mainkaptal


Пользовательский поиск
Оп, майда
Айыл башчынын амалы
Редакциябызга Сокулук районундагы Ат-Башы айылдык округунун башчысы Кабылбек Бешимбаевдин мамлекетке караштуу жер участокторун пулдап, чөнтөгүн "жашылбайларга" толтуруп атканы туурасында маалымат келип түштү. Анда кайран Кабылбек карапайым адамдарды алдап, жерди мыйзамсыз сатып атканы баяндалат. Бул маселени журналисттик иликтөөгө алдык. Изилдөөнүн жыйынтыгын гезитибиздин келерки сандарында жарыялайбыз.

"Боозуган" Батыров Келдибековду коркутканда
Качып жүргөн Кадыржан Батыров деген "баатыр" ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдун үстүнөн доо арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Анда доо ээси 2011-жылы ЖКнын атайын июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиясы чыгарган бүтүмдү кабыл алып, бекиткени үчүн ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков жооп берүүгө тийиш деп белгилеп, андан 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары, төрага маалымат каражаттары аркылуу өзбек улуттук маданий борборунун Кадыржан Батыров баш болгон мүчөлөрү И.Абдурасулов, Ж.Салахуддинов, К.Абдуллаева, М.Абакжанов, Х.Худойбердиев, Ж.Мирзоходжаев, У.Абдусала-мов жана А.Акбаровдон кечирим суроого сот аркылуу милдеттендирүүнү сураган.

Тил сынагы сындырды
Кечээ президент болгусу келгендер үчүн алгачкы тил сынагы өткөрүлдү. Ага катышкан беш адамдын экөө сынактын талаптарына толук жооп бере албагандыктан, мындан аркы ат салышуу укугунан ажырашты. Алар "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сейтек Байгуттиев жана "Жашылдар" партиясынын жетекчиси Эркин Булекбаев. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Реформа" журналынын баш редактору Жусупжан Пиримбаев жана "Мекен ынтымагы" партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков сынакты тиешелүү деңгээлде тапшыра алышты. Сынак 24-сентябрга чейин жумасына төрт жолу өткөрүлүп турат.

Кайыпов кетип Себахаттин Балжы келди
Жума ортосунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов кызматтан кетип, ордуна мурда 1-проректор болуп келген түрк жараны Себахаттин Балжы отурду. Ал эми 1-проректор болуп Асылбек Кулмырзаев дайындалды. Мындай шашылыш дайындоо премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ишараты менен болгону айтылууда. Ал Түркияга болгон иш сапарында түрк премьери Эрдоганга ушундай убада берип келген имиш. Антпеген күндө да университеттеги ректор алмаштыруу процедурасы сакталган эмес. Мисалы, аталган окуу жайына ректор дайындоодо ЖК комитети менен макулдашуу керек экен.

Сүрөт чек араны билбейт
Буга чейин Россияга ырчы-чоорчулар гана барып өз концерттерин өткөрүп келчү. Кыл калем чеберлеринен биринчи болуп Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты Асан Турсункулов Екатеринбург шаарындагы кыргыз консулдугунун чакыруусу менен Урал маданий борборунда Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган "Жети ата. Достук баарынан улук" деген темада сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп келди. Көргөзмө Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин уюштуруусу жана каржылоосу менен өткөн.

Шайлоонун эртеси кайра шайлоо
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо президенттик шайлоодон кийин болот. Тактап айтканда, Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо президенттик шайлоо аяктагандан кийинки мезгилге которулду.

Көлбаевди арабдар актады, Интерполдо да издөөдө эмес
Бийликтин кылмыш дүйнөсү менен жигердүү күрөшүп жатабыз, мына алардын лидерин кармадык деген мактанычы дагы жокко чыкты. Тактап айтканда, Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери деп аталып, жакында Бириккен Араб эмираттарында камакка алынган Камчы Көлбаевдин бошотулганы кабарланууда. Бул тууралуу ММКга анын адвокаты билдирген. Мындай маалыматты азырынча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура тастыктай элек, бирок төгүндөшкөн да жок. Укук коргоо органдары катуу күпүлдөп алышып, анан ушул иштин аягына чыга албай калышкандыгы өкүнүчтүү.

Жол тосмой жоругу күчөп барат
Кечээ Бишкектеги Рухий мурас жаңы конушунун элүүдөй тургуну Горький жана Ауэзов атындагы көчөлөрдүн кесилишинде автоунаа өтүүчү жолду бууп турушту. Жол тоскондор жаңы конушту иче турган суу менен камсыз кылуу, жол салып берүү жана бала бакча ачып берүү талабын коюшууда. 2005-жылдагы жер басып алуудан кийин пайда болгон Рухий мураста бүгүнкү күндө 800гө жакын түтүн бар. Ал Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, Тунгуч кичирайонунун жанында жайгашкан. Жалпы аянты 90 гектар жер. Анын 44 гектары Чүй облусунун Аламүдүн районуна, ал эми 50 гектары Бишкектин Октябрь районуна караштуу.

Баш иштебесе буту-колдун шору тура…
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев россиялык "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушуп "Газпромдун" "Кыргызгаз" менен "Кыргызмунайгаз" ишканаларына катышуу жол-жоболорун талкуулашты. Миллер "Газпром" Кыргызстанда кара май менен газ бар жерлерди чалгындоо үчүн 3 млрд. рубль салууга даяр экенин билдирди. Албетте биздеги кара май менен газ бар жерлерди кошуна өлкөлөр келип чалгындап жатканы өкүнүчтүү.

Көгүлтүр отун кымбаттады
Сентябрь айынан тарта көгүлтүр оттун баасы 9 тыйынга көтөрүлдү. Натыйжада Кыргызстандын түндүгүндөгү үйлөрүндө атайын эсептөөчү аппараттар бар кардарлар үчүн газдын баасы 14 сом 58 тыйын болуп жатат. Ал эми түштүк аймакта 14 сом 19 тыйынды түзүүдө. "Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасы бул жагдайдын себебин доллардын курсуна байланыштуу экенин айтууда. Жыл башынан бери Өзбекстан Кыргызстанга бере турган газдын баасын кыйла көтөргөн. Июль-август айларына чейин миң куб метрдин баасы 278 долларга чыгып кетти. Ошентип Өзбекстандан келе турган газдын баасы жыл башынан бери 24 пайызга өскөн.

Айтканыңар келсин
7-сентябрда БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Адам Коберацки жана Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель биргелешкен билдирүү жасашты. Анда аталган эл аралык уюмдар Кыргызстандагы президенттик шайлоо өлкөнүн тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген. Билдирүү ээлери бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүүнү ниет кылып жаткан мамлекет жетекчисинин аракети колдоого аларлык экенин белгилеп, бардык тараптарды шайлоону эл аралык талаптарга жооп берген, акыйкат, эркин жана ачык өтүшүн камсыздоого чакырган.

Бизде журналисттер эмнеге тилектеш эмес?
Кечээки журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата Кыргызстандагы "Журналисттер" коомдук бирикмеси бир катар иш-чараларды уюштурду. Алгач маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жолугуп, өлкөнүн коомдук-саясый турмушунда журналисттердин ролу, алдыда келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу ой бөлүштү. Ал эми эртең Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы "Журналисттер аллеясында" маалымат каражаттарынын өкүлдөрү спорттун бир нече түрү боюнча мелдештерди өткөрүшөт. Эл аралык жана жарандык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин тилектештиги жоктугун, андыктан маалымат каражаттары бийликчил жана оппозициячыл болуп эки жээкке бөлүнүп алышканын айтып келишет.
"Жаңы Агым" - пресс




29-августта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун изкубарларына Теплоключенка айылынын 35 жаштагы тургуну аттан кулап өлдү деген кабар жеткен. Маркумду соттук экспертизадан өткөрөлү дешсе туугандары ынаган эмес. Бирок маркумдун сөөгүн текшерткен тартип сакчыларына анын киши колдуу болуп көз жумганы белгилүү болду. Көрсө, маркум ошол эле айылдын 21 жаштагы тургуну менен жайлоодон уруша кетип, катуу соккудан улам эртеси көз жумган. Беркиси аны аттан жыгылган деп жалган көрсөтмө берип коюптур. Кан кое бермек беле, канчалык изин жашырса да кылмышы билинип калды.
***
Казакстандын Жамбыл облусунун Мерке районунан кыргызстандык 30 жаштагы жарандын баштыгын текшергенде 793 кг баңгизаты табылган. Коңшу өлкөнүн ИИМинин алдындагы баңгизатка каршы эл аралык бөлүм бул ишти тергөөгө алды.
***
Орусиянын Челябинск облусунун Карабаш шаардык соту миграция кызматынын ачендиги Елена Тряпичинаны Кыргызстандан келген жети жаранга мыйзамсыз документ жасап бергендиги үчүн жоопко тартты. Көрсө, Елена айым 2008-2009-жылдары кыргызстандыктардын жең ичинен берген акчасына Орусиянын жарандыгын мыйзамсыз берип жүргөн экен.
***
Москвада иштеп жүргөн 21 жаштагы Б.Ормоновду 4-сентябрь күнү белгисиз бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Ал денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткенче эсине келбей көз жумду. Маркумду кимдер өлтүргөндүгүн Москва шаарынын изкубарлары иликтөөгө алышты.
***
Дордой базарынан чөнтөкчү бала кармалды. Ал 29-августта бир кыздын чөнтөгүнөн 700 долларды жымырып кеткен. 2-сентябрда орто жаштагы аялдын капчыгынан 59000 сомду уурдаса, ошол эле күнү дагы бир аялдан 400 доллар, 5000 сомду алып кетүүгө үлгүргөн. Эми туткак колу калтырап милийсага түштү.
Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
Яндекс.Метрика