16.09.11 - 12-бет:
Күлазык
Элден ажырасаң жылдыз болуп кетесиң
Кыргыз маданиятынын уюткусу Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга быйыл 75 жыл толот. 1936-жылдын 16-октябрында уюшулган (бул тууралуу кийинки сандарыбызда кеңири сөз кылабыз) куттуу мекеменин бараандуу карааны, бай тарыхы бар. Легендарлуу Калык, Осмонкул, Алымкул, Шекербек, Атай, Шаршен, Карамолдо, Ыбрай, Саякбай, Мыскал ж.б. аты сыймык алп таланттар түптөп кеткен филармониясыз кыргыздын элдик музыкасын, манасын, төкмөлүк, комузчулук өнөрүн элестетүүгө мүмкүн эмес. Мындай улуу руханий көрөңгөбүз болбогондо эл катары бүгүнкү күнгө жетет белек, ким билет? Маданияттын бийиктиги, орду мына ушунда.
Коргол акындын "жандап өттү ыктуулар, жамама сөзгө шыктуулар" деген саптары бар. Анын сыңарындай, учурда эстрада жанрынын арааны жүрүп турган чагы. Мындай шартта элдик музыка кичине басынгансып тургандай таасир калтырат. Бирок жеңилдин иши жеңил. Камгактын иши камгак. Мезгилдин калыс шамалы уй жалагандай учуруп турат. Ал эми элдик өнөр ээлери кыргыз маданиятынын кылын кыйшайтпай, көчүн оодурбай алып келаткан абалкы озуйпасын аткарып келет. Улуттук филармония ушундай залкарлардын ордосу. З.Үсөнбаев, Н.Абдыракманов, С.Токтакунова, Н.Табалдиева, Д.Үкүев, С.Садыкова ж.б. уңгулуу таланттар улутубуздун мактанычы. Элдик өнөрдүн дагы бир касиети кылым арыткан нукура элдик педагогиканын улуу салттарын (жөнөкөйлүк, улуулардын өнөрүн сыйлоо, аны муундан муунга өткөрүү, нарктуулук ж.б.) улантып, бир тамчысын коротпой кайра элге жайылта алгандыгында. Адамдык нарк-насил менен айкалышып турбаса өнөр өргө чабалбайт. Ушундан уламбы, кыргыз филармониясынын өнөрпоздорунун кимиси менен баарлашпа, өзүнөн, атүгүл ата-энесинен мурда өнөрүн алган устатынан, анын адамдык касиетинен, не бир таланттардын бешиги болгон филармониядан баштайт. Буга күбө катары улуттук филармониянын алдындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунун өнөрпоздору менен болгон аңгеме-дүкөнүбүздү окурмандар менен тең бөлүшөлү. Алгачкы суроомду аталган топтун жетекчиси, КР эл артисти
Нуржамал Табалдиевага багыштадым.
-
Нуржамал эже, эс тартканы сиздин ырыңыз менен чоңойдук. Ала-Тоодо арген үнүңүздү укпаган, тааныбаган, суктанбаган адамды табуу кыйын. Сиздин өнөр жолуңузда улуттук филармониянын мааниси канчалык?
- Ушул куттуу жайда иштегениме 42 жыл болуптур. Ошондон бери филармония менин экинчи үйүм болуп калды. Ошончо убакыттан бери ар күнү босогосун аттаганда эмнегедир толкундабай кое албайм. Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Асанкул Шаршенов өңдүү не бир залкарлар менен иштештим. Өрнөгүн, тарбия-таалим алдым. Эми минтип жаштарга насаатчымын.
-
Бул жакка кантип келип калганыңыз эсиңиздеби?
- Эсимде эмей.1969-жылы 9-классты аяктагандан кийин келгем. Ырчы болгум келген да. Бул жерде улууга урмат, кичүүгө ызат дегендей, ушунчалык жагымдуу, чыгармачылык жагдай бар эле. Улуу кишилер карап эле койгондо туура эмес кылып койдумбу деп кирерге жер таппай калчубуз. Өнөргө болгон шыгыбызды жумшачубуз. Жазып-тайысак алар жылуу-жумшак айтып эле тарбиялап коюшчу. Мен Гүлжан Сейткулова, Бурулча Какишова, Сүйдүм Төлөкова эжелердин таалимин көп алдым. Командировкада жүрөбүзбү, бул жакта иштейбизби, ал кишилерден дайыма ийменип турчубуз. Көрсө анын баары нарк-насил, аксакалдардын, эжелердин тарбиясы экен. Ал эми өнөргө келгенде тигилердин көзүнчө жеңил-желпи, жеткиликсиз ырдап коюуга дегеле мүмкүн эмес эле. Залкарлар күү болобу, ыр болобу маанисине, сөздүн, музыканын күчүнө аябай басым жасашчу. Миң электен өткөрүп, анан эл алдына чыгарышчу. Филармонияда азыр да бул салт күч. Күн сайын репертуарлардын үстүндө иштеп, үнүбүздү ачып турабыз.
