mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Эртеңки күнгө дүрбү салып
30-октябрдагы шайлоого
көз салган Кремль эмне дейт?
Былтыркы парламенттик күрөш эсте турат, саясый лидерлер Ф.Кулов, А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Ө.Бабанов, Т.Сариев, А.Келдибеков, К.Ташиев ж.б. Россия борборуна байма-бай каттап, илгерки союз убагында ЦК КПССке кулдук ургандай жүгүрүшүп, океңдер үчүн өпкө-боорлорун чаап ийгенден кайра тартышкан эмес.


Натыйжада Кремль кожоюндары кыкеңдерди сынактан өткөрүшүп, бакиевчесинен сатып кетпейбиз, Россиянын айтканынан чыкпайбыз деген антын алышып, Бишкекке чалгынчыларын, саясый технологдорун ачык жиберишип, атүгүл КСДП, "Ар-намыс", "Республика", "Ата журт", "Ак шумкар" партияларына 1 миллиондон 5 миллион долларга чейин жардам көрсөтүүгө үлгүрүшкөн. Батыштын тили менен айтканда, не бар - не жок принцибин колдонуп "бир канча корзинага топ салышкан". Эмне үчүн антишкен? Медведев-Путин бийлиги КМШ алкагындагы эрежени бузуп, бир эмес эки ирет "түстүү революция" жасап, анысы аз келгенсип АКШнын амири менен парламентаризм жолуна түшүп калган Кыргызстанга жинденишип, Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлаганыбыз итжыгылышка айланганын, бир партия дагы алдыга атчабым озуп чыкпашын каалашкан. Экинчи чети, жанагынтип партиялык эркечтерди Кремлге жалдыратып, убадасын алып, көз карандылык көгөнүнө байлап коюшкан.
Бир жылдан бери күбө болуп келатабыз, Москванын ала-тоолуктарга карата жасаган бул эксперименти өзүн сопсонун актап келатат. Адегенде "революциялык" партиялар Жогорку Кеңешке өлдүм-талдым менен араң илинишип, андан соң коалиция түзө албай Бабановдун арттан канжар саймай өңдүү балит ыкмасы менен Текебаевди "критке" чабышып, акырында премьер-министр болуш үчүн ким менен болсо да баш кошууга даяр экенин ачык "балп" эттирген Атамбаев, былтыр эле 7-апрелде 90дой бейкүнөө азаматты ажалга түртүп качып кеткен Бакиевдин коррупциялык табакташтары, үй-бүлөлүк тирания дубалын тургузуунун жан-жөкөрлөрү болгон "Ата журт" жана "Республика" партиялары менен шилекей алышып, үчилтик бийлик коалициясын түздү. Ошентип жакшылыктан, адилеттиктен, тазалыктан үмүттөнүп турган кыргыз журтчулугуна кыянатчылык жасалды. Анын "үзүрүн" бүгүн карапайым элибиз күн сайын эмес саат сайын жонтериси менен сезип, көрүп атат.
Кезекте 30-октябрдагы президенттик шайлоо. Кремлдин лөктөрү кайрадан кыргыз аткаминерлерин тактеке ойнотуп жатканы. Азыркы өкмөт канчалык жүрүп бараткандай түр көрсөтпөсүн, баягы сазга баткан таз кейпибизден жыла элекпиз. Былтыркы жылы эл аралык донорлор убада кылган каражаттар келе элек. Айлыктар көбөйдү, ошого жараша кымбатчылык күч алып, инфляция 12-15 пайыз болуп турса бюджетибиздин жыртыгы бүтөлчүдөй көрүнбөйт. Анан калса Россия менен мурдатан макулдашылган "Дастан", "Кристалл", "Кыргызгаз", Камбар-Ата долбоорлору боюнча да жылыш байкалбайт.
Жакында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орто Азия менен Казакстанды изилдеген институттун бөлүм башчысы А.Грозин (а бул Андрей Грозин В.Путиндин эң күчтүү аналитик жакын сырдашы экени белгилүү) жакында эле Кремлдин позициясын дасторконго жайгандай ачыктап берди. Ал негизинен орусиялык маалымат булактарына жарыяланып, бизден "Общественный рейтинг" басылмасына "В любом случае, президентские выборы не придадут импульса ни крайне негативным, ни крайне позитивным процессам" деген аталыш менен ("ОР", ?31, 01.09.11) жарык көрдү.
Грозин мырзанын ой жүгүртүүсүнөн үч негизги жагдайды бөлүп көрсөтсө болот. Биринчиси, биздеги парламенттик таймаштын алдында Москва кожоюндары башкалардан алдыга озгон күлүктү (Андрей мырзанын тили менен айтканда, "пока явный фаворит не просматривается") көрбөй тургандыктары. Ошондуктан тигил же бул талапкерди ачык колдоо жөнүндө кеп жоктугу. Экинчиси, марада алдыга озо турган 5-6 талапкерге көз салып жаткандары. Алар түндүктөн Атамбаев, Суваналиев, Түлеев жана түштүктөн Ташиев, Султанов, Мадумаров экенин, булар менен Орусия бийлиги катнаш түзүүсү мүмкүн дейт. Бирок соңку учурда Түлеев менен Султанов жөнүндө жең ичинен Атамбаевдин командасына кирүүсү жөнүндө божомолдор күчөгөнүн эске алсак, төрт лидер - Атамбаев менен Суваналиев, Ташиев менен Мадумаровго гана Россия менен катар Казакстан, Кытай, АКШ, Евробиримдик дагы кызыгып жаткандары жашыруун эмес. Үчүнчүсү, биринчи турда эч бир талапкер келген шайлоочулардын 50 пайызын алалбастыгы, ошондуктан Москвадагы, Брюсселдеги кесиптештери (саясат таануучулар, журналисттер) ноябрдын аяк ченинде экинчи турга ылайыктап Кыргызстанга келүүгө камынып жаткандарын Грозин мырза жашырбайт. Шайлоонун шайтан оюндары эл арасын беймазага саларын, түндүк-түштүк атаандаштыгы курчуй турганын тынчсыздануу менен баса белгилеп, Путиндин акыл кошчусу сөзүнүн аягында нааразылык толкуну биртоп чочутарын, а бирок Кыргызстандын эркин мамлекет катары географиялык картадан жок болуу коркунучу туулбастыгын айтып чекит коет.
Ушундай кабар, кыргыз боордошторум. Москвасын да, башкасын да угуп коелу, ошенткен менен өз тагдырыбыз өз колубузда экенин унутпасак.




  Ылдый тартса араба сынат...

Адилет жаңы конушунда адилетсиздикти ким жасап жатат?

Шайлоонун шарапаты мененби же чындап эле шаардын айланасын курчап турган кедей-кембагалдардын арыз-муңу бийликке жеттиби, айтор премьер-министр Алмазбек Атамбаев 6-сентябрдагы өкмөттүк жыйында жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, анда жашаган элди ичүүчү суу, унаа, жол жана электр жарыгы менен камсыз кылууга каражат бөлүнөт деп айтып ийди. Эми анын бул сөзү борбор шаарыбызга боорун төшөгөн 47 жаңы конуштагылардын эсинен эч качан кетпейт.

Ал ортодо ошол эле 6-сентябрь күнү Ак-Бата жаңы конушуна улай кеткен жергиликтүү эл өз алдынча атап алган Адилет жаңы конушундагы жети үйдү Аламүдүн райондук сот аткаруучулары өкүмзордукка салып түрттүрүп салышты. Үйдү түрттүрбөөгө аракет кылган чырылдаган калк ага чейин жолго машинанын дөңгөлөктөрүн жагышып каршылык көрсөтүшүп, бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып жаткан эле. Тилекке каршы, алардын арыз-муңун эч ким уккан жок. Окуянын жүрүшүндө үй ээлери менен Аламүдүн РИИБинин милиция кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болуп, ал формачандардын жеңиши менен аяктады.
Адилет жаңы конушу 2006-жылы негизделген. Учурда мында 300 үй-бүлө жашайт. Алардын ичинен 22 үйдү түрттүрүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими бар. Райондук жетекчиликтин айтканына караганда түрттүрүү чечими чыккан 22 үй эгин эге турган аймакта жайгашкан. Анын мыйзамдуу ээси Аламүдүн районуна караштуу МТФ-2де жашаган Сүйдүмкан Иманбаева экен. Жер ээсинин айтуусу боюнча 5 гектар 30 сотых аймакты 2007-жылы "Сүйдүмкан" дыйкан чарбасынын 250 мүчөсү акча чогултуп сатып алган. "Кийин бул жерди эл басып алды. Ошондон бери арызданбаган жерим калбады. 32 өкүм колумда турат. Беш жыл соттошуп, ошол убакытта сегиз эркек, он эки аял камалган. Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 28-февралында 22 лидердин үйлөрү түртүлсүн деген чечим чыгарды" дейт.
Ал эми ал жерге үй салып алгандардын айтуусу боюнча 2006-жылы Сүйдүмкан Иманбаева, Майрам Иманалиева деген айымдар азыр ал жерге үй салып анын азабын жеп жаткан элди чогултуп, "ушул жерди басалы, документтерин мен бүтүрөм" деп ар бирине төрт сотыхтан жер бөлүп берген. Жерден көзү каткан эл беш миң сомдон чогултуп, жети миң доллар кылып берип бирок эч кандай документи жок эле шадыраңдап үй сала башташкан. Алардын арасында болгон-бүткөн байлыгын сатып жер алгандар да бар. Тилекке каршы, кийин 2007-жылдан баштап жердин экинчи, үчүнчү ээлери пайда болуп, түртүлгөн үйлөрдүн ээси ошол күндөн ушул күнгө чейин моралдык жана материалдык жактан чыгым болуп келишкен.
Анткен менен бүгүнкү күндө бул жер Сүйдүмкан Иманбаевага катталганы ырас. Бирок кандай жол менен, кантип катталганы бүдөмүк. Документтерге ишенсек, бул жерде чын эле Сүйдүмкан Иманбаева өз жерин баскынчыларга тарттырып ийген жабыркоочу. Ал эми экинчи тараптын пикирин тыңдасак, тескерисинче ал кезинде ошол жерге отурукташкан элди пайдаланып жер алып, анан эми эшеги ылайдан өткөндөн кийин карапайым элди оюндан чыгарып жатат. Болбосо "Сүйдүмкан" дыйкан чарбасынын 250 мүчөсү каякта? Аталган жаңы конушка үйлөр 2006-жылдан баштап салына баштаганын, ал эми Сүйдүмкан Иманбаевага жер менчикке өткөнү тууралуу чечим 2007-жылы чыкканын карап көрсөк, анда экинчи тараптын айтканына ишенсек болот. Жок эле дегенде мамлекеттик каттоо кызматы Сүйдүмкан Иманбаевага 2007-жылы июль айында ишеним кат чыгарып берип жатып, ал жер ага чейин эле басылып алынганын эмнеге эске алган эмес? Же жер алып жаткан адам өзү башында ошончо кишиден басып алынган жерди кантип тартып алам деп ойлонгон эмеспи?
Аз болсо да боору ооруганбы, айтор, Аламүдүн райондук сот аткаруучулары 6-августта жети адамдын киши жашабаган, үстү жок үйлөрүн түрттүрүштү. Албетте алардын колунда эч кандай документ жок. Цементтин бир мешогу 300 сом, топурактын бир машинасы 2500-3000 сом, жумуш акысына кете турган каражат андан кымбат болуп турганда үстү жабыла элек үйдү бузган деле анын ээсинин чөнтөгүнө оңбогондой зыян келтирет. Эми дагы 15 лидердин үйү түртүлүш керек. Алардын арасында толук бүтүп, үйүндө жашап жаткандар да бар. Эми аларды түртүп салышса алдыда кыш келатат, андагы үй ээлери кантет? Азыр бул маселе боюнча конкреттүү жыйынтык айтыла элек. Сот чечимин андан ары улантабы же эки тарап ынтымакка келеби, азырынча белгисиз.
Бүгүнкү күндө мындай маселе ар бир жаңы конушта бар. Документтешип отурукташкан аймактарда деле өз жерлеринин чеке-башын чойгулап, тамаркасын чоңойтуп, болбосо мектеп же ФАП үчүн алынып коюлган жерлерди баса калып кепе сала койгондор бар. Албетте ал ошол жердеги айыл өкмөтүнүн же дагы бир папкечендин арты менен ишке ашат. Эгер өкмөт башчы 47 жаңы конушка чындап эле өзү киришсе, анда көптөгөн ызы-чуулар келип чыгышы толук мүмкүн. Бул Атамбаевди бар же жок кылат.
Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика