mainkaptal

Пользовательский поиск
  Көңүл чордонунда

Башкаруу аппараты аз, бирок саз болуусу керек
Өкмөт 6-сентябрдагы кеңейтилген жыйынында өлкөнүн 2012-2014-жылдарга карата өнүгүү программасын кабыл алды. Программанын автору биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Өкмөт башчы Атамбаев программаны аткаруу тапшырмасына токтолуп, өкмөттүн ар бир мүчөсү анын ишке ашуусуна жооптуу болорун эскертти. Көйгөйлөр көп. Бирок программада коюлган тапшырмаларды аткарууга жетишүү зарылдыгын белгиледи.


Программага ылайык өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү орчундуу маселелерден. Ал үчүн салык жыйымдарынын көлөмүн өстүрүп, коррупцияга жол берген булактар жок кылынууга тийиш. Каржы министри 21-сентябрга карата 2012-жылдын реалдуу бюджетин сунуш кылыш керек. Келерки жылдагы бюджетке жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жетиштүү акча бөлүү маселеси коюлду.
Мындан сырткары, өкмөттүн баалуу сунуштарынын арасында мамлекеттик камсыздоо компанияларын түзүп, табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү жагы каралды.
Бюджеттеги акчаны үнөмдөө үчүн эми чиновниктер бөлүнгөн акчаны сарамжалдуу пайдаланышы зарыл. Бул өкмөт башчынын талабы болду. Ушуга байланыштуу министрлик, ведомстволордо 20%га кыскартуулар жүргүзүлөт. Бул боюнча маалыматты жогорку тепкичтеги жетекчилер өкмөт башчыга бир жуманын ичинде берүүгө милдеттенме алышты. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик аппарат натыйжалуу иштеши керек, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашаган ашыкча аппараттын кереги жок. Мамлекеттик башкаруу аппараты 20%га кыскартылса, болжолдуу 3 миң 673 адамга азайып, 1 млрд. сомду үнөмдөөгө мүмкүн болот.
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жалпы баасы 9 млрд. долларлык 40 улуттук долбоор алдыдагы үч жылдагы экономикалык өнүгүүнүн локомотиви болорун айтты. Мында башкы максат бюджеттин дефицитин кыскартуу болот. Учурда бюджеттин дефицити 8,1%ды түзөт. Программаны ишке ашыруу менен дефицит эки эсеге азайышы керек. 2014-жылга карата анын көлөмү 2,2%дан ашпайт. Программада экономиканын өнүгүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу колдонуп, механизм, рычагдарды ишке киргизүү каралган. Алсак, алардын бири катары 57 өлкөдөн келген туристтерге визасыз 90 күн жүрүүгө уруксат берилгени жатат. Мындай кадам бул өлкөлөрдөн келген туристтердин санын 2013-жылга карата 30%га көбөйтүп, туристтерден түшкөн киреше 2,5 млрд. сомго көбөйүүсү күтүлөт.
Асхат Субанбеков




  Шайлоонун алгачкы репетициясы

Мэрлер "места" ээлешти, кезек президенттикте
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Оозго сала бергендей жазыптырбыз, көрсө мамлекет башкарчумун деген сексенден ашуун адамдын жарымынан көбү Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жөн эле арыз таштаса, айрымдары "атың чыкпаса жер өрттө" принцибин тутунуптур. Себеби президенттикке аттанган кээ бир талапкерлер митингге чыгып, 30 миң колтамга чогултуу жана 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо киресин алып салуу керектигин билдиришти.
Ажо болчумун деп чамынган Дамира Токтосунова аттуу айымдын айтымында, мындай нормалар чөнтөгү тешик талапкерге чоң тоскоол жаратат экен. "Бийликке кайрадан Акаев жана Бакиев мезгилиндеги баягы эле олигархтар келеби? Ошол эле коррупция болот" деп шыпшынат ал.
Пикетчилердин белгилешинче, аларды дагы 11 талапкер (Өмүрбек Бөлтүрүков, Назарбек Нышанов, Дамира Токтосунова, Жамбыл Камчиев, Салмоорбек Дыйканов, Нурлан Алымкулов, Нишанбай Сулайманкулов, Өмүрбүбү Бегалиева, Ырыскелди Ыбышев, Калмамат Мактымбаев, Жумабек Токтогазиев) колдоп атыптыр. Мындай нааразычылыкка БШК дароо реакция жасады. Маселен, Боршайком мүчөсү Алмаз Асаналиев эркин басылмалардын бирине курган маегинде минтет: "Башы укмуш иштеп, бирок акчасы жок болсо кантебиз дегендер болуп атат. Башы иштеген адам 100 миң сом таба алат. Ошончо акчаны таба албаган, өзүн бага албаган адам кантип президент болуп элди бакканы турат? Ал эми кол топтоо маселеси боюнча айтсак, айрым талапкерлерибизге кол топтогондун өтө чоң пайдасы тиет. Бир чети бул мыйзамдуу үгүт иши болуп эсептелинет. Жок дегенде 30 миң шайлоочу кол коюп берип атып баланча деген талапкер турбайбы деп таанып калат да. Мындан эмнеге качып атышат? Түшүнбөйм".
Ким кимге жол бошотот?
Экс-президент Курманбек Бакиевди "аталаган" Нариман Түлеев менен эл өкүлү Марат Султанов аламан жарышта акырына чейин барышарын, эч кимдин этегине эрмешпей турганын жарыялашкан. Бирок негедир бул эки үлкөндүн дымы чыкпай, шайлоого даярданбай, камырабай жүргөндөй маанай жаратат. Муну иликтеп, себебин бат эле таптык. Нариман Ташполотович башбакан Алмазбек Атамбаевге жуучу жиберип, "баш кошууну" сунуштаганын көргөндөр айтышат. Эгер премьер ага макул болсо, анда Түлеев аламан жарыштан баш тартып, натыйжада министрликтердин бирин "белекке" алмакчы. Ал эми эгиз козудай ээрчиген "түгөйү" Марат Султанов кандай кадамга барарын аныктай албадык.
Биригүү процесси "ата журтчу" Камчыбек Ташиев менен "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевдин ортосунда орун алары каңкуулана баштады. Камчыке акасына орун бошотобу же тескерисинче Өмүке үкасына жол бошотобу? Албетте бул мезгил суроосу...
Маалымат
үчүн
Куттубек Асылбеков, Бийназар Бердикеев, Төлөн Дыйканбаев, Жаныш Рустенбеков, Полотбек Кенжекулов, Мадияр Кулуев, Арстанбек Осоев, Алмаз Парманов, Айбек Сыдыков, Нишанбай Сулайманкулов жана Сазыкбай Турдумалиев шайлоо фондун түзө албагандыгына байланыштуу расмий катталган жок. Ошентип так талашчулардын саны 67ге түштү.
"Кызыл шапкечендердин" жоон тобу генерал Өмүрбек Суваналиевге ички иштер министрлигин ыйгаруу өтүнүчүн жогору жакка жолдорун эшиттик.
Бүгүнкү күндө 14 талапкер 100 миң сомдук кирени төгүштү. Алар: Алмазбек Атамбаев, Темирбек Асанбеков, Кубатбек Байболов, Сейтек Байгуттиев, Эркин Бөлөкбаев, Гайша Ибрагимова, Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров, Курманбек Осмонов, Бакыт Керимбеков, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев, Нариман Түлеев.
"Күлүктөрдүн" ичинен канчасы 30 миң колтамга жыйнаганы боюнча так маалымат жок. Ал эми талапкерлердин арасынан Акбаралы Айтикеев 500 миң кол тамга чогултуп койгонун агенттиктердин бири шардана кылды. Ага ишенсек, Акбаралы мырза колтамгалардын санын 700 миңге жеткирүү ниети бар экен. Таңгалычтуу, Айтикеевдин 500 миң добуш жыйнаганы чын болсо, анда бөлөк талапкерлер эмитеден үмүтүн үзө бериши керекпи?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Саясый арнография
Дөө менен жөөнүн сайышы
Атаңдын көрү дүнүйө,
Карап турган алыстан,
Каап алган камыштан,
Кадыржан өңдүү капырай,
Чөөлөр чыгат турбайбы.
Ак үйдө жүрсө жан чыккан,
Көк үйгө барса чаң чыккан,
Каптагаев сыяктуу
Дөөлөр чыгат турбайбы.
Компромат айдаган,
Канчаларды жайлаган,
Каптагаев дегенде
Казандай ичи кайнаган.
Тумшугу мулук кылычын,
Туурасынан байлаган,
Жапардын уулу Садырдай
Жөөлөр чыгат турбайбы.

Качанкыны доолашып,
Калк көзүнчө жоолашып.
Каптагаев, Жапаров
Концерт койду бекерге…
Камбыл экен Садырың
Кагып ийди найзасын,
Каптагаев качырып,
Капталынан жетерде.

Бурулбайт экен дөө киши,
Буйтайт экен жөө киши.
Каптагаев кайрылып,
Атынын оозун бурганча,
Андай-мындай кылганча,
"Ата журт" деп бакырып,
Ташиев деп чакырып,
Тербишалиев дегени,
Темингисине басылып,
Ар жакта канча депутат,
Айласын таппай алактап,
Ажатканага жашынып.
Жаалы келип Жапаров
Жандай түшүп жетти эми,
Карагай найза колго алып,
Кабырганын тушу деп,
Каптагайдын уулун
Катуу муштап өттү эми.

Оо, шумдук,
Карегинен от чыккан,
Камчысынан чок чыккан.
Кармаганда чиркиниң,
Канча соттон сок чыккан.
Курутчудай далайды,
Куйкасынан ток чыккан.
Каптагаев ошондо
Сүрдүгүп барып оңолду.
Сүрүн көргөн Жапаров
Айлана качып Ак үйдү,
Көк үйгө кирип жоголду.
Түш дейин десең өңүмдөй,
Мындай шумдук болорбу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика