенттин орду берилиш керек.

Айбек МАМАТБЕКОВ, 22 жашта, студент:
"Куру көөдөн болбошу керек"
- Билесизби, мен өлкө башчынын жаш болушун каалайм. Көпчүлүк ар кандай божомолдорду айтып, жада калса Путин келип иштеп берсе деп жүрүшөт. Менин оюмча, кыргыз эли үчүн кыргыздын атуулу гана чындап күйөт. Президент аялбы, эркекпи, негизгиси билимдүү болушу керек. Сөзсүз экономикалык билим болуш керек, кошумча билим катары гуманитардык тармакта да билим алса дейм. Адамды сырткы келбетине карап тосуп алышат эмеспи. Сырткы көрүнүшү сыймыктанаарлык болсо дейм. Адамды өзүнө тарта турган жылдызы, ошол эле учурда айбыктырып турган сүрү да болушу керек. Нукура кыргыз тилинде сүйлөгөн, кошумча жети-сегиз тил билген адам керек. Ошол эле учурда оратор да болуусу зарыл. Биз азыр куру көөдөн болуп жатабыз. Сөздөн ишке өткөн эч ким жок.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА