№37, 16.09.11. • "Агым" гезити, кыргызча...





  Мелис өзү издеген Кудайына кетти

Сел жүргөн жакка жүр деген,
Аттиң, сен дагы кеттиң дүйнөдөн…
Кечээ "Агым" гезитинин мурдагы кожоюну, 90-жылдардан кийин "Ленинчил жаш" андан кийин "Жаштык жарчысы", "Асаба" гезиттеринин башында туруп кыргыз улуттук журналистикасын жаңы багытка бурган таланттуу журналист, заманбап менеджер, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун жүрөгү токтоп калды. Ал 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Быйыл 49 жашка чыкмак.


Мелис Эшимканов кандай болгон күндө да аз өмүрүндө демократиялык нукта тарбияланган журналисттердин жаңы муунунун устаты, окутуучусу болуп калды. Учурда улуттук басма сөздө жүргөн орто жана жаш муун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Эшимкановдун мектебинен чыкканын тана албайт. Анын артында азыркы маалымат майданында гезит-журналдардын көпчүлүгүндө редактор же жөн эле кабарчы болуп иштеп жаткан жүздөгөн шакирттери калды.
Эшимканов сөз эркиндигине биринчи бороз салган калемгер. Ал басма сөздү бийликке ачык каяша айтып, элге Ак үй менен Көк үйдө отургандардын чыныгы жүзүн ачып берип алынган. Кыргыздар байкап-байкабай, билип-билбей жүрүп табияты татаал, анткен менен акыйкаттыкты, Кудайды издеген, изденүү жолунда жаңылып-жазган, кээде баарынан чарчап безе качкысы келген, коңур үнү, тунук акылы, жыланды ийнинен чыгарган кызыл тили менен эчендеген жүрөктөрдөн орун алган керемет уулунан айрылды. Ал жазган макалаларында окурманына өзүнүн жандүйнөсүн жая салып, пендечиликтен адамгерчиликке умтулуп жашап өттү. Кээде ал жандүйнө тынчтыгын издеп Тибетке кетип калгысы келчү. Эми мына ошол Тибетине, издеген Кудайына кетти…
Аттиң, ажал деген ажал экен… Ал кечээ саат 10.00дө КАМЭК көп тармактуу ооруканасына оор абалда жеткирилген. Мелистин өмүрүн сактап калууга Кыргызстандын болгон мыкты кардиологдору аракеттенди. Тилекке каршы, ак халатчандардын мээнети текке кетип, Мелис байкенин эзели тынчыбас жүрөгү саат 15.00дө биротоло тынчыды... КАМЭК клиникасынын башкы дарыгери Эркин Маматовдун айтымында, Мелис Эшимкановдун өлүмүнүн себеби инсульттан кийинки оорунун өтүшүп кеткендиги болду.
Анын артында эки уул, эки кызы калды. Жогоруда айткандай, жүздөгөн шакирттери калды. Кош деп айткыбыз келбей турат, Мелис байке!
Мелис Эшимкановдун окуучулары анын үй-бүлөсүнө кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
"Жаңы Агым" гезитинин жамааты