-
Кызык экен. Таланттуу киши ырдай турган ырын каалаган учурунда ырдай алат да же сиздер күн сайын ырдап машыгасыздарбы?
- Үндү дайыма ачып, жумшартып турбаса болбойт. Мындан эринбеш керек. Сууткан күлүктөй дайыма тапталып турса ырчынын өзүнө жакшы. Анүстүнө топтун репертуарын жаңылап, ким эмнени ырдайт, такташып турабыз. Жакында боло турган филармониянын юбилейине даярданып жатабыз. Биздин топ "Эл ырчысы Эстебес" тобу аталгандыктан чоң жоопкерчилигибиз бар. Бул топту Эстебес Турсуналиев өзү түзгөн, 20 жылдай болуп калды. А кишинин көзү өткөндөн кийин Тууганбай Абдиев жетектеп турду. Андан кийин таланттуу төкмө Аалы Туткучев жетектеди. Ал башка жакка иштеп кетип, жаштар мени шайлап алышты. Азыр биздин топто кыякчы, комузчу, ырчы, төкмө дегендей таланттар иштеп жатат. Өздөрү менен да сүйлөшүп көрсөңөр.
Андан кийин филармониянын солисти, таланттуу ырчы
Гүлгаакы Сагындыковага кайрылдым. Маңдайы жарык, кимди болбосун өзүнө тартып турган, жылдызы төгүлгөн белгилүү ырчы менен баарлашуу чыны менен жагымдуу эле. Гүлгаакы мыкты ырчы гана болбостон, обонго да тап коюп жүргөнүн, дастандарды да катыра айтарын окурман журту жакшы билет чыгаар.
-
Гүлгаакы, филармониянын босогосун качан аттагансың?
- Буюрса он жыл болду. Ошондон бери ушул топто ырдап жүрөм. Бала кезден ырчылык өнөргө талпынганым акыры ушул жерге алып келди. Мага үй-бүлөбүздөгү чыгармачылык кырдаал шык берди көрүнөт. Атам той-топурда ырдай койгон айылдык жамакчы, апам да жакшы ырдайт. Комузду алгач Медербек Исаковдон үйрөндүм. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан музыкалык билим алдым. Профессор Улукмырза Полотовдун мектебинен өттүм. Ошону менен ырдап келатабыз.
-
Ырчылык өнөр жагынан элге жакшы эле белгилүү болуп калдың. Өзүңдү жылдызмын деп айта аласыңбы?
- Антип айта албайм. Айрым жылдызмын дегендерден айырмаланып элдик өнөр ээлери эч качан жулунушпайт. Элди өздөрүнүн нукура таланты, өнөрү менен тартып келишет. Дегеле, кыргыздын элдик өнөрпоздору жылдызмын деп көкүрөк каккандан оолак болушкан. Аны ойлоруна албаса деле керек. Эл аларды өздөрү баалап Атай, Муса, Мыскал деп сүймөнчүк менен аташкан.
-
Баамыбызда, обон чыгаруу жагына да ооп баратат окшойсуң…
- Обон жандүйнөңдү черткилеп көп учурда өзү келет. Албетте аны иштеп чыкканга музыкалык билим, ички даярдык зарыл. Ал эми баарынын башатында табигый көрөңгө турса керек. Кыскасы, баш-аягы 20дан ашык обон жараттым. Аларды Нуржамал Табалдиева эжебиз ж.б. белгилүү ырчылар ырдап жүрөт. Алгач сөзүн да өзүм жазып жиберген учурларым болгон. Кийин анымдан уялып акындарга кайрылып калдым. Бөдөнөнү деле касапчы эле сойгону оң экен.
-
Ырдын сөзүн алыстан издебей эле кашыңдагы Амантай акынга кайрыла койбойсуңбу?
- Амантай ага төкмө да. Обонго лирикалык акындардын сөзү жакшы эмеспи.
-
Ашыраалы Айталиев деле төкмө болчу… Бирок обондорго сөз жазып жүрбөдүбү. Жакшылап сурабай жаткансың го.
Аңгыча баятан унчукпай отурган ырчы
Малик Аликеев Амантайдын башынан сүйүү өтө элек болсо кайдан жазсын деп калды. Баарыбыз бир сыйра каткырып алып, сөздү Малик ырчы улантты:
- Филармонияга "Мөлмөлүм" менен 16 жашымда келгем. Ушул куттуу жердеги дагы бир салт - улуу аксакалдар эл ичинен таланттуу жаштарды көрүп калса кыя өтпөй, мында алып келип тарбиялап, өздөрүнө шакирт даярдаганында. Мени Эстебес атабыз алып келген. Андан бери 25 жыл өтүп кетиптир. Эмне деген залкарлардан таалим албадык. Жапар Чабалдаев деген чагылгандай ырчы бар эмес беле. Жаңы келип филармониянын алдындагы курстан окуп жүргөн кезим. Ал кишини балалык кылып тааныбайт экемин. Бир жолу тепкичтен жүгүрүп чыгып баратсам токтотуп алып аябай ашата сөгүп туруп кабинетине киргизип, ал комузду, ырда деди. Коркконумдан колго түшкөн коендой титиреп, тимеле безилдеп ырдадым. Анан тамашаладым деп бетимен өөп батасын берген.
-
Эми ошол айтылуу Жапар агабыз көтөргөн ырчылык өнөрдүн жүгү мойнуңда. Оорчулук кылган жокпу?
- Өнөрдө ар кимдин өз жолу, өз үнү, орду бар. Өнөр ошонусу менен баалуу. Баарына эл калыс, эл тараза. Ошол залкарлардын бизге калтырган мурасы жөнөкөйлүк. Эл арасына барып калсак, биздей эле жөнөкөй адамдар турбайсыңарбы деп калышат. Ал эми жүк оор. Алдын жетишинче аркалап келебиз.
Баары эле сүйлөшүп алгансып, бу чыныгы топ жылдыздардын жөнөкөйлүк деп турганынан улам өнөр да элдин өзүндөй карапайым, ошол эле учурда бийик болоорун туюп турдум. Маңдайымда кепкасын кыйшайта кийип үн-сөзсүз отурган
Амантай Кутманалиевди карай кабинеттеги дубалга илинген сүрөттү көрсөтө берип, ии Амантай, Эстебестин карап коюп сүрөтүн, эмнени ырдап, эмне кылып жүрөсүң десем, оймоктой кезинде айылга бара калган Эстебес менен учурашып ырдаганын, ал киши бул жакка алып келгенин, эл ичи өнөр кенчи экенин, эл арасында шумдук таланттар болорун айтты. Өзүнүн өнөрү тууралуу эл айтсын дегенди кошумчалап, Ысмайылдын сөзү менен бүтүрдү.
"Критика" жакшы сөз,
Кириңди жууп алгандай.
Алдын алып оорунун,
Аман-эсен калгандай.
-
Амантай, Ысмаке эмне деп жатат бул жерде?
- Ырдын аягын "сокур ичегимди алгын деп, операцияга баргандай" деп мен кошуп койдум. Мааниси эл сынчы деп атпайбы. Ырчы болобу, төкмө болобу эл камчылап турса чыйралып жакшы чуркайсың да. Өнөрпоз ошол элдин арасында болгону жакшы. Элден ажырасаң асмандап жылдыз болуп кетесиң. Анткени аларга калктын баасы, сыны жетпей калат да. Качанкыга чейин жаркырайт, Кудай билет?..
"Эл ырчысы Эстебес" тобунун көкүрөк күчүгү аккордеонун сыздата тартып, Рыспайдын ырларын кемелине жеткире ырдагын
Таалайбек Иманкулов экен. Эстеке өзү жактырып тобуна алыптыр. Айтымында, обон чыгарууга да аракет кылып жүрүптүр. Азырынча элге чыгарууга чийки дейт. Мага ушул чийки, быша элек деп турганы жакты. Өнөр сыйлоо деген ушул. Айта кетчү нерсе, учурда саясый партиялар ырчыдан ырчы тандап, көктөгү жылдыздарды жерге түшүрө албай убара. Эмне үчүн ар дайым эл арасында болууну каалаган, элге жакын улуттук филармониянын ырчыларын көрүшпөйт, мен үчүн табышмак. Кандай болгон күндө да кыргыздын кыйырына таанымал "Эл ырчысы Эстебес" тобуна өздөрүнүн юбилейинин алдында чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Темирбек Алымбеков, тел.: 38-67-19