mainkaptal


Пользовательский поиск
  Реформаң түшкүр

Сорпосу соолуган сот системасы

Президент баш, "ата мекенчи" Текебаев төш болушуп соттордун кур дегенде 70 пайызын алмаштырып жибердик деп күпүлдөшкөнүнө эл депутаты Ташполот Балтабаевдин ичи чыкпай турат. Эски киши эмеспи кезегинде А.Акаевдин соттордун 80 пайызына ишенбейм, Манастын арбагы урсун деп айтканын унутпаптыр.
Кашайганда А.Акаев ишенбеген, ошондо эле райондон Жогорку сотторго чейин иштеп жүрүшкөндөрдүн 13ү Жогорку сотко өтүп кетиптир. Аксакал депутат ушуну уялбай жаңылануу дейбизби деди. ЖКдагы президенттин өкүлү Д.Нарымбаев мыйзамга ылайык юридикалык билими, эң кеминде 10 жылдык тажрыйбасы бар судьялардын арасынан гана Жогорку соттун мүчөлөрү тандалып алынарын айтат. Ошентип эскилердин арасынан түсү ийгисин иргеп алуудан башка жол калбаптыр. Эми алар он жылдап отурарын эске алсак сот реформасы бу кылымда жүзөгө ашпайт окшойт. Ал эми тандалган 13 "тажрыйбалуу" соттордун ким экендиктерин билгенге караганда, бет келди туман аралап басып кетсең жөндүү болчудай. Анткени алардын автобиографиясынан кынтык табууга мүмкүн эмес. Ошондой эле болсун десең буга чейин Кыргызстандын сот системасы кандай иштеп келгендиги белгилүү. Ошентип орун алмашкандан сумма өзгөрбөгөндөй көргөн-өскөнү жаман соттордун бирин алып, экинчисин койгонду реформа десек жарашабы-жокпу, айтыш кыйын. Баса, соттор кеңеши иштей элек жатып 2 млн. сом карыз болуп калыптыр. Дагы бергиле деп кекиртектерин черткилеп жатат. Таза балээге калганбыз го…
Соттор демекчи, Кыргызстандын мамлекеттик кадр кызматындагылар сотторду тандоо учурунда тигил же бул соттун калп же чын айтып жатканына ишенбесеңер бизге айткыла, полиграфка салып алеки саатта аныктап, ашкере калп айтса абийирин төгүп, чын айтса бышыктап беребиз деп шымаланып турушат. Буга сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Ш.Майчиев кантип эле ошондой болсун деп ишенбей турганы. Тигилер ишенбесең сотторуңду ээрчитип келип көр дешүүдө. Ш.Майчиев кылчактап турат, сыягы бармак басты, көз кысты кылалбай калабызбы деп эси чыгып тургандай.





  Камырабай камсыздан дейби?

Эрте учкан Атамбаев, эбегейсиз убадалар

Союз мезгилинде турак жайды милдеттүү камсыздандыруу деген бар эле. Кокус кырсык болсо үй-жайыңдын чыгымын мамлекет көтөрчү. Ал эми эгемендиктин 20 жылдыгында бул практиканы эстеген жан болбоду. Бирдеме болсо эле мамлекеттин чөнтөгүнө кол сунмай. Ал эми казынанын чамасы чак.

Жакында премьер-министр А.Атамбаев ушул жылдын аягына чейин турак жайды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы иштелип чыгышы зарылдыгын айтып чыкты. Айтканы жакшы, бирок аягына чыгууну да ойлоо керек. Себеп дегенде биздин өлкөдө мүлктү камсыздандыруу маданияты калыптана элек. Кырсыктын бетин ары кылсын, бирок бирдеме болсо эле өкмөткө өмгөгүбүздү артып турмай адатыбыз бар. Чет мамлекеттерде камсыздандыруу нан менен суудай эле зарылдык. Айрыкча автоунааларын камсыздандыруу кеңири жайылтылган. Жазып-тайып "өбүшүп" алган шарттарда ээлери биздегидей жакалашып отурбайт. Мамлекеттик же жеке менчик камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жетип келишет да, заматта маселени чече салышат. Дүйнөлүк практикада мүлкү тургай өз өмүрүн камсыздандырып жибергендер четтен чыгат. А.Атамбаевдин сары эсебинде ар бирибиз мүлкүбүздү камсыздандыруу үчүн 50 сомдон эле чыгарганда бюджетке 1 млрд. сом топ этип түшүп калат экен. Зарылчылыкта ушунун эсебинен компенсация төлөнөт. Премьер-министр А.Атамбаев мындайды ооз толтура көп айтчу эле. Канчасы ошол айтылган жерде калды. Ушу жолу да адатынча унутуп калбаса деп Кудайлап турабыз.
Дегеле кыргыз өкмөтү оңду-солду убада берген жагынан укмуштуудай ийкемдүүлүктү көрсөтүүдө. А.Атамбаев ары-бери чабагандап убада дегенди уучтап чача баштады. Кечээ эле Дордой-2 жаңы конушуна жетип барып, кийинки жылдан баштап бул аймакка кабат үйлөр салынат, жолдор оңдолот деген убадасын кабаттап берип келди. Анын айтымында, Бишкектеги жаны конуштардын жол катнашын, инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн быйыл 200 млн. сом бөлүнсө, эмдиги жылы бул сумма 1 миллиардга чейин жеткирилет экен. Премьер-министрдин мындай социалдык багыттагы үмтөткөн сөздөрү кулакка жакшы угулууда. Аткарылабы, кеп ошондо. Бул маселенин дагы бир жагы, А.Атамбаев президентке талапкер, жакында шайлоого аттанат. Андыктан жогоркудай жомок убадаларды берип, ишке ашып-ашпай турган максаттарды айтып элдин көнүлүн эмитен алып коюу аракетине өткөн жокпу, дегеле талапкер катары кызмат абалынан пайдаланып эрте учуп албадыбы деген суроо туулат.
Дагы бир кошумча, биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов эмдиги жылдан баштап автоунаалардын техникалык кароосу токтотулат, ошону менен ага байланышкан коррупция оомийин болот дегендей айтты. Андан деле бюджетке кыйла акча түшчү эле, бу жагы кантээр экен. Айтор, азыркы өкмөттүн жасаган ишинен, жаадырган убадасы алдыда баратат.




  Академикти күйгүзгөн айыл чарбасы

Кумга сиңген тракторлор, куураган дыйкан

Быйыл кыргыз өкмөтү айыл чарбасына 1 млрд. сом бөлдүк деп катуу күпүлдөгөн. Бирок академик Ж.Акималиевдин айтымында, анын 600 миллиону гана элге жетиптир. Ал эми эл депутаты Э.Исаковдун айтымында, берилген сумма болгону 400 млн. сомду түзөт. Ошентип 1 млрд. сомдун элге канчасы жетип, калганы (400-600 млн. сом) кайда кеткенин тактоо кыйын. Ошондо да баарына тегиз жетпей, баягы эле тааныш көздөргө табак тарткандай тартылып кетиптир.
Ошентип бул факты А.Акаев, К.Бакиев жок болгон менен алардын учурунда түптөлгөн кредиттерди жайлоонун сыналган схемасы айыл чарбасында алда немедей эле иштеп жатканын айтып турган жокпу?
Учурда А.Атамбаевдин өкмөтү кийинки жылы 2 млрд. сом айыл чарбасына жумшала тургандыгын айтып көңүл көтөрүүдө. Бу тейи менен андан деле майнап чыгат деп айталбайбыз. Академик Ж.Акималиев быйыл кытай грантына келген 240 трактордун ар бири 17 миң доллардан дыйкандарга сатылышын дегеле түшүнбөй койдум, грантка келгенден кийин бул техникалар элге бекер таратылышы керек эле, ортодон пайда көргөндөр туйтунуп жаткан жокпу деген суроону кабыргасынан коюп келүүдө. Ж.Акималиевдин айтымында, К.Бакиевдин тушунда Кытайдан 1000 трактор келип, ушундай эле жол менен элге таратылып кумга сиңгендей жок болуп кетиптир. Анын акчасы кайда, трактору кайда, таппайсың дейт. Ошондон көрө ар бир районго МТСтерди түзүп, бул тракторлорду ошо жерлерге топтоп, элге кызмат көрсөтсө айыл чарбасы аңдан чыкпайт беле дейт айтылуу академик.





  Кайда баратабыз?

Демиткен депутат, айып ачкан ачендик

Кээде карап туруп кандай коомдо жашап жатканыңа көзүң жетпейт. Ар кандай учурда адамды адам кебетесинен түшүрбөй кармап турган жазылып-жазылбаган мыйзам, дегеле кимди болбосун көркүнө чыгарып турчу ыйман дегенден эч нерсе калбаганбы дейсиң. Баарынан мурда 20 жыл аралыгында жетер жерине жетип калган, бет териси беш эли болуп кеткен, улуттун башы-көзү аталган элитабыздын чалган талканына чакап турабыз.
Жакындан бери Орусиядан келип жаткан күйүүчү майларды Тажикстанга аткезчилик менен алып өтүп жатышкандар боюнча кызуу сөз болууда. Атүгүл бул иштин башында ЖК депутаты Азамат Арапбаев турат, мына машинелери кармалды, бирок А.Арапбаев ишти териштиргени барган ИИМдин борбордук аппаратынын башкы тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүн сабап салды деген маалымат тараган. Муну ИИМдин уюшкан кылмыш жана коррупция боюнча башкы башкармалыгынын ачендиги Калыбек Сатыбалдиев айтып чыккан. Мыйзам боюнча бирөөгө бирөө кол көтөрдү деген тамаша эмес. Бирок депутат А.Арапбаев кызылдай калп айтып жатат деп анын өзүн күнөөлөдү. Аны менен тим болбой минтип отурса ИИМдин жетекчилиги реформа жасагандан айланабы, толугу менен иштен айдалсын деп күпүлдөдү. А.Арапбаевдин күбөлөрү да бар экен. Алардын бири Алтынбек Сулайманов. Ал А.Арапбаев сабаган эмес, өз көзүм менен көргөм деп турат. Эми кимисине ишенебиз? Сабады деген ИИМдин ачендигинеби же депутат А.Арапбаевгеби? Булар көчөдө жүргөн адамдар эмес. Официалдуу бийлик өкүлдөрү. А.Арапбаев депутатка ушинтип жалаа жаап атса карапайым адамдарды булар тимеле тебелеп кетишет го десе, тигиниси депутат башы менен кол көтөрдү дейт.
Бийлик башындагылардын мындай тирешүүсү ар кандай ойго салбай койбойт. Жыйынтыгы да кандай бүтөт айтыш кыйын. Эң негизгиси Кыргызстанда өкүмзордук, колдон келсе жалаа жабуу менен деле суудан кургак чыгуу, кызылдай тануу, анысын коомчулук көрүп турса деле кызара турган беттин жоктугу, бийликти каалаганындай пайдаланып, андай аракети үчүн эч жоопкерчилик тартпоо оорусу ашынып кеткендей. Мындай шарттарда мыйзам байкуш жөн эле буйлалаган төөнүн абалында калууда. Аны сактайт деген ИИМдин, парламенттин кебетеси бул. Деги кайда баратабыз? Ишенген кожоң сууга акса… деген ушул окшойт.
Бетти даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
Яндекс.Метрика